Пример HTML-страницы

Бөбөк үчүн курман болгон макулук

https://kyrgyzcha.site/?p=6344&preview=true Кызыктуу окуялар.

Абдан кызыктуу болгон окуя

«Бобок учун курман болгон макулук»

Жашоо деген кээде жамгыр жаап жаткан
А кээде ачык асман кун нур чачкан
Бирде ойдо которуп коколотсо
Бирде жерге киргизе катуу чапкан
Адамзат, курт-кумурска, жан-жаныбар
Ар биринде жашоо бар жазганы бар
Биринде жашоосу кыштай тонсо
Бирисинде тагдыр
гулдоп жаз жаныраар
Ошондой бир уй булодо жаз гулдогон
Бир ит болчу кызмат кылган коп жыл деген
Кутуп жургон уй ээсине Жаратканым
Бейиш жыттуу бир наристе бала берген
Кутулушуп ата-эне кусалыктан
Кут келип уй булого кубанышкан
А дооботтун маанайы жок эмнегедир
Журогу зырп эткендей бир кызганычтан
Ошол кундон улам дообот урбой калды
Чунчуп кетти коргон жандай кундо кайгы
Кункулдоп тамака да табити жок
Бар ондонуп журогундо бир чон айыбы
Байкап туруп мындай ойлоп кожоюну:
«Бобогумдон бул кызганып койгонунбу?
Мага болгон достугунду танбайм бирок
Бул жолу эмне сол жагындан ойгондунбу?»
Итте ун жок илбиреген ондон азып
Алчуудай жипке озун озу асып
Ункуйгон абалынан жазбай туруп
Жузун буруп ары коздой кетти басып
Убакыттын токтобойт да айланганы
Кун батаар маал куугум коштоп айлананы
Ошол кезде уйгу-туйгу бир шекшинуу
Тынч жаткырбай ит журогун аймалады
«Шырт» деген бир ун угулду болмо жактан
Ал боломдо чукуранып бобок жаткан
Борс урду да болмо коздой октой учуп
Кирип барды эшиктен чала жапкан
«Шайтан алгыр каап коет бобокту» деп
«Ах айбан ах макулук олот бу» деп
Тырпырап ата да кантсин эми
Атып турду ал ордунан шарт эпилдеп
Ууга чыккан чон мынтыгын колго алып
Шарк эттире бир заматта октой салып
Кирип барды жулунуп ит артынан
Алгандай журогуно ийне сайып
Болмо тынч.. кункулдоп ит бурчта турат
Шыйпандап,оозу мурдун канга булап
Ачууланган кожоюну аткан ал ок
Тешип отту иттин журок этин бурап
Олду ит опко деми токтоп калган
Бир макулук олумдон да коркпогон жан
Олоорун билген тура антсе дагы
Айыкпаган кесел оору коштогон жан…
Жетип келип уулун кысып бооруна
Ыйлап жаткан керебеттин боюнда
Жарааты жок эч жеринде аман экен
«Олгон го» деп тырпыраган оюнда
Караса эсин жыйып он жагынан
Керебеттин астында кан жайылган
Туру суук кара чоор узун жылан
Олуп жатат кекиртеги жарылган
«Корсо дообот кызганбаптыр бобогумдон
Аттин мурда сезбептирмин билбедим мен
Ооруп журуп окко учту ай байкушум
Сактап калып бобогумду бир олумдон»….
Жан дуйноно жара салып арман салып Жашоо кээде жыгытат аркан чалып
Акылы осуп турган менен адамзаттын
Сезими жок болот кээде айбанчалык…!!’

Автор: Б. Абдыкалыков

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE