«»БААЛАНБАГАН БАКЫТ»»

https://kyrgyzcha.site/?p=47583&preview=true Кызыктуу окуялар.

«»БААЛАНБАГАН БАКЫТ«»

 

 

 

Намаз убактысы жакындап калгандыктан, Бегай жайнамазын алып өз бөлмөсүнө кетип бара жатканда капысынан артынан атасы чакырып:

-Бегай, токточу.

Пример HTML-страницы

-Угуп жатам атаке.

-Кызым, сени менен сүйлөшө турган бир маанилүү маселе бар эле.

-Атаке, азыр мен намазымды окуп келейин анан сүйлөшөлү ээ, болбосо кечигип калам.

-Ии макул барагой кызым, анан шашпай олтуруп сүйлөшөрбүз-деди да атасы басып кетти. Бегай болсо намазын окуганы өз бөлмөсүнө кирип кетет. Бегай үй бүлөдө улуусу жана анын жалгыз Сезимай аттуу сиңдиси бар эле. Бегай жаш кезинен жаратканга сыйынган, жүрөгүн, үмүтүн жана бул жашоосун ыйман жолуна бекемдеген, хиджаб жабынып өзүн таза жолдо алып жүргөн ыймандуу кыздардын бири эле. Ал азырынча окууну бүтө элек болсо дага анын акылы кээ бир чоң кишилердикине караганда жогору болчу.

Жаратканга дуба кылып, намазын окуп бүтүп өз бөлмөсүнөн чыгып бара жатса атасын башка бөлмөдөн ойлуу олтурганын көрөт. Жанына жакындар келип:

-Атаке, мен келдим, эмне жөнүндө сүйлөшөсүз?

Бегай негедир бул суроосуна жооп ала албады.

-Ата мен келдим-деп ойлуу олтурган атасынын колун кармап.

-Аа келдиңби кызым?

-Келдим ата. Эмнегедир сизди бир нерсе катуу ойлондуруп, тынчыңызды алып жаткандай, эмне болду сизге ата?

-Баары жакшы кызым-деп атасы ойлуу олтуруп калды. Атасы Айбек байкенин жашы алтымышка чамалап калгандыктан көп нерселерди эсинен чыгарып унутуп коёр эле. Бирок бул жолкусу тынчын алган нерсени Бегайга кантип айтууну ойлонуп олтурду. Көп өтпөй сырттагы жумуштарын бүтүрүп, Бегайдын апасы Айдай эже кирип келеип:

-Ии атасы менен кызы эмнени сүйлөшүп олтурасыңар? Мага да айткылачы сыр болбосо-деп жылмайуу менен Бегайдын жанына олтуруп кызын кучагына алып.

-Эч нерсени сүйлөшкөн жокбуз апа, жана атам мени бир маанилүү нерсе сүйлөшөбүз деп чакырган, бирок эч нерсе айтпады

-Эмне кызыңа дагы деле айта элексиңби-деп Айдай эже атасына суроо узатат.

-Кызың менен сен сүйлөшсөң жакшы болот, кантсе да сен апасы болосуң.

-Жанатан бери акырын түшүндүрө берсең болмок.

-Сен деле айта бер, азыр деле кеч эмес-деп атасы терезени карап олтура берди. «Булар эмнелерди эле сүйлөшүп жатат, мага эмнени айтышат»-деп Бегай апасы менн атасынын сүйлөшкөндөрүн түшүнө албай олтурду.

-Эмне эле болуп жатасыздар, мага эмнени айтасыздар?

Апасы жылмайуу менен кызынын колун кармап:

-Эми эмне десем кызым, бул нерсени сага кантип түшүндүрсөм. Сен чоңойуп, бойго да жетип калдың. Эми сен… биз атаң экөөбүз айткандарды туура түшүн, кантсе да сен акылдуу кыз эмессиңби.

-Апа мен эмнени түшүнүшүм керек? Сиздер эмнени эле айта албай кыйналып жатасыздар? Мен эч нерсени түшүнө албай жатам.

