Болгон окуя

https://kyrgyzcha.site/?p=12913&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бир чоң эне жаш кезиндеги болгон окуясын айтып берип оозумду ачырды эле.

Азыр ошол апа сексендин ашын ашап отурат,кудай өмүрүн берсин.

 

Ал кезде 18,19 жаштамын бала кезим дейт,бир күнү эркек бала классташым, жолдон өтүп баратып,ал жай сурашып өткөн кеткенди сүйлөшүп туруп калдык.

Ал аңгыча апамдын ай кой деген чыры чуусу угулганынан,кайрылып эле артымды караганча лом келип жамбашымды жарып түштү.

Эмне болгонун өзүм да түшүнбөй ден дароо болуп туруп калдым,тиги классташ баламдан дайын жок,заматта жер жутуп кеткенсип жок.

Эсиме келип эмне болгонун аңдасам, эшиктин алдында классташ балам менен турганымды көрүп,кызы бузук экен деген ушак болот деп,атам намыстанганынан, жер казып аткан лому менен мени ыргыта чааптыр.

Тообо өлүп калса не болот деген түшүнүк болбоду бекен дейин десем,ошол кезде аталарда намыс да тартип да катуу болгон экен,ошол катуу тарбия,тартиптин артынан жаман болгон жокпуз деп сөзүн бүтүрдү чоң эне.

 

Айтайын дегеним азыр кайдагы намыс дейсиң,бешиктен бели чыга элек кыздарыбыздын алдын Россиялатып,артын өз мекенибизде айдактап ишке салып айдоосал кылып,анан арттан азабын тартып, ичибизден кан өтүп сотко бир чуркап,отко бир күйүп зордуктап кетти деп,ааламды аңтара кыйкырып жүрөбүз жар салып.

Эртең кыз киши турмушка чыкса өмүр бою бетине кара көө жабылат,келечеги кандай болот деген деле түшүнүк, намыс,ой жүгүртүү калбай барат бизде.

Кыз бирөөгө бүлөө болот,кайын журт күтөт,бир кайын сиңдиге,кайын иниге жеңе болуп тойго барат,аяштары менен жакшылыктарда бирге болот,ошондо бир соо жинди,бир төө жинди чыгат,тээ баягы зордукталып интернетте жүргөн белең,ошонуң не болду деп.

Ошондо даана жети өмүрү жерге кирбейби кыздын.

Дейин дегеним атайын ички иштер тарабынан, ананимдүүлүккө кепил болчуу адамдар менен чогуу иш алып барып,кыздын келечегин талкалабай сактап калуунун жолдорун караштырбайлыбы.

Канткен күндө да ата,ага,инилер турмушка чыга элек эже карындашыңарды тыйгыла,катуу көзөмөл кылгыла,азыр өтө коркунучтуу коомдо жашап жатабыз.

Кордолуп зордукталып аткан жаш кыздарга жаным ачыйт,бирок колдон келээр чама жок, шыпшынып бир үшкүрүп тим болом??

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️