Балаңыз бактылуубу?…

https://kyrgyzcha.site/?p=41465&preview=true Кызыктуу окуялар.

Балаңыз бактылуубу?…

 

Бир күнү кезектеги семинардын алдында кагаздарымды иреттеп отурсам, орто бойлуу киши кирип келди. Жайдары жүзүнөн бакыттын илеби сезилет. Келээри менен:

— Устат, колуңуздан өпсөм уруксатпы? — деди. Негизинде кишинин колуман өпкөнүн мурдатан жактырчу эмесмин. Жигиттин көңүлүнө тийбейин деп:

 

– Кааласаң колумдан эмес бетимен өп. Ал дароо капшыра кучактап бетимен өптү.

— «Ии, жигитим, не үчүн колуман өпкүң келди?» Коногум агынан жарыла кетти.

 

– Устат, ушудан үч жыл мурун сиздин семинарыңызга катыштым. Билесизби? Менин өмүрүм дал ошол күндөн баштап толук өзгөрдү десем болот. Ошол семинардан кийин бактылуу үй бүлөм бар десем болот. Ошон үчүн сизге алкыш айтып, колуңуздан өпкүм келди.

 

– Ошончолук да не айттым экен?

 

– Үч жыл мурун жумуш боюнча шаарга келип, сиздин семинарыңызга катышуу насип болду. Семинарды корутундулай келе: «Адам өмүрүнүн эң маңыздуу кези балалык чагы. Балалык чактын кызыгына тоюп өспөгөн наристенин алдыдагы өмүрүндө бактылуу болуусу бир топ. Кандай да бир ата-эненин эң башкы милдети, оюн баласынын оюнга каалаганча ойноосун билүүсүндө. Бул ар бир атанын эң башкы милдети» деген элеңиз.

 

Бир аз үнсүз калып, эсине бир нерселерди түшүргөндөй:

 

– Ушул сөздөрүңүздү уккан кезде терең ойго чөмүлдүм. Ата болуп баламды кандай кубанычка бөлөдүм? Мындай суроого мурун баш катырып деле көрбөпмүн. Ойлоп көрсөм өмүрүмдө баламды кубантууга, ойнотууга же көңүл бөлүүгө эч аракет жасабапмын. Тогуз жаштагы уулум мени көрөөрү менен, кабагы түшүп, көзүмө көрүнбөөгө тырышат. Не үчүн менден алыстагысы келээрин билесизби, устат?

 

– Не үчүн?

– Анткени баламды көрөөрүм менен :

 

Үй тапшырмасын аткардыңбы? – деген суроодон баштачумун. Уулум кабагы түшүп, аткарбаган түр көрсөтөт. Мен ачууга буулуп, жаман сөздөр менен… Ар жагын айтууга оозум да барбайт. Терең күрсүндү. Семинар бүткөн соң жол бою ойлондум. Автобуста такыр уктай албадым. Ошодон үйго келип, аялым менен акылдашууну жөн көрдүм. Кечкисин балам уктагандан кийин аялымы чакырып: «Бүгүн мен бир сонун семинарга катыштым. Бала тарбиясына катыштуу көп пайдалуу кеңештерди алдым. Түшүнгөнүм биз балдарыбызга жакшы ата-эне болбой жүргөн сыяктуубуз. Мейли сабагын окубаса окубай эле койсун. Эң башкысы балалык чактын кызык күндөрүнөн кур калбаса экен деймин. Кандай ойлойсуң?- дедим. Аялым:

 

– Сен не деп турганыңы билесиңби? Канча

убактыңды кетирип баргандагы укканың ушу бош сөздөрбү? Окубаса окубасын дегениң не? Окуйт! Окууга милдеттүү! Башка балдардан кай жери кем мунун? — деп түшүнө албады. Бирок аялымы күнөөлөбөйм. Кандай эне өз баласынын жаман болгонун кааласын.

— Анан не болду?