-Кызым…. эми…. биздин жашоо шартыбыз башкалардыкындай эмес билесиң да, колубузда жок эптеп күн кечирип келебиз.

-Жоок апа жакшы эле жашайбыз, бул жашоо үчүн да жаратканга шүгүр кылалы.

-Ооба бирок… кызым-деп апасы кайра кайра сөзүнөн такалып, өз сөзүн кызына толук жеткизе албай кыйналып турду. Күтүүсүз жерден атасы апасынын сөзүн бөлүп:

-Кызым, биз сени кудалашып койдук. Анан дагы ал киши мен иштеген жердин жетекчиси, бай адам-деп атасы кызына карап.

Бул сөздөрдү уккан Бегай таң калганынан үн сөзү жок туруп калды. Апасы акырын кызынын башынан сылап, көзүнө жаш алды да:

-Кызым, сенен бир ооз сурабай, сенин уруксатыңсыз бул жолго барып тагдырыңды чечип салганыбыз үчүн кечирим сурайбыз.

-Апа, мен…. мен уккандарыма ишене албай турамын, сиздер чындап ушундай жолго бардыңыздарбы?

-Кызым, биз…..

-Ишене албай турамын, кантип ушундай жолго бардыңыздар? Макул кыздын барар жери күйө деңизчи, бирок мен азыр окууну бүтө элекмин да апа.

-Окууңдун бүтөөрүнө бир эле жыл калды, бир жыл окубай деле койсоң болот, буга чейин алган билимиң деле жетиштүү-деп атасы кызына жооп берди.

-Бирок ата мен.

-Болду кызым, көп сөздүн кереги жок. Биз кудаларга сөз берип, кол алышып койдук. Сен макулдугуңду берүүгө тийишсиң!

-Ата, сиздерге өз кызыңыздардын тагдырынан да кайдагы бир кагаз акча кымат болуп жатабы?

-Биз болгону сенин бактың үчүн, сенин Сезимай сиңдин менен сенин келечегиң үчүн жазап жатабыз.

-Келечек, кайдагы келечек ата? Мындай жолдо менин келечегим жок-деп Бегай көз жашын төгүп ыйлап олтурду.

-Ата суранам, бул жолдон кайтыңыздарчы, кызыңыздардын тагдырын караңгы жолго туштабаңыздарчы. Эгер мен окуумду бүтсөм баары жакшы болот, жакшы жумушка орношуп сиздер үчүн акча таап иштеймин ата, болгону мени турмушка бербеңиздерчи-деп атасынын алдына тизелеп олтуруп, жалынып-жалбарынып ыйлап олтурду.

-Кызым, кеч болуп калды, үч күндөн кийин кудалр тараптан келишип сени алып кетишет, сен ошол күнгө даяр бол-деди да атасы ордунан туруп сыртка чыгып кетип калды.

-Апа, жок дегенде мени сиз түшүнүңүзчү.

-Кызым кечир бизди, биз аргасыз болдук. Кана колубузда бар бай адамдардан болсок, биз сени эртелеп турмуш бербей окууңду андан да улантып окутуп жаркын келечек куруп берет элек. Бирок сиңдиң да чоңойуп калды, аны да окутуш керек. Кызым атаң эмне десе да аткарууга тийишбиз, анан сөзүн эки кыла албайбыз-деп Бегайды апасы бооруна кызып, кызынын келечеги үчүн кайгырып ыйлап турду.

Бул нерсе Бегай үчүн турмуштун күтүлбөгөн сыноосу болду. Акыры өзүн колго алып, үй бүлөсүнүн келечеги үчүн, өзүнүн тагдыры талкаланса да, өзүнөн кийинки сиңдиси Сезимайдын тагдырын ойлоп бул сунушка макулдугун берет.

Арадан күндөр өтүп, Бегай кудалашып койгон Самат атуу жигитке турмушка чыгып, ата-энесинен алыстап өзүнчө турмуш куруп жашай баштайт. Турмушу жакшы башталып, келиндик кызматын аткарып өз жашоосун улай берет. Бегайды кайненеси Айгүл эже өз кызындай кабыл алып, билбегенин үйрөтүп, кемчилигин түзөтүп келиндик кызматына жардам берип жүрдү. Бир күнү Айгүл эже Бегайды жанын чакырып:

-Кызым кел кой жаныма олтурчу.

-Угуп жатам апа

-Кызым бизди кечир, биз сенин келечегиңди талкалап эрте келин кылып алганыбыз үчүн өзүбүз кичине ыңгайсыз абалда болуп турабыз. Эмии Самат үйдүн жалгыз баласы анын үстүнө эрке чоңойду. Ал эмне десе да атасы баарын аткарар эле. Кайдан жайдан үйлөнөм деп чыгып, аны үйлөндүрүүгө туура келди. Эми сен түшүнөт чыгарсың

-Жоок апа баары жакшы, бул үйдө сиздей камкор апам турганда эч кыйналбаймын-деп күлүмсүрөө менен жооп берди Бегай.

Бегайдын ар-бир кылган иш аракети кайненесине да, кайнатасына да жагып, алар үчүн эң сүйүктүү келинге айланса да, бирок Самат үчүн сүйүктүү жар боло албады. Самат жаш кезинен жакшы шартта чоңойуп, акча менен күн өткөрүп эрке чоңойгон бала эле. Анын көңүлүндө ачык жүргөн, боёнуп жасанган кыздар болгондуктан, ыйман жолунда жүрүп денесин оронгон кыздарга башкача карачу. Бегайдын намаз окуп денесин хиджап менен жаап жүргөнүн Самат жактырбай жүрдү. Кантсе да жубайы болгондуктан башында үн сөзү жок жүргөн эле.

Убакыт зымырап учуп, арадан билинбей жылдар өтүп Бегай менен Самат бир балалуу жана эки кыздуу болушат. Мына ушул учурлардан тартып турмушубуз жакшырат деп үмүтөнүп жүргөн Бегай жаратканга жалынып, үй бүлөөсүнө бактылуу күндөрдү тилеп жашап келди. Бирок ушул күндөрдө Бегай тагдырдын дагы бир сыноосуна кабылат. Күн өткөн сайын ал үчүн өз үй бүлөсүнүн кадыры кетип бара жатканын байкады. Жолдошу Самат күндөн күнгө үй бүлөсүнөн алыстап, үйүнө көп турбас болуп калат. Таң эрте үйүнөн чыгып кетсе, кечкиси мас абалда келүүнү адатка айландырып алды. Келгенде үйүнө ызычу салып, кыйкырып бакырып кээде жинденгенинен Бегайга кол көтөрүп ура кетчүү. Күнүгө ушул көрүнүш. Барган сайын Самат үй бүлөсүнүн тынчын алып, көп ызыучу салчуу болду. Кечинде адатынча дагы мас болуп келип катуу кыйкырып:

-Бегай! … Бегай дейм!

-Эмне болду сизге? Дагы ушул абалдасызбы-деп Бейгай аш бөлмөдөн чыгып келет.

-Каякта жүрөсүң катын! Мен сени канча чакырдым?

-Аш бөлмөдө тамак жазап укпай калыптырмын.

-Укпай дечи… мм көрсө мендей күйөөңдү тоготпой калыпсың да ээ?

-Кайдагыны айтпаңызчы, жүрүңүз жатып эс алыңыз чарчап калыпсыз-деп Бегай жолдошунун колунан кармап, кулап калбаш үчүн акырын жетелейин десе Самат колун тартып:

-Жакындаба мага… тийгизбе колуңду.

-Мен болгону сизге жардам берейин деп….

-Бербей эле кой. Сени жек көрөм

-Эмне деп жатасыз?

-Уктуңбу сени жек көрөм. Мен сени менен жүргөндөн уялам. Досторумду кара, алардын аялдарын кара, кандай сулуу, кандай тыкан, кандай кооз кийимдерди кийишет. Сен… эми сен өзүңдү карачы кайдагы бир жүдөмүшкө окшоп турасың, кечкери ушул оромолуңдан чыкпайсың. Мындай бир адамга окшоп кийинген күнүң болобу-деди да колун шилтеп, Бегайды жек көргөндөй ийининен түртүп жиберет. Өз жолдошунун мындай сөздөрдү уккан Бегай көздөрүнөн жаш агызып ыйлап ийди. Ары жактан балдары ыйлап, сегиз жаштагы Илим баласы чуркап келип.

-Ата апамды урушпаңызчы, карачы ыйлап жатат-деп атасы түртүп апасына болушуп жатты.

-Кыйраган апаң бар гоо-деп Самат мастыгынан ичиндеги бугун чыгарып өз бөлмөсүнө кетип калды. Айласы кеткен Бегай бул нерсени өзүнө берген жараткандын сыноосу деп кабыл алып, ар дайым өз намазын окуп бүткөндө жараткан Алладан » Оо Аллахым, бул пендең сенден жалбарынып суранат. Аллахым, жолдошумдун жүрөгүн жаман нерселерден тазалап, анын жүрөгүнө ыйман нурун уюта көрчү ээ Аллахым. Ал кайда жүрсө да аман болуп, балдарым аны ар күнү аталап кыйкырып, алдына чуркап тосуп алышсынчы. Мейли мени жактырбасын, мейли мени жек көрө берсин, бирок мен ишенем качандыр бир күнү мен да анын жүрөгүнөн орун алармын. Үй бүлөмө жана бүткүл жер жүзүнө тынычтык орното көр. Ар-бир пенденин ата-энесинин өмүрү узун болуп, жакын адамдары дайыма аман болсун. Ээ Аллахым менин ушул тиленген дубаларымды кабыл кыла көр оомин»-деп күндөн күнөгө тиленип жашай берди. Өзүнүн жүрөгүндөгү ыйманы менен баардык нерселерге сабырдуулук менен мамиле жасап , жолдошунун ар кыл кылыктарына чыдап келди. Бир күнү Бегай өз балдары мнен сүйлөшүп, кечки тамактарын ичип олтурган кезде Самат сырткы эшикти ачып акырын кирип келет, бирок ал бул жолкусунда соо эле. Жумушунан чарчап, жубайы жана балдары менен бир дасторконго олтургусу келбей, өз бөлмөсүнө кетип бара жатканда, капысынан жубайы балдары менен сүйлөшүп олтурганын кулагы чалып калат:

-Апа сизди аябай жакшы көрөм, сиз менин эң сүйүктүү адамымсыз.

-Мен да, мен да апамды жакшы көрөм-деп баласы менен кыздары апасын кучактап жатты.

-Мен да силерди аябтурду.көрөм, силер менен бар байлыгымсыңар.

-Апа мен сизди эле жакшы көрөм. Аа бирок..

-Эмне болду уулум?

-Бирок атамды жек көрөмүн.

-Уулум сен эмне деп жатасың, мындай кылганың жарабайт. Ал сенин атаң. А уулу болсо ата үчүн эң кымбат нерсе.

-Жок апа. Эгер атам мени жана карындаштарымды жакшы көрсө мындай кылмак эмес.

-Илим эмне деп жатасың?

-Апа эмнеге атамды жактай бересиз, ал сизге кол көтөрүп сизди ыйлатат гоо. Ал бизде жек көрөт, мен да аны жек көрөм-деп Илим дастарконго тетири карап. Бегай акырын жанын келип.

-Уулум менин. Ооба сенин айткандарың туура дечи, бирок сенин атаңа болгон мындай жаман ойлоруң туура эмес. Ата, ата деген бул эң кадырлуу адам. Ал балдарым деп жашап, балдарынын бактысы үчүн баардык нерсесин берүүгө даяр болгон инсан. Сен аны жакшы көрүп кадырлап сыйлаганга милдеттүүсүң. Уктуңбу уулум.

-Бирок апа..

-Эч кандай бирок-сирогу жок. Уулум атаңа болгон жаман ойлоруңду жок кылып, ага болгон жакшы нерселерди ойлогонго аракет кыл. Ооба азырынча Самат туура эмес жолдо жүрөт, бирок мен ишенем, биздин атабыз кийин эң сонун, эң сүйүктүү ата болот-деп Бегай баласын өз бооруна кысты.-Сен эгер атаңды жакшы көрүп, ага жакшы бир дубаларды кылсаң, кийин сен чоңойуп ата болгондо сага да сенин балдарың дал сендей иш аракеттерди жасайт. Уулум сенин атакең эң жакшы адам, болгону сен аны түшүнгөнгө аракет кыл макулбу-деп акырын башынан сылап, кайрадан дастарконго олтурушуп тамактанышып өздөрүнүн таттуу маектерин уланта беришти. Ал эми аларды сырттан угуп турган Самат Бегайдын бул сөздөрүн угуп жүрөгүнөн жаш агып турду. » Мен акмак экенмин, мен кантип жашап жүрөм, мен адам эмес экенмин. Кара өз балдарым мени жаман көрүп жатышат. Туура, алар туура кылышат мен буга татыктуумун да. Мен эмне деген адам болду. Мен жек көрүп, мен кол көтөрүп ыйлаткан жубайым мени жек көрбөстөн мен үчүн дуба кылып, балдарыма мени жакшы инсан деп менин айыбымды жашырып жатат. Мен бакытты көчөдөгү кайдагы бир ачык-чачык кийинген кыздардан издеп жүрсөм чыныгы бакыт мына ушул, менин көз алдымда, менин үйүмдө, менин ушул үйбүлөмдө экен да. А мен акмак колдогу бакытымды баалабай анын баркын билбей келипмин.»-деп Самат өз көкүрөгүн өзү уруп, үн чыгарбай муңга батып зыздап турду. Бегай балдарына суу алып келгени келе жатса капысынан жолдошунун муңдуу олтурганын көрүп калат. Колундагысын коё салып акырын жанына басып келип олтурду да:

-Сиз качан келдиңиз эмне болду сизге?

Негедир Бегайдын бул сөздөрүнө Самат жооп бере албады.

-Самат байке, сизге эмне болду? Түрүңүз бузулуп турат.

-Бегай, мени кечирчи суранам. Мен ушул убака чейин силерге туура эмес мамиле жасап кклипмин… мен… мен…-деп Самат жаш балача көздөрүнөн жаш агызып ыйлап турду.

-Самат байке-деп Бегай акырын колун кармады да- кайдагы туура эмес мамиле, мен баарысын унуткам. Кандай гана кайгылуу күн жана кайгылуу мүнөттөр болсо да, үй бүлөмдүн бактысы үчүн баарын унутууга тырышам. Ал нерселерди сиз да унутуңуз суранам сизден.

Бегайдын бул сөздөрүн уккан Самат чыдай албай жубайын кучагына кысып.

-Сен менин жараткан Алла берген эң чоң белегимсиң, сен бар үчүн жаратканга миң мертебе шүгүр кылам.

Ал эми Бегай болсо бул бактылуу мүнөттөр үчүн ичинен бир башкача сүйүнүп «Оо Аллахым, чооң рахмат. Менин дубамды кабыл кылдың»-деп кубанычы койнуна батпай турду.ши

 

 

Урматуу окурмандарым. Азыртан көзүбүздү ачып, бул жашоого башкача көз караш менен карайлы. Мүмкүн биздин көптөн күткөн бакытыбыз биздин жаныбызда чыгар. Болгонун ал бакытты баалай билип, бул жашоодо бактылуу жашаганды үйрөнөлү.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️