Бычак мизиндеги жашоо 5 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=44683&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бычак мизиндеги жашоо 5 бөлүм 

 

 

 

– Мына, каскадёр, бүгүндөн баштап бул кара жорго сеники. Бул дагы сеники, Адыл агадан белек,- деген Арсен чөнтөгүнөн кагазга оролуу эки таңгак акча алып чыгып сунду:

– Самат, бул окуяны саналуу эле киши билебиз, эч кимге айтпа.

Ошол эле күнү МАИге барып айдоочулук күбөлүк алдык, күн мурун эле даярдатып коюшкан экен. Андан соң машинаны мага каттатып берди да, Арсен «эртең жууйбуз»

деп кетип калды. «Мына, адамдын эмгегин баалайт деген ушул» деп койдум ичимден. Хундай Аванте деген жаңы эле машина экен, ылдамдыгы саатына 220 чакырым. Моторунун үнү угулбайт, жүрүп турганын же өчүк турганын билбейсиң.

Бир жума дем алып, кайра жумушка чыктым. Баягы эле жумуш, болгону эми өзүмдүн машинамда жүрөм, шеригим Макс деген жигит.

Баягы жолдогу окуядан он күндөй өтүп калган, Макс бир күнү «Арсен берип жиберди» деп гезит алып келди. Сүрөттөрү менен жаңылык чыгыптыр. Баягы каракчылар фураны бекитишкен мал сарай күйүп кетиптир, жерде беш адам жатат. Макалада «бандиттер бири-бири менен согушуп жатышабы? Бул беш адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү» деп жазылыптыр. Биздин окуяны Макс дагы билет окшойт, «өздөрүнөн көрсүн, экинчи бирөөнүн оокатына көз артпай жүрүшөт» деп сүйлөнүп калды.

Күндөр өтүп жатты. Арсен азыр чек арага каттабай калган, ишинен жогорулап, «чоң» болуп кеткен. Адыл аганын жанында ар дайым. Анда-санда эле жолугушуп калбасак, көрбөйм деле. Билинбей эле бул жерде иштегениме бир жылдан ашып кетиптир. Бир ай мурун таякемди ортомчу кылып, баягы банк тартып алган үйүбүздү кайра сатып алып, баштан аяк оңдоп-түзөө жүргүздүк. Мындан апамдын кабары жок эле. Жаңы жылдын алдында оңдоп бүтүп, 31-декабрь күнү таякем апама сүйүнчүлөгөн экен, аябай ыйлаптыр. Апам

«эртең көчөлү» десе болбой таякем ошол күнү эле көчүрүп барып жайгаштырып келди. Телефон чалсам апам сүйүнгөнүнөн ыйлап, рахматын айтып бүтпөй жатты.

Бир күнү рейстен келсем базанын алдында Арсен күтүп туруптур, аны көрбөгөнүмө эки айдан ашып калган. Маанайы жоктой көрүндү, учурашып эле «жүрсөң» деп машинасына ээрчитип барды.

– Эч кимге айтпа, сөз тарабасын. Караганда облусунун акими алмашыптыр. Мурун КГБда иштеген бирөө экен. Сураштырып билдик, өтө катаал, куу, кайсы кызматка барбасын өзүнүн адамдарын кошо ала барат деп жатышат. Акыркы жылдары жалаң прокуратурада иштептир. Бизнесмендерге салык салып, баш көтөргөнүн коркутуп-үркүтүп, атүгүл жок кылып, далайынын бизнесин ачык эле тартып алган неме дейт. Каршылык көрсөткөндөрдү «наркоман, кылмышкер» деп жалган жалаа менен кармап, каматып жок кылат дешти. Тааныштары, «крышасы» күчтүү дейт. Эми Карагандадагы күч органдарына бүт өзүнүн адамдарын коёт. Бизге да ошол өнөрүн көрсөтөт болуш керек. Анткени Адыл аганын колунда жалаң кирешелүү жерлер, аны сөзсүз талашат. Угушума караганда, Адыл ага аны менен тил табыша албаган окшойт. Жолдо этият болгула, айтып болбойт, Адыл агага кысым башталышы мүмкүн. Бир-эки ай этият болуп турушубуз керек, бир жаңсыл болмоюнча.

– Бизге эмне кылышы мүмкүн?

– Каарына калсаң ар жактан кыса башташат. Беш жыл мурун да ушундай болгон, булар да билет кайсы жерге урушту. Эң «слабый» жерибиз – фуралар жана кафе-ресторандар. Ошондо беш фура жүк-пүгү менен кошо дайынсыз жоголуп, эки кафе, бир ресторан күйүп кеткен. Бул мен уккандары эле, дагы эмнелер болгонун бир Адыл ага эле билет. Эми уккандарың ортобузда эле калсын. Бир сыйра тополоң болуп, анан басылат баары бир, ага чейин чыдаш керек. Адыл ага да көк, айтканынан кайтпайт. Кичине ийилип, айтканына көнүп койсо болот беле дейм да. Мейли, мен ушул телефондо болом, трубканы мен албасам башка бирөө алат, коркпо, ишеничтүү адамдар. Айтчу сөзүңдү айта берсең болот, мага жеткиришет,- деп визитка берди.

Көп өтпөй, Арсен айткандай эле, Караганда облустук милициясынын, КГБ бөлүмүнүн, салык, бажы кызматтарынын башчылары четинен алмаша баштады.

Биз рейсте фураны эки машинада жети-сегизден киши коштоп жүрө баштадык. Жаңы балдар кошулду. Базага бир жолкусунда түндө келсек мылтыкчан ондон ашык бала туруптур. Бирөөсүн да тааныбадым. Адыл ага эч жакка чыкпай, шаардын бир четинде жашап, булардын тилинде айтканда, «уюкка» кирип кетиптир. Ошол жерден баарын башкарып жатыптыр. Эч ким билбейт экен анын кайсы жерде экенин, Арсен да көрүнбөй калды.

Декабрь айы эле. Кытайдын чек арасынан фураны тосуп алып, артка кайтып келатканбыз. Артта Макс, Русик, Куба деген үч бала Жигулиде, ортодо фура, алдыда мен өзүмдүн машинам менен, жанымда биздин топко жаңы кошулган эки жигит.

Жаңы жылга карата Казак-Кытай чек арасы жабылат. Ошондон уламбы чек арага каттаган машина көп. Алматы облусу тоолуу болгондуктан, чек арага алып барчу төрт катар кенен жол тоону аралап өтөт. Жолдо ылдамдыкты жүздөн түшүрбөй келатканбыз. Алдыбызда бир ак Мерседес бараткан, бир маалда бизге жол бошотуп жолдун оң тарабына өттү. Андан ашып өтө берерде Мерстин арткы эшигинин айнеги ачылып автоматтын учу көрүнүп калды. Терезе ылдый түшө баштаганда эле жүрөгүм бир жамандык сезген. Мындайда эркинен тыш кыймылдарга барасың, машинаны оңго буруп алардын машинасын жолдон чыгарып жибермекчи болдум эле, Мерстин айдоочусу кыйын экен. Дароо тормоз тээп артта калып калды. Катуу ылдамдыкта келаткандыктан рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, 3-4 метр бийик жардан ыргып кеттик. Өзүмө келип башымды көтөрсөм жол боюнда ондон ашык машина токтоп турат, адамдар бизди тегеректеп калышыптыр. Мени машинадан алып чыгып, тегиз жерге жаткырып коюшуптур. Жашы алтымыштардагы бир аксакал бинтти аракка чылап бети-башымды тазалап жатат:

– Өзүңө келдиңби? Азыр шашпай тур, кыймылдаба, бети-башыңды аарчып коёюн.

Бир аз жаткан соң колу-бутумду кыймылдатсам соо, ооруганы деле билинбейт. Башым гана бир аз чымылдап жатты. Айнектин сыныктары бетимди тилип кетиптир. Ары жакта шериктеримди көтөрүп машиналарга салып жатышат.

– Шериктерим кандай, тирүүбү?

– Түзүк, жарааты жеңил эле экен. Дарыласа жакшы болуп кетишет. Тур эми жата бербей, сени «подушка безопасности» сактаптыр. Руль менен отургучтун ортосуна кыпчылып калыптырсың, көптөп сууруп чыктык.

Машинамдын айнектери талкаланып, капоту, эшиктери ачылып капталынан жатат.

– Тур эми, балам, суукта көп жатпа, ооруканага жеткирип коём.

Турайын деп жатып бир ой «кылт» дей түштү. Аткан адамдар билиши керек да кимибиз эмне болгонун. Мүмкүн, «баарын өлтүргүлө» деген тапшырма берилген болсочу? Алардан шефтери сурайт да эмне болгонун. Сулк жатып калдым, анымды аксакал байкады окшойт. Ары жактан бирөөлөрдү чакырып калды:

– Көтөргүлө, балдар, менин машинама алып барып салгыла. Ооруканага жеткирели,- деди. Мени балдар көптөп көтөрүшүп эски ГАЗ-24 Волгага салып, арткы орундугуна жаткызып коюшту. Аксакал койдун терисинен тигилген тону менен тумагын сунуп:

– Жамынып ал, сеникиндей кымбат болбосо да жылуу,- деп машинасын жүргүздү. Аксакалга көрсөтпөй курткамдын ичинен тапанчамды алып, алганга ыңгайлуу болсун деп шымыма кыстарып, тонду үстүмө жамынып, тумакты баса кийдим. Фура эмне болду экен? Жигуличи? Бир чакырымдай жүрүп бир тоону айланганда эле тээ алысыраакта бир Жигули жолдон он метрдей четте чалкасынан жатканы көрүндү. Жолдун берки четинде ак Мерседес менен КамАЗ сүзүшүптүр, катуу сүзүшкөн го Мерс КамАЗдын алдына кирип кетип, КамАЗдын алдыңкы дөңгөлөктөрү жерден көтөрүлүп калыптыр. Ал жерде да кишилер топтолуп калышыптыр.

– Сенин шериктериңби?

– Жок, аксакал, тааныбайм буларды.

– Ээ, балам, мен таксистмин, бул жолдо сегиз жылдан бери жүрүп эмнелерди гана көрбөдүм. Сенин машинаңды да жакшы тааныйм, жумасына эки жолудан каттап турасың. Тигил Жигули сенин шериктериң. Жана турайын деп баратып, кайра башыңды мыкчып жатып калганыңда эле куулугуңду түшүнгөм. Туура кылдың. Эми, балам, артта бир машина келе жатат. Сени акмалап жаткансыйт, бизден ашып кетпей же биротоло артта калбай келатышат. Ордуңдан турба.

– Тиги Жигулидегилердин абалы кандай болду экен?

– Жардам керек болсо адамдар турат го, жардамдашат. Абалын азыр жанынан өтүп баратып сурап коём.

Аксакал машинасын четирээк токтотуп, топтолуп тургандардан сурап калды:

– Эмне болуптур, адамдары соо бекен?

– Жок, баары өлүптүр. Тиги Мерстегилер автомат менен аткылап салышкан экен. Алар болсо тигинтип КамАЗдын алдына кирип кетиптир…

 

Демек, бизди өлтүрүүгө тапшырма болгон, эми мени да жок кылууга аракет кылышат. Биз авария болгондо кишилер көбөйүп кетип, тие алышпады окшойт. Фура эмне болду экен? Адыл агага басым күчөптүр да, демек, тил табыша албаптыр. Арсен туура айткан экен, тирешүү башталыптыр.

Макс, Русик… Кандай жакшы балдар эле… Макс менен жети айдан бери шерик болуп иштешип жүргөм. «Көчөнүн тамагынан тажап деле калгандырсың» деп үйүнө чакырып көп жолу коноктоду. Ата-энеси да жакшы адамдар эле, барганда апасы «дос болуп жүргүлө» деп дасторконун жайнатып, кетерде батасын берип узатчу. Бир жолу жылуу болот деп төөнүн жүнүнөн жасалган одеяло берген. Атасы «аяш энең мага да бербей, сыйлуу конокко деп бекиткенин сага берет» деп күлүп калчу. Алардын уулун жоктоп, ыйлап отургандарын элестетип жүрөгүм жанчылып кетти.

