Мынча акча алам деп түшүмө да кирген эмес. Бир барып келгениме ушунча акча төлөсө, анда үч айда бир Жигули сатып алсам болчудай. Касен агага рахмат айтып чыгып кеттим. Арсен «бир жерде бешбармакты жакшы жасайт» деп калды. Шаардын сыртында, трассанын боюнда жайгашкан бир кафеге бардык. Төрт сааттай отуруп, түнкү саат 10дордо мени үйгө таштап коюп кетишти.
Эртең менен эскирээк Жигулиде бир бала келип, мени алып кетти. Ээн талаада кароосуз калган эски казармалар бар экен. Ал жерде беш бала күтүп туруптур. Биздин артыбыздан эле BMW’да аскердик форма кийген семиз киши келди. Кара көз айнек тагынган, колунда булгаары кол кап. Голливуд кинолорундагы шерифтерге окшотуп койдум. Биздин инструктор экен, кечке чейин ок атуучу куралдарды чачып, кайра жыйнап, ок атып машыктык. Эртеси түшкө чейин «милиция кармаганда өзүңдү кандай алып жүрүү керек, суроолорго кандай жооп бериш керек? Адамдын көзүнө кантип караш керек?» деген сыяктуу көндүмдөрдү үйрөттү. Түштөн кийин дагы тапанчадан, автоматтан ар кандай аралыкта ок атып үйрөндүк.
Анын эртеси дагы чек арага бардык. Ар кандай кырдаал болот экен, кээде чек арадан келип эле кайра жолго чыгабыз. Казакстан-Кыргызстан, Казакстан-Өзбекстан чек арасына көп жолу каттадык. Каспий деңизинен да жүк көп келет экен. Тыным жок. Көбүнчө Арсен экөөбүз жүрөбүз. Кээде түндө ээн талаада МАИ кызматкерлери тосот. Андайда Арсен экөөбүз фурадан алысыраак жерде жашынып, баарына даяр турабыз.
Адыл ага Караганданын базарын эле эмес, шаарда толтура ресторан, кафе, дүкөндөрдү да карайт экен. Кээде автоматтар менен ондон ашык бала үч-төрт машинеде кен казып иштеген ишканаларга барып, чакан жүк ташыган унааларда бир нерселерди таштап келебиз, же ал жактан алып келебиз. Ичинде эмне бар экенин айтышпайт. Көп өтпөй мага башка фамилия-ат менен Казакстандын паспортун алып беришти. Арсен «өзүңө тынч болот, дарегиңди эч ким билбейт» деп койду. Мен унчуккан жокмун.
Күндөр өтүп жатты, баягы жумуш, жолдо жүрмөй. Иштегениме төрт айдан ашып калыптыр. Жумушка, бирге иштеген балдарга көнүп калдым. Арсен экөөбүз жакын дос болуп кеттик, кээде үйүнө чакырат. Айылдагы апама тез-тез акча салып, сүйлөшүп турам. Апам болсо сүйлөшкөн сайын «качан келесиң?» деп сурайт. «Иш жакшы болуп жатат, апа, иштей турайын» деп кутулам.
Жаздын күнү болчу. Кытайдын чек арасынан бери эки фураны эки машине менен коштоп келатканбыз. Алдыдагы фураны Арсен шериктери менен коштоп, бизден бир топ эле узап, алдыга кетип калышкан. Баарыбызда «Уоки-токи» деген рация бар, байланышыбыз ушул рация аркылуу. Биз экинчи фураны коштоп эскирээк Тойотада, фурадан эки чакырымдай арттабыз. Рулда Кани, жанында Рустам деген жигит, артта мен. Тартип боюнча машиналар бири-биринен тегиз жерлерде он чакырым, тоолуу жерлерде беш чакырымдан ашык алыстабашы керек, болбосо рация тартпай калат. Саат түнкү эки болуп калган, күн бүркөө болгондуктан айлана көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Магнитофондо айтылуу Стив Уандер сүйүктүүсүнө телефон чалганын айтып ырдап келатат. Бир маалда рациядан биз коштоп келаткан фуранын айдоочусу Игордун үнү чыгып калды:
– Менттер, балдар. Токто деп белги берип жатышат.
Рацияны алдыдагы Рустамдын колунан жулуп алдым. Артты карасам, бир да машинанын жарыгы көрүнбөйт. Бул жерде токтош кооптуу болчу.
– Игорь, булар ГАИ эмес, токтобо, катуу айдап өтүп кет.
– Самат, өтүп кете албайм. Автоматтар менен турушат.
– Макул, анда. Токтой бер. Биз өтүп кете беребиз да, бурулуштан кийин токтоп, жөө кайтып келебиз. Ага чейин алаксыта тур…
Арсен жок, мындайда чечимди мен кабыл алышым керек эле. Игорь «түшүндүм» деди да, машинанын ылдамдыгын азайта баштады. Дароо саатты карадым, экиден жыйырма беш мүнөт өтүптүр. Жүрөгүм бир жамандык болорун сезди. Эгер Арсен рация тарткан жерде болсо сүйлөшүүнү угуп дароо байланышка чыкмак. Өтө эле алыстап кеткен окшойт. Алар өтүп баратканда менттер бул жерде турган эмес, турушса Арсен бизге кабар бермек. Демек, биринчи фураны өткөрүп жиберип, экинчисин тосушкан.
Аңгыча тормоз тепкенде арткы жарыктары күйүп, фура токтоду. Биз алардын жанынан өтүп кеттик. ГАИнин Жигулиси, жанында автоматчан үч адам турат. Жанынан өтүп баратканда бизди теше тиктеп турушту.
– Кани, мен айткан жерден токтойсуң. Рустам, тапанчаңды ал, биз түшүп калабыз, Кани, сен Арсендерди кууп жет да кабар бер. Рация сенде болсун. Тез-тез Арсенге байланышка чыгып тур. Кайтып келсеңер биз түшкөн жерден түшүп, жөө баргыла. Арсен билет. Кыскасы, шартка карап иш кылабыз.
Арткы орундуктун түбүнө эки тапанча бекитилген, бирөөсүн сууруп алып белиме кыстардым. Биринин магазинин чыгарып алдым. Бурулушка жетип менттерге көрүнбөй калганда Рустам экөөбүз түшүп калдык. Казак талаасында айтылуу шамал болуп жаткан, чаңыган кумдан көз ачылбайт. Жолдун четине чыгып, жашынып фура тарапка жөнөдүк.
– Экөөбүз эки тараптан баралы. Бирибизди байкап калса, бирибиз бекинүүгө үлгүрөлү. Шартка карайбыз эми. Атыш керек болсо, ойлонбой ат.
Рустам «түшүндүм» деп баш ийкеди.
Жакындап бардык, машиналар турат жарыктары күйүп. Бир маалда фура, анын артынан Жигули ордунан жылып, жолду кесип өтүп ээн талааны аралай жөнөп калды. Рустам ошол тарапта эле, ага жетип бардым. Талаада жол жок болгондуктан унаалар жай жылып баратышты. Алдыда Жигули, фура артында. Булар атайын шамал болгон маалда чыгышыптыр, машиненин изин шамалга учкан кум тез эле жаап кетет. Рустамды токтоттум:
– Сен Игорду кара, жанагы жерге таштап кетиши да мүмкүн. Анан Арсендердин келишин күт. Мен булардын артынан бара берейин, мүмкүн, фураны жакын жерге бекитишер. Каякка барганын көрүп, билип алсак болду. Анан деле келип кармап алабыз. Бул жакка келсеңер рациядан сүйлөшө көрбөгүлө. Жөнө!- деп өзүм тигилердин артынан чуркадым.
Бир дөңсөөнү айланып өтүп трасса көрүнбөй калганда Жигули дароо артка бурула баштады. Жарыгы мени даана көрсөтүп коюшу мүмкүн. Какыраган талаада бекинип кала турган жер жок. Фуранын далдасына өтө качып, арткы эшигине чап жармаштым. Анан фуранын үстүнө чыгып жатып алдым. Артка кайрылган Жигули фуранын кабинасына туштап токтоп, ичиндеги бирөөсү фурадагыларга бирдемелерди кыйкырып сүйлөдү да, трассаны көздөй жөнөп кетти.
