Бычак мизиндеги жашоо 10 бөлүм.
Түнү менен рулда болгондуктан катуу чарчаган экенмин, бөлмөгө кирип жаздыкка башым тиери менен уйкуга кеттим. Ойгонсом саат төрттөн өтүп калыптыр, «эс алсын» дешкен го, эч ким ойготкон жок. Уйкусураган бойдон бөлмөдөн чыксам Адыл ага мени күтүп отуруптур:
– Самат, азыр машина алып келишет, чыгып көрүп ал. Эртең бир-эки жерге барып келишиң керек болот. Биз бүгүн түндө көчөбүз, сен убактылуу ушул үйдө каласың, байланыш телефон аркылуу болот.
Таң кала түштүм, мен көз ирмеп турганча ушунча иштерди бүтүрүп жибердиби? Ким алып келет машинаны? Эч бир ишенимдүү кишиси калбады эле го.
– Аудини эмне кылабыз?- дедим оюмду жыйнап.
– Аудини жок кылышты, ал машина Карагандада көзгө түшүп калган болушу мүмкүн. Самат, эми иштерди бир жаңсыл кылмайынча бир аз чуркап коюш керек болот. Макул, азыр тамактанып ал, калганын анан сүйлөшөбүз.
Каныш апа бир табакка толо балык кууруп коюптур, жеп отурсам Асел кирип келди. Басканынан эле тааныгам. Унчукпай, ага көңүл бурбаган киши болуп тамактанып отура бердим. Бир топко мени тиктеп турду.
– Эмне, менин тамактанганымды биринчи көрүп жатасыңбы?- дедим аны жактырбаган түр менен.
– Биз чет өлкөгө кетет экенбиз,- үнү калтырап чыкты. Жүзүнө карадым, ыйлагысы келип жалооруй тиктеп туруптур. Бул адаттагыдан башкача көз караш эле. Мени жактырып калганын, болгону буга чейин сыр бербей жүргөнүн билдирип койду алсыз кыз. Менчи? Мен деле ага көңүл кош эмес экенмин. Жүрөгүм «зырп» дей түштү. Алгачкы жолу апам менен коштошуп Казакстанга иштегени кетип жатканда жан дүйнөм бош калгансып жаман болгом. Азыр Аселдин «чет өлкөгө кетет экенбиз» деген сөзүн укканда да ичим уйгу-туйгу болуп кетти. Канчалык өзүмдү кармап, андан оолак болууга аракет кылганым менен, Аселди жактырып калганымды сезип турдум. Кызык, эмне кылышым керек эми? Жүрөгүм дүкүлдөп, ар бир согушу кулагыма угулуп жатты. Ордумдан тура калып кучактап, сооротуп, көзүндөгү жашын сүртүп, сезимдеримди айтып жиберишиме аз калды. Дагы бир аз унчукпай турганда, балким, айтып салмакмын, Асел сөзүн улантты:
– Эртең кетет экенбиз, ошол бойдон кайра качан келерибиз белгисиз.
Сөздү тамашага бурдум:
– Чын эле кетет бекенсиңер?
– Ооба, эмнеге?
– Жөн эле, менин да үнүм Кудайга жетиптир да.
– Эмне болгон үн эле?
– Сенден кутула турган да күн болот экен дейм. Эртерээк эле жөнөй берсеңерчи, самолётуңар учуп кетип, калып калба,- деп мыскылдай күлдүм.
Асел бөлмөдөн чыгып кетти. Тамашалайм деп таарынтып алдым окшойт, кайра жаман боло түштүм. Столдун үстүн жыйнап жатсам Адыл ага келди:
– Аселге эмне болду?
– Билбейм, эмне болуптур?
– Бөлмөсүнө кирсем ыйлап отуруптур, сурасам айтпай койду. Апам аны өтө эрке өстүрүп койду. Мейли, ыйлап, ыйлап басылар. Баягы «Омега» деген дүкөндү билесиң да.
– Билем.
– Ошонун алдында BMW турат, кара түстө, номери бул кагазда жазылуу. Ошол сеники, барып минип кел. Ачкычы бардачокто.
Барсам туруптур, капкара, айнектери да караңгылатылган жол тандабас экен. Дөңгөлөктөрү да жапжаңы, жаркырайт. Трассага чыгып газды болушунча бастым, жулкунат тим эле. Үйгө шашылып жөнөдүм, кете элегинде Аселди дагы бир жолу көрүп калсам деп келе жаттым. Жетип барып үйгө атып кирдим, коридордо чемодандар туруптур. Демек, чын эле кетип жатышыптыр да. Каныш апа менен Асел башка жүктөрүн салып жатышкан экен, Асел мени тиктебей жатты. Ансайын көзүмө башкача сулуу көрүнүп, «сени эч жакка жөнөтпөйм» деп жетип барып кучактап алгым келип турат. Өзүмдү кармадым, анын бөлмөсүнө кирип диванга сулк куладым. Сезимим ойгонуш үчүн Асел сөзсүз менден алыска кетиши керек беле? Эмне үчүн 2 ай же 2 күн мурун эмес, бүгүн? Оюма ар нерсе келип жатты. Бөлмөгө чакырып келип жактырып калганымды айтсамбы? Айткан менен эмне өзгөрмөк эле, Адыл аганын чечими үйдөгүлөргө мыйзам. Аңгыча коридордон Адыл аганын үнү угулуп калды:
– Апа, машина келди, болгула. Регистрациядан кечигип калбагыла. Асел, жетериңер менен мага чалып койгула, макулбу?
Коридорго атып чыктым, Асел экөөбүз тиктеше түштүк. Жанагы эле жалооруган көз караш. Коштошуп чыгып кетишти, аңгыраган үйдө Адыл ага экөөбүз кала бердик. Ошол эле түнү 5 адам келип Адыл аганы бир машинага салып кетишти. Кетерде Адыл ага:
– Самат, мага бир ишке жардамың керек, апамдарды караганы сенден башка ишенгеним жок. Азырынча бул жакта иштер бар, андан кийин апамдардын артынан барып абал жакшыргыча ошол жакта жүрө турасың. Өзүм чалам, телефондо бол,- деди. «Апамдарды карай турасың» дегенде сүйүнүп кеттим, бирок байкаткан жокмун. Аселди, алдыда жакшы мүмкүнчүлүк турганын элестетип маанайым көтөрүлө түштү. Эртеси саат тогузда Адыл ага чалып, мени аэропортко жөнөттү. Бир адамга жолугуп, ошонун айтканын кылат экенмин. Аэропортто айтылган жерде турсам бир орус келип, өзүн Саня деп тааныштырды. Мага чоң чемоданды карматты да:
– Эртең саат үчтө «Мир» кинотеатрынан жолугабыз. Ошол жердеги киосктун жанында тур,- деп кайра кирип кетти.
Эртеси үчтө келди, колунда материалга оролгон узун нерсе, жонунда рюкзак. Машинага отуруп, рюкзагынан «Алматы ТВ» деген жазуусу, эмблемасы бар куртка, кепка алып чыгып мага сунду:
– Кийип ал, экөөбүз эми ушул телеканалдын кызматкерибиз, түшүндүң да. Сен менин жардамчымсың, «Алматы ТВ да» операторсуң, бул бейжик, бул күбөлүгүң. Азыр Карагандага жөнөйбүз. Түндөп жетсек, эртең акимиңерге «каюк»,- деп күлүп койду.
Түндөп жол жүрдүк. Жаңы аким Санянын автоматтык дарбаза жасоочу ишканасын тартып алып, өзүн кысымга алып баштаганда качып кетиптир.
– Жакында чоң иштер башталат, булардын түбүнө жетебиз. Ал убакта мен жалгыз элем, азыр Адыл бар. Буларды «умно» жок кылабыз,- деп жолдо башынан өткөргөн оор күндөрдү айтып келе жатты.
Көрсө, план мындай экен: Тиги чемодандагы самолёттун корпусундагы калың металлды «жаракасы барбы, жокпу» деп нур менен текшерүүчү аппарат экен. Ошол аппарат кадимки телеоператорлор көтөрүп жүргөн видеокамеранын ичине орнотулуптур. Аким эртең бир имараттын ачылыш аземинде сөз сүйлөйт. Тиги видеокамераны акимге туштап буруп иштетсе зыяндуу нур акимдин денесине өтүп, нур абдан зыяндуу болгондуктан, ал бир айга жетпей ооруп каза табат имиш. Уккан кулагыма ишенип-ишене албай бара жаттым. Саня болсо «карапайым элди эзип, ырыскысын уурдаган чиновниктердин өзүнө жараша жооп кылыш керек» деп сөгүнүп жатты.
Эртеси аким бир чоң соода түйүнүнүн ачылышына келди. Эл көп, Саня экөөбүз трибуна даана көрүнө турган жерге жайгашып, аким сүйлөй турган учурду күтүп жаттык. Башкысы, абайлаш керек, зыяндуу нур эч бир адамга тийбегидей болушу зарыл. Башталды, адегенде алпаруучу соода борборунун өкүлүнө жана инвестор деген бирөөгө сөз берди. Үчүнчү Караганданын жаңы акимине сөз беришти. Орто бойлуу, толмоч киши экен. Көздөрү заар чачып, жүзү жагымсыз көрүндү. Саня видеокамераны ага каратып бир кнопканы басты да, саатынын секундомерин карап калды. Бир маалда мен жакка эңкейип
«всё, каюк этому уроду» деп шыбырады. Ошентип ал жердеги ишибизди бүтүп, шек алдырбай чыгып кеттик. Ошол эле күнү түндөп жол жүрүп Алматыга жетип келдик.
Эртеси үйгө 6 бала келип «Адыл ага акчаларды, документтерди алып келгиле деп жөнөттү» дешти. Төрт машинада барып тоодогу баягы сарайдан куралдарды, акчаларды, документтерди алып келдик. Бул арада Адыл агага издөө жарыяланды. Анын сүрөтү теледен, гезит-журналдардан түшпөй жатты. Ошентип чет өлкөгө, Каныш апа менен Аселге учмай болдум. Билет алып коюшуптур, из жашыруу аракети го, биринчи Киевге, ал жерден Стамбулга, андан ары Грециянын Ханья деген шаарына учтум. Каныш апа менен Асел жайгашкан үйгө жакындаганда жүрөгүм дүкүлдөп чыкты…
Адыл ага да жөнөкөй киши эмес, апасы менен Аселди көздөн оолак, ошол эле учурда абдан кооз жерге жайгаштырыптыр. Деңиз жээгинде чакан 5 бөлмөлүү үй. Крит деген аралдын четиндеги Ханья деген шаарга караштуу аймак экен, аэропорт, кемелер токтоочу порттордон өтө эле алыс болгондуктан, туристтер дээрлик жок. Жалаң жергиликтүү калк, грек анан англис тилинде сүйлөшөт экен. Асел англисче жакшы сүйлөйт, Каныш апа экөөбүз билбейбиз. Такси менен үйгө жеткен убакта Асел короодо сейилдеп жүргөн экен, мени көрүп сүйүнүп кетти. Менин мынчалык тез келеримди күтпөсө керек, өзүнчө эле бирдеме болуп жатты. Чай үстүндө улам сөзүнөн жаңылат, чай сунса колу калтырайт, жүзү да албырып чыкты. Каныш апа экөө Алматыдагы абалды сурап жатышты. «Баары жакшы» дегенден башка сөз айтпадым.
Күндөр өтүп жатты, Крит аралын кыдырып чыктым. Бирөө менен бирөөнүн иши жок, адамдар жайдары, шаңдуу. Эч бир көйгөйү жоктой жүрүшөт. Карагандадагыдай бири-бирине үтүрөйүп караган, дайым кайдадыр шашып жүргөн адамдарды көрбөйсүң. Күн ысык, сууга түшүп алып күнгө кактанып кумда жата бересиң. Аба ырайы жылуу аймактын эли да жайдары болушабы же мага ошондой сезилдиби, айтор, жакты. Болгону Асел экөөбүздүн мамилебиз… Же кыз-жигиттей эмес, же катардагы тааныштардай эмес, бир кызыктай абалда жүрдүк. Же ал «повод» бербейт, же мен мырзалык кылып биринчи кадам таштай албайм. Демейде ойлонуп жүрбөй шар чечим чыгарууну жактырган жаным, негедир Аселге сезимимди билдирсем дегенде толкунданып, тиктеше түшкөндө жаш балача сүрдөй турган болдум. Мен минтип эт менен челдин ортосунда жүргөн убакта Асел англисче билген жергиликтүү досторду таба баштады. Көп өтпөй алар менен абдан ынак болуп кетти. Арасында жигиттер да бар, бир индус түспөл капкара, тармал чачы дегеле Аселдин артынан калбайт. Экөө көп жолугат, бирдемелерди талкуулашат. Кээде талашып-тартышып кетишсе, кээде каткырып күлүп калышат. Сырттан кызгана баштадым. Асел ал тармал чач жөнүндө Каныш апага айтып бериптир, жергиликтүү бизнесмен имиш, атын Герик деди.
Бир жолу экөө короодо тактайларды кураштырып бирдеме жасап жатышты, мен бөлмөдөн дүрбү менен байкатпай карап отургам. Бир маалда Асел бармагын кесип алды окшойт, чаңырып калды. Тигиниси болсо үйрүлүп түшүп, этияттап колун таңып берди, Асел да ага ыраазы боло тиктеп, улам башын ийкегилеп жатты. Жиним келип дүрбүнү креслого ыргытып жибердим да, тармал чачты сөгүп-сөгүп алып, жатып алдым. Оюма ар нерсе келет. Чын эле бири-бирин жактырып калыштыбы? Же Асел мени кызгантуу үчүн атайын кылып жатабы?
Герик кээде Каныш апа менен Аселди алып катер менен ар кандай майда аралдарды көрсөтүп келет. Мени да «жүр» дейт, жаныбызда эч ким жокто аны кыргызча ашата сөгөм да, «барбайм» деп баш чайкайм. Эки-үч жолу чакырып, кийин айтпай деле калды. Сүрөттөргө түшүп келишет, сонун аскалуу аралдар бар экен, кол менен жасагандай кооз, туннель сыяктуу, айтор, барып көргүм келет, намысым жол бербейт. Каныш апа бир жолу урушкан «эмнеге барбайсың?» деп. “Катерге түшсөм башым айланат” деп кутулгам.
Күндөр өтүп жатты билинбей, шаардын борборуна барып, апам менен сүйлөшүп келем. Апама Карагандада элемин деп койгом. Билинбей төрт ай өтүп кетиптир, Адыл агадан эч кандай кабар келе элек.
Бир күнү деңиздин боюнда жаткам, бетиме бирөөнүн көлөкөсү түшүп, күндү тосуп калды. Карасам Арсен, кадимки эле Карагандадагы досум Арсен. Көргөн көзүмө ишенбей, ордумдан ыргып туруп карасам ошол. Арыктап, жаактары шилинип, көздөрү ичине кирип аябай жүдөп калыптыр. Айрыкча көзүнүн карасы бир кызыктай, саргыч тартып нуру өчкөн, жашоодон үмүтү калбаган көз караш. Башын бир жагына кыйшайтып алган. Сол колу сынган окшойт, гипстеп, моюнуна илип, оң колуна таяк таянып алыптыр.
– Самат, кандайсың досум?- деди алсыз үн.
Баягы күлүп-жайнаган, шуулдаган Арсен жок, көздөрү ойноктоп, кимдендир коркуп турат. Оозум ачылып эле карап туруп калыптырмын.
– Тааныбадыңбы?- деп күчкө салып жылмайымыш болду. Анан чөнтөгүн сыйпалап Адыл аганын баягы шакегин алып чыгып көрсөткөндө гана өзүмө келип, Арсенди кучактап калдым.
– Арсен, досум, кандайсың?- деп аптыга ал-жайын сурап жаттым. Бул жолугушуу мени бир саамга нес кылып койгон эле. Арсен соо колун көтөрүп:
– Отурайынчы, араң жетип келдим,- деп жерге менин жардамым менен араң отурду да, оор үшкүрүндү. Анан колун жаңсай жерди көрсөтүп «отур» деген белги кылды. Жанына отуруп жатып карасам омуртка сөөктөрү оркоюп футболкасынын сыртынан кадимкидей билинип турат. Аз убакытта таанылгыс болуп өзгөргөн Арсенге таң калып бүтпөй жаттым. Арсен отуруп алып, башын бир жагына ийип, оор дем алып, деңизди карап унчукпай көпкө отурду.
Бир нерсе сүйлөйүн деп баратып токтоп калдым. Арсенге төбөдөн күн тийип калган экен, зонтту алып көлөкө болсун деп жанына сайып койсом:
– Күн жейинчи, Самат, ысыгы жагып жатат, алып эле кой,- деди.
Ушунчалык таң калдым, аяп, көзүмө жаш тегерене түштү. Жанына отуруп далысынан кучактап:
– Арсен досум, эмне болду? Ким жеткизди сени мынчалыкка?- дедим чындап боор ооруй.
– Арак барбы, Самат?
– Жүрү үйгө, эс ала тур. Мен алып келе калайын, жакын эле жерде.
– Макул, уктап алайынчы бир аз.
Ордунан тургузайын деп колтуктасам жаш баладай жеп-жеңил болуп калыптыр. Бөлмөмө алып кирип жаткырсам дароо уйкуга кетти. Каныш апа да уктап жаткан окшойт, көрүнбөйт. Асел адатынча Гериги менен кеткен, азырынча келбесе керек. Үйгө жакын жерде чоң дүкөн бар, туристтер үчүн бир бөлүгүндө ар элдин улуттук суусундуктары, ичимдиктери сатылат. Орусиядан чыккан арактын үч-төрт түрү бар экен, ар түрүнөн бирден кылып үч бөтөлкө алып келсем Арсен үч бүктөлүп, кичинекей баладай болуп уктап жатыптыр. Ойготподум.
Аңгыча Каныш апанын дабышы угулуп, бөлмөсүнөн чыга келди.
«Жакын досум эле, ооруп калган экен, Адыл ага дарыланып кел деп мага жөнөтүптүр, азыр уктап жатат” деп койдум.
Каныш апа Арсенди көрүп эле түшүндү:
– Ойгонсо, мага айт,- деди, башка эч нерсе деген жок. Ошол бойдон кечке чейин бөлмөсүнөн чыкпады.
Арсен кышылдап оор дем ала уктап жатты, анын ойгонушун күтүп жатып менин да көзүм илинип кетиптир. Эшик катуу жабылган добуштан чочуп ойгондум, кире бериште Асел туруптур. Анын арт жагынан Гериктин башы көрүндү. Арсен да чочуп ойгонуп, катуу коркуп кетти окшойт, башын жаздыкка катып:
– Самат, Адыл агадан киши келдиби?- деди калтырап.
– Асел, эшикти акырын эле жаппайсыңбы,- дедим жактырбай.
Муну уккан Арсен өйдө болуп, Асел менен ыңгайсыз боло учурашып:
– Жакшысыңбы, Асел? Коркпо, мени Адыл ага өзү жөнөттү,- деди жер тиктей. Асел Арсендин түрүн көрүп оозу ачылып, турган жеринде катты. Аңгыча Каныш апа да кирип келип, Арсендин жанына отуруп анын колун кармады:
– Жакшы келип алдыңбы, балам? Бул жердин абасы, суусу таза экен. Саматты көрдүңбү, кандай толо түшкөнүн. Баары жакшы болот, балам. Азыр болсо жүргүлө ашканага, тамак ичели,- деп ордунан турду. Ортодон Асел сөзгө аралашып калды:
– Кыймылдайын деген аракет болбосо, үйдөн чыкпай эртеден кечке жатса, толо түшөт да,- деп жылмая мени карады. Каныш апа анын какшыгын түшүнбөй зекип калды:
– Асел, кой, кызым. Жатпаганда эмне кылмакпыз? Экөөбүз эле эмне кылып кыйраттык?- деди мага болуша. Жаңы келген күндөрү эле Каныш апа уста жалдап, короого айылдагыдай топчан жасатып алган. Ошол жерге дасторкон даярдап коюптур. Баарыбыз унчукпай отуруп тамактанып жаттык. Асел менен Каныш апа көп нерсе сурагысы келип, бирок Арсендин түрүн көрүп эле сурай алышпай жатканын байкап отурдум. Тамак үстүндө Герик Арсенди карап алып Аселдин кулагына бир нерселерди айтып шыбырап жатты. Ал эми менин оюм Арсендин кейиштүү абалы менен Аселдин жанагы какшык аралашкан «намёгунда» болуп жатты…
Уландысы бар…