Бычак мизиндеги жашоо 13 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=44683&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бычак мизиндеги жашоо 13 бөлүм

 

Ушуну айтты да Юлай бир саамга унчукпай калды. Анан минтти:

– Тааныштарыңдан он бала таап кой. Мен айткан күнү бир шылтоо таап кафеге чакырасың, арасынан бешөөсүн тандашым керек. Мага күчтүү, далдайган, көңдөй балдар керек эмес, акылдуу, эптүү болушу керек. Жүзүн бир көргөндө эстеп калбай турган, жөнөкөй балдар болсун. Алар эч кимди өлтүрбөйт, эч ким менен кырылышпайт. Алар мага маалымат гана жыйнап бериши керек, бирөөгө бир нерселерди жеткирип же бир нерселерди алып келип беришсе болду.

– Макул, караштырам.

– Болду анда, сөз бүттү,- деди чечкиндүү. Өзү барып эшикке кулагын такап бир аз тыңшап турду да, “глазокту” ачып подъездди байкаштырды. Андан кийин эшикти акырын ачып, мени чыгарып жиберди.

Демек, Юлай жөнүндө эч ким билбеши керек экен. Мени «өзү түшүнөр бекен» деп айтпады.

Эртеси эрте туруп Адыл ага айткан Албандын үйүнө барып алысыраактан күтүп отурдум. Саат сегиздерде короодон Жугили чыкты. Бою орто, толугураак жигит экен. Жигулиси менен шаарда такси кылып иштеп жатыптыр. Үйүнөн чыккандан тарта артынан калбай эки саат аңдып жүрдүм. Үч жолу кардар алып, шаардын ар кайсы жерине жеткирди. Кардарын таштаган жерде кийинки кардарды күтүп тура берет экен. Акыркы токтогон жеринде бир дүкөнгө кирип кеткен боюнча чыкпай калды. Оюмда эч нерсе жок, эртеби-кечпи чыгат деп күтүп отургам. Бир маалда машинамдын арткы эшиги шарт ачылып, бирөө кекиртегиме бычак такады. Албан экен, каршылык көрсөтүүгө үлгүрбөй калдым. Бош колу менен заматта чөнтөктөрүмдү, колтук-башымды текшерип чыкты. Былк этпей кыймылсыз отуруп бердим.

– Кыймылдаба, колуңду рулга кой! Кимсиң, ким жөнөттү?

– Акырын, акырын, макул…- колумду рулга койдум.

– Адыл агадан, Адыл ага жөнөттү.

– Атың ким?

– Самат.

Тамагыма такаган бычагын алды.

– Бир-эки жолу көргөм сени, бирок текшеришим керек эле. Макул, айт, эмнеге келдиң?

– Экөөбүздүн жолукканыбызды эч ким көрбөшү керек эле, Албан.

– Эч ким көрбөдү, кыжалат болбо. Сенден башка эч ким аңдыган жок. Ерхан деле башка иштери менен жүрүп бизге колу тийбей жатса керек. Он күндөн бери артымдан аңдыган эч ким жок. Машинага отурганымды эч ким көргөн жок. Айта бер, сөзсүз бир тапшырма менен келдиң.

– Адыл агага жардамың керек.

– Дарегиңди айт, түндө барам, сүйлөшөбүз. Бул жерде болбойт,- деди. Даректи жазып берейин десем «айта бер, эстеп калам» деди да, айтсам, мага угуза эки жолу даректи кайталап айтты.

– Он экиге барам, коркунуч жок болсо эшикти эки жолу тыкылдатам, ача бер. Эгер коркунуч болсо үч жолу тыкылдатам, андан кийин канча тыкылдатсам да ачпа, этият боло берели,- деп чыгып кетти.

Ичимден кымыңдай түштүм. Ушундай балдар керек да.

Түндө, саат туура он экиде эшиктин түбүндө турсам акырын эки жолу тыкылдады. Ачып киргизип, дароо ичтен кулпуладым. Жарыкты да күйгүзгөн жокмун. Дароо эле ишке өттүк.

– Эмне кылыш керек, Адыл ага кандай?

