Акча алуучу жайда өз кезегин күткөн Аял кыйла отурду . Кезеги жеткен соң чет жердеги кызы которгон акчасын эсептеп алды да , бир бөлүгүн баштыгынын чөнтөгүнө , калганын алганга оңой тарабына салды . Кыжылдаган эл көп базарга кирип баратып биринчи акчаны ооз тийүүнү ойлонду да , тамактанууга кичинекей ашканага бурулду . Ысык мантынын жыты буркурап алдына чай наны менен кошо келди . Эми эле нандан ооз тийип оозуна салып жатканда айылдаш келин эжеси менен кирип келишти да чекедеги оорундуктан оорун алышты . Салам берүүгө ниеттенип караса негедир ал келин байкабады окшойт , бул аял тарапты карабады . Бул аял да унчукпай өз тамагы менен алектенип отуруп калды . Негедир эже сиңдилердин талашы кулагына үзүл кесил угулуп жатты . Оорукчан апасы тууралуу бейм . Кезектешкен кезеги келсе да агасы алып кетпегенин айтып арызданып жатты келин .
— Кечээ агама чалсам жеңем алган. Жеңеме айткам бүгүн апамы алып кеткиле дегем . Апамы агам алып кетет деп бүгүн кошо базарга алып түшкөм , буюмдарын кошо алып келген элем . Агам келбеди . Анан силерди чакырдым . Бирөөңөр алып кеткиле .
Эжеси онтолоп :
— Сен тарапка баргысы келип бара берет . Менин үйүмдө кайненем бар . Ошого отургусу келбейт . Бүгүн да алып кет .- дейт Эжеси . Анда келин ынабай:
— Күйөөм урушуп жатат . Түшүнсөңөр . Эки айдан бери менде . Бүгүн караанын көрбөйүн эптеп бирөөсүнө тапшыр деп жөнөттү күйөөм .
Бир маалда ыйлап бышактаган үн чыкты .
Аял да жеген тамагын секин чайнап тыңшап калды . Бирок көрүнбөйүн дегенсип жүзүн бекитип тетири карап , далысын салды . Алардын жүзүн көрбөсө да сөздөрү угула берди .
— Азыр апамы дааратканага алып кетти Наргүл. Келе жатыша бейм . Эми не кылабыз ? Унаанын айдоочусуна дайындап , дарегин берип Апамы Агама салып жиберелиби? Сүйлөсөңчү .. Келип калышат эми . Келгиче бир жыйынтыкка токтойлу . Апама билгизбей .
Бышактаган келин :
-. Апам негедир агамдын үйүнө баргысы келбейт . Саар да зорго чыкты . Сен өзүң айт . Мен айтсам үйүнө батырбай калыптыр дейт .
Эже синдинин тартышы бүттү бейм үнсүз отуруп калышты . Көп убакыт өтпөй таяк таянып сылтып баскан аял , жанында жөлөп жүргөн жашыраак өспүрүм кыз менен ашканага кирди да , кыздарынын жанынан оорун алды .
Аял көзүнүн кыйыгы менен карап , Энени ичинен аяп алды .
Бышактаган келин жашын көргөзбөй :
— Азыр келем Апа , чай ичип туруңуз — деди да эжесине эптеп жагдайды тушундур дегендей көз караш менен карап сыртка чыгып кетти .
Ал келиндин эжеси апасына чай сунуп жатып:
— Апа курсагынызды жакшы тойгозуңуз . Агам чалды . Иштерим чыгып барбай калдым . Эптеп унаага салып жибер тозуп алам деди . Чай ичип болгон соң сизди салып жиберели — деди .
Апасы чайын ууртап жатып :
— Барсам келин экөөнү уруштура берет экенмин . Уулум мага жан тартып турса да эркек бала да дааратканага кошо бара албайт .Түнү же тургуза албайм . Же келин өзү билип турбайт . Кантейин . Ал жака барбай эле койойун . Сайраштыкына эле барам . Күйөө балам да жакшы .
— Апа Сайраш деле эки ай карады , уят эми жүрө берсеңиз . Күйөө баланын туугандарына кеп болосуз . Эки ай агам жакта болуп туруңуз .
