Бир тууган сиңдим батырбай

https://kyrgyzcha.site/?p=62661&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бир тууган сиңдим батырбай, Москвада түн бир оокумда көчөдө калдым

Жумуштан шашпай чыктым, мен үчүн убакытты өткөрүү керек эле. Анткени бара турган үйүм жок, бир сом акчам жок. Оор үшкүрүп чемоданымды сүйрөп метронун ичинде отурдум. Саат бирде метро жабылат кайда барам? Көзүмдү жумуп эртең мененки сиңдимдин кылыгын эстедим, бир тууган сиңдим көптөн бери айта албайт, бирок кодолоп батырбай келет. «Душка ким түштү эле?» деп баштады. Жаш баладай мен дедим. «Жууп койбойсуңбу?» — деп сүйлөнүп кирди. Мен Элүүдөгү аялмын кантип жуубай койойун. Бир чыны чайды эптеп жуттум да, киймимди алып чыгып кеттим. Сыртка чыгып кыйкырып ыйлагым келди, бирок кимге? Жааган кар сооротконсуп, бетимен өөп жерге түшүп жатты.

Кичинебизде адырды аралап чуркап ойногон сиңдим, нанга каймак сүйкөп баштыкка салып алып бөлүшүп жеген сиңдим, жыгылып алып тизеси айрылып ыйласа жалбыракты шилекейлеп жабыштырып сооротуп мен жакшы көргөн сиңдим ушунча өзгөргөнүнө таң калды. Чөнтөгүндө бир сому жок, барар үйү жок бир тууганын бир сурап койбоду. Бул жакка мени да карыз, кредит алып келди. Айлам кетип сиңдим бир жумушка киргизип койсо иштеп кетермин деп келгем, иштедим бирок акчам тийбейт алалбай ушундай кыйналдым. Бир нан көтөрүп келбесең тамак да өтпөйт экен, келип эле жатып калам. Жумушта баары тамак ичкенден кийин барабыз, анткени калган нандарды тамактарды жейбиз. Көзүмдү жумуп мен эмне жамандык кылдым деп, артка тегеретип карадым. Жардамым болбосо да, жамандыгым болбоптур го жаным. Биринчи курста ала качып кетти, күйөөм кызыл камчы, кызганчаак болду. Иштеген жерге келип алып чуу чыгарган, балдарымды алып качып жүрүп убакыттын өткөнүн да билбептирмин. Кыздарым күйөөгө чыгып кетишти, балам бойго жетип өзү менен өзү. Эшигимди тепкилеп келген доочулардан кутулуштун бир гана жолу асынып алуу эле калды. Очокканага барып аркан менен чоң үстөлгө чыктым, жетпей калдым. Ашканадан кичине үстөлгө чыксам, алдыман апам чыкты. Көңүлү көтөрүлүп сүйүнүп алыптыр. Аяш баласы той берип ошого келиптир, эт боорсогун столго жайнатты. Ошондо кудайга миң мертебе шүгүр кылдым, өзүмө өзүм кол салып өлүп алсам, апам байкушту өмүр бою тозокко салып кетмек экенмин. Апама ичимдеги көйгөйүмдү айттым, «Россияга барып иштейин башка арга жок» дедим. Апам да макул болду. Ошентип мен да Москванын жактырбаган коногу болдум.

Метродо үч саат отуруп андан ары вокзалга бардым, ал жерде таң атырып алып жумуш издедим. Сураштырып отуруп бир жумуш таптым бирок эртең дейт. Эмне кылам бүгүн да бир жерге баш калкалаш керек. Вокзалга күндө бара берсем кармап кетпесин деп, бүгүн аэропортко бардым. Ачка болсом да жылуу болгонго уктап калыптырмын. Эртең менен жумушка бардым жатар жерим жок экенин чемоданымдан билди окшойт, подвалына жата бер деди. Жумуш кеч бүттү аябай чарчадым, ящиктерди койуп жаттым. Чарчасам да сиңдим чалдыбы же жазды бекен деп телефонумду карадым, кабар жок. Менден кутулганына сүйүнгөндөй. Ошентип күн өтүп жатты. Ашпозчуларга жардам берип жүрүп үйрөнүп алдым да кухняга өтүп кеттим. Карызымдан буюрса кутулдум. Бирок эми кайда барам? Мен кимге керекмин? — деген суроо туулду. Башыңа иш түшкөндө кимдин ким экени билинет деген эң туура экен.

Карызымды төлөйм деп жүрүп, неберелеримди да көрө албаптырмын. Кыздарым да алыстагандай, күйөөмө баары бир сыз жерге жатып, ачка болуп жүрүп иштегенимди билген да жок. «Бирөөнү таап алдың да» деп күйдүрөт. Бир гана апаң сени чанып кетпейт экен, сурап турат.

Сиңдим болсо апама «жакшылыкты билбейт кызың, бекер үй, бекер тамак ичип отура бербейби»деп апама жамандаптыр. Апама экөөбүз тең баласыбыз эч кимибизге тарта албай элдештире албай жүрөт. Муну менен мен эмне айткым келди, мен таарындым тагдырыма эмес өзүмө.

Пример HTML-страницы

Мен өзүмө таарындым турмушум ушундай тайгалак болуп чалып турганына, таарындым колумда жок болуп апама ойдогусун алып бере албаганыма таарындым. Өзүмө сиңдиме оорчулук келтиргениме таарындым.

Ушу өткөн ар бир күнү алланын атын атап, жардам сурадым кудайыма миң мертебе шүгүр кылам, шүгүр кылып келем. Мен бир тууганымды кечиргем, анткени ал менин бипбиртууган сиңдим, кайда болсо аман болсун. Кичинебизде кашыка кантты ээритип момпосуй жасап апаман таяк жеген күндү эстеп күлүп отургум келет, бирок телефонго сенден коңгуроо келбейт. Бирок күтөм, сени сагынам сиңдим. Кокус көзүм өтүп кетсе, келип ыйласаң да мен билбейм . Мен алыыыс жакта болом.

Муну окуп жаткан болсоңуз бир туугандардан кабар алыңыз, кеч болуп калбасын. Бар байлыгым бир тууганым.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️