Албан билген нерселерди эле кыскача айтып бердим. Ал да түшүндү толук айтпаганымды, унчукпай калганынан эле байкадым. Башка эч нерсе сураган жок. Азамат.

– Эмне кылабыз, менден кандай жардам керек?

Ишенимдүү 10 баланы Албан гана таба алмак. Ага ишенгенден башка аргам жок эле. Тобокел дедим.

– Ишеничтүү балдар керек, он миң доллардан төлөнөт. Мурда Адыл агада иштебеген, эч ким артынан аңдыбаган…

Кыскасы, кандай балдар керек экенин, эмне жумуш кыларын түшүндүрдүм.

– Балдар бар, тапса болот. Айылдан чакырыш керек.

– Анда мен сага эки күндөн кийин өзүм байланышам, он бала таап кой. Бир шылтоо таап кафеге чакырсаң, ошол жерден көрөбүз кимиси бизге жардам бере аларын. Калганын кийин сүйлөшөбүз.

Эки күндөн кийин Юлайга жолуктум. Көптөн бери уктабаганбы, көздөрү шишип, кызарып калыптыр. Албан жөнүндө айтып берсем:

– Макул, эртең жетишпесе керек, бүрсүгүнкүгө чакыра берсин. Шаардан чет, кардар көп барбаган, арзан ашканага чакыргыла. Өзүнчө кабинкада отургула. Мага дарегин эртерээк айтып кой. Мен киргенде өзүң деле түшүнөсүң, эски таанышыңдай көрсөтүп бир айласын тап, мен араңарда отура турган болоюн.

Дагы деле сынап жатат. Макул дедим баш ийкей.

Эртеси шаардын четинен жолуктук. Илгери кинотеатр болгон экен, бир бурчун чакан кафе кылып коюшуптур. Албан он бала тааптыр, аларды “Астанада иш чыгып жатат, сүйлөшөлү” деп чакырыптыр. Мен унчукпай эле отурдум, баарын Албан өзү окшоштуруп жатты. Мурда ысык-суукту көргөн, учурда айылда жашап жаткан балдар экен. Баары тең эле сергек, орундуу сүйлөгөн балдар экен, иш үстүндө өздөрүн кандай көрсөтүшөрүн эч ким билбейт. Мен да Албандан жумуш ала турган балдардын бири болуп отурдум. Отурганыбызга 10 мүнөттөй эле болгон, колуна ысырык түтөтүп баягы “кайырчы” өңдүү Юлай кирип келди. Оозун бир жагына кыйшайтып, бир көзүн чала жумуп алган. Үстүндө эски, илгерки Союз маалындагы фуфайка, бутунда эски керзовый өтүк, башында каяктан тапканы белгисиз эски шляпа. Баарыбызды бир сыйра карап чыгып, столду айланып ар бирибизди аластап, түшүнүксүз бирдемелерди сүйлөй баштады. Мындайлар шаарда көп болгондуктан, көзгө өөн деле учурабайт. Отургандар чөнтөктөрүн чукулашып, тыйын-тыпыр сунуп калышты Юлайга.

Албан официант кызды чакырып баарыбызга тамак заказ кылып калды. Мен Юлайга кол жаңсап биз отурган столду көрсөтүп «отур, курсагыңды тойгузуп ал» дедим эле, Юлай кубанган түр көрсөтүп жыйырма адам баткыдай узун столдун аркы башына отурду. Албанга “тиги байкушка да бирдеме заказ кылып койчу, сооп болот, бир сүйүнүп калсын” дедим. Балдар Юлайды карап калышты эле, “бул ушул жерлик мусаапырлардын бири, кулагы жакшы укпайт, ушул аймакты кыдырып жан багат” деп күлүп койсом, “аа” дешип кайра сөзгө киришти.

Бөтөлкөдөгү арактан жүз грамм куюп берсем башын ийкей ыраазычылык билдирип стаканды бир көтөрүп жутту да, тамагын жей баштады.

Албан болсо балдарга автобизнес боюнча Астанадан жакшы сунуштар түшүп жатканын айтып жатты. Абдан даярданып келгени көрүнүп турат, балдардын бири да шек санаган жок. Суроо артынан суроо берилсе да Албан жооп таап жатты. Бали! Юлай менен эч кимдин деле иши болгон жок. Бурчта бир шүмүрөйгөн байкуш киши тамактанып отурду.

Эки сааттай отурдук, акыры «тур-турга» келгенде Албан ар биринин жол киресине деп акча карматып, «өзүм телефон чалам» деп узатты. Мен Албан менен кеттим. Түн бир оокумда батирге барсам Юлай күтүп отурган экен:

– Жакшы, Самат, баарын туура аткардың, азамат. Балдарды көрдүм, бешөөсү жарайт. Ме, бул кагазда жазылуу, эстеп калып мага бер. Эртең ушул жерге чакырсын ошол бешөөнү, мен сүйлөшүп көрөйүн. Сени алар экинчи көрбөшү керек. Албан бир саат эрте келип турсун, өзүнчө сүйлөшүп алайын. Сен мага эртең түндө кел,- деди.

Кагазда шаардын четинде окшойт, «Ёжик в тумане» деген кафенин дареги жазылыптыр. Таң калып койдум, Карагандага өзү биринчи жолу келип жатса каяктан билет бул кафени?

Албанга иштин жайын түшүндүрүп коюп үйгө барып жаттым.

Эртеси түндө Юлайга бардым. Машинаны токтотуп, түшүп жатсам ары жактан өзү келе жатыптыр. Жүдөө кийинип алган, жанымдан «камоктун артындагы отургучка бара бер» деп өтүп кетти.

Бул жерде бир эле камок бар, арт жагы ээн талаа. Жалгыз талдын түбүндө эч ким деле барып отурбаган эски отургуч бар. Туура тандалган жер, артыңдан байкатпай эч ким келе албайт, алдыңдан келгендер жарыктан даана көрүнөт. Дарактын тегерегинде коюу, бийик чөп өскөндүктөн отургучтагы адамдар дээрлик көрүнбөйт…

 

– Самат, мындан ары бири-бирибизди атыбыздан айтпайбыз. Мен 12-01мин, сенин номериң 12-02, Албан 12-03. Калган балдарды сен тааныбайсың, алар 12-04, 12-05, 12-06, 12-07. Балдар менен сүйлөштүм, бешөөсү биз менен иштейт. Паспорттору эртең даяр болот. Сен жашаган үйдүн алдындагы балдар аянтчасында сары түскө боёлгон отургуч бар, бирөө эле, адашпайсың. Ошонун түбүнө бекитип коём. Бирөө атайын эле издебесе ал жерден эч ким байкабайт, көрсөң түшүнөсүң. Эртең менен ошол жерден алып 12-03кө алып барып бер, ал сени «Каравандын» алдынан күтөт. Ал жер коопсуз, өзүң деле көрөсүң барганда. Андан ары аэропортту көздөй жөнөйсүң, аэропортко жете бербей каналдан оңго бурулган жол бар. Каналды бойлоп бир чакырымдай басып күтүп тур. Саат жетиде бир адам мүшөк алып келет. Аны алып Астанага жөнөйсүң. Үч саатта жетесиң, шаарга кире бериштеги айылда Песчаная деген көчө бар. Көчөнүн оң тарабын карап бара бер, «Казмунай» деген рекламалык щитти көрөсүң. Бир нече дүкөн бар, ошол жерге токтоп, мүшөктү машинанын арткы орундугуна калтырып коюп басып кет. Сени күтүп турушат, беш мүнөттөн кийин кел да, машинаңды айдап кете бер. Болду ошо менен сенин ишиң бүтөт, үйүңө келип эс ала бер. Керек болсоң подъездиңердин эшигинин оң жагына сары маркер менен «г» деген тамга жазып кетем. Биз азыр турган жерге түнкү саат он экиде келесиң. Эгер кат таштай турган болсом эшиктин сол жагына «п» деп белги коюп кетем. Кат жанагы сары отургучтун түбүндө болот. Күндө эртең менен сегизде, кечинде алтыда эшиктин эки жагын карап тур. Баары түшүнүктүүбү? Түшүнүксүз жери болсо сура.

– Түшүндүм, 12-01,- дедим.

– Макул анда, ийгилик!- деди да, шыпылдай басып караңгыга сиңип кетти. Басканы да башкача, шыпылдап мышыктай жеңил басат. Мен да үйгө жөнөдүм.

Паспорттор суу өтпөс материалга оролуптур. 12-03 мейманкананын алдында күтүп туруптур. Мени көрүп эле машинесин от алдырып, мага катарлаш жай айдап баратты. Светофорго токтогондо, алдыңкы эшигинин айнегин ылдый түшүрдү эле, паспортторду салонуна ыргыттым. Ал бир жакка зуу койду, мен аэропортту көздөй жөнөдүм.

Ал жерден 12-01 айткандарды алып Астанага бардым. Дүкөнгө кирип суусундук, шам-шум эткенге бирдемелерди алып 5 мүнөттөн кийин машинага келсем мүшөк жок, алып кетишиптир. Мүшөктө эмне бар эле, ким алып кетти, мага белгисиз бойдон калды. Тигилерге жеткиргени баратканда ачып көрөйүн десем эки пломбасы бар экен, тийбедим.

Эртеси эшиктин капталына билинер-билинбес «п» деген тамга жазылып калыптыр. Кат таштап кеткен экен, окусам

«эртең саат үчтө «Эхо» деген кинотеатрдын алдында таксисттер турган жерге барып тур. Бир бала келет, колунда көк, «спорт» деген жазуусу бар сумка болот. Сумкада сенин эмне кыларың жазылган кат бар. Аны алып күтө тур, өзүм чакырам» деп жазылыптыр.

Эртеси үчкө он мүнөт калганда таксисттердин жанына машинамды токтотуп күтүп отурдум.

Саат үчтө көк сумка көтөргөн мен курактуу бир жигит туура эле менин машинама келип:

– Ульбинкага айда, миң берем,- деп жообуму күтпөстөн арткы орундукка отурду. Мен да кадимки таксисттердей түр менен шаар аралай айдап жөнөдүм.

Сүйлөбөйт, айланага көз чаптырып ойлуу баратты. Бир топ жүргөндө сумкадан ботинканын коробкасын алып чыгып орундукка коюп:

– Мени адам көп жерден түшүрүп кой,- деди. Айтканын кылдым да, андан ары кеттим.

Дагы он мүнөттөй шаарды кыдырып жүрдүм да, базарлардын биринин унаа токтотуучу жайына машинамды токтоттум. Айлананы карап бир топ отурдум, шектүү эч нерсе байкалбайт. Коробканы ачсам ичинде алты майда коробка жатат. Бирөөсүнүн сыртына 12-02 деп жазылыптыр. Ачып көрсөм көлөмү ширеңкенин кутусундай болгон рация бар экен. Артына 12-02 деп номери жазылыптыр. Коробкалардын баарын карап чыктым, ар биринин түбүндө коробкаларды кайсы жерлерге бекитип келишим керектиги жазылыптыр. Рацияны алып иштетип, текшерип көрдүм. Колго көтөрүүгө ыңгайсыз кичинекей экен, наушниктери да жүрөт. Түндө алардын ар бирин айтылган жерлерине бекитип келдим.

Эки күн тынч өттү, үчүнчү күнү эртең менен эшиктин капталында «г» деген тамга пайда болуп калыптыр.

Түндө он экиде баягы отургучка бардым, Юлай бекинип отурган экен, мени көрүп бери басып келди:

– Рацияны зарыл учурда гана колдонобуз, сен да зарыл болбосо мага чыга бербе, бир нерсе деш кыйын. Азыр он мүнөт ушул жерде отуруп тур. Машинаңа беш чакан коробка салам. Ар биринде дареги жазылуу, ошол жерлерге бекитип келишиң керек. Тездет, балдар эки сааттан кийин ала турган болушсун. Таңга чейин бир иштерди бүтүрүп жетишүү керек. Сен эртең түнү, саат экиде ушул жерде бол. Ушуларды айтты да Юлай менин машинама кетти.

Он мүнөттөн кийин бардым, коробкалар оор эле.

