Пример HTML-страницы

«БАШЫМА ТАШ ТҮШКӨНДӨЙ БОЛУП…»

https://kyrgyzcha.site/?p=55023&preview=true Кызыктуу окуялар.

 

«БАШЫМА ТАШ ТҮШКӨНДӨЙ БОЛУП…»

– Ата-энем ушундай тарбиялап койсо керек же табиятымдан эле ушундайдырмын… Ачыгын айтканда, адамдарды бийлеп-башкармайын тура албайм. Көп эле байкайм, ушул жоругумдан жакындарым жабыр тартып, мени жек көрүп кетишерин. Байкайм, бирок өзүмдү өзгөртө албайм. Чолпонум, менин жумшак, назик, адептүү кызым ошол мүнөзүмдүн курмандыгы болду.

Жашырганда эмне, Кыргызстанга белгилүү үй-бүлөдөн болом. Кызым Бишкектеги престиждүү университеттердин бирин бүтүрдү. Кыздуу үйдүн төрү жуучулардан бошобойт эмеспи. Кызымдын колун сурап биздин бүлөгө шарты, коомдогу статусу жагынан да туура келчүлөр келип жатышты. «Чолпонду бере берели» десем эле күйөөм болбойт, «кызыңдын көңүлү барбы, жокпу, билүү керек» деп. Ошентип жүргөнүбүздө кызым күйөөгө чыгып кетпеспи! Башыма таш түшкөндөй эле болуп отуруп калдым. «3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн» дегенди укканда кызыма катуу капа болдум. Кудага келгендерге «атам менен апам батасын берсин» деп кат да берип жибериптир.

Келген кудалардын түрү таптакыр жакпады. Алардын Оштон, болгондо да өзбектер кайнаган жерден экенин укканымда биротоло чалкамдан кеттим. Айтканды эки кылбаган, ата-энесине ыйбаа мамиле кылган Чолпонумдан мындайды күткөн эмесмин, «ырас бизге бир ооз айтпай өзү чечтиби, эми деле өзү билип жашай берсин» деп салдым. Күйөөм урушту, урук-тууган урушту. Ошентип ызы-чуу болуп отуруп үч күн дегенде артынан эже-жеңесин жөнөтүп, салтын жасаттык.

Чындыгында, кыйратып калың берип, сеп ала турган бүлө эмес эле. Бир күнү жиним келгенде чоң машинага себин жүктөтүп берип жибердим, өзүм барган жокмун. Кызым бечара капа болуптур. «Апамдын катуулугу жанга батты. Булардын ага жага тургандай калың берүүгө чамасы жок»,- деп Чолпон өпкөлөп ыйлаптыр.

«Апа, жарды дээрсиз, бирок жакшы адамдар экен. Чолпонго кагылып-согулуп эле жатышат. Күйөөсү бир жактан, кайнене-кайнатасы бир жактан. Сиз тандап берген биздин күйөөбүз, кайненебиз деле минтип көзүбүздү карабайт»,- деп келди улуу кызым Жыпара. Ал сөздү угуп ого бетер кыжырым кайнады, «үрүп чыгар ити болбосо, көзүн карабаганда анан?!» деп.

 

«КҮНӨӨМ ТООДОЙ»

– Эки жыл өттү, жибиген жокмун. Кызым үйдү сагынып кыйналса да, «качан төркүлөтүп чакырасыз?» дей албады. Ал салтты да кылмак эмесмин, күйөөм жанды койбоду. Кайнене-кайнатасы, күйөөсү, дагы бир топ жакындары болуп келип кетишти. Чолпон менен элдин көзүнчө кирип келе жатышканда учурашкан боюнча сүйлөшпөдүм. Чачынан сылап, ал-абалын сурагым келсе да, жанына бара албадым. Өзүмдүн көк беттигимди, мендигимди аттап өтө албадым. Куда-кудагыйга да бир кабак ачылып сөз сүйлөп, ал-жай сурабадым. Аным кантип байкалбай койсун? Үйүнө барганда кайненеси чатак салыптыр, «кечтим, байдын кызынан!» деп. Уулун «мен айткан кызга үйлөнсөң, мынчалык кор болбос элек, ата-энесин билип туруп алсаң болбойт беле! Бай болсо өзүнө! Экинчи ошол үйдүн босогосун аттасам атымды башка коём!» деп урушуптур. Аны уккан кызым эжесине чалып, «апам бир аз ийилип койсо болбойт беле? Булар мага бир жамандык кылбаса…» деп ыйлаган экен. Улуу кызым атасына айтып келиптир. Өмүрү сен дебеген күйөөм ошол күнү мени жаактан ары бир тартып алды. Жиним менен инимдикине барганым, машинасына май куйдуруп айдатып чыгып кеткеним эсимде. Ушунчалык каарым кайнап барган окшойм, Чолпонум мага каршы бир ооз үн ката алган жок. Очоктун боюнда тамак жасап жүргөн экен, ошол кир халаты менен салып алып баса бердим. Кайненеси «кой-ай» деген да жок, жөн гана узатып кала берди.

