***********БОМЖ*********
2-БОЛУМ
— Кызым, айланайын кызым, мени кечире кор. Чык уйдон, эптеп чык, — деп чынырды Майраш.
— Апа, Мираш эжем уйдобу? Ал азыр куйуп кетет. Мен куткарып келем, — деп Камчыбек чымын-куюн болуп чуркаган бойдон уйго кирип кетти. Эми Майраш Камчыбек кайт деп кыйкыра баштады. Карап тургандар баланын кандай чуркап кирип кеткенин байкабай да калган эле. Айланадагы эл «Бул келин жинди болуп калган эмеспи бая эле кызым деп, эми болсо кызым деп кыйкырып жатат да» деп карап коюшат. Ушул келин уйду орттоп жибергенин бироо да байкаган эмес. Бир убакта Камчыбектин эже,эже деп чынырып барып токтогон уну угулду. Ангыча орт очуруучулор да келип калышты. Алардын бир кызматкери жаш баланын куйгон денесин которуп чыкты. Майраш ошол учурда кыйкыра берип уну кыргылданып, Камчыбек, Камчыбегим деп шыбырап калган. Бексултан эси-дарты апасында эле.
— Апам,апам уйдо болсо керекэле. Башка эч ким жок бекен.
— Жок, бардык болмолорду карап чыктыкэч ким жок. Ошол учурда кошунанын короосу тарабынан.
— Апа, Алтынай апа, — деген бакырык чыгып, Бексултан баштаган бир топ киши ун чыккан тарапка чуркашты. Барса, Мираида Алтынай апасын кучактап ыйлап жатыптыр. Мираида уй куйуп жатканын короору менен пасы экоо уйдун арткы тарабындагы терезени сындырып качып чыгышкан. Терезеден тушкондо кошунанын короосу эле. Бир аз жылып эле Атынай апа журогун мыкчыпжыгылды. Бул анын экинчи жолу кармашы эле. Баласы турмодо жатканда биринчи жолу инфаркт болуп калып доктурга жатып чыкканынан Бексултан кабардар эмес болчу. Мираида Алтынайдын дем албай калганын байкаганда бакырып жиберген. Бексултан апасынын муздап калган денесин кучактап оксуп ыйлап жатты. Эртеси эрте менен Бексултандын кошуналары анын уйунун жанында аппак болуп апсайып жайылган аялдын шыбырап суйлонуп, Бексултандын уйун айланып басып жургонун айтып келишти. Бул баланын куйутунон, кылган куноосунун азабынан акылы айнып калган Майраш эле.
Бексултан апасын жайына койгондон кийин эле Кыргызстанда калгысы келбей самолетко билет алып Москвага учуп келе берген. Же досторунун же тааныштарынын телефонун, дарегин албаганы Домодедово аэропортунан тушкондо эсине келди. Эмне кылышын билбей аэропортто эки сааттай отурду. Жанында он миндей кыргыз сом бар. Аны рублга алмаштырып алайын деген ойдо обмен валюта издесемби деп ары-бери карап калды.
— Эмне бир нерсе издеп жатасызбы Жукторунуз тура берсин, мен кайтарып турамын, — деди озбек ырандуу шыпылдаган жигит кыргызча так суйлоп.
— Макул, анда иним мен тез эле келем, — деп Бексултан акча алмаштырган пункт издеп кетти. Алмаштыруучу пункт таап , сомун рубл кылып келгенче жарым саатай убакыт откон. Келсе жанагы жигит озунун эле жугун эмес Бексултандын сумкаларын да кошо которуп кетиптир. Кимден сурашын билбей дендароо болуп турса:
— Ваши документы, пожалуйста, деп калды мандайынан милиция формасындагы орус жарааны.
— Документы, сейчас, минуточку, деп жанын сыйпалап курткасын да тиги шылуун алып кеткенин сезди. Билети, бардык документтери курткасынын ички чонтогундо эмес беле.
— Знаете, товариш начальник, я потереял документы вместе сумками.
— Пойдемте с нами в отделение, будем разбираться. Шылкыя басып милициянын артынан ээрчип баратты.
