Бычак мизиндеги жашоо 11 бөлүм
Аңгыча Асел Каныш апага:
– Эне, Герик айтат, шаарда жакшы бир оорукана бар экен. Европанын өзүнөн, чет өлкөдөн олигархтар, атактуу музыканттар, спортчулар, саясатчылар келип дарыланып кетишет, аябай күчтүү дарыгерлер иштейт дейт. Эгер Арсен ага кааласа бүгүн эле алып барып жайланыштыра алам деп жатат,- деп калды.
Арсен өзүн ыңгайсыз сезип кетти окшойт:
– Кабатыр болбогула, мен бир аз убакыт эс алсам эле жакшы болуп кетем, чарчагандыкы эле. Акыркы убактарда иш деп көп чуркоого туура келип, кээде жумалап жакшы уктабай калып жаттык. Рахмат деп кой Курчигиңе,- деп күлүп койду.
Каныш апа Аселдин сунушун туура көрдү. Арсендин абалы анчалык жакшы эместигин ал деле көрүп турат да.
– Жок, айт тиги Көмүрүңө, эртең эле барып сүйлөшсүн, акчасын төлөйбүз канча десе да.
Каныш апа Герик дебей, Көмүр дечү аны. Тили келбейби же жактырбайбы, билбейм. Балким, өңү капкара болгону үчүн ошентип атап алгандыр. Асел Көмүрү экөө сүйлөшүп жатышты, бир маалда:
– Герик эртең менен саат сегизде келет экен, Арсен аганы даяр турсун дейт.
Каныш апа Арсенге көңүлдүү карады:
– Эртең менен барасың, балам, али жашсың, тез эле айыгып кетесиң, буюрса. Көмүр балам боорукер, көздөрүн эле карабайсыңбы, мөлтүрөйт кыздардыкына окшоп. Жалган айтпайт.
Ушуну айтып, дасторконго оомийин кылды да, үйгө кирип кетти. Бир аздан кийин Гериги менен коштошуп, Асел үйдү көздөй басты. Андан кийин Герик да үйүнө кетти.
Арсендин көңүлү ачылып калыптыр:
– Бул Көмүрдү каяктан таап алдыңар?- деп мыскыл күлдү. Өзү өлө албай жатып бирөөнү мыскылдаганды буга ким койду?
– Аселдин досу,- дедим. Жигити деп айтайын деп барып айта албадым.
– Эмнесин жакшы көрөт билбейм, экөөнүн көңүлү жакын.
Кызганыч коштогон сөзүм байкалып калбадыбы деп Арсенди тиктедим. Байкабаптыр, «аа, ошондойбу?» деп кашын серпип койду.
– Арак алып келип койгом, ачайынбы?
– Жок, тим эле кой. Эртең ооруканага бара турган болсом ичпей эле койгонум оң. Аселдин “кайын журту” мени алкаш экен деп калбасын,- деп каткырып күлдү. Баягы эле күлкүсү. Тынч, коопсуз жерге келип алганы үчүн маанайы ачылды окшойт.
– Андан көрө бир жакшы чай демдеп келбейсиңби, өзүбүзчө кобурашып отуралы,- деди. Коюу кылып чай демдеп келдим.
Сөздүн ток этери чайлашып отурганда айтылды.
– Самат, абал чатак. Мени бул жакка Адыл ага жөнөттү. Өзү азыр бир сарайда бекинип жатат, жалгыз калды.
– Өзү жалгызбы азыр? Анчалыкка кантип жетип калдыңар, жаңы аким эмне, ушунчалык эле күчтүү бекен?
– Аким силер кеткенден көп өтпөй өлгөн. Жакшынакай жүрүп эле бир күнү катуу ооруп калган имиш. “Күчтүү врачтар аракет кылып сактап кала алышкан жок” дешти. Ошол акимдин Ерхан деген досу бар экен, монголиялык этникалык казактардан дейт. Билдик ал жөнүндө, жаш кезинде адам өлтүрүп, качып Ооганстанга өтүп, согушчандарга кошулуп кетиптир. Ошол Ерхан Казакстанга келип, Карагандадагы бүт көмүскө иштин башында ошол турат экен. Караганданын акими деле ошонун колунда эле иштеген бир көлөкө болуп чыкты.
– Андай болушу мүмкүн эмес…
– Кеп ошондо. Иштин баары Ерхандын колунда экен, бул чындык.
– Согушуп жүргөн бир жанкечти болсо эмне болуптур? Адыл ага качып кетти эле го, эч нерсе кыла албадыбы?
– Адыл ага качып кеткенден кийин алар биротоло жиндеп кетишти, биздин балдардын баарын «Долинкага» чогултуп алып аябай кыйнашты. Резиденцияда камерага түшүп калыпсың, Самат, дароо эле тааныдым. Билгем сенин эле качырганыңды. Башка ким барат эле андай оор ишке? Башка балдар өздөрүнүн үй-бүлөсүнөн, туугандарынан коркуп эч нерсе кыла алышпайт болчу. Сени дээрлик баары эле унутуп койду да. Адыл аганы куткарганыңда капюшон кийип алганың жакшы болуптур, сени менден башка эч ким тааныбады. Видеону көрсөтүп «айткыла, ким бул?» деп балдарды аябай кыйнашты. Шериктери да бүт өзүнө окшогон адам өмүрүн тыйынча көрбөгөн, жеткен мыкаачы, акча дегенде эч нерседен кайтпаган зөөкүрлөр экен. Апийим чегип алып киришип, адамды кантип кыйнашты билишет экен, деги сөз угушпайт. Илгери согушта колго түшкөндөрдү немистер деле мынчалык кыйнашпаса керек. Балдар сынып калышты, Самат, чыдап болбойт эле андай кыйноого. Душманыма да каалабайм андай азапты. Менин колумду, бутумду жанчып салышты, жаның көзгө көрүнөт. Ушундан көрө тарс эле атып салышса болмок дейт экенсиң. Эх, эстегим келбейт ал күндөрдү, сынат экен кандай адам болсо да.
– Менин ким экенимди айткыла деп балдарды ушунча кыйнаштыбы?
– Адыл аганын ишканалары ар кимдин атына жазылган да, ошол адамдардын баарын кармашыптыр. Ишканаларды бүт өздөрүнө алып, баш ийбегендерин өлтүрүп… Кыйын экен булар, өлгөндөргө түрдүү шылтоо ойлоп табышып, «авариядан өлдү», «бийиктен кулап кетип өлдү» деп, айтор, эч ким кынтык таппай турган кылып салышты. Калгандары экинчи баш көтөрбөсүн, жүрөгүнүн үшүн алалы дешти окшойт да. Акыры камалган балдардын ата-энелери чогулуп Астанага чейин барып, президентке кирип жолугуп келишкенден кийин гана мени, дагы төрт баланы сот бүткүчө деп калтырып, калган балдарды чыгарышты.
Бошогон балдар келип жатышты мага, ошолор айтып беришти, Адыл агага Казакстан боюнча издөө жарыяланып, маалымат берген адамга аябай көп акча сыйлык убадалашыптыр. Милицияга Адыл аганы колго түшүп берүүгө көнбөсө атып салууга буйрук берилиптир. Мындайда эмне кыла алмак эле Адыл ага?
Аким өлгөндөн кийин күнү куру эмес, сабап кетмей, өлтүрүп кетмей, өрттөп кетмей… Караганда Чикагого эле окшоп калды ошол маалдарда.
Арсендин кабагы бүркөлүп, чынысын эки колдоп кармаган бойдон көпкө чейин дасторконду тиктеп ойлуу отурду.
– Арсен, түшүнөм, досум, бирок мага баарын айтып беришиң керек эмне болгонун. Мен майда-чүйдөсүнө чейин билишим керек.
– Акыры Ерхандын дайыны чыкпай калды. Адыл аганын балдары гезит, журнал, телеканалдарга интервью берип, өлгөн акимдин былыктарын казып чыгышып, айтор, Адыл ага өзүн актап чыкты. Биз да чыктык. Мен ооруканага жатып дарылана баштагам. Иш акырындан мурунку калыбына келе баштаган.
Ерхан жеткен жанкечти экен, биз чынында жеңдик деп ойлоп калган элек. Көрсө, Ерхан даярданып жүрүптүр. Бир айдай өттү окшойт, бир күнү чак түштө Адыл аганын жети адамын атып кетишти. Адыл аганын өзүнө ресторанда отурган жеринен кол салып, төрт жан сакчысы өлүп, Адыл агага да ок тийиптир. Кантип кутулуп кеткенин билбейм, бирок араң качып кутулуптур. Шаар азыр бүт Ерхандын көзөмөлүндө.
– Адыл ага сага кантип байланышка чыкты. Сен бекинбедиңби? Сага да кол салышы мүмкүн эле да.
– Мен да ошентип коркком…
Бирок Адыл аганын жанында эч ким калбаган эле, баары бир мага бирөө келиши керек деп ооруканада жата бердим. Аскат деген бирөөнү жөнөтүптүр. Шакек, бул жактын дареги жазылган кагаз берип жибериптир. Түнкү саат үчтөрдө ооруканадан эч кимге көрүнбөй чыгып, Кыргызстанга өтүп, Бишкектен учтум бул жакка. Алгач Стамбулга, ал жактан түз бул жерге келдим. Карагандада кадам сайын текшерүү, менттер тытып жатышат. Ерхандын адамдары да ар жерде жүрүшөт. Адыл ага өзү бир мал сарайда бекинип жаткан имиш, сени билет дептир. Билгендерим ошол, Самат, Адыл ага сени келсин дегени го.
– Түшүндүм, Арсен, мен барам. Адыл аганы бул жакка алып келем бир жолун таап.
– Адыл ага келбесе керек, ал өч алам дейт баары бир. Жөн эле жеңилип кетип кала турган адам эмес ал. Мал сарай каякта билесиңби?
– Билем.
Арсен чөнтөгүнөн банктык карточкаларды алып чыгып берди:
– Бул карточкаларды да Адыл ага берди. Канча акча бар экенин билбейм, бирок Адыл ага көп сумма бар деди. Бирөөсү сага экен, калганын Аселге берип кой деген.
Эртеси Герик келип, Асел экөө Арсенди ооруканага алып кетишти. Мен ошол эле күнү жолго чыктым. Кетерде Каныш апа колумдан кармап:
– Балам, Адыл агаң бир кырсыкка учураган, менин жүрөгүм сезип турат. Эч нерсеге карабай көндүрүп бул жакка алып келчи. Эч нерсесин албай, өзү, коколой башы менен эле келе берсин, айтчы, балам,- деди жалооруган көз караш менен.
Москва аркылуу Алматыга учуп келдим. Жай келейин деп калса да күн суук, кара суук.
Күнгө күйүп, толуп кеткендиктен, бир жагынан паспортум да башка адамдын атында болгондуктан, коркпосом да болот. Эски Жигули сатып алып, фонарик, эки бычак, тамак-аш алып, мал сарайга ошол эле күнү түндөп жөнөдүм. Жолмо-жол артымды карап, кээ бир жерлерде токтоп машинамды чукулаган адам болуп турам, жолдогу ар кандай айылдарды аралап өтөм. Артымдан аңдыган эч ким байкалбады, тынч эле. Талаага бурулгандан кийин машинанын жарыгын өчүрүп алдым, бир аздан кийин көзүм караңгыга көнүп эле калды. Талаа тегиз болгондуктан, эч жакка түшүп кетпейм, сүзүп ала турган эч нерсе жок. Мал сарайга жете бербей тоонун артына токтоп, жөө чыгып мал сарайды көпкө чейин карап жаттым. Эч бир жарык же кыбыр эткен нерсенин шеги билинбейт.
Ким келмек эле бул жакка, Адыл аганы бул жакта деп кимдин оюна келмек? Сарайга жөнөйүн деп ордумдан турганы жатсам оң капталдан, көп болсо он метр алыста го:
– Самат, мен Аскат агаң, келе бер,- деген үн чыкты, чочуп кеттим.
Аскат ага экен, мен жаткан жерден он метрдей эле арыраакта жаткан экен, байкабаптырмын. Колунда автомат, моюнуна түндө күндүзгүдөй көрсөтүүчү дүрбү илип алыптыр.
Ар дайым түндө ушул жерде жатат экен, Адыл аганын акыбалы жаман дейт:
– Акыбалы чатак. Ооруканага алып барайын десем көнбөй жатат. Бутуна, жоон санына ок тийген экен, сөөктөрүн быркыратып кеткен окшойт. Көп күн жатып калды өзү дагы. Сени күтүп жатты, сен келсең анан барам деп. Эч кимге ишенбей калыптыр сенден башка. Эки жагына эки автомат, колтугуна пистолет, чөнтөктөрүнө граната салып алган. Кээде оорусу күчөп, жөөлүгөндө корком гранатаны жарып алабы деп.
– Эмне болду, Аскат ага, кыскача айтып берсеңиз.
– Мен эми телевизордон эле көргөндөрүм, билгеним. Эки жума мурун Адыл мени Карагандага чакырткан. Чакырып, шаардын чекесинен батир алып берип, ошол жерде жашап тургам, ошондо таң калып койдум эле. Жөн эле жата бергем бир иш кылбай. «Өзүм айтмайынча ушул жерде болуңуз» дегенинен батирден, телефондун жанынан чыкпай жаттым. Бир күнү чалып калды, айткан жерине барып күтүп турсам бутуна ок тийиптир, эки бала көтөрүп келишти. Машина менен туура ушул жакка алып келдим. Ошол бойдон ушул жердебиз. Эки жолу Карагандага барып келдим, Адылды милиция аябай катуу издеп жатат. Сүрөтү ар бир дүкөн, ишканалардын эшиктеринде, айтор, кадам сайын эле Адылдын сүрөтү илинип турат.
– Түшүндүм, Аскат ага, бирок баары бир эртерээк ооруканага алып барышыбыз керек. Машина барбы?
– Бар, баягы Нива. Бирок Адыл барбайм деп көнбөшү да мүмкүн. Биринчи өзү менен сүйлөшөлү, эмне дейт, ошого карап аракет кылабыз да эми.
Адыл ага сарайда экен.
– Токтой тур, мен биринчи кирип айтайын, экөөбүз кирип барсак караңгыда атып жибербесин,- деп Аскат ага кирип кетип, кайра эле чыкты.
Адыл ага жатат, чөптөрдү калың кылып салып, үстүнө матрац, жууркандарды салып бериптир. Үнү каргылданып, бир кызыктай чыгып калыптыр. Мени менен араң эле учурашты.
– Самат, иним, келдиңби?
– Келдим, Адыл ага.
– Апамдар кандай, жакшы жүрүшөбү, ден соолугу жакшыбы?
– Алар жакшы баары. Ал жактын абасы таза экен, баарына жакты.
– Асел кандай?
– Жакшы, жүрөт. Мен сизди ошол жакка алып кетейин деп келдим, Адыл ага.
– Эми аны көрө жатарбыз.
– Сизди тез ооруканага алып барыш керек. Мага ишениңиз, сиздин дарыланып жатканыңызды жан адам билбей турган кылабыз.
– Мен уктап алайынчы, азыр кеч эми, эртең сүйлөшөлү,- деп, уйкусу аябай келгенби, дароо эле уктап калды.
Эртеси жетилерде ойгондум, түндө байкабаган экем, Адыл аганын буту аябай шишип кетиптир, тиштенип араң дем алып жатат. Аскат ага көрүнбөйт, бир жакка чыгып кеткен окшойт. Сыртка чыгып Аскат аганы карасам, кечээ түндө жолуккан тоодон түшүп келатыптыр.
– Эки жакты карап келдим, тынчыраак туралы.
– Аскат ага, кумурскалардын уюгу барбы?
Аскат ага таң кала карап калды:
– Кайсы кумурскалардын?..
Уландысы бар…