Азыркы кезде суйуунун баркы жоктой корунот, кээде олтуруп жашоодо суйуу деген нерсе барбы дегендей ойлор кетет…
Мумкун суйуу бул жон гана ойдон чыгарылган жомок чыгар,суйуу бул китептерде гана, же болбосо кинодо гана кездешет деп ойлоор элем…
Озум шаарда туулуп оскон сон, эч нерседен тартынбаган, оюмду бетке айтмай адатым бар… Жогорку окуу жайга жаны гана тапшырган кезим, жаны барган сон бирге окуган группалаштарын менен жаны гана таанышып, бир биринди кызыгуу менен карайт эмессинби…
Группада коптогон сулуу кыздар бар экен, чачтарын турдуу прическаларга жасашып, ооздорун кызарта боешуп, чекеден эле чырайлуу келишет… Шаардык кыздар экени корунуп турат, кайсы бирин жактыраарымды билбей, коздорум жайнап чыкты… Ангыча эшикти ачып бир кыз кирип келди, ал кызга эч ким деле конул бурбады… Айылдык кыз корунот… Эки бети кызара, чачын бир оруп арт жагына таштап алыптыр, устуно жупуну гана кийим кийип, уялынкы кирип арткы столдон орун алды….
Ал кызды берки кыздардан айырмасы асман менен жердей эле, эч кандай чырайы жок корунду козумо, чачынын ону очкон, эч качан боелгон эмес экен, а берки кыздардын чачтары тимеле жылтырайт…
Ошол айылдык кызга карап олтуруп, мындай кызга кандай жигит уйлонот экен дейм да, озуно окшогон жудогон, жигитке тийсе керек деген ой кетти… Бирок сулуу кыздар кайра эле конулумду ээлеп алды, ал кызды карагым да келбеди, конулду тушурот эле, кызарган бети андан сайын кызарат…
Ангыча мугалим кирип калды, биринчи сабак химия сабагы экен… Тактайга кыйын бир мисалды жазып ким чыгат? Деди, студенттерге коз айнегинин устунон караган эжей…
Эч Ким башын которбой жер карашты, а мен химияны такыр тушунбойт элем…
Арт жактан эжей мен чыгам деген ундон баарыбыз карадык, ал жанагы айылдык кыз эле, кыздардын баары мурдуларын чуйруп, жаман коздору менен карап ал кыздын, кебетесине карап шылдындап жатышты… Тактайга чыккан ал кыз, шакылдата иштеп салды…
Кундор отуп группадагы баардык кыздарды озумо каратып алдым, озумду мактабайын бирок мен чырайлуу, кен далылуу эле жигит элем… Кыйшандап кээде кыздар оздору тийишип калышат, группадагы эн сулуу кыз менен суйлошуп баштадым, бирок анда уялуу наздануу деген жок эле, мен каалаган нерсени аткара берет, акыры мен учун кызыксыз боло баштады… Чынында эле азыр кайдагы суйуу? Суйуунун баркы деле жокко эсе…. Озум журогумдун туркурундо бир ыйык суйууго кезикким келээр эле, бирок ошого татыктуу кыз таба албадым… Бир куну группа чогулуп, бирообуздун уйубузго кече уюштурабыз деп калдык… Эсимде жок бир майрам болчу, айылдык кызды атайын тамак жасоо учун гана чакырганбыз, озу аябай жоош болгону учун, унчукпай келди… Кече шандуу болуп жатты, майрам болгон сон кыз жигитине карабай баарыбыз ичип олтурдук, ангыча тамак даяр болду… Кээ бир кыздар коп ичип койгонго буттарынан, тилдеринен кете башташкан, тамактын аябай даамдуу болгонун сездим… Тамшанып эле жей берчуудой экен… Тамактанган сон, кече кайрадан уланып жатты, ичимдиктер суудай болуп эле агып жатты, бирок кыздарды мас абалда коруу аябай эле оон учурады козумо, чачтары апсайып, кийимдери кыйшайып, бетиндеги боектору коздорун желмогуз сымал корсотуп жатты… Бироосу арманын айтып бурчта ыйлап олтурса, бироосу бироонун койнуна эчак эле кирип кеткен, бироосу дааратканада конулу айнып олтурат… Анан кантип ошолордон мээримдуу, улгулуу эне чыгат тушунбоймун… Ушул корунуштон жииркенип, балконго таза абага дем алганы чыгып калдым, балкондо айылдык кыз дагы бар экен, асманга карап, жылдыздарга коз жугуртуп жатыптыр… Чачын тыкан гана бууп, дене мучосун жапкан кийим кийген бул кыз, ичкен кыздардан айырмасын эми байкадым, жузундо эч кандай боегу жок… Мени коруп, жерди карай уйго кирип кетти… Ал кыздан кандайдыр бир сырдуулукту байкадым, эмнегедир кызыгуум артып, конулум ооп баратты… Сабакта чакылдап жооп бергени менен, биздин арабызда эч ким менен ачылып суйлобойт эле…
Эмнеси болсо дагы ал кызды озумо каратып, сырын билгим келди…
Бир куну атайын уйго чакырдым, бир сабактан жардам беруусун отундум… А менин оюм башка эле, эптеп намысына тийсем, озу эле айласыздан мага арбалып калат деген ой эле, эч нерседен ою жок ал уйго кирип келди… Колдоруна китеп, дептер кармап алыптыр… Торку болмого киргизип эшикти ичинен жаап, ачкычты бекитип койдум…
Болмого кирээрим менен эле аны, диванга жыктым, эч нерсени тушуно бербеген ал кыз, мени туртуп кирди…
А мен болбодум, кийимин чечкенге аракет кылдым… Озун эркин кармаган ал кыз, токтоп тур, озум чечем бирок бир шарт менен деди… Тан калып туруп калдым…
Мен дааратканага кирип чыгайын деди…
Мен эшикти жаап койгонго, чыга албайт деген ойдо элем… Ошого макул болдум, ал кыз копко жоголуп кетти… Акыры эшигин такылдатсам, азыр деген ун чыкты… Бир кезде ал чыкты, бирок жанында адам тура албайт эле, устуно ( адам чон дааратка олтурат эмеспи) бут денесине ошондой жагымсыз нерсени суйкоп алыптыр… … Эми мен даярмын деди… Мени карап жылмая.. Анын жанына турууга мумкун эмес эле, ошого уйдон кууп чыкканга туура келди… Бул кызга намыстын ушунчалык керек экенин тушунуп, ал кызга ыраазы боло туштум… Бирок озумду
ал кыздын алдында куноолу сезип журдум… Ошол кезден баштап башкача сезимге кабылдым… Ал кыздан кечирим суроо мен учун аябай оор болду, бетине карай албай журдум, озумдун иттигимди корсотконумо жиним келип журду озумо… Ал кыз караса коздорумду алып качып калдым… Бирок ал кыз мага эч нерсе дебеди… Бирок менин жаным жай албады, эмнегедир анын ар бир кыймылын байкоочу болдум… Жылмайып кулгондору, озун жонокой алып жургондору, мага жагат эле… Артынан кээде уйуно чейин карап барат элем, уйуно кирген бойдон чыкпайт эле, эч кандай терс жакка барбаганын байкадым, дуйнодо чын эле ушундай, намыской ыймандуу, мээримдуу
кыздардын бар экенине ишендим… Кээде короодогу бироолордун балдарын эркелетип ойнотконун коруп, сенден мээримдуу эне чыгат деп койдум ичимден… Анан кечирим суроо учун, алдынан тосуп чыктым, бирок мени короору менен, жерди карап созумду укпастан алдыга шашып кетип калды… Туура мени кечирууго болбойт дедим, уйго алдап чакырып, аз жерден ал кыздын тагдырына балта чаап алайын дебедимби. Бирок эмнеге журогум тынч албайт, коз алдыман элеси кетпегени эмнеси, кызыгы башка кыздарга конул дагы бургум келбейт… Акыры артынан калбай ээрчий берчу болдум, анын мени карап бир эле жылмайганына зар болдум, кундо эшигинин алдына гул калтырып кетем…
Ошондо дагы мага карабады, окууну буткучокту мага суйлободу, анын таарынычын жазганга далай аракет кылдым, бирок болбоду, унчукпай кутулуп кетет… Бирок аны кундо коргонумо эле суйунот элем, андан башкага конулум эч эле чаппай койду… Акыры чыдабадым, ал менен суйлошкум келди, кат жаздым болбоду, артынан ээрчип уйуно чейин бардым болбоду, акыры алып качып кеттим… Ата энеси каршы болбосо экен деп тиленип олтурдум, тилекке каршы ата энеси конбоду… Ызы чуу тушуп жаткан кезде, кошогодон чыгып келген Айчурок(айылдык кыз) апа ата мен калам деди… Тобом кокко жеткенин айтпагыла, суйунуп кеттим… Эртеси дунгурото той бердик, баардык досторум тан калышты… Эй досум, артындан канча сулуулар ээрчиди, озун бул кызды тенсинбейт элен, эми бакыттан башын айланганы эмнеси дешти… Чын ооба сулуулар коп, бирок журогу тазалар, жан дуйносу сулуулар аз… А мен озум дуйнодогу эн сулуу, баардык жагынан топ келишкен жарды таптым дедим… Корсо Айчурок, биринчи келгенден баштап эле, мени жактырат экен эле… Башында жийиркенип, озунчо тенсинбеген кыз, эми менин журогумдун ээси, бут жашоомо айланды… Адашпаган экенмин, Айчурок аябай мээримдуу, жан дуйносу таза, шыпылдаган келин болду… Адамдын сыртына карап ички дуйносун биле албайт экенсин… Кээде сырты жалтырак нерселерге карап, озубузго эн кымбат жанды байкабай калат экенбиз… Сырткы сулуулукка карап чечим чыгаруу бул катачылык.. Оздорунун сулуулугуна, байлыгына, атагына маашырлана адам менсинбеген адамдар, жашоонун кызыгын анча сезе алышпайт))))!!