Бычак мизиндеги жашоо 6 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=44683&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бычак мизиндеги жашоо 6 бөлүм

 

Учак айылдын тоо тарабына конбойт, тегиз эмес. Дабыш тыңшап бир аз турдум да, көл тарапты көздөй жөнөдүм. Дарак өспөгөн тегиз талаа бар экен, бетиндеги карды шамал учуруп кетиптир. Бир консо ушул жерге конот деп ойлодум. Тонума оронуп, өтүгүм менен эки бутумду алмак-салмак тепкилеп коюп күтүп жаттым. Ар нерсени ойлойм, Карагандада эмне болуп жатты экен? Бир маалда дырылдаган үн чыгып, асмандан самолёт көрүндү.

Жерге конору менен аны көздөй жүгүрдүм. Ичинен бир адам колун созуп тартып алды да, дароо эле кайра учуп кеттик. Тартып алган адам экинчи учкуч окшойт. Самолёттун ичи жылуу, жасалгасы кадимки жүргүнчү ташыган бусиктердин ичиндей эле экен. Чарчагангабы көзүм илинип кетиптир, самолёт конуп, тегиз эмес жерде калдырап-шалдырап баратканда ойгонуп кеттим. Бийик тоолордун арасындагы кенен жайык жерге конуппуз. Караганданын тегерегинде мындай жер жок эле. Самолёт жарым чакырымдай жүргөндө алдында чоң багы бар, короосу бийик дубал менен курчалган үч кабаттуу үй көрүндү. Учак үйгө жакын барып токтоп, учкуч мага буйрук бере сүйлөдү:

– Түш, ушул жерде каласың.

Мен түшөрүм менен кайра учуп кетишти, оозум ачылган бойдон самолётту тиктеп кала бердим. Күн ачык, тоонун арасы болгонгобу шамал жок, жылуу жер экен. Аңгыча үйдүн дарбазасы ачылып, ичинен кара Хаммер чыкты. Айнектери караңгылатылган, рулда ким экени көрүнбөйт. Менин жаныма келип токтоп, алдыңкы эшиги ачылды да, рулдагы киши

«отур, Самат» деди.

– Бул үй Адылдыкы. Ал өзү саат экиде чалат, сүйлөшүп аласың, өзү түшүндүрөт калганын.

Айланасы калың бак экен, ортосунда үч кабат заңгырган үй, алдында суусу жок бассейн. Гүлдөр эгилиптир, кар басып жатат. Үйгө кирсек эки аял жүрүптүр, мени көрүп бири:

– Кандай, Самат? Кыйналбай келип алдыңбы?- деп калды.

– Жакшы, келдик,- дедим кыска.

Мени ээрчитип келген киши берки аялга карап:

– Жайна, Саматка душту көрсөтүп кой, жуунуп алсын,- деди да, мага

«кийимдериңди чечип бер, жууп коюшсун, мен бир аздан кийин келем» деп чыгып кетти. Экинчи кабаттан жакшынакай кыз түшүп келатып мени бир саамга таң кала карап калды да, баш ийкеп жанымдан өтүп кетти. Жашы 18 жаштын тегерегинде. Алаканы менен мурдун жаап, эшикке чыгып кетти. Жайна эже сыр бербей үйдүн терезелерин ача баштады. Өзүмө билинбегени менен, кой жыттанып калган окшойм.

– Жүрү, Самат, жуунуп ал. Мени Жайна эже дей бер, тигиге (кызды айтып жатат) көңүл бурба. Шашпай жуунуп чыга бер, чыкканыңча ысык шорпо даярдап коём,- деп душту көрсөтүп чыгып кетти. Джакузи, буу бөлмөсү, кооз жасалга, айтор, сонун. Эки саат суудан чыкпай жаттым. Футболка, шорты, тапочка даярдап коюшуптур. Душтан чыксам, Жайна эже күтүп турган экен, ээрчитип ашканага алып барды. Ашканасы да укмуш жасалгаланыптыр, түстүү жарыктары күйгөн мен мурда көрбөгөн бир түшүнүксүз аппараттар турат. Тамактанып бүткөн соң Жайна эже мени экинчи кабаттагы бир бөлмөгө ээрчитип барды.

– Бул сенин бөлмөң, ачкычы мына, өз үйүңдөгүдөй кенен жүрө бер.

Дароо дивандын үстүнө куладым. Бир убакта Жайна эже келип «телефонго» деп чакырып калды, Адыл ага экен:

– Алло, Самат?

– Угуп жатам, Адыл ага.

– Самат иним, сөзүмдү бөлбөй угуп тур. Үч-төрт ай ошол жерде жашап турасың эми. Башка айла жок, сага бүт Казакстан боюнча издөө жарыялашты. Азыр сага эң эле тынч, коопсуз жер ошол үй. Ал жерди мен, Серик, анан учкучтар эле билчү, эми сен да билесиң. Башка жан адам билбейт, түшүндүң да?

– Түшүндүм.

– Азыр сага Арсен түшүндүрөт баарын. Каякта экениңди айтпа, өзү деле сурабайт,- деп унчукпай калды. Бир аздан кийин Арсен алды трубканы:

– Кандай, Самат, тынчсыңбы?

– Жакшы, Арсен, эмне болуп жатат? Өзүңөр тынч элесиңерби?

– Тынч эле, силерге кол салгандар ким экенин билдик. Ментурадагы адамдар айтышты, сенин сүрөтүң да чыкты, бирок коркпо, таанылбайсың. Жайсаң экен баарын уюштурган, баягы Келемишчи. Жаңы аким азырынча бизге каршы, ошонун адамдарына Келемиш өзү барыптыр. Кечээги КамАЗдын астына кирип кеткен ак Мерстин ичиндегилердин бири Келемиш экен. Сага өчөшүп калыптыр да акмак, атайын сенин фураңа кол салышыптыр. Азаматсың, уктук баарын. Тигилердин бирөөсү да тирүү калбаптыр. Макул эми, калганын кийин айтам. Иштер бир жактама болсун, бир пландар бар дейт Адыл ага.

– Менин машинамдагы жигиттер эмне болушту?

– Алар жакшы, эч ким таппайт аларды. Жеке менчик ооруканада дарыланып жатышат. Макс, Русиктер… Эми ишибиз ушундай экен, арга жок. Адыл ага балдарды жөнөттү, аларды жерге беришет. Алардын ата-энелерине акча берди. Ал эми фура келген, азыр базада.

– Фураны алып кетишпептирби?

– Жок, айдоочу эч нерсеге карабай айдап, жакынкы айылга барып бизге кабар берген экен. Ал аймакка жакын жердеги биздин балдар жетип барып, алып келишти базага. Эми сөз мындай, сени үч-төрт айда актап чыгабыз, «жолдору бар» дейт Адыл ага. Айлыгыңды мен ай сайын апаңа которуп турам. Алдагы телефондон чалып үйүңдөгүлөр менен сүйлөшүп турсаң болот. Бирок окуя тууралуу айтпашың керек. Мен да билбейм сенин кайда экениңди. Сенин фотороботуң эле бар менттерде, үстүңдө тон, башыңда кулакчындары чечилип кеткен тумак, колуңа тапанча кармап басмачыга окшоп чуркап жүрүптүрсүң. Ха-ха-хаа… Тамаша, Самат. Сени бирөө сүрөткө тартып алган экен, бирок тумагыңдан бетиң көрүнбөптүр деле. Фотороботуң да такыр сага окшобойт. Ошондуктан коркпосоң деле болот. Болду, Самат, көп сүйлөшө албайм, досум. Этият бол каякта болсоң да,- деп трубканы койду.

Эртеси эрте туруп үй менен таанышып чыктым. Короонун ичиндеги бакча беш гектардай бар го, короону айлантып тикенектүү кара өрүк тигилиптир. Аралыгы жыш тигилгендиктен, бири-бирине бутактары чырмалышып, арасынан адам эмес, чычкан өтө алгыс. Андан кийин кожогат, бүлдүркөн эгилиптир, булар да тикендүү. Мындан башка да дарактын көп түрлөрү бар экен. Айтор, короонун бир жеринен ашып өтүү мүмкүн эмес.

Дарбаза да калың темирден жасалып, жабылганда үч бурчтук болуп жабылат экен. Түшүндүм, мындай дарбазаны машина менен сүзүп кире албайсың.

Үй короонун так ортосуна курулуптур. Үй, бассейн бийиктиги төрт метрлик темир кашаа менен курчалып, дагы бир дарбаза коюлуптур. Бул үйгө кирүү оңой эмес экени көрүнүп турат.

Түшкө жакын үйгө кирсем баары тамактанып отурушуптур, эки эркек, эки аял, кечээ мени жактырбай карап өткөн кыз. Кыш мезгили болгондуктан сыртта иш жок, үйдөгүлөр сыртка деле чыгышпайт экен. Тамак үстүндө баары менен тааныштым.

Адыл аганын апасы туугандарыныкына кетиптир. Үйдө күйөөсү-аялы болуп эки үй-бүлө жашайт экен. Аялдардын милдети – Адыл аганын апасын кароо, тамак бышыруу, айтор, үй ичиндеги иштер менен алектенүү. Ал эми эркектери короо-жайды карашат. Эркектердин биринин аты Аскат, экинчиси, жаңы келгенде тосуп алганы Расул экен. Дагы бир эже атын Анар деп тааныштырды. Тиги кыз Адыл аганын таякесинин кызы экен, кичинесинен Адыл аганын апасынын колунда чоңоюп, кыскасы, ушул үй-бүлөнүн кызы болуп калыптыр. Аты Асел экен.

Тамактанып бүтүп бөлмөмдө жатсам Расул ага телевизор көтөрүп кирип келди:

– Бул жер кышында ушундай, зериктирет. Биз го көнүп калдык, сага кыйын болот. Азыр DVD, диск алып келип берем. Алаксып убакыт өткөрөсүң, Аселде да көп дисктер бар. Бирок береби-бербейби билбейм, кыялы чорт. Этият бол, урушуп кетпегиле экөөңөр. Кемпирдин колунда өсүп, каалаганын кылып эрке болуп калган. Жер төлөдө машыгуучу бөлмө бар, кааласаң ал жакка түшсөң болот.

Эртең менен саат 10-11лерде турам, тамактанып алып кечке кино көрүп жатмай. Кечинде 2-3 саат машыгам. Кар жааса эшиктин алдын күрөйм. Баары менен тил табышып кеттим, чогуу тамактанып отуруп сериал көрөбүз. Асел да жакшы кыз экен, бара-бара дос болуп кеттик. Кээде көпкө сүйлөшүп отурабыз.

Баягы Хаммерди Асел да айдай берет экен, короонун ичиндеги бир жерге 10 тонналык идиш көмүлүп, анда толо бензин бар дешти. Насос аркылуу узун түтүк менен унаага куюп алат экенсиң. Кээде зериккенде Асел экөөбүз үйгө жакын жерде унаа айдайбыз, алыстаганга болбойт экен. Хаммер да ок өтпөс болуп атайын жасалыптыр, өзүнчө эле чакан «танк»…

 

Бул арада апам менен сүйлөшүп жаттым. Телефон чалып «апа, кандайсыз?» дегенге араң үлгүрөм. Трубканы алары менен ден соолугумду сурайт да айылдагы жаңылыктарды айтып баштайт. Болуп өткөн окуяларды үтүр-чекитине чейин айтып берет. Мага башкысы, апамдын ден соолугу, маанайы жакшы болсо болду. Унчукпай, сөзүн бөлбөй угуп отура берем. Акыры баарын айтып бүтүп токтойт, өзүм жакшы жүргөнүмдү айтам да, коштошом.

Арадан бир топ күндөр өттү.

Бул жерден жакынкы шаарга чейин үч жүз чакырым экен. Расул ага кээде Нивага арабасын чиркеп алып бир жактарга кетет да, үч күндөн кийин азык-түлүк алып келет. Келгениме бир айдан ашып калган, бир күнү Расул ага бөлмөмө кирип келип:

– Самат, Адылдар келатышат, эки машина менен тосуп келели. Бир аздан кийин конушат,- деп калды.

Мен Ниваны, Расул ага Хаммерди айдап алып самолёт коно турган жерге бардык. Жарым сааттан кийин баягы мени жеткирген самолёт келип, ичинен Адыл ага, аялы, эки уулу, үч кызы, эң аягында апасы түштү. Баарын үйгө алып келип таштап, Нивага толтура брезент материалдарды жүктөп барып самолёттун үстүн жаап салдык.

Бир топ күн жүрүштү, кыштын күнү болсо да бассейнге жылуу суу толтуруп түшүшөт. Кечинде баары залга кирип караокеде ырдашат. Үй ызы-чуу түшүп эле жатып калды. Күндүз Адыл аганын беш баласы тынчтык бербейт. Бири ыйлайт, бири ырдайт, бири үй ичин түп көтөрүп чуркайт, баягы жымжырттык жок, кыскасы… Менин бөлмөмө да бири-бирин кууп кирип, жулмалашат. Жиним келет, катуурак уруша да албайм. Акыркы күндөрү бөлмөмдү ичинен бекитип ала турган болдум. Кээде ызы-чуудан тажаганда эшикке чыга качам да, көпкө сыртта жүрө берем. Адыл аганын болсо үйдөгүлөр менен дегеле иши жок. Күндө эртең менен чуркайт, эки саат жер төлөгө түшүп машыгат.