Бексултандын кимдигин,дарегин, тактап буткончо он беш кундой убакыт отту. Кыргызстанда соттолгонуна байланыштуу аны дагы он беш кундой кармашты, ал жактан камактан чыккандыгы жонундо билдируу келгенде ганаБексултан соттун административтик айып толоосун деген чечими менен бошоп чыкты. Чыгаарда ошол кунку ноомоттогу милиция кызматкери, ага эн жакшысы посольствого барып паспорту жоголгондугу тууралуу документ алып 15 кун ичинде Кыргызстанга кетуусун эскертти. «Кыргызстанга кетет имишмин, эмне эки колуму мурдума тыгып алып барайынбы? Кимге, кайда барам кеткеде да, андан коро бир аз иштеп анан документ жасатам» деген ой менен аялдамага келип калганын да байкабай калыптыр. Жанында жарым чака акчасы жок. Бироодон тамеки сурап тутотту. Алымсынбай дагы бир отуп бараткан кишиден сурап чекти. Эмне кылышын билбей олтура берди, башы ман.
— Аке, жакшысызбы, кыргызбысыз? — деген кыргыз суроосунан улам чоочуй карай, шашылып:
— Ооба силерчи? — деп сурап жиберди.
— Биз дагы кыргызбыз, кыргызча суйлоп атабыз го, — деп ашкере боек суртунгон эки кыз жараша жооп берди.
— Кечиресинер, мен байкабай эле суроо берип жибердим окшойт.
— Ниме зеригип олтурушпу?
— Жок зерикпей эле.
— Бироону кутуп атасызбы?
— Жок эч кимди куткон жокмун, жон эле олтурам.
— Бош болсонуз журун биз менен, эс алып келебиз.
— Каякка?
— Каякка болмок эле, мейманга да.
— Рахмат, мен мен барбай эле коейун, кийимдерим да эски.
— Аякта эч ким жок, учообуз эле, журо берин. Бир аз ойлонуп туруп Бексултан тобокелге салды, бары бир бара турган жери болбогондон кийин.
— Болуптур, кыздар, кеттик анда. Силер кайда десенер ошол жака кеттик, келгиле сумканарды жардамдашайын, оор корунот.
— Рахмат, шондой кылын.
— Бизге тан калып атаспы, тааныбай эле ээрчитип алды деп. Биз подрушкам экообуз ар субота куну вечир кылабыз. Озубуздун точкабыз бар.
— Жакшы экен. Силерден башка кимдер болот ал жерде.
— Кээде копчулук болобуз, кээде экообуз анан дагы экитаси болот. Бугун сизге зор келбес бекен, экообузго бир жигит болуп.
— Бойдок адам чыдабай эмне бир тунго.
— Коюн а, бойдоксузбу?
— Ооба.
— Биринчи марта корушум, чачына ак кирген бойдокту.
Ошентип алар менен ээрчишип сыртынан зынгыраган, ичине кирсе адам уройу учкан уйго келишти.
— Кел Атабек, созго муюбай куй тигининден.
— Ии, кел алып жиберели.
— Ошол кыздар мени ушул экообуз олтурган уйго ээрчитип келишкен.
Тан атканча ичип чегип, оюндагысын кылышты. Орус оюндагысын кылат десе, кыргызын кыялындагысын да кылат экен, тооба. Андан бери бир жылдай убакыт отту. Документи жок ишке албайт экен. Жанагы кыздар ар жума сайын тамак-аш, тамеки, арак-шарап алып келип таштап кетишет. Экоо мени талашып-мушташып кетишсе болобу бир куну, экоону эки жака ажыратып, мени менен эркекче дос болуп, башка эки жигит таап алгыла деп жаным калбадыбы. Жанагы кыздар мага ушул жерде олтуруш кылганы клиент алып келишет, алар акчасын толоп туноп кетишет. мен алкаш эмесмин, болгону арак мени ичимди жеген кайгыдан алаксытат, убайымды унуткарат.
— Бексултан, мен сага акыл айткандан алысмын. Бирок эсинде болсун арак бардыкты убактылуу унуткарат, соо болгондо кайгынды кучтууроок сезесин, кайгыны соо акыл эс менен женген дурус. Сени жигит дейт, акылынды жый, озуно кел. Мен азыр кайтайын, эки кундон кийин сага кийим-кече алып келем. Казанскийге барып паспорт жасатабыз, ишке киргизем. Мен сага созсуз жардам берем. Макуо анда, жакшы кал.
— Бугун баягы сага айткан Санчо Подмосковьедеги Айгулу менен келет, олтурсан болмок.
— Аты Айгул бекен? Ээ кой кимиси менен келсе анысы менен келсин. Мага баары бир эмеспи, мен кеттим анда.
— Мейли жакшы жетип ал.
