Бул сенин елесине арналат.

27-июль 2015.

«Нурик бул сенин элесиңе арналат»

Бул окуя менин көз алдымда болгон окуя.Азыр мен сиздерге алты айлык аралыгында болуп өткөн окуяны айтып берейин.Мен мындан бир эки жыл мурун өзүмдүн бир тууган байкем ачкан Бишкектеги балдар үйүнө жумушка орношконмун.Өзүм наристелерге жакын болгондуктан байкемден суранып сабактан кийин жумушука барып иштейт элем.Мен ошол жумушка орношкон күндөн үч күн өтпөй бир татынакай келин келип колундагы бир жарым жаш болуп калган баланы алып келип бизге таштап кеткен болчу.Өзү ал баланы никесиз бир баладан төрөгөн экен.Бирок,тилекке каршы ал баланын жүрөгү начар экен.Ал эми ал кыз турмушка чыгып жатыптыр.Ала турган бала балаңды жогот мен ага никесиз балага ата болбойм,бир жактан оорукчан экен эртең балдар үйүнө алып барып тапшырып сал дептир.Ошентип бизге алып келген.Бизге баласын таштап өзү кете берди.Биз баланы текшертип анан каттап койдук.Аты болсо Нурсултан экен.Ошентип билинбей арадан бир жыл өттү.Мен бир кечте олтуруп Facbookтан бир байке менен таанышып калдым.Ал байке Кореяда иштейт экен.Менден он төрт жаш уулу болчу.Өзү үйбүлөөдө эң чооңу болгону үчүн инилерин окутам деп ошондой алыс жактарда иштеп жүрөт экен.Турмуштун айынан үйлөнгөн дагы эмес экен.Себеби апасы жоок жалгыз инилерин,карындаштарын көтөрмөлөйм деп жүрүп убакыт өтүп кетиптир.Ал байке ушунчалык адамкерчүүлүктүү байке көрүнгөн мага.Эми адамды көрбөсөң билбейсиң дегендей ал байке менен тез эле тил табышып кеттим.Ошентип билинбей биздин мамилебиз ага-карындаштан дагы жакын болуп болуп кеттик.Ал мага бүт башынан өткөргөндөрүн айтып берсе мен токтоно албай бир сааттан ашык ыйлаганмын.Ошол убакта менин мээримим Нурсултанга түштү.Мен кыскача Нурик деп атап койчумун.Бир жоолу Нурик экөөбүз сүйлөшүп олтурганда Нурик мага эже менин атам кайда сиз билбейсизби деп сурап калды.Мен жоок билбеймин дедим.Анан бир күн ооруп калды Нурик.Атам атам дей бергенинен мен эми жаш бала тез эле унутатда деп ошол өзүм сүйлөшүп жүргөн байкенин сүрөтүн көрсөтүп бул байке сенин атаң болот эми оорубачы ээ деп койгон болчум.Анан бир күн ал байкеге түшүндүрүп через видео көргөн болчу.Ошентип менин дагы атам бар деп сүйүнүп калган.Ошентип билинбей эле убакыттар өтө берди.Ал эми Нуриктин күткөнү жалгыз папасы болчу.Ал эми байке болсо Кореядан келе турган эмес себеби ал беш жылга контрак менен кеткен экен.Аны менден күндө сурайт.Ошентип жүрө берди.Ал сураган сайын жүрөгүм ооруйт.Ошондой күндөрдүн биринде ал байке менен бир маселеден экөөбүз тартышып урушуп калдык.Анан ал байкеге жиним келип жумушка келсем Нурик дагы ошол байкени сурап калды.Ал сенин атаң эмес аны күтпө деп каттуу каттуу айтып колундагы байкенин сүрөтүн төрткө бөлүп айрып туруп комнатадан чыгып кетип калдым.Ал ошол күнү түнү менен ооруп чыкты.Айткан сөзүмө ушунчалык жаман болдум.Нуриктин эмне күнөөсү бар эле деп.Эртеси жакшы болуп калганда кечирим сурадым.Анан ал өзү эже билем ал менин атам эмес экенин мени атам бар экенимди деле билбесе керек.Апам болсо мени кичинемде сиздерге таштап турмушка чыгып кеткенин да билем деди.Мен таң калып аны сен кайдан билесиң деп сурасам мен тарбиячы эже бир эжеге айтып жатканын укканмын деди.Жаман болуп кеттим.Үчкө толо элек баладан мындай сөз угам деп ойлобопмун.Ал ошентип айтса ушунчалык жүрөгүм жаман болду.Ошол баланын ушунчалык акылдуу экенин билдим.Чоңойсо кыйын бала болот деп ойлоп койгом.Ал аралыкта өзүм ооруп калып больницага түшүп калдым.Билинбей эле дагы арадан жыйырма күн өтүп кетти.Нурик үч жашка толду.Мен больницада болчум бир күн эле Нурикти сагынып звонок кылсам больницада жүрөгү приступ кармап жатып калды деди.Ана эртең звонок кыл сүйлөшөсүң деди.Макул деп эртеси звонок кылсам эже мен жакшымын,мен сизди жакшы көрөм и папамда жакшы инсан ээ?,папама мен жөнүндө айтпаңың ээ ал алыста ойлонот анан ыйлайт,сиз мени унутпайсыз ээ?,папам жакшы инсан папамда мени унутпайт ээ деп кайра кайра айтты.Анан мен ооба сен жакшы болуп чыгасың анан сен чоң бала болосуң папаң келет сага көп оюнчуктарды алып келет дедим.Ал макул мен күтөм бирок сиздер мени унутпайсыздар ээ деп дагы бир жоолу айтты.Анан жоок деп оюмда эч нерсе жоок эле коштоштум.Көрсө ошол сүйлөшү биздин акыркы сүйлөшүбүз болгон экен.Ал өлөрүн сезгендей кайра кайра мени унутпайсыздар ээ деп айткан сөзүнө маани берген эмес экен.Ошол түнү Нурик бул жарык дүйнөнү таштап кете берди .Бул дүйнөдөн кетти.Эртеси дагы жүрөгүм бир башкача боло бергенинен звандасам Нурик каза болгонун айтты.Ушунчалык ыйладым.Ошентип Нурикти жерге тапшырдык.Ойлосом Нурик алты ай гана өз атасы болбосо да мен интернет аркылуу таанышкан байкени күтүп жашады.Мен өзүмдү өзүм канча жемеледим.Неге эмне үчүн мен ошондой кылдым деп.

НУРИК МЕН СЕНИ ӨМҮР БОЮ ЖҮРӨГҮМДӨ САКТАЙМ.МЕНИ КЕЧИР СЕНИ КАПА КЫЛГАН КАТУУ АЙТКАН КҮНДӨРҮМ ҮЧҮН.СЕНИН ЭЛЕСИҢ ТҮБӨЛҮК ЖҮРӨГҮМДӨ КАЛАТ.ЖАТКАН ЖЕРИҢ ЖАЙЛУУ,ТОПУРАГЫҢ ТОРКО БОЛСУН.ЖАКЫНДА СЕНИН БУЛ ДҮЙНӨДӨН КЕТКЕНИҢЕ ДАГЫ КЫРК КҮН ТОЛОТ ЭКЕН.СЕНИ ЭЧ КАЧАН УНУТПАЙМЫН СЕНИН ЭЛЕСИҢ ТҮБӨЛҮК КАЛАТ ЖҮРӨКТӨ.ДАГЫ БИР ЖООЛУ ООМИН.

Сайтыбыздын ссылкасы менен болушуп коюнуздар!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️