Келген күнү экөөбүз көпкө сүйлөшүп отурдук, ал мага Карагандадагы кырдаалды түшүндүрүүгө аракет кылды. Азыр өтө сак болуу керектигин, ашыкча шыбырт угулбашы зарылдыгын эскертти. Мага ишенерин айтып, оор учурда жанында болгонум үчүн ыраазы экенин билдирди. Хаммерди айдатып алып Расул ага үчөөбүз аңчылыкка барабыз. Эч жакка барбаган күнү бир бөлмөгө камалып алып чыкпайт, андайда ал өзүнчө мамлекет.

Апасы алтымыштан ашып калган тың аял экен. Аялдар дээрлик ашканадан чыгышпайт. Өздөрүнчө бака-шака.

10 күн дегенде Адыл ага үй-бүлөсү менен кетти. Кетерде мени бөлмөсүнө чакырып:

– Көп болсо үч айда ишиң чечилет, сени толук актап чыгабыз. Бир аз чыдап тур, Казакстанда кенен жүрө тургандай, милиция сенден бир да кынтык таппай тургандай болуп барсын деп жатабыз. Биз сени эч качан унутпайбыз, кыйынчылыкта таштап кетпейбиз. Иним, сен эми биздин адамсың,- деди колумду бекем кысып.

Апасы Каныш апа жакшы аял экен. Дасторконго отурганда ашпоз аялга атайын эскертип көбүрөөк тамак салдыртып берип жүрдү. “Булар азыр иш десе ишке, аш десе ашка тойбой турган маалы” деп мени мактап калчу. Кээде «курсагың ачса, жатарда жейсиң» деп бөлмөмө самсы, мөмө-чөмө да алып келип берчү. Андайда Асел мени шылдыңдагансып карап күлөт.

Бир күнү Расул агадан мага жаңы паспорт берип жиберишиптир. Март айы эле, түнкү саат экилерде Жайна эже эшикти такылдатып «Самат, телефонго» деп калды, жетип барып трубканы алсам Адыл ага экен:

– Самат, сөзүмдү бөлбөй ук, иним. Азыр экөөбүз сүйлөшүп бүткөндөн кийин телефонуңар өчөт, байланыш үзүлөт… Адыл аганын шашып жатканы үнүнөн билинип турду.

– Акыбал жаман жагына оогону турат, айтып болбойт. Телевизордун антеннасын билинбей турган жеринен үзүп кой, үйдөгүлөр жаңылыктарды көрбөй турушсун. Азырынча үйдө боло бер, эгер иш жаман жагына ооп кетсе, менин атымдан сага киши барат. Эсиңде болсун, ал адамдын колунда менин бриллиант шакегим болот, ошонун айтканын кыласыңар. Ошол адам силерди куткарып кетет. Эгер колунда менин шакегим болбосо, кандай десе да ишенбе. Уктуңбу? Ким болсо да ишенбе, сак бол!

– Адыл ага, бул жерди сизден башка үч эле адам билет да…

– Самат, шакек болбосо ким болсо да ишенбе. Менин “слабый” жерим апам менен Асел. Эгер аларды кармап кетишсе мен алсыз болуп калам, ашып кетсе бир ай корго аларды. Анан баары жакшы болуп кетет,- деп дагы бир нерсе айтайын деп баратканда ары жактан кыйкырык үндөр чыгып калганы даана угулду.

– Түшүндүң да, Самат, апамдарды сага тапшырдым,- деп трубканы коюп салды.

Уйкум ачылып кетти, эми уктай албайм баары бир. Сыртка чыксам жамгыр аралаш кар жаап жатыптыр, суук. Бирөөлөр бастырып кирчүдөй сезилип, дарбазанын бекемдигин текшерип, үйдү бир айланып чыктым. Шектүү эч нерсе байкалбайт. Адыл аганын шакек жөнүндө айтканы эске түшүп туруп алды. Эгер шакеги жок бирөөлөр келсе өзүм жалгыз эмне кылам? Расул ага менен Аскат ага жардам бере албайт, алар мындай ишке аралашып көрүшкөн эмес. Же бул аймакты жакшы билбесем. Айыл арасы болсо да бир жолун тапса болот эле. Асел менен Каныш апаны чыңыртып бирөөлөр сүйрөп баратканын элестетип, денем дүркүрөп кетти.

