Бир айылда бир киши көз жуумп, анын жаназасына турбайбыз, жаназасын окубайбыз деп тополоң чыгат. Бул кабар падышага чейин жетет. Эмне болгон ызы-чуу деп тактоо максатында падыша өзү келет. Айыл жакшыларын жыйын кылып чогултат. Эмне үчүн жаназасына турбайбыз, жаназасын окубайбыз деген себептерин сурайт. Айыл башчысы айтат:
— Бул адамды айылыбыздагы эң бузулган адам деп билчүбүз. Мечитке жамаат менен окулган намаздарга таптакыр келчү эмес, ал аз келгенсип дүкөндөрдөгү арактарды калтырбай сатып алчу. Анысы да аз келгенсип бузулган аялдарды үйүнө жетелеп кеткенин көп көрчүбүз.
Бул маселенин чындыгын билүү максатында падыша кийимин алмаштырып, ал кишинин үйүнө барып байбичесинен сурап атат:
— Абышкаңызды бузулган киши деп сыпатташты. Жамаатка кошулбайт экен ибадатта, ал аз келгенсип арак шараптарды сатып алчу экен, анысы аз келгенсип күнүгө сйкуларды үйүнө ээрчитип келгенин көрүшүптүр. Ушул чынбы?
Байбиче айтат:
— Ыраматылык абышкам өтө такыбаа киши болчу. Ибадатын калтырчу эмес. Ооба, дүкөндөрдөгү арактарды калтырбай сатып алчу. Ушул айылдагылар арак ичпесин деген максатта. Алып келип ажаатканага төкчү. Бузулган аялдарды да сатып алып үйгө алып келчү. Экөөбүз таң атканча ал бузулган аялга насаат айтчубуз, ошол түндөрү канчалаган эркектерди зынаадан куткардык — ал бир Аллага маалым.
Падыша дагы сурайт:
— Абышкаңыздын осуяты барбы? Көзү өтөөрүндө эмне деди эле?
— Абышкамдын дайым айтчу сөзү бар эле. «Мен өлсөм жаназама падыша келет. Жаназамды кошуна мечиттин имамы окусун деген осуятымды айт».
Падыша кайра жыйынга келип, кошуна айылга кабарчы жөнөтөт. Аздан соң кошуна айылдын имамы баштаган калың жамаат жаназага келип түшүшөт. Имам:
— Бул инсан биздин аалымыбыз эле, бир да намазын калтырбай атайын ушул жерден жөө жалаңдап биздин айылга барып, биз менен чогуу ибадат кылчу деп күбөлүккө өтөт..
Пенденин оозундагы Кудайдын кулагында.
Бир аалымдын баяны.