Бычак мизиндеги жашоо 12 бөлүм
– Кадимки эле кумурскалардын. Сары кумурскалардын чоң уюгу болсо жакшы болот. Көп кумурска керек.
– Бар, баягыда сарайдын бурч жагынан көргөм. Азыр барып көрөйүн…
Аскат аганын артынан жөнөдүм. Дубалдын түбүндө чоң уюгу бар экен, азыраак эле кумурска жүрүптүр. Күн чыкканда көбөйүп чыгышат, күтө туруу керек.
– Болот, күн чыкканда Адыл аганы алып келип уюкка жаткызабыз.
– Ой, өзү араң жатканда кумурскалар биротоло талап өлтүрүшпөйбү?!
– Өлтүрүшпөйт. Бутунун шишиги ириңдеп кетиптир, өтүшүп кетпесин. Кумурскаларда организмди консервациялап коё турган уусу болот, тиштегенде чыгат. Кышкыга ар кандай чымын, чиркей, көпөлөк атпайларды ушинтип сакташат кумурскалар. Жеми кышы бою бузулбай тура берет. Кумурскалар тиштесе Адыл аганын бутунун ооруганы күчөбөй, шишик денесине тарабай, узагыраак кармалат. Шишик убактылуу чоңойгонун токтотот. Врачка алып баргыча кыйналбайт.
– Сен муну каяктан билесиң?
– Союздун шпиондорун ошентип даярдашкан экен, китептен окугам.
Эки сааттан кийин Аскат ага Адыл агага түшүндүрдү, аны жылаңачтап чечиндирип кумурскалардын уюгуна жаткызып, саатты карап турдум. Кумурскалар көп экен, денени заматта каптап калышты. Адыл ага да эрктүү экен, тиштенип, жаны көзүнө көрүнсө да унчукпай чыдап жатып берди. Бир нече мүнөттөн кийин кумурскаларды күбүп түшүрүп, Адыл аганы кийинтип, ордуна жаткыздык. Бир сааттай өттү окшойт, ооруга чыдабай тырыша берген Адыл аганын көңүлү ачылып, көздөрү кадимкидей жанданып, бетине кан жүгүрө түштү.
– Самат, кыйынсың негизи, бул ыкманы каяктан билесиң? Ооруганы басаңдап, бир топ жеңилдеп калдым,- деди энтиге.
– Китептен окуптур. Илгери Союз маалында шпиондорду ушундай нерселерге үйрөтүшчү экен,- деп менден мурун жооп берип калды Аскат ага.
Адыл ага акырындан өзүнө келип баратты. Тамакка табити да ачылды, алдына коюлган тамак-ашты шыпылдатып жеп кирди. Айрыкча нанды көп жеди. Биздин таң кала карап калганыбызды көрүп:
– Билбейм, негедир нан жегим келип калыптыр,- деп коюп бөтөлкөдөгү суудан жутту.
Адыл ага менен ачыгын сүйлөшүп алайын деп, бирок Аскат аганын көзүнчө кандай болот деп унчукпадым. Адыл ага да ушуну ойлоп отурганбы, тамактанып бүткөндөн кийин:
– Аскат ага, айлананы бир карап койсоңуз жакшы болот эле,- деп жөнөтүп жиберди.
– Самат, бул жакта болгон окуяларды Арсен айтып бергендир.
– Ооба айтып берди, уктум баарын.
– Мен сени аны кыл, муну кыл деп буйрук бере албайм. Дегеле моюнунан байлангандай болуп иштеп, жасаганын милдет кыла берген адамдар менен мамиле кылганды жактырбайм. Арты жаман болот андайдын. Билем, мага таза оюңда жардам бергени келдиң. Бирок азыр мурункудай күчүм жок, көрүп турасың, жалгыз калдым. Балдар жардам берейин дешкени менен, алар да кайырмакка илинип калышкан. Мага жакындашы кыйын болуп калды, мага да зыяны тиет. Ошого, Самат, мага жардам берем десең өзүңө да кыйын болот. Азыр мени бүт Казакстан боюнча издеп жүрүшөт. Жакшылап ойлон, эгер жардам берем десең, мени билесиң, жакшылыгыңды колумдан келишинче кайтарам.
