Ал Адам менен коштошууну да унутуп жай басып чыгып кетти. Озунун болмосуно кирип каалганы жаап ага жолонуп жылмайып туруп калды, ОЗ ойлору менен алышып атып жумшак эмеректе озун карап отурган кызды да байкабады.
-Сизди темир Адам экен дегем, адашкан экенмин.
Адыл чыккан ундон чочуп кетти.
-Сиз?
-темир Адам мындай жагымдуу жылмая албайт болуш керек. Эч нерсе болбогондой созун улады кыз.
-Сизди корумчу го деп ойлогом, а мен адашпаган коруном. Бир коруносуз да кандай кутуусуз пайда болсонуз ошондой жок болуп кетесиз.
-Сиз адашасыз менин атым Сара, а корумчулордун аты болбойт.
Эч кмде жок назик уну менен суйлоп ошондой эле назик дагы ачык кулкусу менен кулуп калды. Бул кулкусу Адылды суу жетпеген дарактай болуп куурап бараткан жеринен тирилтип жиберди.
-Мен Адыл.
-Сиз Монголсузбу?
-жок кыргызмын.
-монголдорго окшойт экенсиз.
-кыргыздарга эле окшоймун.
-алар кандай болушун билбейт экенмин, алар кайсыл жерди мекендешет.
-Кичи мекеним Кыргызстан Орто Азияда жайгашкан.
-Ушунча алыс жерден бизге кантип келип калдыныз.
Ошентип Сара экоо таанышып калды. Сара жергилуукту элдерден жашы 33то бул мекемеде 4 жылдан бери эмгектенет экен. Жумшак создору менен Адылдын сырын тартты. Адыл да бул кызга ээрип кандай айтып баштаганын ОЗУ да сезбей баардык тагдырын баяндап берди, ушул кунго чеинкисин.
-Сиз аябай кучтуу Адам экенсиз, ошончо нерсени женип келип ушул маселеге келгенде чыдамыныз тугонуп калдыбы, тушунбой турам ошондо сиз баланы алып кетип калганына окундунузбу, анда кайрып алсаныз болмок, же бала сизден эмес экени окундурдубу?
-Билесизби, кимге кандай кээ бирлерге акча кымбат, кээлерине омур кымбат а мен омур бою жакын адамга муктаж болуп жашап келгенмин, акыры ошол тилегиме жеттим дегенде баары жоголду. Эч качан бир нерсеге же бир адамга баарын байлап койбош керек экен, ошол нерсен жоголсо баарын жоготуп коет экенсин. Мен балага баарын байлап койгон экенмин, жашоом балам болуп калган, демек бала жок, жашоо да жок. Озум да тушуно албай койдум кайсынысына кобуроок окунгонумду, жоготкум да келбеди, кайрып да алгым келген жок. Бул абалдан кутулуунун жолу ушул гана эле.
-Билбейм чынында сиздин абалыныз оор болушу мумкун, мен сиздин ордунузда болсом кандай жол тутмакмын аны элестете да албайм. Сиз бакыттын даамын татыпсыз аз болсо да, бала сизге ото чон бак тартуулаган экен да, албетте ар Ким эле бакыттан ажыраганда озун ураарга ТОО таппай калат. Бирок Бакыт деген сезим гана эмеспи, бары бир тушунбойм, бир сезим кантип омурдон да артык болмок эле. Омур кайталанбайт, сезим дейбизби Бакыт дейбизби омурдо бир гана жолу болот дегени эмес го, алар кайталанышы, экинчиси биринчисинен чонураак, жакшыраак болушу толук мумкун.
-А мен бул жашоодо чыныгы Бакыт болбошуна ынандым. Мени курчаган адамдардан да аны коро албадым, алар да жалган сезимдерин бак деп эсептеп акыры оздору анын тепсендисинде калышкан, мен да жалган бакыттын тепсендисинде калдым. Менин жашоомдо чыныгы Бакыт болушу мумкун эмес корунот, озум жалгандан жаралганым учунбу билбейм. Мындан кийин бактылуу боло алышыма ишенбейм, жок нерсеге умут да кыла албайм, жон гана боштукта жашап журуунун кереги барбы?
-Сиз тундо уктабаныз, бир гана Кундуз эс алыныз, анда да катуу уктап калбаныз. Деп табышмактап туюк суйлоп чыгып кетти Сара. Ушунча создон кийин уктай алмак деле эмес, Саранын элеси деле катуу уктатпайт, тырс этсе Сараны кутуп тынч да жата албайт. Ошол кундон тарта экоо кундо корушо турган болушту, узаака чеин баарлашышат, экоо бири-бирине байланып калды. Бул жердин кыздары ачык айрым болот эмеспи Сара Адылга суйуусун биринчи билдирди. Адыл айтыштан коркуп жургон, кандай кабыл алат деп.
-Сара сен жанымда кезде эч нерсени ойлобойм, сен жокто сен жонундо гана ойлоном, демек сен айткан Экинчи бактым озунсун. Мен сени чексиз, ченемсиз суйом. Муну азыр эле байкап турган жокмун, сени биринчи коргон кундон ушундай абалдамын, сага айта албадым, кабыл албай коюшундан корктум. А азыр коркпойм, мейли жактырба, менден кеч, бары бир суйо берем, сенин жалганындан коркпойм. Менин суйум чын.
Сара ыйлап жаткан эле. -эмнеге азыр ушул жерден жолуктук деп кунгуронуп жатты.
-Сара айтчы сен мага турмушка чыгат Белен.
-Албетте, мен эмнеге суйууго жолукпайм десе, сени кутуп жургон турбаймынбы.
Сен менин колумду кармасан мен омурум откончо сенин колдорунду кое бербейм.
Анда эртерээк бул жерден кетуу керек, деп экоо эртенкиге келишип Сара уйундогулорго кабарлап, даярданып эртен келе турган болуп кетти, чыгып баратып аянычтуу карап катуу кучактап алды. Адыл копко отурбай кетууго даярданып башкы даарыгердин болмосуно баш Бакты.
-Саламатсызбы.
-Саламатчылык мырзам, келиниз.
-Мен сиздерге рахматымды айтканы келдим. Келишим боюнча мен бул жерден каалаган куну кетсем болот.
-Албетте, биз сиз учун абдан кубанычтабыз.
-Сиздерге рахмат, бул жерде ар кимдин ар кандай кылыктарын которуп келгендериниз учун.
-Соз болушу мумкун эмес, бул биздин милдет. Сиз эртен саат 10го кирсениз, баарын даярдап коем, калган акчаныз менен келишиминизди алып чыгып кетесиз.
Даарыгерге ыраазы болуп жылуу коштошуп чыгып кетти. Ак халатчан, Адылдын артынан ойлуу карап жазып жаткан калемин столго уч ирет уруп алды.
Адыл болмосуно келип конулдуу, бул жерге келгени биринчи жолу бактылуу болуп, Жан дуйносу жай алып, эртенки кундон умут кылып, тандын атышын кутуп, мемиреп тынч уйкуга кетти.
Бул учурда Сара жолдо опко-опкосуно батпай, озунун алсыздыгына арданып, омурундо биринчи балким акыркы да жолу келген суйуусун сактап, коргой албаганына, Адылдын акыркы айткан создорунун чындыгына ынанып ыйлап бараткан. Себеби ал бугун Адылды акыркы жолу корушу эле. Акылы жакшы кылганын айтып сооротсо, журогу анын денесин жек коркуп, озунчо болунуп алыс качып кеткиси келет.
Сара бул мекемеде 4 жыл иштеп, келген бейтаптардын бири да оз аяктары менен чыгып кеткенин корбогон. Келгендердин олугу гана чыгат. Туура алар келишимде каалаган куну чыгып кетсе болот деп коргозушот, бирок келишимдин ал болугу эч качан аткарылбайт, мекемеге бул пайдасыз, анда алар афтоназия эмес психотерапия болуп туздолмок да. Бул мекеменин бир гана озгочолугу кардарларга бактылуу олум тартуулашат. Адамдар качан гана озун жакшы сезип, Жан дуйносу тынчтанып жашоого каалоосу артканда гана оздору билбеген абалда кете беришет. Алар оздорун бактылуу сезишине Сарага окшогон мед айымдар, мед мырзалар жардам беришет, болушунча аракет кылып оздорун суйдурушот, бирок оздору суйуп калбаштары керек. Ошон учун бул жерге торт тарабы топ келген сулууларды гана жумушка алышат.
Сара ушул кунго чейин Адылды сактап калуунун айласын кылып жолобой жургон, жакынкы кундордо догдурлардын суйлошуп жатканын угуп калат,
— бул Адам копко кармалып жатат, эч кимге конул да бурбайт, кыздарга да карабайт, туну же куну тынч уктабайт. Кайсы мезгилде коё берсек.
-сезип калып жытына чыдабай дурболон салсачы, азырынча кереги жок. Десе экинчиси
-коп кармаганыбыз да болбойт, жасап корушубуз керек, ойгонуп кетип ызы чуу салса укол менен ооздо кутуп турабыз.
Саранын журогу алкымына капталып коркуп кетти. Адылдын кыйкырып, ыйлап жатып Жан бергенин элесиетип, мындай учурлар да болгон. Адылды ал нерсеге ыраа корбой кетти. Ал андай олумго татыктуу эмес, ал омурундо бактылуу болуп корбогон, ал озун чыныгы бактылуу сезууго акысы бар, олум алдында болсо да. Бул жеррден Адылды куткарууга мумкун болбосо анда ага жок дегенде бактылуу олум тартуулашым керек деп бул жолго барган. Сара ОЗУ да Адылды бут дуйносу менен суйуп калган. Адылдын бугун кетишин билип шашылыш сезимин билдирген. Анын ою ишке ашып Адыл озун дуйнодо эн бактылуу адамдай сезди. Анын суйууго толгон коздору менен озун караган коз карашы Саранын журогундо сакталып калды.
Эртеси кундогудон эрте жумушка келип дарбазанын ачылышын кутуп турду. Ангыча кечээги догдур келип калды, анын жылуу саламдашып ачык маанайда экенин коргондо Саранын умуту Жана тушту. Балким эч нерсе болбогондур, бул да Адам го бир жолу бардыр деп оз оюнан ОЗУ суйунуп кетти. Дарбаза ачылаары менен жугуруп кирип, Адыл жаткан болмого Келди, болмодо эч качан Адам болуп корбогондой тыптынч, таптаза.
Бул мекемеде ар бир болмо видео козомолдо. Адылдын ар бир кыймылын козомолдоп жатышкан. Кечинде мемиреп тынч уйкуга кеткенде, ошону эле кутуп тургандай шыптагы кичине жылчык ачылып, болмонун ичине газ толгон. Адыл озун бактылуу сезип биринчи жолу Жан дуйносу эргип, эртенки кунду чыдамсыздык менен кутуп, жыргап коздорун жуумп уйкуга кеткен боюнча кайрып коздорун ача албай туболук уйкуга кете берди…
Сара катуу бир кыйкырып алып полго отуруп калды, озуно ОЗУ батпай кетти. Туруп башкы дарыгердин болмосуно баш багып жумуштан кетуу арызын жазып, жумуштан чыгып башы оогон жакка кете берди…
Аягы.