Атабек Кечке ичкенге кыйла кызып калган эле. Ошол куу менен Подмосковьеге Айгулуно жоноп кетти. Ага телефон чалса очурулгон. Жеткенче ар нерсе оюна келип жатты. Ооруп калдыбы, телефонун уурдатып жибердибиже адатынча очуруп коюп, уйкуну жакшы коргон жаны уктап жатса керек деп озун-озу жооткоруп коёт.
Эки саатка жетпей Айгул жашаган квартирага да жетип келди. Эшикти Айгул ачты.
— Ой ААтабек сен кайдан?
— Кайдан дебей, кел десен.
— Кел, кайдан?
— Москвадан, кайдан болмок эле, эмне чоочуйсун, уурулук кылган адамдан бетер, озун каяка?
— Эч жака.
— ЖЖасанып алыпсын го.
— Азыр эле иштен келгем.
— ИИштен чарчап келчу эмес белен.
— Бугун иш анча деле болгон жок, анын устуно эрте бутту.
— Эрте бутту, же суранып келдинби? Кунуго 12 саат иштеп келчу эмес белен?
— Кээде эрте коё берет.
— Ушинтип босогодо тура беребизби?
— Кир, кир мен азыр чай коюп келеёин.
— Телефонду берчи.
— Эмне кыласын?
-Бер дегенде бере бербейсинби, — деп аялынын колунан телефонун жулуп алды да, жанык эле экен го дегенче болбой шынгырап калды анысы. Телефонду алып унчукпай угуп турду.
— Айгул, подъездге чыгып калдым дебедин беле, эмне жормолоп тушуп келе жатасынбы, бюолбойсунбу кеч калдык го… Эмне унчукпайсын? Айгул дейм, Бексултан кутуп жатат го бизди келет деп.
Атабек калган созду укпай телефонду очуруп койду. «Айтмакчыжана Бексултан бугун Санчо Айгулу менен келет дебеди беле. Демек, Бекиш айткан Айгул менин аялым экен да, мына сага». Кухнядан шашып чыккан Айгул:
— Телефонго звонок келдиби? Сен котордунбу? — деп уну купкуу болуп кетти.
— Жок меники, экообуздун мелодиябыз окшош экен.
— Аа, келе бер телефонумду, — Унчукпай кармата салды Атабек. Эмнегедир жини ушунчалык кайнап турса да тилин тишине басып, ачууга алдырбады, анткени али буга эч нерсе анык эмес эле.
Айгулдун телефону дагы шынгырады.
— Алло, Сакиш мага конок келип калды, жарым саат куто тур, досум — деди да тиги тараптагы созду укпай эле очуруп салды.
— Сен кухняга кирип олтуруп тур, мен магазинге чыгып келейин, нан калбаптыр, — деп Айгул Атабектен жооп кутуп турбай эле шаша-буша эшикке чыгып кетти. Атабек артынан чыгып экинчи этажга чейин тушуп, подъездин айнегинен карап турду. Айгулу короодо турган курсуйгон эркек менен кучакташып, обушуп корушту.
— Кандай конок, бугун озубуз конокко барарыбызды унутуп калдынбы, келжиреген.
— Кыскасы, мен бара албайм. Эжем келип калды.
-Эжен келсе жата берет да, квартира озундуку го, бироо чык демек беле.
— Ошентсе да, бирде-экиде келбеген эжелерден.
— Шылтоонду кой, бас кеттик.
— Коё тур Санчо, мени уксан.
Атабек Санчо деген атты укканда озун кармап тура алган жок, эшикке чуркап тушуп, куйуккону басылбай туруп:
— Эжеси эмес, бугун мен, эри келип калдым, — деди энтигип.
— Эмне дейт, кайдагы эрин, куйоом олуп калды дебедин беле, эненди… шуркуя, бул дагы кайсы ойношун, сучка.
— Ойношу эмесмин, куйосу болом, Москвада иштеймин, бул келин менин аялым, Биздин алты балабыз бар, билбейсинби?
— Тортоо олуп калган кайнагамдыкы, экоо озумдуку деген.
— Андай эмес, экоо кайнагасыныкы, тортоо озубуздуку, туурабы Айгул. Качантан бери жалган айтып калгансын? Эркек башым менен балдарга кесири тийбесин деп мен журбоймун го.
— Эненди… канчык, алдамчы сулуу чымчык, мени мышык-чычкан ойноткон акмак. Тапкан экенсин лохту, — Санчо Айгулдун узун чачынан кармапбашка- козго койгулап кирди. Атабек ортого тушо калды, кантсе да аялы эмеспи.
— Коюнуз, аке, калганын мен суйлошом, болду кылыныз.
— Кач дейм ары, бул алдамчы катынды жон койбойм, эки тоонун чобун энсеген эчки, сени элеби. Эри имиш, сен Эри эмессин, ушуга окшогон бети жокто эр болот дейсинби. Кана эри болсон эмне унчукпай турасын, бироого коз коруно кучактатып.
blinkob
04 Апрель 2013 — 19:34
Атабектин ансыз да ачуусу чегине жетип турганэле, Санчонун айткан создору соогун тепчип отуп чучугуна жетти, жаалы чыккан Санчону колунан кайрып:
— Эркексинби, жур мындай чыгып суйлошолу, деп чекеге тартты да дароо эки кашынын ортосуна бир муштады. энгезердей болгон неме анын муштумун чымын чаккандай коргон жок, койнунан узун шиштейген жарак сууруп чыгып Атабектин ичине матырып алды. Ичи ысый тушкон Атабек жерге бук тушуп жатып калды. Санчо аны карап да койбостон качып бараткан Айгулду кууп жетип, чачынан бурап кармап алып бет келди койгулап, бир маалда чалып жыгытып алды да, устуно минип алып колундагы баягы шиш менен корунгон жерине сайгылай берди. Милициянын ышкырыгын укканда гана озуно келип, алдында турган сержантты оодара тартып качып жоноду. Уйлор коп болгондуктан ал тез эле изин жашырып кетти.
***
Атабек уч кун дегенде озуно келди. Козун ачса жанында ак халат жамынып Бексултан олтуруптур. эмне болгонун тушунгон жок.
— Сен кайдан, мен эмнеге жатам, мени кантип таап келдин? — деп ар кайсынын башын бир сурап жатты уйку-соо арасында.
— Эс ал Атабек, сен уч кундон бери азыр эсине келдин. Озуно келгенде баарын тушундуруп берем, — деп коюп Бексултан палатадан чыгып кетти. Атабек ооруканада бир ай жатты. Бексултан кундо келет. Кийген кийими ондуу, озуно бир топ келип калган. Атабекти ооруканадан да бексултан машина алып келип чыгарып кетти. Бексултан ошол кунку окуяны Санчодон укканын, анан бут ооруканаларды издеп журуп, акыры бироолордун жардамы менен тапканын айтып берди. Экоо бир топко унсуз баратышты. Ортодогу жымжырттыкты Атабек бузду:
— Мени кайда алып баратасын?
— Квартирама.
— Баягы жеринеби, барбайм ал жакка.
— Жок, бир орус кемпирдикинде жашайм, ошол жакка. Кемпир 83 жашта, дагы эле иштейт, врач. Ошол кемпир жардамдашты сени тапканга. Сени алып келеримден да кабары бар.
— Андай болсо жакшы.
— Сенин иштеген жерине барып начальнигине да баарын тушундуруп койгом. Ал сенин акыркы ала элек уч айлык эмгек акынды, анан озунун жанынан 10мин кошуп, 100мин акча берген. Ме, айлыгынды.
— Койсончу биздин айлык акыбыз кармалып жатпады беле
— Жанагы кемпирдин жардамы менен алдым. Сенин начальнигин бизче айтканда анын аяш баласы болот экен.
— Менин иштеген жеримди кантип таптын.
— А сен мага озун айткансын, эсинде жок чыгар.
— Рахмат Бекиш, мен сага эмес эле, сен мага жардам берип калдын го.
— Кечирип кой, Подмосковьелик Айгул жонундо айтпаганда, сенин уй-булоон бузулбайт эле. Корсо ошол куну кечинде эле жолго чыккан экенсин да.
— Шибеге капка катылбайт, бир кун болбосо бир кун ачыкка чыкмак баарысы. Шойкомдуу жол узакка созулбасын озун жакшы билесин.
— Ооба, бир чети ачуу болсо да чындыкты билип алганын жакшы болду. Омур бою кумон менен адам жашай албайт.
— Озун ишке кирдинби?
— Жок, казына таап алдым.
-Табышмактатпай жон айтсанчы.
— Атабектин кулагына Шыбырап:
— Жарым милион акча таап алдым, — анан унун чыгарып:
— Сенин больницадан чыгышынды куттум, болбосо алда качан Ала-Тоомду коздой сызмакмын, — деди жайдары.
— Туура айтасын, кетеличи туулган жерибизге.
Бексултандын квартирасына келишип, чай устундо жайбаракат маектешти. Бексултан жарым милион акчаны кайдан таап алганын айтып берди.
Уландысы бар…