Кош бойлуу экенин үйгө келгенде билдим. Беш ай болуп калыптыр. «Баладан тажап калган жерибиз жок. Төрөйсүң, өзүбүзгө каттатып алабыз. Өзүм багам, сени шаарга жиберем, байкелериңе айтып жакшы жумушка орнотуп коём» дедим. «Апа, Султан менен сүйлөшүп, байкап көрүңүз, жакшы адам. Жумушу жакшы, окуган-чокуган. Келечеги бар. Анчалык деле начар адамды тандамак эмесмин да. Аны менен ажырашкым келбейт»,- деп кызым бир топ ыйлады. Ыйлаганына карамак белем?..

Эркек да, күйөө балам Султан да таарынды, өчөштү. Кызым төрөгүчө келген жок. Төрөгөнүн укканда чыдабаптыр, бечара түнү менен жол жүрүп келип калды.

«Келгениң жакшы болду. Отуруп мобул баракка жаз, баладан баш тартам деп. Мен Чолпондун бармагын да эми сага карматпайм» дедим. Кумсарып отуруп жазды. Чолпон отурат, керебетте дирилдеп ыйлап.

«Мынчалык эмнеден жазып, кандай айып кетиргенимди билбейм. Мага каршы болуп эле туруп алдыңыз. Чолпонду жакшы көрөм, ал деле мени сүйөт. Бирок эки жылдан бери сизди ойлогон сайын ыйлайт. Ошол азаптан кутулсунчу, макул, кызыңыздын жообун бердим»,- деди. Ошондо эле эсиме келсем эмне?!

Уул төрөдү. Абышкам экөөбүзгө го, жакшы болду, кирип-чыгып эрмектеп. Кызымдын кабагы такыр ачылбаганынан алты айында баласын эмчектен чыгарттым да, өзүн Бишкекке жөнөтүп жибердим. Жумушка чыкса, башка адамдар менен таанышса, көңүлү ачылат дедим. Андан бери сегиз жыл өттү. Неберем мектепке барып жатат. Кызым дале жалгыз. Акыры Орусияга кетип калды.

Ошентип, эсирген мени кичүү кызым эсиме келтирди окшойт. Жакшы эле кудалашып, өзүбүзгө тең бүлө деп күйөөгө узатканбыз. Бирок кайненеси, чиркин, куу экен! Бир эле мени эмес, баарыбызды тажатты. Акыры ажырашасың дедим. Уулу эки жашка чыгып калган. «Уулуңду Чолпондукуна кошуп бага берем. Ушул кайнененин азабын тарткыча, азыр ажырашып кет» деп үйгө алып келе бергем. Бир жакка айылчылап кетсем, Бишкекке күйөөсүнө баса бериптир! «Жаман да болсо өзүмдүн күйөөм, баламдын атасы, мен Чолпонго окшоп өмүр бою жалгыз калууну каалабайм» дептир. Төбөмө чагылган түшкөндөй болду. Үйдө айтканым айткан, дегеним деген болор эле. Эмне болду? Карыдымбы? Же балдарымды ушунчалык тажаттымбы? Ой түбүнө жетпей убарамын. «Эже, сизге эмне болду, ооруп жатсаңыз доктурга көрсөтөйүн, дарыланыңыз»,- деп инилерим убайым тартышат. Бир жагынан күйөөм түпөйүл, «күндөн-күнгө кубарып, арыктап эле баратасың, врачка алпарайын» деп. Врачтар эмнени билишмек эле, меники дил оорусу. Чолпонум… Көздөрү балбылдаган менин ширин кызым, сенин тагдырыңа балта чапканыма капамын. Ошончо болуп Султан экөөңдүн бир ирет да урушканыңарды көрбөдүм. Ажырашкандан кийин деле сен-менге барган жоксуңар. Ал жигит көпкө күттү, акыры үмүтү үзүлгөндө үйлөндү. Кызым аны укканда бир ыйлады дейсиң, жанында турган адамдын сай сөөгү сыздайт. Ошондон кийин Орусияга кетип калбадыбы!

Неберемди жыттаган сайын, Чолпонум менен сүйлөшкөн сайын жүрөгүм сыздайт. Өз балаңдын алдында, жаныңды бергенге макул адамыңдын алдында күнөөлүү болгон жаман экен. Ушундай күндөрдө жашап келем. Кечир мени, кызым!..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE