Бычак мизиндеги жашоо 16 бөлүм.
Бусикке отурганда эле Юлай экөөбүз ящиктерди ачып, сигареттин жука пачкасындай төрт бурчтук болуп куюлган алтындарды көрдүк. Пенопласттан атайын идиштер жасалып, ошолорго салыныптыр. Алтындарды алып, бусикте булгаарыдан тигилген ондон ашык сумкалар бар экен, сала баштадык. Алтын көп болчу. Чемодандарда акчалар жатты, рубль, доллар, казак теңгелери, мен көрүп-билбеген башка валюталар дагы. Ар кандай документтер, паспорттор, айтор, баарын сумкаларга салдык. Мынчалык көп байлыкты өмүрү көргөн эмесмин. Бирөөнүн бала-чакасына, небере-чөбөрөсүнө жеткидей казына көз алдыбызда жатты.
Курулушта иштеп жүргөн күндөрүм эске түшөт. Жарыбаган эле акча табыш үчүн айылда бирөөнүн колунда айлап кара терге түшүп иштейсиң. Анда да кожоюндан аванс алып жатып, иш бүткөндө колуңа келишилген акчанын жарымы гана тиет. Токпейил болчу экенбиз, ошого да каниет кылып, эл катары жашоо өтө берчү. Ал эми азыр менин көз алдымда жаткан байлыкты айылдык карапайым дыйкан бир өмүр иштесе да таппасы ырас. Жашоо экен да. Бул эсепсиз байлык да кимдир-бирөөгө аз сезилип жатса керек. Ушул байлык үчүн, байлыктын ээсин кайтаруу үчүн канчалаган өмүрлөр кыйылды. Кумары кыйын окшобойбу, Адыл ага өлүм оозунда жатып да ушул байлык үчүн тобокел ишке барып, акыры максатына жетти. Башканы кой, өзүм канча жолу ажалдын оозунан кайттым.
Айылдын чекесинде эски Уаз күтүп туруптур, рулда маска кийген бирөө отурат. Сумкаларды тез-тезден ошол унаага салып, Юлай бусиктин айдоочусуна кайрылды:
– Ящиктерди, чемодандарды сууга чөктүрүп сал, макул, ийгилик. Эгер бир нерсе болсо «Б» боюнча. Эмне болгон план экенин билбедим. Билбей эле койгонум оң. Ашыкча жүк көтөрүп жүрүүдөн чарчадым.
Аны кетирип жиберип экөөбүз Уазга отуруп, андан ары кеттик.
Юлай улам-улам алакандай болгон жанагы аппаратын карап коюп баратты. Бирөөлөр менен тынбай сүйлөшүп жатты. Бирине түшүнсөм, башкасына түшүнбөй бараттым. Анткени кандайдыр бир сырдуу коддорду колдонуп сүйлөштү. Үч сааттай талааны аралап катуу жүрүп, токойдун арасындагы бир үйгө келдик. Токойдун коюу жеринде экен, токойчунун үйү окшойт. Бир бала күтүп туруптур, өңү кыргызга же казакка окшош, бирок орусча сүйлөгөнүнө караганда башка улуттан. Колунда снайпер.
Шаардан анча эле алыс кеттик окшойт. Сумкаларыбызды түшүрүп коюп айдоочу Юлай менен бир нерселерди шыбырашып сүйлөшүп дароо эле кетти. Маскасын чечкен жок, мен да чече элекмин.
Таң агарып калды. Юлайдын спутник аркылуу байланышкан телефону бар экен, мени укпасын дедиби, алысыраак барып беш мүнөттөй сүйлөшүп келип:
– Азыр он беш-жыйырма мүнөттө вертолёт келет. 12-02, сен биз менен Астанага барып, андан ары Карагандыга кетесиң. 12-03кө акча алып барып беришиң керек. Анан үч күндөн кийин Москвага барып, баягы мейманканада болушуң керек. Ушаков өзү келет сага, калганын ошол айтат. Азамат, 12-02, жакшы иштеп бердиң. Сендей балдар бизге да керек. Макул, калганын дагы сүйлөшөбүз. Эми эки жакты тыңшап туралы, вертолёт келери менен тез-тез жүктөп кетишибиз керек.
Качан даярдай койгонун билбейм, оролгон бир таңгак акчаны мага сунду. Бул 12-03түн эмгек акысы болчу. Аз эмес сумма экени акчанын көлөмүнөн эле байкалат.
– Сыртына жазылган, ошол жерге бекитип коёсуң, 12-03 өзү алып кетет. Канчадан төлөнгөнү кызык болуп жаткандыр, макул, айтып коёюн. Отуз миңден ар бирине, 12-03кө кырк миң. Азамат балдар экен, жакшы иштеп беришти.
Боорунда «санавиация» деген жазуусу бар вертолёт учуп келди, төрт орундуу чакан, чет өлкөнүн вертолёту экен, жапжаңы. Үчөөлөп сумкаларды жүктөп, Юлай экөөбүз учуп кеттик. Бизди тосуп алган бала ошол жерде калды.
Юлай алдыда, учкучтун жанында, мен артка отурдум. Юлай телефону менен бирөөгө чалып:
– Эки саат,- деди да, мен жакты карап көз кысып койду. Бул мага ыраазычылык билдиргени эле. Менин да көңүлүм тынчыдыбы, же канча күндөн бери тынбай иштеп чарчаган окшойм, уктап калыпмын. Тик учак жерге конгондо ойгонуп кеттим. Бөтөн, мурда көрбөгөн аймак.
Астананын четинде атайын аэродром бар экен, аскердик форма кийген адамдар жүрүшөт. Терезелери караңгылатылган капкара Жипте эки формачан адам келип Юлайга честь берип учурашып, сумкаларды унаага жүктөп, үстүндө мигалкасы бар үч жеңил машина бизди коштоп аэродромдон чыгып кеттик.
Бир топ жүргөндөн кийин Юлай артын карап:
– 12-02, сени шаарга таштап коёбуз, макул, ийгилик,- деп жылмайып койду. Юлайдын астейдил жылмайганын биринчи көрүшүм, темир роботтой болуп бир калыпта жүрчү.
Шаардын четине жеткенде түшүп калдым. Юлай менен кучакташа коштошуп, алар андан ары кетишти. Көптөн бери чогуу жүргөнгө экөөбүз абдан жакын болуп калыптырбыз, ал кеткенде ичим эңшериле түштү. Ишине так, убадага бекем мындай ишеничтүү адам менен чалгында жүргөн да жакшы. Ушул жупуну көрүнгөн орус кишиден көп нерсе үйрөндүм. Жашыруун операцияларды кантип жүргүзүү керек, кыйчалыш учурда адам өзүн кандай алып жүрүшү шарт, мүдүрүлгөн сайын сынып калбай кантип өйдө туруу керек, айтор, далайды үйрөтүп кетти Юлай.
Саат сегизден өтүп калыптыр. Такси жалдап Карагандыга жөнөдүм.
Жол узак, эптеп уктап калыш керек. Жолдо жүргөндөн аябай тажапмын, акыркы эки жылдык өмүрүм бүт эле жолдо өттү. Көзүмдү жумуп уктайын деп аябай эле аракет кылдым, болбоду. Вертолётто уктабай эле койбогон экем, эми көпкө чейин уктай албасам керек.
Баары бүттү окшойт. Көп болсо төрт-беш күндө Критке кетсем керек. Москвада ашып кетсе бир күн турармын.
Адыл ага эмне болду экен, апамдарчы, Аселчи? Мындан аркы жашоом, турмушум тууралуу ойлор менен алышып бараттым. Эмне кылам? Өмүр бою Адыл аганын колунда жүрө бермек белем? Юлай “бизге сендей жигиттер керек” деп сөз чыгарды. Москвадан жаңы жумуш сунушташабы? Ойлор тынчтык бербей жатты. Иш үстүндү билинбегени менен өтө кооптуу ишке аралашып, бактыга жараша аман-соо чыкканыма эми гана ишенип жаттым. Көз коркок, кол баатыр деген ушул го. Операция учурунда коркпой чабуулга кирип, ок аралап жүргөнүмдү эстесем денем дүркүрөп кетип жатты.