Юлай аларды бекитүү үчүн адамдын оюна келбеген жерлерди тааптыр. Кинотеатрдын артында чакан аттракциондор бар, түндө ачык эле калат. Ошол жерде жаш балдардын каруселинин бирөөсү пилдин формасында экен. Курсагында ачыла турган жери бар экен. Бир коробканы ошол жерге бекиттим. Калгандарын да өз ордуларына койдум.

Эртеси түндө баягы жерге барсам Юлайдын көңүлү ачык, колунда сыра. Алдында ышталган балык жатат.

– Балдар, айрыкча 12-03 азамат экен. Аябай жакшы иш кылышты, Ерханды табышты. Эртең 12-03кө үч миң, калган балдарга эки миң доллардан бер,- деди.

Ерханды кантип табышканы мага да кызык болду, бирок сураган жокмун.

– Эми баарыбыз Усть-Каменогорскко кетебиз, Ерхан ошол жакта экен. 12-02, балдар бири-бири жөнүндө, бизге иштеп жатышканы тууралуу эч нерсе билишпейт. Ар кими өз-өзүнчө иштешет. Даярдан, үч күндөн кийин Усть-Каменогорскко барып, мага, өзүңө батир табышың керек. Машинаңды жок кыл, сатпа, колуң тийген жерлеринин баарын аарчып, машиналар күнү-түнү токтой турган жайга таштап кел. Анын ээси жок экени билингиче үч-төрт ай өтөт. Усть-Каменогорсктон мага, өзүңө машина алып, даярдап кой. Жигули алсаң болот же Ауди 80 ал. Бирок тың, жолдо калтырбай турган машиналар болсун,- деди Юлай.

Усть-Каменогорсктон бир бөлмөлүү эки батир, эки Жигули таап койдум. Албан да, балдар да азыр ар кимиси Усть-Каменогорсктун төрт бурчунда жүрүшкөн болушу керек. Балким, эчак эле келишкендир, эгер Ерханды табышкан болсо. Эртеси түндө Юлай келди.

– 12-02, азыр бизде бир жумадан ашык убакыт бар, сен шаарды жакшы билишиң керек болот. Усть-Каменогорсктун картасын ал дагы сегиз бөлүккө бөлүп алып, күндө бир бөлүгүн кыдырып чык. Бирөөдөн качканда, бирөөнү кууганда жолду жакшы биле турган бол. Ар бир көчөнү жакшы билишиң керек. Уйкуну азайт, жыйырма күндө баарын бүтүрүшүбүз керек, чыдап иштеп бергиле, балдар. Менин башка да иштерим бар. Ошондуктан убагында бүтүрөлү, ал үчүн жанды карч уруп чуркап иштешибиз керек болот. Макул, азыр бара бер. Үйүңдүн дарегин мага жазып калтырып кет, подъездиңдин, батирдин номерин, үйдүн алдындагы аянтта эмнелер бар, кыскача жазып кой,- деди да мени жөнөтүп жиберди.

Усть-Каменогорсктун картасын алып Юлай айткандай маркер менен сегиз бөлүккө бөлүп чийдим. Эртең менен саат тогузда чыгам үйдөн, андан эрте чыксам көчөдө адам аз болот, көргөндөр жүзүмдү эстеп калышы мүмкүн. Тогуздарда үйдө да адам көп боло бербейт, жумушка кеткендери кетип, үйдө калгандары али бери сыртка чыгыша элек маал. Күндө шаардын бир бөлүгүн кыдырам, көзгө урунган имараттарды, жазууларды, көчөлөрдүн аттарын эстеп калганга аракет кылып жаттым. Бирөө кууса кантип, кайсы жолдор менен качсам болот деп ойлонуштуруп жаттым.

Шаар чоң болгондуктан, баарын эстеп калууга мүмкүн эмес болчу. Бирок тапшырманы так аткарып, өтө этият болбосом, менин бир эле катам операциянын баарын кыйратышы мүмкүн. Анда Адыл аганын ишеничинен да чыгам. Ошондуктан мүмкүн болушунча аракет кылышым керек…

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️