Русик… Шайыр жигит эле, анекдот эле айта берчү. Абдан күлкүлүү анекдотторду билчү, кээде өзүм жалгыз калганда анын айтып бергендери эсиме түшүп күлүп жиберчүмүн. Экөө тең ак көңүл, орус мүнөз, куулук-шумдугу жок балдар эле. Ой тынчтык бербей койду. Шериктерим өлсө, унчукпай кетип калганым туурабы? Анысы аз келгенсип эми бул аксакалды да атып кетишсе эмне болот?

– Аксакал, арттагы Жигули келатабы?

– Келатат.

– Бир аргасын таап, мени түшүрүп коюңуз. Сизге да зыяным тийбесин.

– Ой, балам, сени ооруканага алып барайын, көрүнүшүң керек. Күндүз го, тийише алышпайт алар.

– Аксакал, мен баары бир түшүп калышым керек.

– Кантип түшөсүң?

– Канчалык жакын келатышат?

– Бир жакындап, бир алыстап калышат. Жакын эле.

– Тиги бурулушта бүркүттүн эстелиги бар го, ошол жерден тезирээк түшүп калам. Сиз катуурак айдап кетип калыңыз.

– Сен эмне кыласың?

– Кайра артка барышым керек. Жолдон машине тосом, кабатыр болбоңуз.

– Этият бол анда, тонду кийип ал. Кокус, тигилер тосчу болсо сени жолдон башка машине тосуп, артка кетти дейм.

Жанагы бурулуштан өтүп эле машинадан түшүп, эстеликтин артына жашынууга үлгүрдүм. Аксакал болсо андан ары кетти. Көп өтпөй тиги Жигули көрүндү, катуулап калыптыр, эч ким жок ээн жерде «тынчыталы» дешкен окшойт. Машина «бүркүткө» жыйырма метрдей калганда жолго чуркап Жигулини карай ок аттым. Мындайды күтүшкөн эмес да, айдоочусу рулду башкара албай машина жолдон чыгып барып чоң ташты сүзүп токтоду. Катуу ылдамдыкта келаткандыктан, Жигулинин алды бырчаланып, айнектери талкаланып түтөп кетти. Ичиндегилер каршылык көрсөтсө атам деп даярданып турдум, эч ким чыкпады. Чуркап барсам баары эс-учун билбей сулк жатышат. Баарын атып салайын деп барып, токтоп калдым. Кийин ойлосом ошол маалда өзүмдү жоготуп койгон окшойм, үстүмдө тон, башымда кулакчындары чечилип кеткен тумак, тапанчамды колума кармаган бойдон жолдо чуркап кете бериптирмин. Канча чуркадым билбейм, бир убакта өзүмө келип артты карасам бир Москвич келатыптыр. Тапанчамды көрсөтүп «токто» деп белги кылсам, машина мага он метрдей жетпей токтоду. Машинага отуруп тапанчамды айдоочунун башына такадым:

– Түз айдай бер, мен айткан жерден буруласың.

Айдоочу коркуп, көзү алайып калыптыр:

– Макул, макул.

– Кеттик, айда тез.

Салонуна 3 кой салып алыптыр. Жашы кырктан ашып калган, арык, көздөрү жүлжүйгөн кичине киши экен. Коркконунан роботтой түптүз отуруп айдап баратат, аяп кеттим:

– Коркпо, атпайм. Шарт ушундай болуп калды, мен айткан жерге жеткирип кой да, кете бер.

Айдоочу башын ийкеп койду. Бир жерге жеткенде чакан жолго түшүп, оңго бурулдук. Бул жол ушул аймактагы айылдарга алып барат, беш-алты чакан айыл бар. Алардан өтсөң Алакөлдүн жээгинде чакан бир айыл, андан арыраакта дачалар бар. Дачалар тынч, эл аз жер, эки-үч жолу бирге иштеген балдар менен келип туулган күн белгилеп кеткенбиз. Кышында дээрлик эч ким болбойт. Жааган карды улам шамал учуруп кеткендиктен машинанын изи да калбайт. Дачаларды улгайган бир адам өзү жалгыз карап калат. Андан башка жан адам жок. Эгер менттер издесе, айылдарды кыдырып дачаларга жеткенче бир топ убакыт өтөт, ага чейин бир нерсе ойлоп табарбыз.