Келинден заарканабы айтор Эне ынабай жатты .
-. Мен пенсиямы Сайрашка берем да . Ал курган колунда жок . Азык түлүк алып келип кенен кесири жейт . Мен агаң жакка кетсем ал акчадан кыйналат — дейт курган Эне.
Сыртта угуп турган кызы ыйлап жатты бейм . Карааны турат .
Аял тамагын жеп болуп сыртка чыкты . Жашын аарчып отурган айылдаш келинди көрсө да көрмөксөн болуп алыс басты .
Энеге не болду , ким билет ..
Аял мындай көрүнүштү көрсө кинодон көрөт эле , же кулагы ушак кептерди угат эле . Бирок өз көз менен оорукчан Эненин түрткүнчүк болгон абалын биринчи көрүшү . Кудай сактасын дегенсип , жакасын кармады да үч жолу тукурду .
Өзүн ак барактай аппак , күнөөсүз сезген менен тээ туюмунда бир өкүнүч кошо жашайт эле .
Азыр ушул көрүнүш ошол өкүнүчтү эске салды . Ал өзүнүн энеси . Энеге мээримдүү боло албады бейм . Болсо дагы бу түбү түшкүр тиргиликтен бошой албай Эненин алдында кызматын кыла албады окшойт .
Бир жолу Энеси чакыртты . Үйдөгү иниси келин менен жайлоого чыгышаар эле . А Энеси неберелер менен үйүндө жалгыз калчуу . Неберелери да ошо тапта жайлоого кеткен беле айтор Энеси ооруп калып бирөөлөрдөн чакыртты .
Балага Эне оорубастай , чарчабастай сезиле берет го .. Аял да Энесин жатса жатып эртеси туруп кетет гоо деген ой менен шашылып барбады .Үй иштерин жайлаштырып болуп , бир эки күн өткөн соң анан барган . Барса Энеси төшөктө отуруптур . Бараары менен тилдеп кирди :
— Өлүгүңдү көрөйүн мен куруйун . Ушу балдарды баккыча ит баксам жакшы болчу экен. Мени кооруп үнүн чыгарып , үрүп эшикте жатмак — деп адатынча наалынып алган .
— Чакырсам келбейсиң өлүгүңдү көрөүйүн кыз болгон мага . Деги эле кызым карайт деп ойлонупмун . Энеси көпкө наалынып анан бышактап ыйлап басылган . Анан кошунасына ыраазы болгонун айтып түгөтө албайт .
Бу аял бара электе кошуна кирип кабар алып Энесине :
— Сыртта карааныныз көрүнбөй калганынан кирдим эле . Ооруп калдыңызбы ? Азыр чай демдеп берейин — дептир да койнуна сала келген бир тоголок набат кантты ысык чайга салып ууртатыптыр . Ошол набат салган ысык чай тердетип кыйла дем бериптир . Мурун анча маани бербеген кошунасы ошондо көзүнө Умай энедей көрүнүп , кызматына ыраазы болуптур . Ушуларды айтып Энеси божураган . Анда Энесинин ошо сөзүнө анча маани деле бербептир . Дасторконун салып , кайнатмасын асып , ашып кетсе бир жума кызматын кылды да үйүнө шашкан . Үйдөгү келин келип Энесин карап жүрдү . Көп өтпөй Энеси көз жумду .
Азыркыга чейин өзүн өзү тилдейт . Бу түйшүгү түгөнбөгөн тиргиликти каргап шилейт . Энеси ооруп жатканда көп кызматын кыла албады.
Ошо Энеси айткан , мактаган кошуна аялды көргөн сайын бир тоголок набат кантын кошо элестетип , урматтап , сыйлап калат ..
Көрсө көңүл деген бир тоголок набат кантка деле көкөлөп сүйүнөт тура .
Ошо күндөрдү , өлгөн Энесин эстеп Аял жашып алды .
Баякы Эне кантти экен . Деги карыганда Кудай оорукчан кылбаса экен . Ушуларды ойлонуп үйүнө баратты .