Адыл ага жөн чалбайт эле, олуттуу коркунуч бар үчүн чалды да. Демек, жаңы аким анын бизнесин талашып, согуш башталыптыр. Мүмкүн, ушул тапта бул жакка бирөөлөр келе жаткандыр. Адыл аганын айласы кетип, таянар адамы калбаганы үчүн түн ортосунда шашылыш чалды. Ошондо оюма келди, Адыл ага мени эң ишеничтүү деп бул жакка алып келиптир. Ишенбесе башка жакка жөнөтүп жашырса деле болот эле. Мага апасынын, таякесинин кызынын өмүрүн ишенип тапшырды.

Эки аялдын тагдыры менин колумда экенин түшүндүм. Короону дагы бир сыйра айланып чыктым, бир топко айланага кулак төшөп тыңшап турдум, тынч эле. Үшүгөндө үйгө кирип жаттым, бирок уктай албадым. Оюма ар нерсе келет. Эми эмне кылам? Бир нерсени толук түшүндүм, азыр өзүмө гана ишенишим керек, жадакалса Расул агага да ишенүүгө болбойт. Оюнда эмне бар экенин кайдан билем?

Саат үчтөн өтүп калды, баары уйкуда. Биринчи кабатка түшүп антеннанын үйдөгү беш телевизорго кеткен зымын үзүп, билинбей тургандай кылып ороп койдум. Сырттан бир зым келип, үйдөгү беш телевизорго бөлүнүп кеткен жеринен үздүм да, өзүмдүн бөлмөмдөгү телевизордун антеннасына тийбедим. Машиналар жер төлөдөгү гаражда турчу, эки машинанын тең багын толтуруп бензин куйдум. Кошумча идиштерге да куюп, аларды Хаммердин артына салып койдум. Эмне болуп кетерин ким билет, он литрлик идишке таза суу алдым.

Эртең менен саат тогуздарда үйдүн чатырына чыгып айланага көз чаптырып, кайсы жерде эмне бар экенин байкаштырдым. Жуунуп алып ашканага кирсем Расул ага дубалга илинген телевизордун антеннасын чыгарып, зымдын учун тазалап жатыптыр:

– Телевизор көрсөтпөй жатат. Антеннаданбы десем жакшы эле, усилитель тынчыган окшойт,- деди.

– Усилителден окшойт, меники да көрсөтпөй жатат,- дедим сыр бербей. Саат 9 жарымда жаңылыктар көрсөтүлмөк, тамакты шашып ичтим да, бөлмөмө кирип телевизорду күйгүздүм.

Мына! Жаңылыктарда диктор адегенде эле Адыл аганын кармалганын айтты. Анын сүрөтү көрсөтүлдү, Адыл ага “уюшкан кылмыштуу топтун башчысы” деп аталып, күч органдары ага болгон күнөөнүн баарын илишти. Караганда облусунун «ханы» деп да аташты. Демек, Адыл аганы курмандыкка чалышкан экен… Түндө кармашыптыр, квартиранын кире беришинде үч бала колу-буту байланып жерде жатат. Бет капчан 2 опер кызматкери аларга автомат такап турушат. Жерде жаткан экөөсүн тааныдым, жаңы келгенде мени менен мушташып кеткендер эле. Бир бөлмөдө 4 бала жатат, беттери көрүнбөйт. Башка бөлмөдө Серик, төрдө диванда Адыл ага колу байлануу отурат. Теледен Адыл аганы болушунча жамандап, мыкаачы кылып көрсөтүштү. Адыл агага Карагандадагы ар бир ишкер ай сайын салык төлөп турган имиш. Кармалган балдардын баарын ууру, каракчы, башкесер, наркоман деп көрсөтүштү. Көргөн адам «Караганданы ээлеп алып, элдин ырыскысын жеп жүргөн тура” деп кыжыры келе тургандай жар салышты. Касен абаны да кеңсесинен кармап кетишиптир, аны мафиянын бухгалтери, күнүнө миллиондогон долларлар ушул адамдын колунан өтүп турган дешти. Тим эле акча которуп жатканда жанында карап тургандай сүйлөдү журналист.

Милициянын «чоңу» комментарий берип,

“Казакстанда эң чоң мафия кармалды, жаңы акимдин кылмыш дүйнөсүнө каршы аёосуз күрөшү жыйынтык бере баштады” деп акимди мактап өттү. Жаңы аким да сүйлөдү, өзүн тим эле эл үчүн күйүп жаткан адамдай көрсөттү. Каармандар күн мурун даярдалганы көрүнүп турат. Колго түшкөндөрдү жакшы билген адам катары

“бул шоуну уюштурган киши да кыйын экен” деп турдум…

 

Уландысы бар….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️