Көп болсо эки-үч күндө кетсем керек Казакстандан. Критке жетип алсам апамдарды да ошол жакка чакырып алсам да болот. Айтор, көрөбүз. Мен Критте жашагым келип калды, Кыргызстанды сагынганда келип-кетип турабыз да.
Кечки саат бештерде Карагандыга жеттик, шаар тынч эле экен. Менттер да тынчып калышкан окшойт, баягыдай документтерди текшерген адам жок. Таңгактын сыртында өзүнчө бүктөлгөн кагазда каерге бекитерим жазылыптыр, акчаны бекиттим. Карагандыда калгым келбеди. Түз эле аэропортко барып, Москвага билет алып учуп кеттим.
Красная Преснядагы мейманканага барып жайланышарым менен эртеси Ушаков келди, көңүлү ачык. Пиво, кургатылган балык, дагы бир нерселерди алып алыптыр.
– Балдар, силер бизге Орто Азиянын төрт мамлекети, Афганистан издеп жүргөн адамды кармап бердиңер. Азыр Ерхан Москвада сурак берип жатат. Күнү бүттү анын. Силерге ошол мамлекеттердин атынан ыраазычылык билдиребиз. Эми өзүң деле түшүнөсүң, силерди элге көрсөтүп сыйлык тапшыра албайбыз. Акчаңар болсо өзүңөрдүкү деле жетиштүү. Бизден эмне жардам керек болсо, айтсаңар жардам беребиз. Адыл жакшы, дарыланып жатат, кечээ бүт байлыктары колуна тийген. Ишканаларынын документтери бизде, бир жумадан кийин адамдар барат Казакстанга, баарын кайрып алып, сатып, курман болгон балдардын жакындарына акчаларды таратып беришет. Адылдын колунда иштеп, иш учурунда каза тапкан балдарды айтып жатам. Алардын эмгеги, силердин мээнет сөзсүз бааланышы керек. Макул, шашпай эс ала бер. Бир-эки күн ушул жерде болуп тур. Бул бизден белек, Швейцариядан атайын буюртма менен жасалган, мындай сааттар саналуу эле адамдарда бар, эми сенде да болот. Бул сенин мээнетиң…
– Самолётуң эки күндөн кийин. Ага чейин Москваны кыдырып көрүп чык, эс ал,- деп кетти Ушаков.
Уктайм дедим, көңүлүм тынчыгангабы, чарчоо басып уйку тартып жатты.
Бирөө оозумду жаап, тумчуктура баштаганда көзүм умачтай ачылды. Эки бутумду бирөөсү басып, эки колумду бирөөсү кармап, бири оозумду алаканы менен жаап, моюнумду бир жакка кайрып моюнума ийне сайганын гана билем. Бир аздан кийин эле мас кишидей болуп көзүм караңгылап, эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым. Бир маалда бөлмөнүн жарыгы күйдү, карасам төрт адам турат, баары ак халатчан, кол капчан, ак маска тагынып алышкан. Баарын көрүп турсам да сүйлөй албай, кыймылдай албай эле жаттым. Төртөө мени карап бир аз туруп, бейтаптарды жаткызып сүйрөөчү коляскага жаткызышып, колу-бутумду катуу таңышып, үстүмө ак материал жабышты да, коридор менен сүйрөп жөнөштү. Түн жарым окшойт, эч ким көрүнбөйт, мейманканада иштеген кыздар бири-бирине шыбырашып коюп, бизди карап жаныбыздан өтүп жатышты. Мени лифт менен алып түшүп, «Тез жардам» машинасы даяр турган экен, салып алып жөнөштү. Ичимден “мени булар соо коюшпайт, өлөт деген ушул окшойт” деп жаттым. Кыймылсыз, алардын көзүн жалдырап карагандан башка аргам жок эле. Коркконумдан денем шалдырап, тер басты. Бир аз жүргөндөн кийин баары шыпылдап халаттарын, маскаларын чечишип, менин да колу-бутумду чечип, бир караңгы жерде терезелери жок, башка машинага сүйрөп киришти. Ал унаа ордунан шашылыш жылып, бир жакка жөнөдү. Эч нерсе көрүнбөйт, эки сааттай жол жүрдүк, акыры бир дарбаза ачылып, машина кирери менен дарбаза кайра жабылды. Мени көтөрүп сыртка алып чыгышты, таң агарып калыптыр. Эки кабаттуу чакан үй экен, кирип эле бир бөлмөгө ыргытышты. Колу-бутумду катуу таңып, оозумду кыйкыра албай турган кылып жип менен байлап коюшту. Жата бердим, кыймылдоого чамам жок. Бөлмөгө үчөөсү киришкен эле, бири чачымдан тартып башымды көтөрүп туруп бетиме бир тепти. Дагы урайын деп муштум түйүп калды эле, берки эки шериги токтотуп калды. Казакча сүйлөшө кетишти:
– Токтот, шеф келсин, өлтүрүп койбо. Бас, кеттик,- деп түртүп калды тигини. Сыртка чыгып, эшикти кулптап салышты. Бетим канжалап кетти, тишимди да талкалай тээптир.