Эки саатта дачаларга жетип бардык, артта эч ким көрүнбөйт. Кароолчунун үйү айылдын аркы башында эле, бизди көрмөк эмес.

– Сол жактагы көчөгө буруп айдай бер, жеткенде өзүм айтам.

Мен бара турган үй көчөнүн ортосунда. Ачкычы эшиктин үстүндө эле турат, машинаны көздөн оолак жерге токтотуп, айдоочу экөөбүз үйгө кирип, эшикти ичинен кулпуладым.

– Атың ким?

– Кадыр,- үнү калтырап чыкты.

– Кадыр, коркпо, мен сага тийишпейм. Болгону азырынча ушул жерде боло тур.

– Макул.

– Азыр колу-бутуңду байлайм, туура түшүн, шарт ушундай. Мен бир жерге барышым керек. Азыр мештерди жагам, үй тез эле ысыйт.

Мындай учурда өтө сак болбосоң болбойт. Кадырдын колу-бутун байлап, бир көйнөк таап алып айрып оозун таңып салдым. Жардам сурап кыйкыра албашы керек эле.

Эшикти сыртынан бекитип коюп кароолчунун үйүнө бардым. Эшиги ачык экен, өзү бөлмөдө уктап жатат. Мас окшойт, үйдүн ичи спирт жыттанат. Газ плитадагы казанда эт акырындан кайнап жатыптыр. Дароо баягыда Арсен берген визиткадагы номерге чалдым:

– Алло.

– Арсен, мен Самат.

– Эй, барсыңбы? Каякта жүрөсүң? Уктук эмне болгонун.

– Арсен, убактым аз, көп сүйлөшө албайм. Алакөлдүн жээгинде, Коктума деген айылдын жанында дачалар бар, ошол жердемин. Чыгып кетиштин жолу барбы?

– Өлсөң да койбой тур трубканы, мен кайра келем,- деп бир жакка кетти. Демек, угушуптур да. Арсен беш мүнөттөн кийин келди:

– Самат, сага Ан-2 деген самолёт барат, «Кукурузник» деп коюшат го. Ал кичине эле айыл да.

– Ооба, үч кыска көчө.

– Эртең менен саат жети жарымдарда, жарык түшөрү менен самолёт барып тегиз жерге конот. Көп күтө албайт, тез отуруп учуп кетишиңер керек. Ошого өзүң кара, кайсы жерге коно алат, кар жок дегендей.

– Түшүндүм, макул.

– Эй, этият бол!- деп дагы бирдемелерди сүйлөп баштады эле трубканы коюп салдым. Үйгө келип Кадырдын колу-бутун, оозун чечтим. Үйдүн ичи ысып калыптыр.

– Кадыр, айла жок. Мени менен эртең мененкиге чейин отуруп турасың, саат 8де кете берсең болот.

Үйдө анча-мынча азык-түлүк бар экен, тамак жасап жедик.

– Сен уктай бер, бул сага, кеткен убактың үчүн,- деп Кадырга үч жүз доллар бердим.

– Бул акчага Жигули сатып алсаң болот,- дедим акырын. Өңүмбү-түшүмбү дегендей бир мени, бир акчаны карап туруп калды.

Бөлмөдөгү столду терезе тушка жылдырып, отургуч алып келип сыртты тиктеп отурдум. Сактык үчүн айылга келген жолду карап отурушум керек эле. Эшикти ичинен бекитип, ачкычты чөнтөккө салдым. Кайсы маалда уктап кеткенимди билбейм, чочуп ойгондум. Саат таңкы алтыдан өтүп калыптыр, эшик капкараңгы. Кадырды ойготтум.

– Кадыр, мен кетем азыр. Эгер өзүңө ашыкча түйшүк жаратпайын десең, мен жөнүндө бир дагы адамга ооз ачпа, макулбу? Сен саат сегизден кийин кете берсең болот. Түшүндүңбү?

– Түшүндүм, эч кимге айтпайм. Менден маселе болбойт, кам санаба.

– Өтүгүңдү мен кийип кетейин, сага кроссовкамды таштайм.

Кадыр өтүгүн чечип берип, менин кроссовкамды кийди. Үстүмдө тон, башымда тумак, Кадырдын өтүгүн кийип үйдөн чыгып кеттим…

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️