БАРКТАЛБАГАН КАРЫЛЫК.

https://kyrgyzcha.site/?p=47925&preview=true Кызыктуу окуялар.

БАРКТАЛБАГАН КАРЫЛЫК

 

—Ысыкта жүрөктү сыкпай, токтотчу машинаңды.

Пайгамбар жашынан өтүп калган аксакалдын сөзүн эки кылбай, шофер дароо токтоду. Баарыбыз сырт тарапты карадык, эч ким жашабаган ээн талаа экен.

Түшүп калып, кайда барат деген ой баарыбыздын башыбызга келди өңдөнөт.

— Терезесин ачып койсоң боло беле, токтот, мен артка отурам.

Арткы эшигин ачып, отурган мырзага буйрук бере сүйлөдү:

— Түшүп, алдыга отур.

Ал бала да акыйлашып отурбай, ал дароо түшө калды.

Айдоочу унаасынын айнегин колу менен түрткүлөп жатып, ачып койду.

— Кечиресиз, мен байкабай келе берипмин, бузулуп калыптыр, мына шамал кире турган кылып ачып койдум, отуруп алыңыз,— деп, айдоочу ордуна отура электе тиги киши дагы кыйкырды.

— Мен сага оюнчук белем, кайра отурбайм, бол, айда тез, ошону адам сала электе карап коёт.

Артка өтүп отуруп алганы өзүнө да ыңгайсыздык жараттыбы, же жанагы

өзүнүн орой мамилесине кыжалат болдубу, үнүн бир аз жумшартып :

— Иним, кечирип кой, туура эмес кылып койдум.

— Эч нерсе эмес, жаш өткөн сайын адам деле жешилип, жукарып калат окшойт, менин атам деле кээде чыр болуп кетет,ал жагдайды түшүнүү менен кабыл алам.

— Ээ, иним, бул пейил оо жаш кезимден бери эле коштоп келе жатат, азыр бир аз чегиндим, бирок, таштай албай жүрөм.

Бул мүнөзүмө апам түтүп да, кейип да жүрүп өтүп кетти. Кийин бейиши болгур байбичем чыдаптыр. Азыр ушул пейилимди көтөргөн эч ким жок… Дагы деле кармап кетет, ит пейилим…

— Балдарыңыз көтөрөт да, айла жоктон.

— Жок, иним. Алар кайдан дейсиң. Шаардын балдарын өзүң деле билсең керек, тайманбай айтыша берет, эми… айылың деле ошондой болуп калыптыр.

Баса, шаарда турасыңбы?

— Ооба, шаарга кеткениме он жылдан ашты.

— Эмесе, сага кеңешим, айылга үй салып кой. Өз башымдан өткөн үчүн айтып жатам. Жаман айтпай, жакшы жок дейт.

Бекер отурганча, бекер сөз. Угасыңбы?

— Ии, айта бериңиз, сиздей аталардын сөзүн укпай койсом, кудайга да жакпайт.

Кулагым сизде. ( Телефон карап отургандар да бир оңдонуп,баарыбыз кулак төшөп калдык).

 

Мен өзүм айылда чоңойгон менен, окууну бүтүп, шаардык болуп калдым. Окуу жайда мугалиммин, үй- жай күттүм. Кудай мени өтө акылдуу жарга туш кылды. Азыркы пейилимди сабыр менен, акылдуу сөзү менен жеңип, үйдө чыр чыкчу эмес.

Бүт иштеп тапканым, кошумча жумушум менен үй салып, оюмдагыдай жашап жүргөн учурда аялым » айылга деле үй салып койсок кантет » деген ой айтканда дароо буркан-шаркан түшүп, кайнап кеткен элем.

— Сенде мээ дегенден такыр жок. Айылың кимге керек. Балдарды орус мектептен окутам, анан, чет өлкөдөн улантышат, кайра шаарда иштешет. Айылга барып, кой кайтарсаң, өзүң кете бер. Биз өсүшүбүз керек. Балдардын келечеги үчүн шаарда гана жашоо керек экенин тиги тоок мээң ойлоно албайт да,- деп, бир саат лекция окугам. Ал курган да: » Оой, кайттым айтканымдан, бир оюмду айтам деп, ачууңду келтирип алганым үчүн үзүр» деп кутулган. Ошондо туура айткан экен…

Кудай өмүрүн өтө эле чектеп койгон экен, жеңең эрте менен жакшы эле жумушуна чыгып кетип, кайтканда кан басымы көтөрүлүп, жыгылган бойдон тирүүлүккө кош айтып кете бериптир.

Сөөгүн туугандар менен кеңешип, айылга

алып бардык. Жайына коюп келгенден үч күн өткөн соң иним да, келиним да кабагы түшөт, анча маани деле бербедим.

Коридордо үндөрүн катуу чыгарып эле урушуп жатышат:

—Эми кете бер десең деле болот, чарчап да, жүдөп да кеттим. Жадатышты, эми өзү өлсө да ушинтип жүрө берет экенбиз да.

Тирилтип ала тургансып отура береби?

— Өзү билип кетем дебесе, кантип кет демек элем,—ишенген инимдин үнү араң чыгат.

Балам кечээ жолго чыккан, » барып, куран окутканы кафе караштырайын» деп.

Эрте менен өзум деле жолго чыгайын деп жаткам.

Келиним, инимди чакырдым.

— Жеңеңерди да ээсине тапшырдык, үч күн өз жеримде, өз атамдын үйүндө отурайын, тааныштар келип калса, » ээ, дароо кетип калыптыр да» дебесин дедим.

Байкуш жеңеңер силерди окуп жүргөнүңөрдө үйгө киргизип, квартирага акча төлөп жүрбөгүлө деп, өзү сабакка даярдана турган бөлмөсүн бошотуп берген, экөөң сабактан келгениңерче жумуштан келип, өзү тамак даярдап койчу.

Окууну бүткөнчө үч жыл эч нерседен кем кылбады. Жеңелик кылып, иниң кетсин деген жок, келиниң окуп жүрө бербей, үй ишине жардам берсин дебеди. Жакшы адам экенин силер эле эмес, мен деле баалай албай калдым окшойт. Ошол мээнетин үч күндө актап койдуңар. Эми, мен өлсөм, балама айтам, «бир жер таап, көмүп кой» деп… Дагы үч күн жүдөтөт экен деп кыжалат болбогула. Силердин түйшүгүңөргө үч жыл былк этпей түтүп жүрдү эле, силер үчүн үч күн чыдаш кыйын боллу, андай жакшылык нерсе бат унутулат экен, а жаман сөз жүрөктө жашай берет. Адам түркүк эмес, баарыбыз жер үстүндө конокпуз, а көңүлдү этият кылып жүрөлү, айрыкча, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбайлы.— деп, туруп эле сыртка жөнөдүм.

Экөөнүн оозуна сөз келбей, катып эле калышты. Алгач кетип калат деп ойлошкон жок. Анан түшүнүштү окшойт, артымдан чуркап чыгышты.

— Караңгыда кайда барасыз?

— Ээ, иним, караңгыдан коркпойм, көңүлдүн караңгылаганы жаман экен.

Кир, кеңири отура бергиле, эми жүдөтпөйм.

 

Топтолуп турган жигиттердин жанына келип, » мени таштап койгула, балдарым, жол кирени ашыгы менен төлөйм. Кетишим керек, шашылышмын» десем, мени тааныйт экен, дароо макул болду.

Эми жөнөсөк, алдыбыздан сигнал берип, бир унаа токтоду. Иним экен. Эшикти ачып, чөгөлөй калды.

— Кечириңиз, байке, бир ачууңузду мага бериңиз. Жүрүңүз, өзүм жеткирем.

— Мен сени менен коштошуп чыкканмын,- деп, эшикти шарт жаап, шоферго » айда» деп белги бердим.

Эмнеге шашып келе бергенимди балама айтпадым, кызым деле сурабады. Бир ай өткөндөн кийин баламды чакырып, үйдү саталы деп эми сөз баштаганда эле кагып салды.

— Үйдү эмнеге сатмак элеңиз, бүл үйгө канча мээнет кетти. Мен таптакыр каршымын.

— Балам, айылда жер бар, үйдү сатсак, көп кабаттуу үйлөрдөн үч квартиралуу үй алып, арткан акчасына айылга үй салып коелу.

Көзүм өтүп кетсе, мени ошол үйдөн чыгарасыңар.

— Бир күн өлүм үчүн да үй салмак белек, жок, мен бул үйдөн кете албайм. Мен да эмне болду экен деп коём. Башка себеп болсо деле, сатпайбыз. Ушул үй бүткүчө канча азап тарттык, эми тынч жашайлы,— деп чыгып кетти. Ошол боюнча бул тема жабылган болчу.

Баса, мен шаарга таарынып келе бергенден кийин, инимдин келинчеги унаа коюп кетип, ооруканада жатып, жакшы боло албай, көзү өтүп кетти. Барбадым, жолдо көп жүргөнгө болбойт, үйдөн эле куран окуп коём көзү өтсө да, жүдөтпөйүн дедим. Бирөөнү кечирбеген жаман пейилим бар. Ошондо, келиним айткан экен, » Ойлобой эле сүйлөп алыптырмын, жеңемди да капа кылып алган окшойм, күндө түшүмө кирип жатат, байкеңдин алдынан бир өтүп коелу» деп… Ага үлгүрбөй калды. Азыр неге капа болдум экен деп өзүмдү күнөөлөп калам.

Чынында, бала менен атаны да тил табыштырган апа болот турбайбы, үйдө жбалам экөөбүз улам алыстап бараттык. Айрыкча, экинчи жолу үйлөнгөнүмдөн кийин саламдашып гана койгону болбосо, сөзүбүз уланбай калды. Ушунча кадырым кеткиче, жөн эле жүрбөдүм да деп калдым.

Досторум, тааныштарын, бирге иштегендер улам бирөөнү таап жатып, көңүлүмө жаккан жашыраак аялга үйлөнүп алдым. Бир окуу жайдын жатаканасында иштейт экен. Башында аябай илбериңки болчу. » Баке, ( мени ушинтип атап алган), турмушка чыгайын деген деле оюм жок болчу, сизди көргөндө, өзүм да сөзүмдөн кайтканымды билбей калдым. Эки кызым менен квартирада жашап жүрүп, жарым өмүрүм өткөнү калыптыр. Же жакшы күйөө жок, же үйүм жок болуп… Эми, күйөө бар, үйүм эле болбой жатат» деп, кылыктанып сүйлөсө, оюмда эч нерсе жок эле:

— Жашап жаткан соң, үй да сеники да, көчөдө калмак белең,- дей салыпмын.

— Жакшы болбодубу, кыздарым да келип жашай берсинби?.

— Анын эмне оорчулугу бар, үй кеңири, жашай беришсин, эртең алып келебиз.

Маанайы беш болуп, колунан телефон түшпөй, ар кимге сүйүнчүлөп жатты. Мен кыздарын алып келгенге ушунча маашырланып жатат деп ойлоптурмун.

Көрсө, башка пландар түзүлүп жаткан экен. Үйлөнүп жатып, башка турмушун сурабаптырмын, мен алтынчысы болгон экенмин, кийин уксам…

Мектепте окуган эки кызын үйгө таштап, жумушка кетебиз. Мектепте каникул болгон үчүн, кечке үйдө жүрүшөт. Жумуштан ары кээде туугандары той кылса, ал жакка кетип калчубуз.

Бир күнү түн ооп калган убакта келдик, балам, келиним уктабай жүрөт.

— Тынч элеби,— дедим, таң калып.

— Тынч болсо, уктап жатмакпыз да, ата.

— А эмне болду? Балдарың каякта?

— Неберелериңиз бар экенин деле унутуп калдыңыз окшойт. Апам тирүү кезде тойго барам деп айтканын укпаган экенмин. Же сиз тыюу салчу белеңиз?

— Ал убакта үй салып жатканбыз да, мен деле барбай жүрчү элем. А азыр түйшүк жок. Барып келгенге неге болбосун.

( Оюмда салыштырып, ичи ачышып жаткан турбайбы деп, жоотконго себеп издеп баштадым.)

Балам кайра баштады:— Ошол мээнет менен салган үйдү кимге өткөрүп жатасыз?

— Жок сөздү айта бербечи, үйдү кимге өткөрмөк элем.

— Тиги кичинекей кыздары кайдан билет ,эгер ошол сөз айтылбаса?

Анан… эстеп кеттим, үй жөнүндөгү маекти. Бирок, мен өткөрүп берем деген эмес болчумун. Көрсө, чырдын башы мындай башталыптыр… Мен үйлөнгөн аялдын эки кызы келээри менен эле мени «ата» деп алышкан. Ар үйдө жүрө берип, жашоонун ыңгайын таап алышат тура.

Балам, келиним жашаган үйдө диван бар болчу, ошол үйгө кирип, чачып, үстүндө секирип, ойноп жатса, келин келип, кууп чыгыптыр.

— Өзүңөрдүн үйүңөрдө жүргөндөй чачыпсыңар, бул жакка киргенге силерге ким уруксаат берди? Чаң буттары менен булгап салышкан тура, баш айлантпай кеткилечи.

 

Кыздар апасына чалып, ыйлакташат.

Апасы келинге чалып, » ал үй эми биздики,

керек болсо, силер чыгасыңар.Жакында өзүмө өткөрүп алам. Кыздарыма жаман сөз сүйлөбө, мен тирүү турганда» деген экен.

Мен эч нерсе укпаптырмын. Сый көрүп жатканыма корстон болуп отура берген экенмин. Телефондон айтышып, урушуп, акыры сөздөрү калбай калганда, Асия ( кийинки үйлөнгөн аялым)менин жаныма кирип, эч нерсе байкатпай, отуруп калган тура. Жок дегенде, жолдо да айтып койбоптур. Ийиниме башын жөлөп коюп, келе жатса, жүрөгүм жылыганын айтпа… Көрсө, кылгылыкты кылып коюп, ичинен кыңылдап ырдап келе жаткан экен.

Балам да жумушунан кеч келип, баарын угуп, мени чыдамсыздык менен күтүп жатыптыр.

— Ата, каяктагы тентимиш аялга үй бере турганыңызды билбептирмин. Үйдү сатабыз десеңиз деле такыр оюма келбептир. Мен сизди түшүнбөй жатам. Өзгөрдүңүз.

— Мен үйдү эч кимге бербейм, убада да берген эмесмин. Эмне эле болуп жатасың. А үйдү сатам дегенде, себебин сага айтканмын. Айылга да үй салалы деген ойдо айттым эле. Бул үйдө жат адам жашабайт, кудайга шүгүр, силер барсыңар.

—Ии, ошону тиги тентимишке айтып коюңуз, жашаса жөн жашасын, болбосо…

Сөз аягына чыга электе баягы илбериңки аял ажаан аялга айланып, кыйкырык салды.

— Ии, болбосо не кылып жибересиң, керек болсо, үй сеники деп атаңар өзү айткан. Же жалганбы?

— Үй сеники дей элекмин го…

— Үйдү берем дегенден кийин гана көңүл тынып, кыздарымды алдырганмын, эмне коркосуз, айттым деп коё бериңиз. Тообо, өз балдарынан коркот, булар али жаш, иши бар, үйлүү болуп алышат. А үй мага тийбесе, мен эмне жүрөм, чалга кор болуп.

Ушул жерден чечип коюңуз, болбосо, дароо кетем.

— Мен үй сеники дебедим, болгону, өз үйүңдөй жашай бер, корунбай дегенмин.

— Мен силерге кызмат кылып, эч нерседен жок калган, курсак тойгузуп, кор болгудай жан эмесмин, сендей коркок чал менен жашабайм, » үй сеники» деп, алып, эми сөзүн танат. Сыйга деле татыксыз экенсиң, балдарына сөзү өтпөйт, кой, сага кор болгончо, кетип эле калайын.

Жакшы, эртерээк билип калдым, бекер убакыт өткөрбөй,— деп, сенсиреп урушуп жүрөт.

Такси чакырып, уктап жаткан кыздарын ойгото баштады. Оозуна келгенди сүйлөп бүтпөй койду. Эмне алып, эмне койгонун деле карабаптырмын, көп нерсени жүктөп кеткенге үлгүрүптүр. Эсиме жара чыгып, акча койгон жеримди биле турганы оюма келбептир. Бир саат мурун сыйда отурсам, бир сааттан кийин ойдо жок чырда аралашып жүрөм деп ким ойлоптур. Кетти.

Таң калып бүтпөй койдум, кой оозунан чөп албаган жоош аял минтип балама каршы кылып, мен укпаган сөздөрдү айтып, шып этип, чыгып кеткенине…Көрсө, ар үйдүн эшигин аттай берип, укмуш артист болуп калат экен да. Бекитайымдын мүнөзүн, ( балдарымдын апасы) мамилесин эстеп алып, өмүрүмдө экинчи жолу ыйладым.

Кечирим сурап жаттым, «элге кошулуп, эс алууга деле алып барбадым, бир күн болсо да көңүл ачып ал деп тойго деле ээрчитип албадым, тирүүлүктүн түйшүгүн тартып жүрө берген экенсиң, мен жумушка эле барганым болбосо, жөн эле жашап жүргөн экенмин. Бекитайым, кечир мени» деп төгүлүп ыйлап жаттым…

Ошентип, өз балдарыма жаман көрүндүм. Тамакты да салып үйүмө киргизип коёт, айла жок, ушуга да шүгүр деп жеп алам. Көп күнөө өзүмдөн кеткен экен, азыр мен курсагымды тойгозуп койгондой эле, мен да балдарым жаш убакта курсагын , кийимин камсыз кылып,

окуусун сурап койчу экенмин, бала менен сүйлөшүп, сырдашып көрбөгөн турбаймынбы. Шаарда таанышым бар, тууганым жок, кошуналар катташпайбыз деле. Жүрөгүм сыгылып кетти. Тоо тарапка кеттим. Ошол жакта жүрө турайынчы, азыр сонун убагы, жок дегенде, жаратылыш дарылайт болуш керек, алаксып келейин,

балам, кызым издешет бекен. Ал жакта бала күндүн изи бар, жүрөгү таза досторум бар. Аз убакыт болсо да, өзүмдү дарылайын деп баратканмын, мына иним, тоого жете элек кечирим сураганды үйрөндүм, күнөөмдү моюнга алдым,

кудай буйруса, баары жакшы болот деп үмүт кылып баратам.

 

Убагында жараткан берип койгон жан дүйнө тынчтыгын баалабай, жоготуп алып, айла кеткенде, аны башка жактан издеп табаарына көзүм жетпеди, бирок, аяп бараттым. Колдо бар алтындын баркы жок дей бербей, кийинки көч улоочулар барктап жашап өтөлүчү…Жашоо нугу биз күтпөгөн жерден өз багытын өзгөртүп жиберет турбайбы, болгону, биз баарына даяр болуп барышыбыз зарыл экенин эстей жүрөлү.

Жол уланат, өмүрдүн өзүн ушул жолго салыштырып бараттым, улам токтотуп, ар бирибиз жетчү жерибизге түшүп калып жаттык. Өмүр сапарыбыз бүтпөс болсочу дей албайм, узак, барктуу да болсо экен деп тилеп бараттым…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️