Биздин мектепке жаңы директор келди. Айылда уу-дуу кеп жүрдү. “Баланча деген чоңдун тууганы экен, түкүнчө деген киши телефон чалып койдуруптур” деген сөздөр таркады. Түбү биздин айылдык болуп чыга келди. Кадимкидей мектепте тартип өзгөрө түштү. Маңдайы жарык, ишке эпчил киши экен. Бат эле эл оозуна алынды. Эң кызыгы мектептин директорунун үй-бүлөсү эки айдан кийин айылга көчүп келди. Бир уул, бир кызы бар экен. Келинчеги немис тили мугалими, шаардык экен. Чачын артына, же төбөсүнө эмес, капталына түйгөн, бакыраң көздүү, кыргызчаны орусча аралаштырып сүйлөгөн эжей экен. Бир жума өтпөй атып бизге класс жетекчи болуп келди. Биринчи класстык саатта эле катуу талап койду. Кийимибизди, тырмагыбызды, окуу китептерибиздин тышталбаганын айтып, күн сайын экинчи сабактан кийин өзү келип көзөмөлдөп, ар жума күнү класстык саат, же ата-энелер жыйынын өтүп атты. Мурда класс боюнча эки эле ударник болсо, эми бир чейректе эле, эки отличник, беш ударникке жетип, сүрөттөрүбүз “Ардак тактада” илинди. Мектепте дубал газета чыгарып, өздүк көркөм чыгармачылык ийрими жигердүү иштеп, айрым окуучулар райондук олимпиада жеңүүчү болуп, айтор тез эле мектебибиз жандана түштү.
Күрдөлдүү күз келип, биздин 9-класс күн тийбеген тескей канатындагы физика кабинетинде окумак болдук. Башка класстар үчүн сабак 8:30да башталса, биздин класс үчүн бир саат кеч 9:30да, күн бир аз жылыганда башталат. Баары бир үшүйбүз. Колубуз партага тийсе кадимкидей муздай түшөт. Калың кийимдерибизди кийип отурганга уруксат берет. Бирок, баары бир үшүйбүз. Үшүбөгөн жалгыз Самыйбек гана. Ал дайым эртең менен бозо ичип келет. Ал кекиргенде класс кадимкидей таруу бозо жыттана түшөт. Биз үшүп отурсак, ал бозого ысып, кээде үргүлөп уктап кетет. Апасы Маржан апа айылда эң мыкты бозо жасайт. Бир кесе жуткан дагы бирди жуткусу келет, экини жуткан кадимкидей нымшып, кызый түшөт. Анын даамын таткан адам эртеси сөзсүз издеп барып ичет. Бир күнү класс жетекчибиз кирип келип:
– Что за отвратительный запах, – деди.
Баарыбыз тең жооп бере албай туруп калдык.
Экинчи катардын эң арткы партасынан жыт чыгып атканын сезген эже Самыйбекке жакын келип:
– Кийимиңе бирдеме төгүлүп кетти беле? – деди.
– Жоок, – деп Самыйбек жооп берди.
– Анан эмне жыттанып атат, – деп такап сурады.
Самыйбек көзүнүн үстү менен барыбызды бир карап алып, анан башын кайра төмөн салып:
– Бозо, – деп жооп берди.
Эжейибиз өтө ачууланды:
– Мектепке бозо ичип келген уят. Бозо арак, вино сыяктуу спирт ичимдиктерине кирет. Аны ичүү мектеп окуучуларына тыюу салынат, – деп түшүндүрдү.
Эки-үч күн өтпөй эле эжейибиз класска кайра текшергени келип, бозонун жытын кайра сезип калып:
– Жумалиев, сабакка бозо ичип келбе дебедим беле, – деп ачуулануу менен айтты. Самыйбек кайра башын төмөн салып турду.
– Жумалиев, мен сурап атам, бозо ичип сабакка келбе деп айтпадым беле, – деп такап сурады.
Ал көзүнүн үстү менен баарыбызды бир тегерете карап:
– Бозо ичпесем апам ооруп каласың деп атат, – деди эле, бүт класс кыраан каткы болуп күлдүк. Эжейибиз да кошо жылмайды.
Самыйбек кайра кошумчалады:
– Үшүп калып атам, – деп туруп бир кекирди эле, бүт класс бозо төгүлгөндөй буркурай түштү. Эжейибиз колу менен мурдун жаап класстан атып чыкты.
Бул жумадагы класстык саат “Бозо” темасына айланды. Класс жетекчибиз бозо кантип жасаларын, анын ден соолукка зыяндуулугун, курамында алкоголь бар экендигин, аны ичкен киши арак ичкендей эле ууланышы мүмкүн экендигин, мектеп жашындагы балдар эмес, чоңдорго да болбой тургандыгын, муну илгери чал-кемпирлер аргасыз тамак жокто ичкенин айтып, түшүндүрүп отурду.
Дагы бир жума өтпөй жалпы мектептин ата-энелер жыйналышында директор айылда бозо салууга тыюу салуу керектигин айтыптыр.
Бул сөз бүт айылга тез таркады. Айрымдары жактырбаса, айрымдары туура деп колдоду. Бирок, Самыйбектин класска бозо ичип келгенин эч ким тыя алган жок. Биз класста үшүп отурсак, ал ысып эле отургансыйт, кээде үргүлөп уктап кетет.
Эжейибиз кийинчерээк эки жума көрүнбөй, шаар жакта жүрүп, сыягы ооруканага көрүнүп жүрсө керек, анан келди. Класска кирип келип, баарыбыз менен жайдары учурашты. Биз да сагынып калыптырбыз. Ар бирибиздин ал жайыбызды, окуубузду сурап чыкты. Жаңы жыл жакындап келатканын, эми ударниктердин саны боюнча буюрса мектеп боюнча биринчи орунга чыгарыбызды сүйүнүч менен айтып отурду.
Аягында:
– Жумалиев, жүрү мени менен, – деп, директордун кабинети көздөй ээрчитип кетти.
Болду-болбоду ушу бозо маселеси боюнча урушуп атат деп боолгодук.
Бирок, ал күнү Самыйбек андан аркы сабактарга катышкан жок. Эртеси кадимкидей эле бозо жыттанып келди. Экинчи сабактан кийин аны класс жетекчи чакыртып кетти деп уктук. Мектептин директорунун кабинетине чакырып алып, катуу такалап атат го деп боолгодук. Бирок, бир-эки саатка жок болуп кетип, кайра төртүнчү саат сабакта пайда болду. Маанайы жакшы. Үчүнчү саат алгебра сабагына катышкан да жок. Эми ар бир экинчи сабактан кийин Самыйбекти класс жетекчибиз бирөөлөр аркылуу чакырып кетип, өзү болсо классыбызга сейрек кирчү болду. Мурда, ар саат сайын классыбызга кирип турса, эми бир жумада бир немис тил сабагында эле көрө турган болдук. Эң кызыгы, класс жетекчибиз эми бозонун жытынан жийиркенбей, Самыйбекти урушпай калды. Болгону ар экинчи сабактан кийин эле Самыйбек сырдуу жок болуп кетет, бир саат сабакты өткөзүп ийип кайра пайда болуп кетет.
Бир күнү эки сабактан кийинки чоң танаписке сыртка чуркап чыгып баратсак, Самыйбек баштыкта бирдеме көтөрүп мектепке кирип келатыптыр. Балдар эшиктен жөөлөшө кетип, колундагы баштыгы цементке түшүп, ичиндеги үч литрлик айнек банке “тарс” сынып, мектептин кире бериши бозо эле жыттанып калды. Завуч Күкү эже көрүп калып, Самыйбекти токтотуп:
– Жумалиев, мектепке бозо алып келип ичкениң уят эмеспи, – деди. Самыйбек башын төмөн салып:
– Мага эмес, – деди.
– Мына кызык, анан кимге, – деди, завуч таңданып.
Самыйбек көзүнүн төбөсү менен баарын бир сыйра карап алып:
– Директордун аялына, – деди.
Завуч эже өзүн бир аз ыңгайсыз сезе түштү. Ошондон кийин бүт классыбызга түшүнүктүү болду. Класс жетекчибиз кош бойлуу болуп, бозого талгак экен.
Эми Самыйбек ар бир экинчи сааттан кийин үйүнө барып бозо алып келип атканын бүт мектеп билди. Эжейибиз, бара-бара классыбызга сейрек келип, кийин декреттик өргүүгө чыкканда Самыйбек бозону үйүнө ташып жүрдү.
…Май айында эжебиз “Эркек уул төрөптүр” деп Самыйбек класска сүйүнчүлөдү. Баарыбыз кубандык. Бизге башка класс жетекчи келди.