Бөлмө чоң экен. Төрт адам батчу диван, эки отургуч эле турат, башка эч нерсе жок. Терезелери калың темир тор менен тосулуптур. Эшиги да калың темирден. Айнектери деле оңою менен сынбай турган болуш керек. Колу-бутумду катуу байлашыптыр, бир-эки булкунуп көрдүм. Түшкө маал бөлмөгө жети адам кирип келди. Бирөөсү орус окшойт, калгандарын өңдөрүнө карап баары казактар деп ойлоп койдум. Башчысы окшойт, бою чакан арык келгени маңдайымдагы диванга отуруп, мени тигиле тиктеп калды. Карасам көзү көк, эмнегедир мышыктын көзүнө окшоштурдум, заардуу көз караш. Чынын айтайын корктум, жашоодон үмүтүмдү үзүп койдум. Денем шалдырап эле башым айланып жатты. Көзүмдү ала качып терезени карап калсам, жакамдан муунта кармап:
– Көзүмө кара!- деп муштум менен бет талаштыра бир урду. Онтоп жатып калдым. Дагы жакамдан эки колу менен муунта кармап бир нерсе сүйлөйүн деп баратып, эмнегедир көздөрү ойноктоп кетти. Дароо жакамды кармалап, топчудай бир нерсе таап алды. Колуна алып кармалап көрүп мени дагы бир урду да:
– Датчиги бар турбайбы, болгула, тез кеттик бул жерден! Арткы эшиктен чыгабыз. Тордук, Касен, тез көчөнү карагыла, чоочун машина, чоочун адамдар жокпу, тез билгиле. Биз чыгып кеткенче жан адамды жакындатпагыла. Силер экөөңөр машинаны даярдагыла, Апрелевкага кетебиз. Болгула, тез!- деп сөгүнүп калды. Тигилерди жөнөтүп жиберип жанындагы шеригине буйрук берди.
– Болот экөөңөр муну тез алып чыккыла, Жипке салабыз. Экөөңөр менин артымдан кетесиңер, куугун түшсө билесиңер,- деп шашкалактап калышты. Мени сүйрөп барып эшиктин алдында турган Жипке салышып, бирөөсү ээгиме бир койду эле, бакырып жибердим. Сөгүп жаттым, бир маалда башыма катуу бирдеме тийип, көзүмдөн от чагыла түштү. Андан аркысын билбейм. Өзүмө келсем жер төлөдө жатыптырмын, колу-бутум байлануу. Капкараңгы, жылт эткен жарык көрүнбөйт, колумдагы саатым да жок, чечип алышыптыр. Денем ооруксунуп жатты, дубалга сүйөнө отуруп алдым. Бир аздан кийин караңгыга көзүм көнө баштады, бурчта жыгачтан жасалган узун отургуч, жанында эки чакан отургуч турат, башка эч нерсе жок. Канча убакыт өттү билбейм, бир маалда эшик шарак этип, ачкычтын буралганы угулду. Денемди жыйрып, сокку жегенге даярданып жаттым. Эки адам кирип келип жарыкты күйгүзүштү. Бири башчысы окшойт, бир отургучту жаныма алып келип отуруп, беркиси кышылдап-күшүлдөп өзү көтөрө келген темир жашикти ачып, бир нерселерди алып чыгып узун отургучтун үстүнө шашпай бирден тизе баштады. Дароо эле түшүндүм, мени кыйнайбыз деп керектүү курал-жарактарын алып келишиптир да. Эмне кылсам, азапка баткыча баарын айтып берип салсамбы?..
