Пример HTML-страницы

Башкача күн

https://kyrgyzcha.site/?p=58779&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ассалому алейкум окурмандар!Бүгүн негедир бир башкача күн болду мага,себеби мен өзүмө жыл жыйынтыгын чыгардым, тактап айтканда ушул 25 жашка келгенге чейинки күндөрүмө назар таштадым.Бала кезден бери эле тирүү жетимдиктин доорун сүрүп,азабын далай эле тарттык.Ачка ток калган күндөрүбүз…Байкуш апам бизди багуу үчүн эмне гана жумуштарды аткарбады дейсиздер.Мектептен далай жолу кароо сынактардан биринчиликти алсак да бизге биринчиликти бербей «директордун кызы же баласы»утуп кетчү.Бизди тоготушчу эмес,ошентип агам мектептин «адилетсиздигинен» улам окууну таштап чыгып кетти.Атабыз бизди кичине кезибизде эле таштап кеткен.Ыйлап сыктап апам бизди чоңойтту.Эч нерседен кем кылбады,ошентсе да атанын орду бөлөк экен.Бизди апам татыктуу тарбиялады.Агаларым,сиңдим баарыбыз үй тиричилигине бышканбыз,адамдардын суук сөздөрүнө,мамилесине да үйрөндүк.Убакыт өттү арадан…

Үй жайыбыз элдин арты деле эмес,агаларым үй бүлөлүү болуп ,үй жай күтүп колунда бар үй бүлөлөрдүн катарын толуктап калдык.Апамды,дегеле бизди да бүт айыл «сыйлашат».Үй жайыңа мал дүйнөңө карап адам мамиле кылат турбайбы.Адамгерчилик,ыйман адамдардан алыстап бараткандыгын ушундан улам билүүгө болот.Окуу жайды да артыкчылык диплому менен аяктадым.Өз кесибимдин мыкты адиси болуп иштеп жүрдүм.Турмуш жолуна аттанып бирок жолум болбоду…Кайын эже,кайын сиңдинин запкысы сай сөөгүмдү сыздатса да чыдап жашап жүрдүм.Мен аларды өз үй бүлөмдөй кабыл алып ,ысыгына күйүп,суугуна тоңдум.Баш отум менен чын жүрөктөн күйүп тиричилик кылып баарынын көзүнүн кареги менен тең айлансам да эч ким баалачу эмес.Эч кимиси кылган ишимден кемчилик таба алышчу эмес.Тамакты түрлөп жасап,иштин майын чыгара жасаганым менен негедир жакпадым.Эрте менен уйларды саап,сүтүн казанга асып жылыгыча малдарды талаага айдап,музоолорду өзүнчө айдап ,сүттү тартып каймагын чыгарып,короо жайларды тазалап бүткөндө араң гана уйкудан турушчу.Уй сааганда музоолорду деле каралашып айдашып коюшчу эмес эч кимиси же күйөөм жардамдашсачы.Эрте мененки чайга отурганда кайын эже сиңдилерим каймак ушул эле чыктыбы аз го дешип мени жегенсиң дегенсип күндө ушул абал эле.Эрте менен кечке чейин менин кемчилигимди издешип болоор болбоско маанайымды түшүрүп турушчу.Ары карап ыйлап бери карап күлүп жүрдүм.Кептин баары күйөөм кайын эжем менен кайын энем тандаган кызга үйлнбөй мага үйлөнгөнү экен.Ошого мени инимдин башын айлантып тийгенсиң да деп ар сөзүндө айтчу эле.Мени үйдө бир гана кайын атам түшүнүп турчу…Сабыр кыл …балам…Ушул сөз гана мени чыйралтып ,дем күч берип турчу.Ооба,турмушта өйдө ылдый болот эмеспи..деп өзүмдү сооротуп ансайын күчкө толуп жүрдүм.Бир кулагымдан уккандарымды чыгарып салууну үйрөндүм.Арадан 3 жыл өттү.Балалуу болбой жатканыбызды жүзүмө салып калышты.Мына эми шылтоо табылды аларга.Ошентсе да сыйлап ,баш көтөрбөй,үн чыгарбай кызмат кылдым.Чындыгында коркуп тиричилик менен алпурушуп жүрүп,ойлобопмун.Ошол убактары Кудайым буйруп боюмда болуп да калды.Уулду болуп уулубуз 3,4 айлык ымыркай болду,жүзүм жарык болуп калды деп сүйүнгөм.Бул сүйүнүч көпкө узабай ,кайын эжем мени кайын энеме жамандап жатып, жумуштан ачуу үстүндө келген күйөөмдү мага каршы кайрап,күйөөм мени сабап салды да «кет»деп жообумду берип салды.Мынакей дүйнө аңтар теңтер болуп жан дүйнөм ууга айланып көз жашым көл болуп отуруп калдым.Кайын энем күйөөмдү жаакка салып жиберди.Кайын атам келди ызы чуу болуп чурулдап жатышты.А мен нес болуп эч нерсени уга албай бир жерди теше тиктеп катып калдым.Күйөөм кечирим сурап жатты.Баары айланчыктап мени эмне кылаар экен дешкенсип жатышты. 1 сааттан кийин өзүмө келип бетимди муздак сууга жууп кайра кирип кеттим.Кийинип баламды колума алып өз үйүмө жөнөдүм.Терезеден кайын эжем карап турду.Кайын атамдын ошондо биринчи жолу көз жашын көрдүм.Баары кеч эле…Кана эми жообумду бербегенде баламдын келечеги үчүн атасынан ажыратпоо үчүн баарынын кылык жоругуна чыдайт элем.

Коңшу байке таксист болчу.Ал да үй жанынан өтүп бараткан экен.Дароо мени үйгө жеткиришин сурандым.Жол бою менин көзүмдүн ишигенин көрүп ,эмне болгонун сурап жатты.Алыскы тууганыбыз каттуу ооруп калыптыр ошого ыйлап көзүм кызарып кетиптир дедим да унчукпадым.Ошол бойдон ал үйгө кайтып барбадым.

Жолдошумду деле кээде түшүнөм.Же мени же бир туугандарын дей албай ортодо калчу.

Азыркы учурда күйөөм шаарда ар жерде жүрүп үйүнө деле барбай жатыптыр,бир аз ичкенге өтүптүр.

Кайын эжем ушул группаларда отурат.Ар дайым ушундай темаларга комментарий калтырбай жазат.Акыл ,кеп кеңеш айтат.Бир тарабынан күлкүм келсе,бир тарабынан жаным кашайат.Мен кыйналып чоңойгон күндөрүмдүн бирин көргөндө,адам кадырын билгенде…эххх…

Жолдошум экөөбүзгө насип кылып буйрубаган мебелдерде жамбаштап жатып ,биз эс алчу бөлмөдө сүрөттөргө түшүп сайтка киргизип алыптыр.Кеп мебелде деле эмес,ошол жансыз буюмдарчалык кадырың жоктугуна зээниң кейийт.Бир үй бүлөнү бузуп,бир баланын тирүүлөй жетим болуп калышына себеп болуп канча убакытка чейин жакшы жашайт экен.Биздин да Аллах алдында көз жашыбыз эсептелип турат.Баланын убалы эч качан тынч уктатпайт.Баламдын мотурайган,балбылдаган көздөрү барып барып менин бала кездеги атамды зарыгып күткөн муңдуу көздөрүмө окшобосо экен…Ойлонгонум эле ушул.

Ушул күнгө чейин ыйлап жан дүйнөм ооруп кыйналып жүргөнмүн.Жолдошумдун кайындарымдын историясын сайттан карап үмүт үзбөй карап көрүп турчумун,эми силердин атыңар жан дүйнөмдө эмес ,кол телефонумда да жок.

Быйыл 2021-жыл баарын унутуп,кечирдим.Аллахым өзү таразалайт.Менин да өзүмдүн кандайдыр бир күнөөм үчүн ушул күнгө туш болуп жаткандырмын. Баары Аллахтан деп билем.Балким мени бир нерседен куткаргандыр.Мен уулумдун келечеги үчүн өзүмдү аяп,татыктуу эне-ата болгонго аракет кылып жатам.Уулумдун келечектеги ийгиликтерин,жетишкендиктерин көрүү үчүн ,кубанычын тең бөлүшүү үчүн ага керекмин.Өткөн иштерге өкүнбөйм.Ойлонбойм.Ансыз да өзүмө бир топ оорууну ашырып алдым.Буюрса баары алдыда.Аллахка миң мертебе шүгүр!…

Аягына чейин окуп ой бөлүшкөн сиздерге ыраазычылык!Үй бүлөңүздөр менен аман болуңуздар!

Сиздерди терең урматтап автор!!!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE