Өткөн күндөрдүн биринде мен апамдын үйүнө барып калдым. Апам болсо күндөгүдөй эле күйпөлөктөп чайын демдеп келди. Уурттап шорулдата ичтим, апам жинденчү ушул кылыгыма. Апама тийишип олтурганым эле да, сөздөн сөз чыгып кетти. Ойлоп көрсөм апам бир жолу да курбуларым менен жолугушам дегенин укпаптырмын. Дайым эле бизди кийинтип, ичинтип түйшүк менен эле болуптур. Анан айттым;—Апа, классташ кызыңыз барго ошого барып келиңиз деп.
Апам болсо жооп кайтарбай күлүп эле койду. Жыйналып кетүүгө камынып калдым. Апам болсо кайда бараарымды сурады. Мен больницага бармакмын асма укол алып жүргөн элем. Андан соң курбума барып түнөөрүмдү айттым. Апам жактырбай эле барбайсың деп чыкты. Ал курбум жандай көргөн жалгыз эле курбум эле. Сүйүнсөм да күйүнсөм да ошого чуркаар элем. Мен кыялымды көрсөтүп, былтыя түштүм. Апам сүйлөнүп кирди, чынында апам эмнеге антип жатканын түшүнбөй жаттым. Экөө бири-бирин тааныйт, мамилеси жакшы болчу. Апамдын сөзүн көтөрө албай калдым, ооруп турган элем да. «Апа сиз түшүнбөйсүз да, курбуңуз болбогондон кийин»-деп чыгып кетип калдым. Өзү ооруп турган жүрөгүм андан бетер жаман болуп кетти. Ушул сөзүм өзүмө катуу тийди. Апам ыйласа керек, аны билбедим кетип калдым. Дайым он мүнөттө жетип барчу поликлиникага жарым саатта жеттим. Машинаны айдаганы алым жетпей жолдон башка машина тоскон элем. Өзүм чыйрыгып турат элем, оорукананын сызы андан да үшүтүп салды. Колума ийнени сайып коюшту, өйдөнү карап ыйлап жаттым. Апамды таарынтып алганыма өкүнүп турдум, өзүмдү жектедим. Кайра баргым келди бирок, мен да апама таарынган элем. Арадан аз убак өтүп бир жаш келин кичинекей кызын көтөрүп кирип келди. Кызы ыйлап жатса, келин байкуш андан ашып алыптыр. Мен ойлодум келин ооруп жатса керек, кызы жөн эле ыйлап жатат деп. Көздөрүнө муң толуп, баарынан качып кеткиси келип турганын окудум. Сураганы батына албадым. Көрсө кызы ооруйт экен, диагнозу так меникиндей экен. Мен да кичинемден бери бул оору менен алышып келе жатам. Жүрөктүн заарын алган ийне келди, наристеге сайылды. Чаңырып эле жатып калды, келин байкуш жалбарып жиберди. Кудайга жалынып, айтпаган сөзү, айтпаган дубасы калбады окшойт. Озүм да ыйлап жатканыма андан бетер ыйлап кирдим. Жок, ичим ачышып эмес. Эстеп кеттим, эс тартканымдан эле апам байкуш мени догдурдан догдурга алып барганын. Түндөсү ыйласам жалгыз эле апам жанымда болгонун. Башка бир- туугандарымдан катып токочтун эң даамдуусун бергенин. Мага ийне сайганда менден биринчи ийнин бүктөп, көзүн жумганын. Ата албетте күйөт, ойлойт бирок, апамдай азабыма туруштук бере албайт. Менин онтогонума чыдай албай сырттан иш алып кетип калчу көбүнчө. Эс тартып калганымда апамды аяп жаздыкты тиштенип онтоп ыйлачу элем. Көрсө апам баардыгын сезип, өз бөлмөсүндө мендей эле жаздыктан күчүн чыгарчу экен. Тайманбай, акырына чейин күрөшүп мени айыктырган апамды, өзүнөн да мени артык көргөн апамды таарынтып, жүрөгүн тилип алганымды түшүндүм. Ийнени алгандан соң дароо эшике чыгып, дүкөнгө кирдим. Апам сүйгөн таттууну алып дагы белек кошуп кечирим суроого жөнөдүм. Барсам үйдө жок экен, үй бек. Өзүмдүн ачкычым менен ачып кирип күтүп олтурдум. Уктап кеткен экенмин, бир маалда үстүмө жылуу жууркан жабылды. Жууркандын үстүнөн сылап өткөн колдун ыссыгы бүт денемди ысытты. Ал апамдын колу эле. Дароо туруп апамды кучактап ыйладым, кечирим сурадым. Эне экен кечирди. Апам байкушум мен чыгып баратып жүрөгүмдү кармап, аста чыкканымды көрүп, кыжаалат болуп менин үйүмө барган экен. Экөөбүз бири-бирибиздин үйлөрүбүздө бири-бирибизди күтүп олтура берген экенбиз. Кол телефондон дарегибизди да сурабаптырбыз. Апамды кучагына кирип, бейиш жытына тойуп жыттап анан үйүмө кеттим. Андан бери аз эле күн өттү, дагы деле анча-мынча сөз болот бирок, мен унчукпай угууну үйрөндүм. Апамдан кечирим сурагым келди, баардык нерсе үчүн. Жаштыгын ойноп өткөрбөй менин жанымда өткөргөнү үчүн, онтоомдон уктай албай өткөн түндөр үчүн, кээде жаман кыялым кармаганы үчүн. Негизи эле дүйнөдөгү эң мыкты энеге мыкты кыз боло албаганым үчүн. Балким бул нерселер үчүн кечирим сурабаш керек деп айтаарсыз, балким окуп көзүңүзгө жаш аласыз апа азыр окуп алып жаштанганыңыз үчүн да кечирим сурайм. Баягы сизди эмес биринчи кезек мени өрттөгөн сөз үчүн кечирим сурайм. Балким жүрөктө калган болбосун, мен сизди жакшы көрөм…..