БАКТЫМДЫ БААЛАЙ АЛБАДЫМ

https://kyrgyzcha.site/?p=45549&preview=true Кызыктуу окуялар.

БАКТЫМДЫ БААЛАЙ АЛБАДЫМ

 

 

 

-Досум,таанышып көрсөң ушул кыз менен.Кыз жандап сен деле,сүйүүгө кабылсаң боло.Мыкты кыз,сулуу десең сулуу,билимдүү десең билимдүү,эң башкысы жөнөкөй.Кээ бир сулуу кыздардай текебер эмес-деген досум Бектин берген кыздын дарегин алып,телефонумдун бир жерине жазып сактап койгом.Азыр менин эч нерсеге көңүлүм жок эле.Бөлөм менен алардын бир бөлмөлүү үйүндө бекер жашап жатканым менен,тамак аш,кийим-кечек, жол кире дегендерге каражат билинбей эле кетет эмеспи.Окуумдан тышкары,курсташ балдар менен ар кай өзүбүздүн окуубузга байланыштуу жумуштарды жазап койчубуз.Андан деле кыйратып акча таппайбыз.Ата- энем айылда,алардан деле кээде гана алам.6-класстан эле шаарга окууга кетип калып,баарына өзүм жеткенге аракет кылдым.Эми минтип Кыргызстандагы белгилүү эл аралык университтетердин акыркы жылын окуп жатканмын.» Жаңы жыл өтсө,бир аз каникулда оордугуна карабай жумуш табайын»деп, күнүмдүк окшош күндөрдү өткөрүп,сессиянын да бүтүрүп,Жаңы жыл күнү достор менен чогулдук.Достор чогулган жерде эмне болоору белгилүү да.»Сессияны ийгиликтүү бүтүшүбүз менен!Жаңы жылыңар менен!» деп ичип олтурдук.Ал майрамдоо 2-январга чейин созулду.Бөлөм айылга ата-энеси менен тоскону кеткен.Кудай берди болуп,каалаган убагымда келип,кетип жатып,30-декабрдан бери 4 күн катары менен тынбай ичиптирмин. Байкуш ашказаныма да боорум ооруган жок.2-январь түнү досум үйгө алып келди.Ушунчалык өзүмдү башкача сезип жаттып.Денемдин баары талыкшып ооруп,башым жарылып кетчүдөй,журөгүм лакылдайт,кабыгынан суурулуп чыкчудай.Досум кетейин деп камынып жатса «Жок,кетпе. Бул жакта кал»дедим. Өлүп калам го деп корктум.Ал таңкы 4-5терге чейин олтуруп,» Чоң апамды эртең менен вокзалга алып бармакмын» деп үйүнө кетти.Андан кийин ашказаным аңтарылып,үзүлүп кеткиче раковинага барып окшудум.» Экинчи ичпейм»дедим өзүмө.Бирок кайдан..андан сөз берүүлөр көп эле болгон.Төшөккө барып жатып калдым.Ошону менен түн бир оокумдунда ойгондум.Телефонумду карасам,өчүп калыптыр,заряды жок.Аны туташтырдым. Турайын десем башым зыркырайт.Бир топко чейин шыпты тиктеп жаттым.Акыркы өткөргөн күндөрдү эстеп.Кайсы күйүтүмө ичип жатканымды деле билбейм.Өзү адамзаттын көбү күйүтүн ачуу менен басыш үчүн ичет экен,мен ары жок кайсы күйүтүм үчүн ичип жатканыма тушунбөй күлкүм келди.Бир эки саат жатып,турдум. Туруп эшиктеги кычыраган кыштын суугуна карабай,терезени ачып,үйдү желдетип,жыйнап, чаңын сүртүр,кир кийимдеримди жуумакка топтоп койдум.Андан кийин үйдөгү бар продуктуну алып,тамак жазап,ичтим. Эсиме кичине келе түштүм окшойт.Андан кийин,төшөгүмө барып жатып,телефонумду ачсам,толтура телефон чалуулар келиптир:ата- энем,эжелерим, байкем,дос балдарым.Бирине да кайра чалбастан,» Одноклассники» ге кирдим.Бир азга карап чыгып,эсиме Бек берген кыз түштү.Аты жөнүн жазып,издеп, достук жибердим.Сүрөттөрүн кирип көрөйүн десем,достору гана көрө алат экен.Айла жок,анын достукка кошуусун күтүп калдым.Бирок, күтүү көпкө узаган жок.Дароо эле «Кандайсың? Ден соолуктарың жакшыбы?» деп жазып,сүрөттөрүн карадым.Орто бойлуу,чачы кундуз,бакыраң көз,борпойгон эрди….кыскасын айтканда чынында эле сулуу кыз экен.Ал аңгыча андан жооп келди «Кудайга шүгүр,биз таанышпызбы? «деген.Жагдайды айтып,экөөбүз бат эле тил табышып кеттик.Аябай шайыр,тил табыша билген,билимдүү, кыргыз орус тилинен башка,француз, англис,түрк тилинде эркин сүйлөгөн кыз экен.Мен да окуум англис,түрк тилинде болгондуктан, ал тилдерде да бири-бирибизге фразаларды айтканга да үлгүрдүк.А баса,ал ошол убакта өзүнүн университетинен атынан да КВНге катышып,тамашакөй кыз болчу.Адамдар менен көп тил табыша бербеген мен,ага кандай ачылып,кээ бир жан адамга ачпаган сырларымдын четин да ачып алдым.

Баятан бери ичимдиктиктен башым ооруп жаткан,мен кадимкидей эс ала түштүм.Ал ошол убакта айылында экен каникулда.Экөөбүздүн жазышууларыбыз кеминде 2-3 саатка уланды окшойт.Андай жазуушуулар бир айга чейин уланды.Мен эркектей болуп,телефон номерин да сураган жокмун.Анткени анын сүрөттөрүндө өзүнүн сүрөттөрүнөн башка,жигиттин сүрөтү жок болгону менен,статусунда «Жашоомо бакыт тартуулаган сага ыраазымын,Кутман» деген жазуу 1 жылдан бери турганын көрүп,ал кыздан көп үмүт кылбадым.Тек гана виртуалдуу дүйнөдөгү досум катары сыйлап жүрдүм.Ал айылдан келип,шаарда окуп жаткан болчу.Мен болсо окуу менен үйдүн ортосунда барып келип коюп жүрдүм.Ичимдикке да жолобой,досторум чакырган жерлерге да барбайм.Сабактан келип эле,компьютеримди күйгүзүп,Асеманы күтөм.Ошондой күндөрдөгү жазуушуубузда «Эмне кылып жатасың?» деп сурап калдым,кеч кирип,саат 7лер болуп калган.»Айылдан туугандарыбыз келиптир,келинчеги каттуу ооруп.Атамдар акча салып жиберген экен,алып келгени чыгып жатам»деди.

-Мен дагы барсам болобу?

-Өзүң бил.Кааласаң, макул-деди.

Дарегин алып эле шашылып чыгып кеттим.Шаардагы жеке клиникалардын бирине бармак.Анын алдына келсем,эшиктин алдында ары бери басып турган кыз турат.

-Асема-дедим жанына басып барып эле.

-Урмат?-деп келип,жүзүмөн өөп учурашты.Хе хе,мен минтип кыздар менен эч учурашпаптырмын, эркек болсом да бетим кызарып,денемди жагымдуу жылуулук курчап өттү.

-Мен сени башкача элестеткенмин- деди күлүп.Анткени, мен сүрөтүмдү соц тармакка жүктөгөн эмесмин.

-Ошончолук эле страшный бекенмин?-десем. Күлүп жиберди.

-Жоок,жакшынакай, кыргыздын эле кара тору жигиттеринен экенсиз.

-А сен болсо сүрөттөгүдөн чырайлуу,сулуу экенсиң.

-Рахмат.Бир суроом бар,эмнеге бүгүн мени менен келем дедиң?

-Эмиии…караңгы кирип калса,сендей сулуу кыз көчөдөй жүрсө,корктум да жалгыз жибергенден

-Аа..-деп жылмайган бойдон калды.Экөөбүз ал күнү Жаш гвардия бульварын айланып,дагы да болсо жакшы тааныштык.Үйүнө кетмекчи болуп,маршруткага түшөйүн деп жатса,айдоочү менен гана досу бар экен ичинде,мен Асема менен түшүп алдым.Ал мени «Сен да барасыңбы?» деп таң кала карап калганы менен,унчуккан жок.Анын жанынан чыккым келбей эле,оюма койсо таң атканча сүйлөшмөкмүн. Аны үйүнө жеткирип,өзүм үйгө келгенде,бөлөм да жумуштан келип калыптыр.Мен кечиксем ал мени ичип келет деп ойлогон окшойт.А мен Асема менен сүйлөшкөндөн бери,ачууга жолой элек болчумун.А баса,ичимдиктен өтүп,чылым да чекчүмүн.Күнүнө бир кутучаны түгөтүп,экинчисине да өтүп кетчүмүн кээде.Асема экөөбүз сейил бакты айланып жүргөнүбүздө, чылымымды чегейин деп оозума салсам,алып сындырып ыргытып койду.Экинчисин алайын десем,бүт кутучасы менен алып,урнага салып салды.Мен унчуккан жокмун.Балким, башка болсо,жинденип кетсем керек эле,бирок,ага унчукпадым.

Ал биринчи жолугушуубуздан кийин,экинчи жолугушууда болду.Ал күнү экөөбүз тең окуудан качып чыгып,баарын унутуп коюп, шаарды айланып жүрө бердик.Бутубуз ооруганга деле карабадык.Мен анын жигити жөнүндө сурабадым,ал менден «Кызың барбы?»деп ооз ачпады.Кеч кирип калган,экөөбүз көчөлөрдү айланып жүрө берип,ачка болгонубузду да сезбептирбиз. Экөөбүз курсагыбызды тойгуздук окшойт,булочныйдан. Ошол жерди кийин экөөбүз тең жакшы көрүп калдык.Дайыма жолуккан сайын,ошол жердин таттууларынан даам сызмайынча кетчү эмеспиз.

Биздин 3-жолку жолугушуубуз, тагыраагы кичинекей саякатыбыз, казак баурлардын Алматы шаарына болду.Негизи Асема өзү эле бармак,аны угуп калып,мен дагы барам дедим.Ооба,чын мен аны кызгандым.Анткени айланасында көп жигиттер курчап,аны менен мамиле кургусу келип,сүйүүсүн арнагандар көп болчу.Эки күндүн ичинде эң кызыктуу,көңүлдүү күн өткөрдук.Анын кубанычтан жаркылдап күлгөн элеси менин көз алдымда өмүр бою калса керек.Жадакалса, ыйласа да көздөрүнөн күлкүнүн нуру кетчү эмес.

Ошондой жолугушуулар уламдан улам көп болуп жатып,кыз-жигитке айландык.Бирок, биз жөнүндө бөлөм гана билчү.Мен досторума Асеманы жетелеп барып,сүйүктүүм деп да тааныштырбадым.

Мен Асемага чейин бир кызды каттуу сүйгөнмүн.Аябай каттуу сүйгөм,ал үчүн баарына даяр элем.Далай жигиттер менен ал үчүн мушташып,көңүлүн алыш үчүн көп аракет кылгам,бирок, ал менин сезимдерим менен ойноп,бирок, ошол эле учурда башка жигиттер менен да жүрүптүр.Аябай көңүлүм калган.Ошондон бери кыздардан көңүлүм калыптыр,баардыгын акырындык менен болуусун кааладым.

Асема мага айтпаганы менен аныма капа болсо керек,бирок, мага кабагым кашым дебеди.

Бир күнү үйгө чакырдым.Бөлөм түнү менен жумушта болмок.Кыйылып жатып келди,супсулуу болуп алып.Көптөн бери көрбөгөн адамдай кучактап көпкө турдум.Бул кылганыма таң калды го дейм.

-Ушунча сагындыңбы?

-Ооба аябай сагындым-дедим. А экөөбүз эртең менен эле жолукканбыз.

Үйгө кирип,кино көрүп олтурганбыз. Жанымда экрандан көзүн албаган Асемага жакындап кучактасам, каршы болбоду.Эриндеримди эриндерине тийгизип,денени каптаган жылуулук менен жагымдуу баш айланткан сезим мени азгырып бара жатты.Сандарынан кармап,белине өткөнүмдө эле,менден башын тартып алды.

-Кечир….кечир. .мен кармана албай эле..-дедим жалтактап.

-Мен кетишим керек.Ал ушул сөздү айтты дагы,сумкасын алып,чыгып кетип калды.А мен ордумда каткан бойдон кала бердим.Чуркап барып,кечирим да сурабадым.Арадан бир саат өткөндөн кийин эсиме келип,такси менен бардым үйүнө.Телефон чалсам албайт,смс жазсам жооп бербейт.Биринчи жолу үйүнө узатып барганда,бөлмөсүнүн терезесин жа билип алгам,жерден кар алып айнекке урдум.Бир маалда жарык күйүп,Асема терезеден көрүнүп ,аны ачты.

-Эмне кылып жүрөсүң?-деп шыбырайт.

-Сени көргүм келди.Телефонүңдү албайсың…десем.

-Анан көрдүңбү?-деди адатынча.Асемам дерзкая болчу орусча айтканда.Эмнени ойлосо ошону айтат.

-Кечирип койчу…дедим мен башымды жерге салып.Бир аздан кийин «эй» дегенинен карасам,» бар үйгө бар,эртең сүйлөшөбүз» деп терезесин жапты,бирок, ордунан жылбай,менин жалдырап карап турганымды көрүп,тилин сунуп алып жарыкты өчүрдү.Чынын айтсам,кичинекей эле кыздай.Алардай эркелеп,таарынып. Ошол эле маалда акылдуу,көптү көргөн адамдардай эле.Бир айдын ичинде мен аны жакшы эле билип калган болчумун.

Эртеси күнү экөөбүз адаттагыдай жолуктук.Шайыр кыз,эч нерсе болбогондой, таарынычтарды унутуп,экөөбүз шаар кыдырдык.Мен аны кафеге,киного алып кирсем деле болот эле,бирок,билбейм, чынын айтсам эмнеге аларды кылбаганыма. Түшүнбөйм.Ошол убакта үй бүлөө,бир туугандарым менен жакшы мамиледе болбой жүргөм.Бирок, өзүмдү актагымда келбейт.Менин жанымдагы сулуу кызга,ага татыктуу мамиле кылбаганым, мени өкүндүрөт.

Асема менден аларды талап кылчу эмес,балким, күтсө керек,бирок, ал мени менен өткөргөн убактысына дайыма,коштошордо «мен жакшы күндү өткөрдүм сени менен»деп ыраазычылыгын айтчу.

Мен аны суйом деп ойлойм,бирок, ошол эле маалда мен кабыл албадым ал сезимди.Мен аябай «гордыймын» .Мен андан эч качан жардамымды аябадым.Колумдан келишинче жардам бердим.

Мен ал жонундо дайыма мактап буто албайм.Орозо маалында дайыма кундо келип ооз ачканга тамак даярдап берет,озу сабакан чарчап келсе да.Турлоп жазайт,биринчи, экинчиси…таттууларычы. ..баарын жазап бутуп,тазалап кайра,уйуно кетет,анткени эжесинин уй булоосу менен турчу,кеч калчу эмес.Анан калса,уйго келген сайын менин жумушка деген кийимдеримди дайындап,утуктоп, жууп,тазалап коюп кетет.Ал баардык жигиттер каалагандай келин боло бере алат.Болом айтып калчу «Асема жашоонузга келип жакшы болду»деп. Ооба,ал жашоомо келгенден кийин ичимдикти да,чылымды да токтоттум.

Ойдодо жаздым го «гордыймын’ ‘деп,ооба ошонун айынан мен Асеманы коп азапка салдым окшойт.Мамилебизге 10 ай болгондон кийин,Асема менден суйууну талап кылды.Башта айттым эле го ал баарын бетке айткан кыз деп,ошо бир куну жумушунан (ал кезде окуусун бутуп жумушка кирген)уйуно жеткирип бардым.Адатта «жакшы тур»деп коштошуп кирир кетчу,ошол куну андай кылган жок,маанайы да жогураак го билбедим.Аны карап:

-Алтышка,сага эмне болду?-дедим. Ал бир топтон кийин,ун катты.

-Канчага чейин уланат?

-Эмне канчага чейин уланат?-дедим тушунбой.

-Сен,мен -деп экообузду корсотуп-Канчага чейин сенин сезимдеринди кутуп жашайм?Менин сага деген сезимим экообузго жетпейт,угуп жатасынбы?Билесинби, кыздын сезимдери жоопсуз болгон ото кыйын!Мен кулуп жайнап журсом эле баары жакшы деп турасынбы?Андай болсо сен ото жаныласын.Мен тажадым.Мен мындан ары сенин суйуунду кутуу учун курошконго алым калбай калды.

Мен анын создоруно шок болуп эле туруп калдым.Эч кутпогон элем.Ооба,билем мен ага суйом дебедим.Кээде мамилем да катаал болуп кетчу.Урушсак да,ал биринчи чалат эле мен куноолуу болсом да.

-Мен…билесин го отумушумдо кыздан конулум каттуу калган-дедим мен.

Ал мени бир жалт карап алды.Анын коздорундо жек коруу,таарыныч, окунуч дагы бар болчу.

-Отумуш..отумуш. ..Качанкыга чейин отумуш менен жашайсын?! Сен азыр башка Урматсын,озунду карачы?Сенин ал отумушундогу сенин сезимдерине баары бир болгон кыз мен эмесмин.Мени эч качан ага салыштырба. Ага караганда мен сени суйом,уктунбу! -деп эшикти каттуу жаап кирип кетип калды.

Отурган ордумда нес болуп,копко олтурдум.

Ооба,отумушумдон алган чон сабакты эске алып,бир да адамды суйбойм деген болчум.Биок, журокту башкара албай Асеманы суйдум да,ошол эле учурда ал сезимди акылым экообуз кабыл албай жургонбуз.

Мен эртеси куну Асемага чалдым,смс жаздым,бирок жооп жок.Уйуно барып,тан аткандан кеч киргенге чейин куттум,бирок келбеди Асема.

Жумушуна бардым.Ал шаардагы ресторандардын биринде алминистратор болуп иштечу.Жумуш убактысы буткучо кутуп олтурдум.Бутуп, баш ийкешип учурашып коюп,машинага олтурду.Эмне деп соз баштаарымды билбей,унчукпай олтурдум.Адаттагыдай эле ал баштады созду.

-Эмне кылабыз?

-Асем….мен.. иши кылса мен эмне дешимди билбей жатам-деп соз таппай такалдым.-Менин отумушумдо. ..

-Уффф,менин отумушум,менин отумушум….Сеникинен башканыкы кызыктырбайбы? Мисалы,меники? !Сенин отумушундо кыз суйбой койсо,менин отумушумдо мени суйгон адам каза болгон,ал жок.Мен сени жоготуп алуудан корком.А мага караганда сенин жараатын женилирээк. Ал кызга караганда мен сени суйуп жатам,Урмат. Сен отумуш деп жашай берсен,башкага эмес озуно жаман.

-Асема…деп мен созун болгонго аракет кылдым.

-Жок,менин созумду ук аягына чейин.Мен бул он айдын ичинде сени жакшы эле билдим.Сенин эмне ойлоп жатканынды, кылык жоругунду,жадакалса, досторун менен журуп,мага башканы айтып калп айткандарынды да билем.Мен сени мени суйот деп ойлогом.Бирок, жанылган окшойм.Бул убакыттын ичинде сезимдеринди айтышынды кутком.Досторун менен тааныштырбаганына, суйушкондордой киного же бир романтикалуу кечтерди уюштурбаганына да кайыл болуп,сезимдеринди айтуунду кутком.Бирок, кутуунун да чеги болот,менде да сеникиндей журок бар,бирок,мээрез эмес сеникинчелик. Сени кечетен бери ойлонду го дегем,бирок, сен дагы да отумушунду айтасын.Андыктан. …баарын ушул жерден токтотолу.

Анын акыркы созунон чочуп кеттим.

-Жок,жок…андай дебе Асема.Билесин го мен сага муктажмын.Сага жолуккандан кийин жаман сапаттардан арылдым.Андай дебесен…

-Сен мага муктаж болгонун менен суйбойсун.А мага сенин суйуун керек.Суранам, кел уруш талашсыз эле эки жолго тушолучу,макулбу? -деп мени карап калды.А менден бир да соз чыкпайт.» Токтотолу…эки жолго тушолу…кантип? «дей бердим ичимден.Бир маалда,Асеманы карап:

-Мен сени суйом-дедим.

-Эмне?-деген Асема каткырып кирди.-Сен мениби?-дейи токтоно албай.

-Эмне кулдун?-дедин тушунбой.

-Оо,Кудай аай,Урмат.Сен мени токтотуш учун эле айтып жатасын.Оозундан чыкканы менен журоктон чыкпай жатпайбы.

-Мен чын айтып жатам.Асема башын чайкады.

-Андай болбойт,Урмат. Мен бул созду он айдан бери кутком,а сен болсо азыр мени кое бербеш учун колдонуп жатасын.

-Асема;тушунсон. ..

-Жок,Урмат,жок. Чарчадым.Токтолу. Сен оз бактынды тап,мен озумдукун.Кош. -деп жузумдон суйуп,чыгып кетти.

Мен Асеманы ал кетээри менен сагындым.Жан дуйном муздай тушту.Чечкинсиздик кылып жургонумо,жакшынакай, мени суйгон кыздын журогун оорутканымды ошондо сездим.Окунучтуусу ал менден кеткенден кийин.

Ошол кундон бери бир жыл отту.Экообуздун акыркы жолугушуубуздан кийин,мен Асеманы издебей койгон жокмун.Албетте, чалдым,уйуно, жумушуна бардым.Бирок, ал менден такыр эле качып туруп алды.Анан бир куну жумуштан чыксам,кочодон дос балама жолугур калдым.Мурун отуруштарда чогуу болуп,коп убакыт откорчубуз. «Журу,бугун кечинде отуруш болот.Таалайдын туулган куну»деди. Коптон бери ичимдикке жолобой турганыма карабай,макул болдум.Ошентип, мен кайра мурунку кейпиме келип калдым.Ал корунуш кундо уланат.Жакшынакай, престиждуу жумуштан да айрылып калдым.Мурда кайсы куйутумо ичип жатам деп озумо суроо салсам,ал кезде,бет мандайымда жылмая караган Асеманын элесинен арылуу учун иче бердим.

Ошондой отуруштардыг эртеси ойгонсом,болом бет мандайымда ноутбукта иштеп олтуруптур.

-Саат канча болду?-дедим ооруган башымды кармай.

-3:45

-Бугун кайсы кун?

-Бейшемби.

-Мен канча кундон бери…-деп аягын бутуро албадым.Бир ашыкча кыймыл кылсам башым сынып кетчудой болот.

-Он кундон ашты.

Болом мага жинип келип жатканын билип эле турдум.Башка соз айтпай шыпты тиктеп жатсам.

-Асема Францияга кетиптир-деди болом.

Баятан бери ордумдан тура албай,онтоп жаткан мен,отура калдым.

-Эмне?

-Эмне уксаныз ошол.

-Качан?Кантип эле?-дедии ишенбей.А болом болсо ийнин куушуруп койду.

Ошол куну озумду ирээтке келтирип,эртеми Жума болчу,мечитке барып келдим.Андан кийин интернеттен Асемага кат жаздым да.Жумуш издоого кириштим.Бактыма, эки кундон кийин эле кесибим менен жумуш таап алдым.Бир апта отту а Асемадан дале жооп жок.Дагы жаздым,бир курбусун таанычуумун, андан номерин сурадым,берген жок.Анан ойлонуп отуруп,мен да аркасынан барууну чечтим.Ал учун француз тилин уйронууго курска жазылып,каражат чогултууга оттум.Асемага жазганымды токтотбодум. Аягы,бир ай откондон кийин Асема жооп жазды.»Бири- бирибизден алыстап,баркыбызды билели.Сен да ойлон жакшылап,менсиз да жашап кор.Кээде байланышып турабыз.Убакыт бер»деген.

Биз кээде соц.тармактардан байланышып турдук.Бирок, мен аны аябай сагындым.Анын элеси коз алдымдан кетпей,кайда барсам ээрчип алат.Мен ал учун жакшы болууга аракет жазап,жаман сапаттарыман да айрылууга аракет кылып жаттым.»Бир жылдык контрагымды, дагы узарттым.Жарым жылдан кийин барам»деген Асеманын катын окугандан кийин чылап тура алган жокмун.Эми мына,арадан бир жыл отуп,мен аны кандай суйоорумду, сагынганымды айтуу учун бара жатам»деп созун бутурду жанымдагы 25жаштагы жигит.

Экообуз,Бишкек- Москва-Париж каттамы менен кетип жаткан жургунчулор элек.

Менин да ал жакта эки айдан бери коро элек,суйуктуумо бара жатканым.Эми бул жигит менен жолубуз бир болуп «журналистмин» дегенимде,» мен сизге бир окуя айтып берейин»деп соз баштап,айткае окуясы эле.

Биз Шарль-Дэ-Голль аэропортуна конгонубузда «Мени Асема тосуп алат.Мен ага айтканмын» деди кудундай жигит,менин чогуу мен барчу уйго баралы деп сунуш кылганымда.

Экообуз жургунчулор чыгуучу эшиктен чыкканыбызда, козумо биринчи эле суйуктуумдун кол булгалап жатканы корунду.Мен ага да колумду булгалай,жигиткке «Асеманды кордунбу?» десем.»Ооба, тигине»деп менин суйуктуум турган тарапты корсотот.Ошондо гана жанында,жигит суроттогондой кундуз чачы бар,сулуу кыз жылмайып карап туруптур.Корсо, менин суйуктуум экоо бир батирде турушат экен да.Тагдырдын тамашалары коп……

Бир апта журуп,кетууго камынып жатсам,жигит жаныма келип соз баштап калды.

«Байке бактымды баалай албадым…..бирок, Асемадай кыздар чанда кездешеби билбедим го,ал мени кечирип суйуумду кабыл алды.Буюрса, контрагы бутсо,Кыргызстанга барып,той кылабыз» деп кудундайт.» Бактылуу болгула»дегенден башка ундободум…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️