Фура андан ары жөнөдү. Көп болсо үч адам калгандыр, кабинанын үстүнөн атып салсамбы деп да ойлодум. Бирок бирөөнү атыш оңойбу, анын үстүнө ичинде кокус Игорь болсочу. Каерге жашырганын көрүп алсам, эртең көпчүлүк болуп келип алып кетебиз.
Ышкырган шамал кум үйлөп, көз ачырбайт. Жарым сааттай жол жүрүп таштак жолго чыктык. Мен улам саатты карап келаттым, он жети мүнөттө эски сарайлары бар бир короого келип токтодук. Секирип түшүп калайын деп, жетишпей калдым. Бир чоң фонарь күйүп туруптур, түшсөм эле байкап калышчудай. Сөздөрүн тыңшап жата бердим. Короодо 3 алабай ит жүрөт айланып. Тапанчамды атууга даярдап, баарына даяр болуп турдум. Короонун эшиги ачылып, фураны айдап киргенде эшикти бирөө ичинен жаап, кулпулап салды.
Сүйлөгөндөрүнө караганда фурадан үч адам түштү.
– Кандай, Кайрат, тынч элеби? Эч ким байкабадыбы? Болаттар кана?- деди күтүп турган бирөө.
– Тынч эле, көк мээ Болат Кайнарга кетти балдарды алып. Куралдар да ошондо. Эртерээк шефке айтып жагынайын деп жатат да. «Эртең бар, азыр тынчыраак туруп туралы» десем болбой кетти.
– Алар жокпу, келишпейби?
– Жок, энеңдурайын, «ким келет эле, эч ким көрбөдү го» дейт. Бир Тойота өтүп кеткен жаныбыздан, коштоп жүргөндөр болуш керек. Биздин автоматтар менен турганыбызды көрүп токтобой өтүп кетишти. Алар топтолуп издеп келишсе эмне кылабыз, ыя?..
– Таба алышпайт! Издешсе да эртең менен издешет, Карагандадан жетип келиш оңой дейсиңби? Ага чейин Болаттар да келип калар.
– Демек, жетишебиз. Касым, Сейит экөөң жолду байкаштыргыла. Бороон токтогону калды, кумдан көп эле кылып чачып салгыла, шамал басылгыча унаанын изин жаап калсын. Тездеткиле! Аман, ме кагаздарды, эртең Кайнарга барып факс менен шефке жөнөтүп коёсуң. Азыр ороонун ачкычын алып келип, Касымдарга жардам бер.
Баары туш тарапка кетип, фурада эч ким калбады. Тапанчамды даяр кармап кабинанын эшигин тартсам ачык экен, илгиртпей ичине кирдим. Айдоочу Игорь менен шериги кабинанын арткы бөлүгүндө, колу-буту байланып жатыптыр. Ооздоруна чүпүрөк тыгып, сыртынан жоолук менен таңып салышыптыр. Көздөрү алайып онтоп жатышат. Мени көрүп тыбырчылап булкуна башташты. Бардачокту ачсам зым кырккан ат тиш бар экен, жиптерди кырчып биринчи Игорду бошоттум.
– Тез айда, кеттик! Жыгач дарбаза экен, сүзүп чыга бер,- дедим шаштырып. Тапанчамды алып, арттан кууп келчүлөргө каршы турууга даярданып калдым. Фура от алды. Игорь семиз болгону менен, шамдагай экен, көз ачып-жумганча унааны ордунан жылдырып дарбазаны сүзүп чыгып кетти. Короонун сыртында бирөөсү араба кармап, экинчиси күрөк менен жолго кум сээп жаткан экен. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй элейип калышты.
– Оңго бур, катуу айда мүмкүн болушунча,- деп Игорго кыйкырып, айнектен башымды чыгарып артты карап келаттым.
Игордун шериги Денис деген жыйырма жаштагы бала, коркуп калыптыр.
– Игорь, куралың барбы?
Игорь отургуч тарабын сыйпалап эски «ТТ» алып чыкты:
– Толук магазини менен.
– Денис, азыр артыбыздан кууп келишет, атып көргөнсүңбү?
«Жок» деп баш чайкады.
Игорь рулду Дениске берип, мага карады:
– Самат, сен кабинанын үстүнө чык. Фильтрдин трубасын кармап алсаң жыгылбайсың. Мен айнектен карайын, алдыбыздан чыгышса мен атам. Коркпо, түзүк эле атам. Артты сен карайсың, аларды жакын келтирбесең эле кутулуп кетебиз.
– Макул, бурулчу жерге жеткенде кабинанын үстүн тебем, ошол жерден оңго бурулуп талаа менен айдай бересиңер.
– Адашпайбызбы?
– Келатканда улам саатты карап келгем, ошол убакыт менен жүрсөк трассаны таап чыгабыз буюрса. Талаага кирип кетсек, мүмкүн, таппай калышар. Айдай бер, калганын көрөбүз. Рацияны текшерип тур, Арсен деле жетип келчү убакыт болуп калды.
Кабинанын үстүнө чыгып, фильтрдин трубасын кармап бараттым. Шагыл жолдо он жети мүнөт жүргөн соң оңго бурулуп, ээн талаага кирип кеттик. Бороон басылганы менен, кара суук сөөктү какшатат. Сур булут тарап, айдын жарыгында айлана кыйла көрүнүп калды. Тааныш жерлер көзгө учурабайт, талааны тең жарып түптүз кетип бараттык. Аңгыча каптал жактагы чакан дөбөнүн артынан эки машинанын жарыгы күйүп, түз эле бизди көздөй жөнөдү. Бирөөсү Москвич, бирөөсү УАЗ экенин жазбай тааныдым. Тапанчаны алганга оңой деп коюнума салып алган элем, аны алып чыккыча Игорь аткылап баштады. Сегиз жолу ок атылып, эки машине тең жарыктарын өчүрдү. Бирөөсү бурулуп артка кетти, экинчиси ошол жерге токтогон бойдон жылган жок. Артыбыздан куушпады.
Бир аз жүрүп тээ алыстан машиналардын жарыгы көрүнүп калды. Ошол тарапты көздөй бурулдук. Талаа тегиз болгондуктан, катуу ылдамдыкта тез эле трассага чыктык. Рациядан байланышкан окшойт, Арсендин машинасы заматта жетип келип фуранын алдына өтүп токтоду. Игорь эшикти ачып, мага кыйкырды:
– Эй, каскадёр, түш эми отура бербей.
Аңгыча Арсен унаадан түшүп басып келди:
– Эмне болдуңар, баарыңар аман-соосуңарбы?- деп мени кучактады.
– Тоңуп калыпсың го,- деди да машинадан бир бөтөлкө арак алып келип стаканга куюп мага сунду.
– Ме, алып жибер.
Аңгыча Кани Тойотасы менен жетип келди. Рустам, Арсендин машинасындагы эки бала да келип, биринчи эле мени менен кучакташып, ал-абалымды сурап калышты. Мен үчүн кыжалат болушканы даана байкалып турду. Төрт ай мурун булар менен жакын достошуп кетем деп элестете албайт болчумун. Көпкө турган жокпуз.
– Болду, кеттик, Самат, жүр менин машинама. Игорь, айда, калганын барганда сүйлөшөбүз. Шашпай айдай бер, эми эч ким тийише албайт бизге,- деди Арсен ишенимдүү.
Машиненин арткы орундугуна отуруп, эми эшигин жабайын деп жатсам Игорь чуркап келди:
– Эй, каскадёр, сен товарды эле эмес, мени да сактап калдың. Сен куткарып кетпесең, кийинки жашоом эмне болот эле, бир Кудай билет.
– Каскадёр?- деп Арсен күлдү. – «Форсаж» фильмине тартылбадың беле? Кебетең, ким эле жанагы, Вин Дизелге окшош. Ошол сен болсоң айта бер. Мага автограф эле берсең болду,- деп каткырып калды.
Үшүп калган жаным жылуу жерге киргенде талыкшып уйкуга кеттим. Ошол бойдон Карагандага жеткенде гана ойгондум. Арсен базага кирип кетип, жыйырма мүнөттөн кийин чыкты. Келип рулдагы Рустамга буйрук бере сүйлөдү:
– Орманга айда. Самат, шеф ошол жерге келип турат экен, сени менен сүйлөшөм дейт. Эр жүрөк экенсиң, кантип коркпой өзүң жалгыз бардың? Атып салышат деп коркподуңбу?
– Шарт ошондой болуп калды.
– Сенде дайыма эле шарт ушундай боло береби?- деп тамашалап калды.
Адыл аганын бөлмөсүнүн оозунда эки жигит туруптур. «Күтүп тургула, азыр кишилер чыгышсын» деди бири. Көп өтпөй бөлмөдөн күрсүйгөн төрт жигит чыгып кетишти да, эшик оозунда турган эки жигиттин бири ичкери кирип эле кайра чыкты:
– Самат, сен кир. Арсен, сени бир аз күтүп турсун дейт,- деди. Адыл ага ордунан туруп келип учурашып, далымдан таптады.
– Рахмат, иним, иш деп өмүрүңдү тобокелге салыпсың. Унутпайбыз бул кызматыңды. Эми кандай болгонун майда-чүйдөсүнө чейин айтып бер мага.
Болгонун болгондой, эч нерсени жашырбай айтып бердим. Адыл ага адамды укканды билет экен, сөзүмдү бир да жолу бөлбөй кунт коюп угуп отурду. Мен айтып бүткөндө гана мындай деди:
– Самат, эми сөз мындай. Болгон окуяны жан адам билбесин, билген балдарга да эскертилди, алардан сөз чыкпайт. Сен да эч кимге ооз ачпа, макулбу? Эртең эмне болот, айтыш кыйын. Түшүндүң да?
– Түшүндүм.
– Макул анда, барып эс ала бер. Бир жума эс ал, акчасы төлөнөт. Кааласаң үйүңө, Кыргызстанга барып кел, жол кирең бизден болот.
– Бул жакта эле болом го.
– Макул, өзүң бил. Арсенди чакырып кой, кирсин.
Адыл аганын бөлмөсүнөн Арсен беш мүнөттө чыкты. Көңүлү ачык, жайдары негедир. Мага «кеттик» деп башын ийкеп, экөөбүз Касен агага барып акчабызды алдык. Арсен сүйлөбөйт, суроо берсем укмаксан болуп баратты.
– Ой, эмне болду сага? Кишиге жооп бербей калыптырсың?- дедим чыдабай кетип.
– Сен чоңдор менен сүйлөшкөнгө жашсың али. Качан мурдуңду таза аарчыганды үйрөнгөндө гана сүйлөшөм, ага чейин мага тоскоол болбо,- деп каткырып койду. Тамашалап жатканын билип унчукпадым.
«СТО» деген жазуусу бар темир дарбазадан кирип токтодук.
– Жүрү, балам, сага машина алып берейин,- деп бир имаратка алып барды. Алты машина турат, усталар иштери менен алек. Чакан бир бөлмөдө көз айнекчен орус киши отуруптур. Арсен аны менен эски таанышындай учурашып, мени көрсөтүп калды:
– Ушул иниме машина алып берейин деп келип калдым, жакшысынан бирди тандап бериңиз. «Агам алып берди» деп минип жүрсүн.
Тиги да Арсенди жарым сөздөн түшүнөт өңдүү. Унчукпай ордунан турду да, эшиктен бирөөгө кыйкырып калды.
– Валек, кирчи бери.
Валек орто бойлуу сапсары бала экен. Келип тапшырма күтүп туруп калды.
– Валек, жанагы Хундайды бир сыйра текшерип, дарбазадан чыгарып бер,- деп столдогу кагаздарына үңүлдү тиги киши. Арсен болсо мени капталдан нукуп калды:
– Баягыда сага айттым эле го, бир немис чал бар, куралдарыбызга машиненин ичинен жашыруун жай жасап берет деп. Ошол ушу.
Арсен жана «иниме машина алып берем» дегенде эле түшүнгөм. Көрсөткөн кызматым үчүн сыйлык катары машина белек кылышат экен да. Дарбаза ачылып, кара түстөгү, терезелери да караңгылатылган машина алдыбызга келип токтоду.
– Техпаспорт, керектүү документтери бардачокто. “Тайникти” да көрүп алгыла,- деп калды. Спидометрдин жанындагы бураманы бурап, бери тартса ачылат экен. Ичине бир тапанча бата турган жай жасалыптыр. Шумдук! Ал жерге тапанча жашырса болот деп эч кимдин оюна келбесе керек. Немис чалдын кыйын экенине ынанбаска арга жок эле…
Уландысы бар…