Пример HTML-страницы

Батирден батирге көчкөн үй-бүлөнүн жер алууга чогулткан акчасы өрттөнүп кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushАламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында 2 кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, анын 150 чарчы метри толугу менен күйүп кеткен.

Кырсык 10-апрелде катталган.

Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, аталган кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Бирок, ижара акысын төлөп жашап жаткан 4 үй-бүлө көчөдө калды.

Жабырлануучулардын бири Нурлан кызы Айпери аймактык кабарчыга окуя тууралуу айтып берди.

«Ошол күнү жолдошум таӊ эрте жумушка кеткен. Мен 2 балам жана сиӊдимдин баласы менен саат 11:00-12:00 чамасында апамдыкына кеткенбиз. Алар бизди ооз ачууга чакырышкан. Үйдөн чыгып баратып, электр тогуна туташкан тиричилик буюмдарын өчүрүп кеткем. Саат 17:00 чамасында үйгө жолдошум келип, кайра достору чакырганынан чыгып кетиптир. Ал дагы орозо кармаган. Кечинде үйгө келсек, ушундай кырсык болуптур.

Кошуналарыбыздын айтымында, өрт саат 17:00-18:00 чамасында чыгыптыр. Биздин астыбызда жашаган эженин жолдошу үйүндө экен. Ал эми үстүңкү кабатта, жаныбыздагы кошунабыздын балдары бар экен.

Үй тез эле өрттөнүп кетиптир. Ошол күнү жамгыр жаап, чагылган болуп жаткан. Чакалап суу чачып, бирок жетишпей калышкан. 3 өрт өчүрүүчү унаа келди. Өрт эмнеден чыкканы белгисиз. Эми орозодо Кудайдын берген сыноосу деп кала бердик.

Биз менен чогуу 27 жаштагы сиӊдим 8 айлык баласы менен жашайт. Эки кабаттуу турак үйдө жалпы 17 адам жашачубуз, анын ону жаш балдар», — деди ал.

Айпери жер алууга чогултуп жаткан акчасы күйүп кеткенин айтты.

«Ошол өрттөн кийин туугандардын үйүндө жашап жүрдүк. Бир канча күн батир издеп, батирге чыктык. Берки кошуналарыбыз ар кайсы жерде баш калкалап жатышат.

Баарыбыздын тиричилик буюмдарыбыз, кийимдерибиз, документтерибиз күйүп кетти. Биздин жер алабыз деген 80 миӊ сомубуз бар болчу. Ал дагы өрттөнүп кетти», — деди ал.

Байланыш номуру: 0709 79 6396

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE