Балдарымдын бактысы деп айылчылаганымды токтоттум.
-Оо менин бир туугандарым,менин баяным сиздердин киминиздергедир сабак болоор.Мен ойлонуп-ойлонуп олтуруп,оюмду ишке ашырып,эсиме да келип,уулум менен келинимдин мурдагыдай бактылуу жашап калышына себепкер болдум.Албетте,Жараткандын буйрук-насиби менен.Анда мен оз башымдан откон турмуш сабактарымдын кипкичине бир болугун жаза кетпесем болбос.
Кун ысык.Июль айы.Шаарда кундузу журо албайсын,аран дем аласын.Уч уул эки кызым бар,кудайга шугур.Жолдошум беш жыл мурун оор дарттан айыкпай бизди таштап,оо дуйно сапар тартып кете берди.Бир-эки жыл уйдон деле чыкпай,озум менен озум журдум.Тууган-урук,жоро-жолдошторум озумду кароомду,сыйлоомду айтып-дешип конулумду тузук эле алышты.Балдарым баары жайланган.Айылдагы уйду жаап коюп,колдогу уулумдун жумушу шаарда болгон учун,шаардан уй алып,чогуу келе бергенбиз.Уулум жакшы жумушта,акылдуу,токтоо,бирок туруп-туруп жинденип алат.Жаман адам жок,жаман кыял болот эмеспи.Ар бир адамдын жакшы да,жаман да мунозу болот тура.Уулум эки неберелуу кылды.Келиним да жакшы жердин кызы.Кем соз келгенден эле.Ошентип алар оздорунчо мамыр-жумур,а мен туугандарым,досторум менен болуп жашап жаттык.Мен озум да байкабай калыпмын.Бара-бара уйдо тургум келбей,журогум сыгылчу болду.Анан эле кийинип аныкына,мунукуна барам.Акча топтоп аш жемейлерибиз,бироонун туулган кунун жоктомойлорубуз,небере кормойубуз,тойлорубуз кобойо баштады.Уулум эч нерседен кем кылбайт,озумо жетээр пенсиям да бар,ага кошумча.Банкка которттуруп алганмын,озум акчаны банкоматтан ала албайм,бироо-жарымдарга жардам сурап,алдыртып алам.Анан бир куну айылчылап келсем кичинекей неберем ыйлап,кежирленип жатыптыр.Келиниме:
-Эмне болду,Алима?,-дедим бир аз кабагымды чытый.
-Апа,грипп болуп калганбы,ысытмасы тушпой жатат,-деди жалооруй.
-Кечке уйдосун,тооба.Ушул эки баланды жакшылап карай албайсын,болоор-болбос тирилигин бар ботом,бир аз тиригирээк болчу деп ичкери кирип кеттим.Баласы ыйлап-ыйлап уктады бейм,уну чыкпай калды.Тируунун куну биринин артынан бири ото берет эмеспи,келинимин жашоосу кайталанма.Уйдо эле,уулум ишине барат-келет.Мен кочолоп жонойм,зээригип.Тааныш синдим жээнтек чайга чакырыптыр,ал жакка барып келип отурсам,уулум жумуштан чарчап келип калды.Кийимин которбой туруп эле:
-Алима,эмне тамак кылдык,берчи,курсагым ачып,олуп баратам,-деди.Перзент канча жашка чыкса да,апага кичинекей бойдон да,аны эзилип карап алдым.Алима мага келип:
-Апа,Тилекти кармап турунчу,бир аз кир чайкай коем деп кеч калдым,бирдеме аса коеюн,-деп акырын.Аны уулум уга тушту белем,жинденип,суйлонуп эле кирип кетти.Мен да жон койбой:
-Ыбырсып,тегеле ишин арбыбайт,жолдошунду дайыма ток кармашын керек,анын ачка калды,кочодон тамак издей баштайт,-деп бакырдым.Баласын кучактап,бышактап чыгып кетти.Ушундай корунуштор кобойо баштады.Келиним башында ыйлактап эле жатып калчу.Бара-бара укмаксан,кормоксон болуп калды.
Сентябрь айы.Кун бир аз салкындап калды.Айыл таппай бугун уйдомун.Кеч болуп калган,сыртта секиде отургам.Келинимин кол телефонуна чалуу келип калды.Кубуронуп эле суйлонуп жатты.Мага кызыктай туулду.Акырын барып тыншап калдым.Келиним мурункудай ыйлактабай:
-Келбесен келбе,сени эч ким куткон жок.Мен канчага чыдаймын бул уйдо,силерге кулмунму!Каалаган убактымда,каалаган жагыма туруп кетем!Же уйдон чыкпасам,эч нерсеге жетишпейм,эч кимин жардам бербейсин!,-деп дагы бир топ создорду ачуу устундо суйлоп жатты.Ушунчалык тан калып,ордумдан жыла албай калдым.Келиним жаны келгенде жузу албырып,башын жерге салып,ыймандуу,адеп-ахлактуу,кем соз болуп келбеди беле,кана ошол Алима,кана ошол периште келиним деп оозуму колум менен жаап алган абалда,тан калганым бутпой койду.Аста кадам таштап ордума келип оюмду топтодум.Эч качан келинимден мындай ызгаардуу,кектуу,заар унун укпапмын.Уйдо турсам угамбы…Анан бир жыйынтыкка келип:
-Алима!Бери бас!,-дедим октом.
Апа,чакырдынызбы,-деп шыпылдап,чуркап келди байкушум.Онун коруп бир эсе боорум да ооруп кетти.Чындыгында куноо менде,уулумда бар.Ал жумушуна кетип,адамдар менен баарлашып,мамиле кылып,кочо-белди коруп келет.Мен да уйдо болуп калсам эле,сыгылып чыгып кетем.А бул байкушум уйдо кечке тирилик,бала менен,окшош кундору.Аз келгенсип бизге камкоорлук кылат,кеч жатат,эрте турат,кечинде баласы уйкудан коет.Бая отуруп ушуларды башынан коз алдыма сыдырып келип,коз жашым менен чыгарып алдым.Бирок кайненелик сырымды алдырбай:
-Уулума эмне деп башын оорутуп жатасын.Сен мени жакшылап ук,Алима.Качандыр бир жылдарда сен да дал мен сыяктуу келинине насаат айтып ,тарбиялайсын.Бул жалган жашоо ото кыска тура.Ага да моюн сунбай,биз пенделер ачкоз болуп,напсибизге тойбой,оюбузга келгенин кыла берет турбайбызбы.Азыр сенин создорунду угуп,оюма коп нерселер келди жана туура жыйынтык чыгарууга тырыштым.Аялзаттын бактысы уй-було.Кайнатан болгондо мен да сен сыяктуу уйдо олтурбайт белем.Кой деген кожом жок,озуму озум билип,отугуму торго илип,жаман аял болуп,айылым тугонбоду.Сен бактылуусун азыр кызым.Себеби,уй-булон тугол,койнунда жолдошун,кучагында балдарын,мандайында ата-энен бар.Келбесен келбе дейсин,эркек кишинин эн талуу жери ошол болот.Ага эмне сенден коркот беле,кочодо азыр ошончо куйоосуз кыз-келиндер,ажырашкандар.Тооба келтир.Антип айтпа,сен кайра имер,очошпо каралдым.Алар эркек деген болот.Алар досторунун арасында кадырлуу болуп жургулору келет,эркектик намысын коргоп журууну жакшы корушот.Уйдо дайыма сен колдосон,ал кочодо озун-озу ар дайым колдоп алат.Жана уйго келгенде кандай кабыл алсан,кайра кайтып келгиче шашат.Олдун очтун бул жашоодо.Эч качан кайрылып келбейбиз,ошол бойдон топуракка айланабыз да калабыз.Бул омур баарыбызга белек тура.Туура пайдаланып,маныздуу жашап,берекесин кетирбей отолу.Алима!Мен сени дайыма биздин булобузго жаны келгендегиндей коргум келет,эч озгоруусуз.Келин жаман эмес,келген жери жаман дегендей,кел экообуз уйубузго кайрадан кут чакырып,коптоп аракет кылалы.Баланды мага бер,сен кол бала кылып,жакшылап аш демдей кой,-деп ичимден ыйлап жатсам да,сыртка чыгарбай,келиним кайраттуулукту уйронсун деп озумду колго алдым.Ошол кундон баштап мен Алимага такай жардам берчу болдум.Чындыгында бир уйдун туйшугун бир адамга таштап коюу ото оор иш тура.Уйдон чыкпай баарын оз козум менен коруп,келиниме ыраазы да болуп кеттим.Жапжакшына келинимди заматта ажаан аялга алмаштырып алыш эч кеп эмес экенин моюнга алдым.Чын журогумдон уулумду кадырлап,сыйлап алууга келиниме кошо болгон кучумду аябай жаттым.Мен небере карайм,Алима уйдун тирилигин тимеле зымылдатат.Апа бугун сиз жакшы коргон чучпара кылдым,корунчу даамын деп конулумду алганда тимеле ободо калкып журом.Уулум да эрте келип,колунан келишинче Алима экообуздун конулубузду алууга аракеттенип, кочолорго чогуу ээрчитип чыгып,айлантып,эс алдырып жатты.Барып-барып кайдан-жайдан уйго ырыскы озунон-озу келе баштады.Бир куну уулум уйго кирип эле:
-Алима,сен окуучуларын менен баарлашууну дайыма кыялданчу элен го,эртен 21-мектепке барып документтеринди тапшырып кел,-деп келиними карады.А келиним жаш баладай колун чапкылап, ордунда айланып жатты…