Бычак мизиндеги жашоо 17 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=44683&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бычак мизиндеги жашоо 17 бөлүм

 

– Адыл каякта?

Ордунан шамдагай турду да, маңдайыма жакын келди. Түрү олуттуу болчу. Өңү кызарып, муштуму чытырап түйүлүп, колу шилтөөгө даяр турду. Жакпаган бир сөз айтсам же айтканына көнбөсөм, чоң муштум бетиме былч дегени турат. Эптеп алаксытып, убакытты созушум керек.

– Адыл каякта дейм?!

– Мени тирүү коё берсеңер баарын айтып берем.

Пример HTML-страницы

– Ии, де. Мына бул башка кеп.

– Дагы бир шартым бар.

– Айт, угуп көрөлү.

– Мага кепилдик керек.

– Өлтүрбөй коё бергенибиздин өзү кепилдик эмеспи?

– Мындан кийин мени тынч коёсуңар. Жолубуз такыр кесилишпесин. Мен өз жолум менен кетем, экинчи бул ыплас жашоого кайтпайм. Сураганым ушу.

Мени бир кыйын адам, көндүрүү кыйын болот деп ойлогон да. Оңой эле “жеңилип” бергениме, Адыл аганы заматта “сатып кетүүгө” даяр экениме таң калгансып карап калды. Балким, атайын ошондой көрүнгүсү келип жаткандыр, көпкө чейин менден көзүн албай тиктеп турду. Бул менин чын же калп айтып жатканымды көзүмдөн изилдегени болчу.

– Болуптур, Адылдын кайда экенин айт да, жолуңа түш. Бизди экинчи көрбөйсүң. Мен эки сүйлөбөйм, ишене бер, сени экинчи издебөөгө сөз берем.

Адыл ага Түркияда, дарегин берем.

Тиги мыйыгынан күлүп койду. Ишенбеди. Жинине тийип алдым. Менден бурулуп, ары карай басты.

– Чынын айтып берип, кыйналбай өлгөнүң жакшы эмес беле. Биздин убактыбыз көп, баары бир чынын айтасың. Билесиңби, адамды көп убакытка чейин жанын көзүнө көрсөтүп кыйнай берсең, акыры ал адамдын эрки жеңилбесе да, акылы жеңилет. Өзүңө ушундай азапты тилеп алдың. Кыйнай берсек өзүңдү жоготосуң, акырында өзүң каалабасаң да оозуң өзү эле сайрап берет бизге бүт чындыкты. Алым, сен ишиңди баштай бер. Керек болуп калсам мени ойготуп койгула,- деп коюп сыртка чыгып кетти.

Алым дегени узун отургучтун үстүнө жайылган темир аспаптарын карап, эмнеден баштасам дегенсип бир саамга карап турду да, кычкачты алды. Денем жыйрыла түштү. Булардын эч бир аячудай түрү жок. Жаныма келип чачымдан кармап өйдө тартты.

– Коркпо, жигит. Азыр үч эле тишиңди жулам, хе-хе. Өлбөйсүң.

– Ушул жерден аман чыгып кетсем, бириң да соо калбайсың. Бирден терип жок кылам. Ушуну билип кой.

– Аман чыгып кетсем де… Чыкпай калдың го.

– Кел, сүйлөшөлү. Каалаганыңды аткарайын, мага жардам бер.

– Мен сенин алдагы оозуңду жабышыңды каалайм.

Башымды жерге ныгыра тебелеп, чоң бармагы менен кулагымдын түбүнө катуу басты эле, оозум өзүнөн-өзү эле ачылып калды. Кычкачы менен маңдайкы эки тишимди дароо жулуп алды. Бакырып жатып калдым. Оозума кан толуп, көзүм караңгылашып тыбырчылап жаттым. Тиги бейкапар ары барып, башка аспаптарын кармалай баштады.

– Бул жөн эле разминка, оюн эми башталат, жигит.

– Шашпа. Менин сунуштарымды угуп көрчү.

– Ии, айт, эмне сунушуң бар?

– Менде эсепсиз акча бар, жарымын ал. Мени бул жерден чыгарууга жардам бер.

– Хе-хе, мени акмак, оңой алданат дейсиңби?

– Айт, эмне каалайсың?

– Мага эч нерсенин кереги жок. Кожоюн мага ишенет, ал үчүн мен баарын жасайм.

Баңгизаттын күчү менен эмне кылып жатканын деле билбейт окшойт бул зөөкүр. Бир коркутуп, кайра токтоп калышса керек деп ойлогом. Тишимди жулуп салгандан кийин жан сактоонун амалын көрүүгө кириштим. Жана Юлай таштап кеткен бычак менен колум таңылган жипти кескилей баштадым. Тиги байкаган жок, өзү менен өзү сүйлөшүп, бирдеме кылып жатты.

“Кожоюн мага ишенет” дейт. Кызык, бул деле мага окшогон бирөө да. Менин андан айырмам кайсы? Ишим – кожоюнга ак кызмат кылуу. Адыл агага кызмат кылам деп мен деле далай адамдын тилегин, бактысын, атүгүл бүтүндөй өмүрүн талкаладым. Адыл аганын ишеничин актайм деп далай отко-сууга түштүм. Мына азыр да Адыл аганын ишеними үчүн, аны сатпаганым үчүн азап-тозоктун оозунда турам.

Эптеп качып чыгыш керек, калганын дагы көрө жатарбыз. Үч саат күтүүгө убакыт жок. Алым бир жипти алды да, шашпай чиеленгенин чечип, учуна кайырмактыкындай, бирок андан алда канча чоң илмектерди байлай баштады. А мен жанталашып колумду чечүүнүн аракетиндемин. Бычак курч экен, тиги илмектерин даярдап бүткүчө мен колумдагы жипти кесип үлгүрдүм. Алым менин жаныма келип, колундагы жиптин бир учун шыптан атайын түшүрүлгөн зымга байлаганы жатканда ордумдан ыргып туруп муунтуп калдым. Башын бир жакка буруп, уйку тамырына алакандын кыры менен бир урсам шылкыйып жатып калды. Эми кеминде 20 мүнөт уктайт, ага чейин качып үлгүрүү керек.

Дароо бутумдагы жипти кыркып, Алымдын чөнтөктөрүн тинтсем колтугунда тапанчасы бар экен. Акырын эшикти ачсам, жогору чыгып кеткен тепкич турат. Тепкич сыртка, короого алып чыгат экен, эч ким көрүнбөйт. Азыр өтө сак болуш керек, болбосо бул жерден тирүү чыкпай калышым мүмкүн. Короого чыгып эки жакты карадым, эч ким жоктой. Көчөнүн бою эле окшойт, ары-бери өткөн машиналардын, адамдардын кобураган үндөрү угулуп жатты. Кутулуп кетсем болот. Элдин көзүнчө булар деле эч нерсе кыла алышпаса керек. Короодо малина эгилиптир, аны аралай жөрмөлөп короонун түбүнө жеттим. Эски темир-тезектер жыйылып турган экен, артына өтө койсом күзөтчү окшойт, телефон чукулап бирөө отуруптур. Дабышты угуп калды, өйдө тура калды эле, ээктен ары бир уруп, үстүнөн басып калдым. Экөөбүз алышып жатып бутубуз тийип кеттиби, жанагы эски темирлер шыгырап кулап түштү. Ыңгайды келтирип туруп бетке катуу тепсем, эси ооп жатып калды.

Короодон бирөөлөрдүн малинаны аралап мени көздөй чуркап келатышканы көрүндү. Тапанчамды атууга даярдап, чоң темир ящиктин артына бекинүүгө жетиштим. Аңдып карасам экөө экен, бири жанагы башчысы болчу. Жакындап келишкенде башчысы шеригине мен бекинген жакты көрсөтүп башын жаңсады. Анысынын колунда тапанча, мага жакын калганда тиги башчысына карай:

– Касен, эмне болуптур?- деп калды.

– Эси ооп жатат. Алдагы жакты кара жакшылап.

Мага жакындап калганда тапанчамдын учун кычыктап чыгарып туруп атып жибердим. Бакырып, ичин кармап жатып калды. Башчысынын колунда куралы жок экен, дароо келген жагына качты. Артынан кууп барып басып калдым да, башына тапанча такадым. Аңгыча эле үй жактан үч адам чуркап келишти, баары куралданган. Тапанчаларын мени каратып сунуп калышты. Юлай да келди, колунда автомат. Ал мени негедир таң кала карап турат. Ошол эле учурда «бүт ишти өлтүрдүң, бир аз чыдап турбайт белең?» деген көз караш. Колумдагы туткунду моюндан бекем кысып артка тарттым. Анын сөзүн тигилер угат, демек, мага ок чыгара алышпайт.

– Бүттү баары, мага бирөөсү жакындаса мээңди чачырата атам.

– Токто, токто. Жан соога, жигит.

– Тигилериңе айт, үйгө киришсин.

– Баарың үйгө киргиле!

Эч кимиси кыймылдаган жок, куралдарын сунган бойдон турушат. Мен тигини моюнун дагы катуураак кысып, буйрук бердим.

– Жашагың келсе айт тигилерге. Мени коё беришсин. Болбосо ажалым жетти дей бер.

– Балдар, артка кайткыла. Сөздү уккула,- деди тигинин жалынычтуу үнү.

Юлай шериктеринен эки-үч кадам артта турган, негедир бир маалда бирөөсүн желкеге бир уруп сулатты да, экинчисине тапанча такап:

– Куралыңды ташта,- деди токтоо гана.

Менин колумдагы башчы мындайды күтпөсө керек, бакырып жиберди.

– Юлай, бул эмне кылганың?

– Бүттү баары.

– Ит экенсиң. Биз сага ишенип…

Юлайдын шериги тапанчасын жерге таштады. Ошол замат желкеге бир сокку жеди да, жерге сулк жыгылды…

 

Юлай мен моюнун кысып турган башчынын колун артка кайрып байлады да, түртүп алдына салып жөнөдү.

– Менин артымдан!- деди мага. Алардын артынан жөнөдүм. Он чакты кадам таштап-таштай электе арт жагыбыздан автомат атылып калды. Бийиктиги адам бою болуп куюлган фундамент турган экен, Юлай тигини сүйрөгөн бойдон тосмодон ашып түшүп, мен да ашканы жатсам:

– Граната!- деп бакырды. Колундагы башчыны ээктен ары бир уруп, өзү жерге жата калды. Мен фундаменттен ашып түшүп калган элем, карасам башчынын колунда граната бар экен. Фундаменттин үстүндө колуна мыжыга кармаган бойдон онтолоп жатат. Манжаларын бошотсо эле жарылганы турат. Үй жактан төрт автоматчан бизди көздөй чуркап келатканын көрүп калдым. Шашып калдым, гранатадан алысыраак качайын деп жатсам Юлай бутумдан тартып токтотуп, жатып калдык.

– Эмне, өлгүң келип жатабы? Жат жерге!

Ошондо гана алыс качууга кеч болуп калганын түшүндүм. Фундаменттин түбүндө жатсак гранатанын соккусу үстүбүздөн өтүп, бизге тийбей калмак. Башымды колдорум менен басып жатып калдым. Юлай бир нерсе деп кыйкырды, автоматтардын татыраган үнүнөн угулбай калды. Бир маалда катуу жарылуу болуп, айлана чаңып кетти. Өзүмдү жоготуп коюптурмун. Көзүмдү ачсам Юлайдын булаңгыр карааны көрүндү. Бетиме чапкылап жатыптыр. Бирдемелерди сүйлөп жатты, күңгүрөп мага угулган жок. Тээ алыстан сүйлөп жаткандай үнү үзүл-кесил угулат.

– 12-02, тур!- дегенин уктум. Демек, өлбөптүрмүн. Юлай дубалдын түбүндө жатып, мен андан ачыгыраакта калыптырмын. Ошон үчүн жарылуунун толкуну чала-чарпыт мага тийген окшойт. Кыймылдоого шайым келбей жалдырап жата бердим. Бир маалда Юлай фундаментти ашып түшүп көрүнбөй калды. Эмне, мени таштап кеттиби? Күнүмдүн бүткөнү ушулбу? Ушундай ойлор келди башыма. Эптеп күч жыйнап өйдө болдум. Башчынын денеси жатат канга чыланып, адам тиктеп болбойт. Жанагы төрт автоматчан да тынчыптыр, алар да фундаментке жетип келишкенде граната жарылып кетсе керек.

Болгон күчүмдү топтоп ордумдан темтеңдеп турдум да, тапанчамды кармап фундаменттин арт жагына өтүп бекинип отуруп калдым. Оюмда, азыр үй жактан дагы бирөөлөр чуркап келип мени кармаганга аракет кылышат деп жаттым. Качып кетерге алым жок, акыркы огум калгыча кармашкандан башка аргам калбаган эле. Чымырканып эки жакты карап отурдум. Аңгыча полициянын машинасынын сиренасы угулуп дарбаза ачылып, полиция кызматкерлери, бет капчан опер кызматкерлер каптап киришти. Экөө келип мени жерге жаткызып, колумду артка кайрып байлап салышты. Бирөөсү желкеме автомат такап турат.

Аңгыча бирөө жаныма басып келип:

– Эй, тур эми!- деди мыскылдай. Юлай экен. – Бул өзүбүздүкү, колун чечкиле,- деп ары басып кетти. Колумду чечип коюп, мени кайтарып турган автоматчан адам үйгө кирип кетти. Ушаков да жүрөт, мени көрүп калып жаныма келди:

– Капа болбо, баатыр. Башка жолубуз жок эле, азыр бул жерди бир жаңсыл кылалы, анан сени менен шашпай сүйлөшөбүз,- деп жанындагы адамга кайрылды:

– Врачтарга айт, карап коюшсун,- деп ары басып кетти.

Он беш мүнөттөй өттү, врачтары деле келген жок. Ордумдан туруп ары жактагы чоргого барып бети-колумду жуудум. Муздак суунун жардамы окшойт, бир топ өзүмө келип жеңилдей түштүм. Төрт тишим талкаланыптыр, бир нече тишим шалкылдап жүрөт. Зыңылдатып оорутуп жатты. Бетим соо, колдорум сыйрылып канап кетиптир. Граната жарылганда чачырандылар тийген окшойт.

– Акмактар!- деп бакырып алдым. Эмне операция экенине акылым жеткен жок, бирок бир нерсени даана түшүндүм. Булар мени пайдаланышыптыр. Ортодо алданып, бирөөлөргө курал болуп бергениме кыжырым келип жатты.

Юлайды издеп жөнөдүм. Өлгөндөрдү машинага жүктөтүп жаткан экен, көрөрү менен мени көздөй басты.

– Кандай, каскадёр?- үнү жанагыдай мыскылдуу чыкты.

– Бекер каскадёрду пайдаланып калайын деген экенсиңер?

– Самат, түшүнүп турам сени. Бирок мындан башка жолубуз жок эле…

– Сүйлөбө!

– Мейли, аныңа да. Бирок сени бул жолу да өлүмдөн мен алып калдым. Ушуну унутпа.

– Өлүмгө түртүп туруп, анан куткарып калганыңа рахмат айт дегени турасыңбы?

– Андай эмес, келишим ушундай болчу.

Ушинткенде Адыл ага эсиме түштү. Демек, Адыл ага өзүнүн, жакындарынын өмүрү үчүн ушундай сүйлөшүүгө барыптыр да. А мен Ерхандын колго түшүүсү менен баары бүттү деп эрте кубанып алыптырмын. Казакстандагы операциядан да толук кабардар болгон эмесмин. Иштин баарын Юлай өзү уюштуруп, өзү чечимдерди чыгарып жатты. Ал эми операциянын экинчи бөлүгүнөн менин дээрлик кабарым болгон жок. Адыл аганы сөгөйүн десем, анда күнөө жок. Ал баягы Карагандадагы эски сарайда бекинип, ооруп жатканда мага баарын эскерткен. Анын “Самат, алдыда оор иштер күтүп турат. Сага оңой болбойт, өзүң чеч. Мага жардам берем десең кал, кетем десең жолуң ачык, капачылык жок. Буга чейинки жардамдарыңа эле ыраазымын” дегени эске түштү. Анда мен өз тандоомду кылгам, аны куткаруу үчүн күрөштүн аягына чейин турам деп Адыл агага да, өзүмө да сөз бергем. Ошол сөзүмө турдум. Ал эми жаракат алганым – өзүмдүн алсыздыгым, даярдыгымдын жоктугу болду.

– Түшүндүм. Мейли, сен деле мендей бирөөсүң да,- дедим Юлайга карап. Унчуккан жок, жылмайып гана тим болду. Чынында эки оор кармаштан мени Юлайдын мыкты даярдыгы, чеберчилиги аман-эсен алып чыкты. Дыкат даярдыгы жок бирөөнүн кол алдында иштесем, балким, Казакстандагы операцияда эле бир жерден жаза басып мертинип калышым мүмкүн эле. Бекеринен Юлайдын кыйындыгына суктанган жокмун да. Бүгүнкү окуяда да мен Юлайдын аркасынан тирүү калдым. Ал мени буттан тартып жаткырып калбаса, качып бараткан жеримден гранатанын соккусунда калып өлмөкмүн. Мага Юлайдын мамлекеттин тапшырмасын аткарып жатып, кантип тиги кылмыштуу топко аралашып өз болуп жүргөнү табышмак бойдон калды. Экөөбүз көкүрөк тийгизе кучакташып, далыбыздан тапташтык. Мен Адыл ага тараптын, Юлай Москва тараптын ишенген адамдары болдук. Бир чети бул сыймыктуу да иш болчу. Кудайга шүгүр, олуттуу жаракат албаптырмын.

Кечинде Ушаков, Юлай үчөөбүз чакан ресторанда тамактанып отурдук.

– Эгер сага алдын ала айтсак макул болбой коюшуң мүмкүн эле. Ошон үчүн айтпадык, ал үчүн кечирим сурайбыз. Сен бизге коркунучтуу топту жок кылууга чоң жардам бердиң. Бул жардамыңды эч качан унутпайбыз,- деди Ушаков. Баягы белек кылган саатты кайра сунду:

– Бул эми чындап сеники,- деди күлүп.

– Рахмат.

– Юлай, айтылгандай эле. Эртең бул баатырды жакшылап узатып койгула.

Юлай башын ийкеди. Түн ортолоп калганча отурдук, стол толо тамак-аш, кымбат ичимдиктер… Жай турмуш жөнүндө сүйлөшүп отурдук, экөө иши боюнча оңой менен сөз айтпасына башында эле ынангам.

Эртең менен саат 9да мейманкананын алдынан Юлай күтүп алды. Аэропортко жөнөдүк, Критке учам. Бизнес-класстан орун алган экен, кезек күтпөй эле шыр кире турган болдум.

Юлай колумду кыса кармап:

– Мына, 12-02. Ушуну менен ишибиз бүттү. Сага Орусия Федерациясынын атынан ыраазычылык билдирем. Болду эми, бизге экинчи жолукпайсың. Кутулдуң бизден,- деп чын дилден күлдү. Мындай күлгөнүн биринчи көрүшүм.

– Чын эле кутулдумбу? Самолёт жарым жолдон кайтып келсе да таң калбайм,- деп тамашалап күлдүм. Экөөбүз кучакташа коштошуп, мен ичкери кирип кеттим. 15 мүнөттөн кийин учак абага көтөрүлүп, Боинг 747 кебездей булуттардын үстүндө калкып баратты. Аңгыча стюардесса келип шам-шум эткенге бирдемелерди берип кетти. Сулуу, келишимдүү кыз экен. Асел оюма кылт этти. Болду бүттү, экинчи мындай иштерге аралашпайм, тынч гана оокатымды кылам. Криттен батир алып апамдарды алып келем же Аселди алып айылга кетем. Албетте, азырынча Асел менен мамилебиз ачыктала элек…

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️