Менин оюмду окуп койгондой жанымда отурганы баш жаңсай көрсөттү да:
– Түшүндүң да, эгер кыйналбай өлөйүн десең биздин да, өзүңдүн да убактыңды алба, сурообузга жооп бер. Сендейлердин далайын көргөнбүз, баары бир айтып бересиң. Ойлон,- деди.
Аңгыча эшиктен бирөөсү кирип башчысынын кулагына бирдемелерди шыбырады эле, тиги башын жерге салып ойлонуп калды.
– Алым, сен ушул жерде туруп тур, мен он беш мүнөттө келем,- деп коюп экөө шашылып сыртка чыгып кетишти. Алым дегени мени улам карап коюп отургучка отуруп алып темир курал-жарактарын тазалап, аарчый баштады. Бир маалда чөнтөгүнөн бир куту алып чыкты. Ачып бир темиринин үстүнө азыраагын төккөндө түшүндүм, героин экен, мурдуна такап жыттап алды да, дубалга сүйөнө шыпты карап кыймылсыз отуруп калды.
Арсендин айтып бергендери эсиме түшүп, аргам кетип чыйпылыктай баштадым. Оюма ар нерсе келет, Адыл аганын кайда экенин айтып берген күндө деле баары бир мени жок кылышат. Айтпай койсом азаптын баарын көрсөтүшөт. Дубалды карап ойлонуп жаттым.
Он мүнөттөн кийин бирөөсү кирип келип Алымга:
– Эй, чанач, сага эскертти эле го. Өлүп баратасыңбы? Ушундай маалда чыдап турбайсыңбы!- деп калды.
Чочуп кеттим, бул Юлайдын үнү эле, шарт бурулуп карасам Юлай турат. Менин караганымды көрүп, дароо буту менен башымды басып жерге матады:
– Сен жат үнүңдү чыгарбай!- деп далыма тизеси менен бир тепти да, Алымга кайрылды:
– Бар, муздак сууга жуунуп кел. Тынчыраак туралы, тез кел,- деп сөгүп Алымды жөнөтүп жиберди. Алым чыгып кетери менен колумдун байланганын текшеримиш болуп алаканыма кичинекей бычак карматты да, эңкейип кулагыма шыбырады:
– Үч саат чыдаш керек, 12-02, эгер шарт өзгөрүп кетсе план «С»,- деп ордунан туруп, далыма бир тээп, бутумдагы жипти да тартып көрүп эшикке чыгып кетти.
Түшүндүм, ишибиз али бүтө элек экен да. План «С» дегени, үч сааттан кечигип кетсе, эгер мени өлтүрөбүз деп калышса өз алдымча аракет кылышым керек. Мага эч ким жардамга келбейт деген сөз эле.
Демек, үч саат убакыт созушум керек. Алым келери менен Юлай кетип калды. Бир аздан кийин жанагы башчысы келди, мен дубалга сүйөнүп отура бердим.
– Макул, сурагыла, эгер жанымды аман калтырсаңар, айтканыңарды аткарам. Мен бирөө үчүн өлгүм келбейт,- деп көзүнө тике карадым.
Анын көзүнөн таң кала түшкөнү бир байкалып, кайра жок болуп кетти. Баягыдай заардуу карап турду:
– Сен жөнүндө билдик. Адылдын эң жакын ишенген адамы экенсиң. Аны резиденциядан да сен куткарып чыгыпсың. Сен Казакстандан качырыпсың. ФСБга жардам берип, Ерханды карматкандардын бирөөсү сен экенсиң. Калгандарын сен таап бересиң бизге…
Уландысы бар…