 

— Аялымды үч күн жүрүп зорго көндүрдүм. Акырында не кылсаң да өзүң билчи деген жооп алдым. Кечинде жумуштан келген соң баламдан адаттагыдан башкача көңүл коюп: Бүгүн досторуң менен каалашыңча ойной алдыңбы?» — деп, сурадым. Ал да жок жок дегендей ишарат билдирди. Ылдам кийимимди алмаштырдым да: Андай болсо жүр ойногону деп, баламды эшикке алып чыктым. Биздин сыртка чыкканыбызды көргөн баламдын достору да жыйнала калышты. Ошол күнү кечки алтыдан каш карайганга сейин көчөдө ойнодук. Жаңылбасам тогуздар чамасында үйгө кирдик. Бир сонун күн болду. Үстү-башыбыз чаңга малынган соң экөөбүз бирге душка түштүк. Жуунуп болгон соң баламды аарчынттым. Өмүрүмдө мурда кийин мындай сонун күн өткөзгөн эмесмин. Жумуштан келген соң дайым кечкисин экөөбүз оюнга чыгууну адатка айландырдык. Мурун балам менден качуучу эле, эми мени акыйып күтүп отура турган болду. Ушинтип ар күнүбүз улана берди. Жетинчи же сегизинчи күнү балам экөөбүз сырттан келип жуунуп, үстүн кургатып жатканымда, балам колуман кысып кармап: Ата, мен сизди өтө катуу жакшы көрөмүн! — деди. Тилим байланып сүйлөй албадым. Жүзүмдү жаш жууп кетти. Өксүк тамагымы бууп, үнсүз ыйлай бердим.

— Устат билесизби?

 

– Эмнени айланайын?

 

– Менин кандай жаман ата болгонумду. Өмүрүмдө боор этим баламдан баягы сөздү алгач ирет уктум. Эгер өмүрдөн бала жүрөгүнөн чыккан жылуу сөздү уга албай өтүп кетсем не болоор эле?!

 

– Андай дебегин! Эң башкысы дал кезинде

маселени узактырбай иреттей алыпсың. Кээ бир кишилер али күнгө чейин катаал болуп, бала көңүлүн карашпайт. Сөзүңдү бөлүп жибердим таарынба, ары карай не болду?

 

– Бир күнү баламдын класс жетекчиси чогулушка чакырды. Аялымды бирге барууга канчалык көндүрүүгө тырышсам да, аныман эч нерсе чыкпады. Мугалимдердин, анан калса башка ата-энелердин арызданганынан абдан чарчаса керек. Жалгыз барууга туура келди. Жыйналышка кечигип келдим. Не болсо да угайын деп, эң арткы катардагы орундукка отурдум. Чогулуш бүттү, ата-энелер класс жетекчиси менен өз-өзүнчө жолугуп жатышат. Баары жумуштарын бүтүрүп кетти, кезек мага да келди. Алдыңкы партага жылдым. Класс жетекчиси бетиме карап жылмайып:

 

– Айтыңызчы, сиз балаңызга не кылдыңыз? – деди. Мен да шашкалактап:

 

– Окуусу такыр жаманбы? – депмин.

 

– Сиз айтыңызчы сыр болбосо, ырасы менен балаңызга не кылдыңыз?

 

– Не болду? Ата-энелерден арыз түштүбү? Же такыр сабактарга үлгүрбөй атабы?

 

– Жооок! Такыр андай эмес. Терсинче аз убакыттын ичинде балаңыздын сабакка үлгүргөнү, тартиби, керек болсо мүнөзүнө чейин такыр өзгөрдү. Мурун сабагына көңүлкош карап, досторун таарынтып, кечке эскертүү алчы эле. Айтыңызчы, ушунун баарын өзгөртүүгө кандай амалга бардыңыз?

 

Мен ыйлаган бойдон ордуман козголбой отуруп калдым. Колуман келгени ошол болду. Кудайым ай, балапанымды өз колум менен кор кылып жүргөн экемин го. Ошо бойдон үйгө келдим. Ыйлаганым көзүмөн билинет. Эшикти ачкан аялым түрүмү көрүп:

 

– Не болду, такыр начарбы? — деп чочуй сураганда, аялымы кучактап дагы ыйладым.

 

– Устат, сизге алкышым чексиз. Мага бакытка жетүүнүн жолун сиз көрсөтпөгөндө бүгүнкү үй бүлөмдүн ахыбалы кандай болоор эле? Ошол күндөн бери бактылуу өмүр сүрүп келебиз. Ошол себептүү салам берип, колуңуздан өөп кетүүнү туура көрдүм. Сизге Алла ыраазы болсун!

 

Интернет булактарынан алынды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️