– Адыл ага, сизге жардам бергим келбесе миңдеген шылтоо табылат эле. Сизди куткарыш үчүн келдим, колумдан келгенин кылам.
Адыл ага негедир башын ийкеп, жылмайып койду.
– Эмне кылайын деп жатасыз? Грецияга кете бербейлиби? Каныш апалар күтүп жатышат, мен жөнөп жатканда «Адылды алып кел» деп кайра-кайра табыштап калган. Айыгып, жакшы болуп калсаңыз, кийин келип деле иштерди бүтүрө берет элек.
Адыл ага жылмайып карап, далымдан таптап:
– Рахмат сага, Самат, жүрөктүүсүң. Бирок бир иш бар, ошону бүтүрүп анан кетпесем, кете албайм.
Унчукпай күтүп калдым, Адыл ага өч алып анан кетпесе, кол шилтеп басып кете тургандардан эмес. Ошону айта албай жатат. Жетиштүү акчасы бар, өлкөдөн чыгып кетсе деле болмок. Байлыгы өмүрү өткүчө жетет, укум-тукумуна жетерлик казынасы бар.
– Ерхандан өч алып, анан кетишим керек, Самат, антпесем өмүр бою арманда өтөм. Кийин келгенде аны каяктан табам? Ишканалардын документтери тигилерде, алардан алып, баарын сатыш керек, эми иштете албайбыз. Мени менен иштеген канча балдар курман болушту. Алардын бала-чакасы атасыз калды, ишканаларды сатып, ошол балдардын үй-бүлөсүнө жардам беришим керек. Балдар тиякта көңүлү тынч жатышсын,- деп үшкүрүнүп калды Адыл ага.
Макс, Русиктердин ата-энелерин эстеп кеттим, кана эми ал күн, жардам берип жакшы иш кылган болот элек.
– Колумдан келишинче айтканыңызды аткарам, кандай кылайын деп жатасыз? Азыр сизди кадам бастырышпайт да.
– Менде бир ой бар, Самат, сен жасай аласың. Сени азыр менттер, Ерхандын балдары тааныбайт. Тааныса деле калган балдардай көрүп, менден кеткен деп ойлошот. Азыр аларга сен маанилүү эмессиң, башкысы мен. Сага эч ким тийбейт. Издеген күндө да сенин кыргызстандык экениңди эч ким билбейт.
– Мен даярмын, Адыл ага.
– Ошол иштерди бүтүрүп бер, иним, куру койбойм, бүт нерсең болот.
Кызыктай болуп кеттим, мени акча үчүн келди деп ойлоп калганбы? Унчукпадым. Адыл ага да туура эмес сүйлөп алганын сезип калды окшойт, өзүнө ачуусу келгендей чекесин тырыштыра калды:
– Кыскасы, Самат, түшүндүң да мени?
– Түшүндүм, айта бериңиз.
– Кыскасы мындай,- деп чөнтөгүнөн бир блокнот алып чыгып, баракка бир даректи жазып мага сунду.
– Фамилиясы Ушаков, азыр Москвада конторада иштейт. Экөөбүз Рязанда аскерде чогуу болгонбуз. Ошого барасың, ага мага ишенгендей эле ишене бер. Бул жакта эмне болуп жатканынан толук кабардар. Мен кат жазып берем, бул жерде болгон окуянын баарын айтып берсең, калганын өзү билет. Ошол үйрөтөт Ерхандан кантип өч алуу жолун. Бирок ишти сен аткарышың керек болот.
– Түшүндүм, Адыл ага, аткарабыз. Ерхан ким экен, ал деле бизге окшогон адам да.
Көпкө чейин ар нерселерди айтып түшүндүрдү. Ошону менен маселе бир жактама чечилди.
– Адыл ага, Бишкектен учуп кеткениңиз жакшы го дейм. Орусиядан кыйыныраак болот.
– Бишкектен эле учам, башка кайсы мамлекет бар эле жаныбызда? Тааныш балдар көп, жеңил болот. Жашоо ушул экен, силерден качкандар бизге келет, бизден качкандар силерге барат.
Экөөбүз тең күлүп калдык.
– Аскат ага барып Бишкектен балдарды алып келет.
Бир сааттан кийин Аскат ага Бишкекке жөнөп кетти.
Ал кетери менен Адыл ага блокнотунун бир барагын айрып мага берди, бир жигиттин дареги, телефону бар экен.
– Балдар керек болот, Албан деген балага бар, ошол таап берет калганын. Макул, өзүң сүйлөшүп, байкап көр. Дагы бир сөз, Самат, Ерхан 70 килограммдык алтын куймасын да алып кеткен. Ошону да ойлонуп көргүлө, аны сатып жибербегендир.
Бул дегени “алтынды кайтарып келсең көңүлүм тынчыйт” дегени да.
Түнү менен адырга чыгып алып айлананы карап жаттым, тынч эле өттү.
Аскат ага эртеси саат үчтөрдө келди. Кыргызстандан келген адамдар Кызыл-Ордага жакын жерде калышыптыр. Дароо эле жолго чыктык. Мен Жигулиде Адыл агалардан беш чакырым алдыда, жанымда автомат, колтугумда тапанча, чөнтөгүмдө эки граната. Артта Нивада Аскат ага менен Адыл ага.
Трассага 10 чакырымдай калганда Бишкектен келген балдар эки машинада күтүп турушуптур, Адыл аганы бир машинага салышып алып кетишти. Мен алдыга түштүм, кимдер тосуп чыкса да алаксытып Адыл агаларды көздөн оолак кармашым керек. Менден эки чакырымдай артта Аскат ага келатат, кокус бир нерсе болсо мага жардамга келет. Чек арага тынч эле жеттик, Кыргызстандык балдар фурада келишкен экен. Фуранын жанында пресстелген чөп жатат, арыраакта ондон ашык бука байланып турат…
Фуранын артына, төр жагына жатып кеткенге эни бир метрдей атайын жай даярдашыптыр. Ал жерге Адыл аганы жаткызышып, бери жагынан бир темирди тосуп жаап, болттор менен катырып, артынан пресстелип байланган чөптөрдү бир катар кылып жыйышты. Андан кийин жанагы букаларды жүктөштү. Фуранын артында атайын бөлмө бар деп эч бир адам шектенбейт болчу. Анын үстүнө букалар менен чөптү бирден түшүрүп жүрүшмөк беле?
Мен 10 чакырым артта чек арага чейин коштоп келдим. Балдар көптөн бери өтүп жүрүп тааныш окшойт, чек арадагы өткөрүүчү жайдан да кезек күтпөй тез эле өтүп кетишти.
Адыл ага күтүүсүз кирип барса, Каныш апа менен Аселдин сүйүнгөнүн элестетип көңүлүм ачылды. Музыканы жаңыртып коюп алып салондо бакырып ырдап бараттым. Аселдин жүзү, кылыгы көз алдыма элестеп кыялга жетеленип бара жаттым.
Карагандага эртеси кечинде жетип келдим. Өзүмдү чытырман токойдо, жырткычтардын арасында жалгыз калгандай сездим. Өзүмчө эле куса болуп, кандайдыр бир коркуу сезими пайда болду. Күнүгө жүз жолу көрүп жүргөн МАИ кызматкерлери да көзүмө Ерхандын адамдарындай сезиле берди.
Эртерээк эле баары бүтсө, аба ырайы ысык, адамдары кең пейил, жайдары, бул жактагыдай бири-бирин атып, бири-бирин тоноп кетүү деген жок элге, Критке кетсем деп эңсей баштадым. Баарынан да Аселди көргүм, сүйлөшкүм келип чыкты. Критке кетсем, болуп өткөн оор иштердин баары жаман түштөй болуп эстен чыгып кетчүдөй сезилет.
Түз эле аэропортко барып билет алып, түндөп Москвага учуп кеттим. Москванын аймагында Ватутинки деген шаарча бар экен. Ошол жерге барып телефон чалышым керек. Көчөдөгү автомат телефондон чалдым, телефондун жанында отурганбы, дароо трубканы көтөрдү. Өзү экен. “Адылдан келдим” десем, дарегимди сурады да:
– Түшүндүм, он мүнөттө барып калам, ошол жерден жылбай тур. Ак Мерседес барат,- деди.
Бир маалда жаныма айнектери караңгылатылган жол тандабас ак Мерседес келип токтоду. Өтө кымбат машина экени бир караганда эле билинет. Арткы эшигинин айнеги төмөн түшүрүлүп, бир кол “бери кел” дегендей булгаланды да, кайра көрүнбөй калды. Жанына барсам эшик ачылып, “бол, тез отур” деген үн чыкты. Отурарым менен машина ордунан алкынып жүрдү да, зуулдап бир жакка жөнөдүк.
Ушаков жашы кырктын тегерегинде, узун бойлуу, сары чач, көз айнекчен киши экен. Арык көрүнгөнү менен, күчтүү окшойт, муну кол алыша учурашканда колумду кыса кармаганда байкап калдым. Капкара костюм-шым кийген, башында кара шляпа. Кийген көйнөгү да кара. Машинада чалкалап отурат, өзүнө өтө ишенимдүү.
Акыбал деле сураган жок.
– Эмне болуп жатканын Адылдан кыскача уккам. Азыр эмне болуп жатат, Адыл каякта? Мага ал жактагы кырдаалды кенен түшүндүрүп айтып бер. Убактым аз, фактыларды гана майда-чүйдөсүнө чейин айт, өз оюңду, божомолуңду кошпо,- деди. Сөзү так-так айтылды, орган адамы экени дароо эле билинет.
Карагандадагы абалды бүт айтып бердим. Сөзүмдү бөлбөй, кунт коюп угуп отурду.
– Макул, түшүндүм, сен үч күн Москвада болуп тур. Азыр бир мейманканага жеткирип коёбуз. Сага бир адам барат,- деп кайыш сумкасынан фото алып чыгып көрсөттү.
– Жүзүн эстеп кал. Эмне кылыш керек экенин ушул адам айтат,- деп, сөз бүттү дегендей колун жаңсап, айдоочусуна
«Красныйга айда» деп буйрук бере сүйлөдү. Шляпасын бетине түшүрүп чалкалап жата кетти.
Красный дегени Москванын Красная полянка деген көчөсү экен. Айдоочусу мени мейманканага киргизип, номерди көрсөтүп коюп кетти. Эки күн эс алып жаттым. Үчүнчү күн дегенде түндө кебетеси кыргызга окшош, баягы фотодогу адам эшикти тыкылдатпай эле ачып кирип, ичинен бекитти.
Жашы кырктарда, кара тору, орто бойлуу, арыгыраак келген, көзү жымшыгыраак киши экен. Көрүнүшү өтө жупуну, үстүнө футболка, өңү өчкөн жынсы шым, жука күрмө кийип алыптыр. Бир караганда «ушул байкуштун колунан эмне келет?» деп ойлойсуң.
Бурчтагы креслого отурду. Отурганы да башкача, кенен отурбай эки бутун бирдей кармап бүрүшкөнсүп отурат.
– Мени Юлай дей бер, убактым аз. Эртең кечки саат 10до мени Карагандада, «Таир» деген дүкөндүн оң тарабындагы бурчта автомат телефондун жанында күт. Шаардан четирээк жерден мага батир таап кой. Экинчи кабатта болсун, балкону жолго эмес, короого карай чыксын. Бир эски машина керек болот, силерде кандай машиналар көп? Орто жашаган катмар кандай машина айдайт? Өзүң караштырып таап кой, көзгө көп урунбагандай машина болсун. Иш бүткөнчө Адыл менен байланышпа. Уктум, сен Кыргызстандан экенсиң, үйүңдөгүлөр менен такыр байланышпа. Калганын Карагандадан жолукканда айтам, мени узатпа,- деди да чыгып кетти. Карагандадан атайын Москвага ушул 5-6 сөздү угуш үчүн келдим беле деп отуруп калдым.
Жупуну көрүнгөнү менен, оңой эмес окшойт. Сүйлөп жатып менин ар бир кыймылымды, көз карашымды изилдеп отурду. Көзүмдөн көзүн алган жок, эмне ойлоп отурганымды да билип койду окшойт. Сүйлөй баштаганда эле ал жөнүндө баштапкы оюм өзгөргөнүн көзүмдөн байкадыбы, мыскылдуу көз караш менен бир тиктеп койду.
Түндөп Астанага учуп кеттим.
Карагандада шаардын чекесинен Юлай айткандай батир, гезиттеги жарыялардан эски Жигули таап, батирден алысыраак жерге токтотуп койдум.
«Таир» деген соода борбору бар, шаардын ортосунда. Саат тогуз жарымдарда барып автомат телефон көрүнө турган жерде машинамда күтүп отурдум. Соода борборуна кирип чыккан адам көп. Эки милиция кызматкери адамдардын документтерин текшерип жүрүшөт. Мен келгенден кийин эле жыйырмадай адамды текшерип коюшту, анан шашылыш бир жакка жөнөп кетишти.
Саат онго беш мүнөт калганда телефон автоматтын жанына барып турсам, жаныма бир кайырчы келди. Бул тээ жанатан бери ар кимден акча сурап ушул жерде жүргөн.
– Самат, мен Юлаймын, машинаны дүкөндүн артында таштанды топтогон жер бар экен, ошол жерге айдап барып кой да, бир эшигин бекитпей кетип кал. Кайра 10 мүнөттөн кийин бар, мен машинада болом,- деди. Оозум ачылып калды, алдымда таптакыр башка Юлай турган. Жакшы жерди тандаптыр. Эч ким көрбөйт бул жерден, дүкөндүн адамдары эле чыкпаса, ээн жер экен. Машинанын бардык эшигин бекитип, арткы оң эшигин ачык калтырып коюп кетип калдым.
Он мүнөттөн кийин келип айнектен ичин карасам көрүнбөйт, таң калдым. Рулга отурсам эски кийимдин жыты мурунга урду, Юлай артка жатып алган экен. Акырын башын көтөрүп:
– Батир таап койдуңбу, ошол жакка айда. Мага сүйлөбө, артты караба,- деп кайра жатып алды. Бир топтон кийин өйдө болду:
– Батирдин алдынан айдап өт, мага көрсөтүп кой да, өтүп кете бер, бир квартал ары эч ким жок жерден токто, мен түшүп калайын. Сен жыйырма мүнөттөн кийин келе бер. Сөз бар, батирдин ачкычын мага берип кой,- деди токтоо.
Үйдүн алдынан айдап өтүп, подъездди, кабатын, батирдин номерин айтып түшүндүрдүм. Айткан жеринен Юлайды түшүрүп, өзүм 20 мүнөттөн кийин кайра келдим.
Өзүмдөгү ачкыч менен эшикти ачып кирсем отуруптур. Чечинип, футболкачан отурат, душка жуунуп чыкканга да үлгүргөн окшойт.
– Көп сүйлөгөндү жаман көрөм, мен сага укканым боюнча бул жерде болгон окуяны айтып берейин. Сен туура эмес түшүнгөн жерлерим болсо, сөзүмдү оңдоп, өз оюңду кошпой, фактыларды гана айтып тур.
– Түшүндүм.
Ушаков дээрлик толук айтып бериптир, туура эле түшүнүптүр. Юлай сөзүн бүткүчө башымды ийкеп эле отурдум. Алдына блокнот коюп алыптыр, жазып алганбы, маал-маалда карап коюп, бир калыпта, үнүн акырын чыгарып бүт баарын айтып берди. Көзүнөн эч нерсе байкалбайт, ичинде эмне ойлоп жатканы белгисиз. Азыр байкадым, көзүнүн карасы күрөң түстө экен. Акылдуу, бир сыйкыр күчү бардай сырдуу, өткүр тиктеп ичиңдегини бүт билип тургансыган көз караш.
– Туура элеби, жаңылбадымбы?
– Туура, туура түшүнүпсүз.
Менден дагы көп нерсени сурады, Арсен жөнүндө да кабардар экен, анын айткандарын кайталап айтып бердим. Өзүмдүн көргөн-билгендеримди да айттым. Юлай баарын кунт коюп угуп, маал-маалда блокнотуна бир нерселерди белгилеп жазып жатты.
– Эми эки күндөн кийин, түнкү саат экиде кел. Лифт менен мындан эки кабат жогору чыгып, акырын, дабышыңды чыгарбай тепкич менен түшүп, эч ким жок экенине көзүң жеткенде гана кир. Бутуңа кроссовки кийип ал, тепкичтен түшүп жатканда бутуңдун учу же согончогуң менен эмес, бутуңдун каптал кыры менен басып түш, ошондо дабыш чыкпайт. Ага чейин мага керек эмессиң…
Уландысы бар…