Аялдын энэлик мээрим-кудурети

Кызыктуу окуялар.

Аялдын энэлик мээрим-кудурети, махабат сезими, суйууго муктаждыгы аялдардын бейнелери аркылуу суроттолот.

 

 

Анын торотканадан келбегени палатага киргенде еле билинип турду.чыт халаты таза жуулуп, утуктолгон. башында жоолугу жок бир тутам кыска чачы артына жылма таралып байланган.Ак куба жузуу менен бажырайган нуурду коздору да тороттун азабынан ечак арылып озуно келип калган екен.биз менен жатык учурашып жатып кулмундоп койду.Баласынын оорусу женил екен деп тымызым суктанып алдым.Келин менин тушумдагы бош керебетке жайгашты.Ортобузда бир тумбочка бар еле.Анын буюм теримдерине орун бошотуп жатып, китеп дептерлерине козум тушту.

-Окуйсунбу?- деп сурадым.

-ооба дипломдук иш жазып жатам.ошон учун кагаздарымды которо келбедимби.

-Каерде окуйсун?

-Университеттин Юрфагын бутом.

-ОО жакшы.

Экообуздун созубузго кулак салып турушкан еки аялда баш которушуп карап калышты.Баласы ооруп жатканда башына башка нерсе кантип сыят дегендей кыныр коруп тиктедик.

-Балан канча кундук?

Ушинтип бардыгынан сурай берчимун.торолгонуно аран он кун болгон уулум бир кун отсо да кыйла торолуп, дартка алдырбай кетчуудой кун есептеп жургом.

-Бир жарым айлык болуп калды,-деди келин бир аз тартынгандай.

Анын жообу санаамды ансайын орлоштуруп койду.менин уулум да качан бир жарым айга чыгат екен деп чарчап арый туштум.Омурдун ушул бир тамчы жашын жашап отуш да ушунчалык узак болорбу?

Журогум тыбырчылап олтура албай сыртка чыктым.Бараар жерим еле оорукананын балдар болумунун четки терезеси.Анын ары жагында балам жатат.Палатанын сырдалган айнегинен анын карааны корунбосо да ыйлап калбасын деп коонум тынчыбай терезени сагалайм.Мага окшогон баласак энелер коп.Айнектерди утуру шыкалап коюшуп тегеренип кете албай журушот.Бугун да эмизээр маалга чейин ептеп убакыт откоруп палатага келдим.Балдар болумунун эшигин алдында топтолуп калышкан аялдар удургушуп аран еле турушуптур. Ар уч саатта, он-он беш мунотко колубузга зорго тийген наристебизге сагынычыбыз ашып-ташып тыбырчылайбыз. Каалга ачылар менен баары аткан октой кетишти.Мен да ооруканын сузуло жыртылып, ону очкон ески жалаяктарына оролгон уулумдун кымындай денесин боорума кыскыча шаштым.Балам оозун кайсалактатып, дароо эмчек издей баштады.Шабдоолу тукту момо жузун бетиме басып жалынганым да, эркелеткеним дагы ага баары бир.Ага азыр бир гана эмчек суту керек.Апасында жашоону да эмчек суту менен туят.Оозу ширин ууз сутко толо тушуп, аптыга жутуп, мэрлене сооруп жаткан наристене баардык тамырын балкып ийип бересин.Уулум ууз сутко тойгондон кийин меемиреп уйкуга кетти.Ал уктап жатканда жузуно коп карабайм.Козугуп кетпесин деп корком.Бугун да коздору жумулары менен ордуна жаткырып коюп сыртка чыктым.Палатада студентке келин жалгыз отуруптур.

-Эмизип буттунбу?-деп сурадым андан.

-Капельница алган екен, уктап калыптыр, кечиреек кирем-деди ал бушайман тур менен.

-Эч нерсе емес уктап ес алганы жакшы -деп жооткоттум. -жур ашканага.

Балдарыбызды эмизип чыгаарыбыз менен баарыбыз айттырбай еле ашканага чогулабыз.Бала соргон эмчегин какталып, озогун карара тушот.Кийинки емизгенге сут болсун деп ачыккандай жеп ичебиз.

Балабызды сутубуз сактап калчуудай жакшы емип калыптыр, курсагы тойсо еле айыгып кетчуудой жандалбас кылабыз.Бугун тузук емип калыптыр.деп кокурокторун укалай киргени андан коп.Деги ашканада гана кимдин баласынын акыбалы кандай екенинен кабардар болосун.Бугун кантип калганын, кайсыл дарыны ичип, ийне алганын, кандай емгенин, тиктегенин, кулгонун, жалайыгын булгаганынан бери терип тепчип угасын.Ар кимибиз жарышкандай оз балабыз жонундо айткыбыз келет.Ошондуктанбы аялдар ашканада узакка олтура беришет.Тамактарын ечак жеп бутушсода кийинки келгендерге отургуч калбай калсада, еч кимдин тургусу келбейт ордуларынан. Студентка гана баласы жонундо ооз ачпайт.Оорусу женил болсо саанасы тынч да деп жооругам анысын.Палатада болсо баш которбой кагазын жазат.Биз уктарда китеп кагаздарын которуп далиске чыгат.Качан жатып качан турганын бир да жолу корбодум.Баласына бир чуркайт, окуусуна бии чуркайт.Ансыз еле шынга бою чыканактайболуп, азып баратты.Бир да жолу даттанбасада, чарчанкы коздорунон кыйналган ой саанасын билууго болор еле.Бугун да ашканага кирерим менен адатымча аны издедим.Баласынан али чыга елек екен.Аялдар боюн созушуп терезеден сыртты карап жатышыптыр. Ким келди екен деп менда кызыксындым. Узун бойлуу кара чачы желкесин жапкан шынга бойлуу жигит ешик алдында чыдамы тугонгондой ойдолоп ары бери басып туруптур.Студентканын куйоосу екенин дароо тааныдым.Бир еки жолу екоонун турганын коргон елем.

-Качан болсо курук келет аялына жаман папкасын которуп алып,-деди аялдардын бироосу нааразы ун менен.

-Озу студент болсо акчасы жоктурда бечаранын,-деди арыдан бироо секин какшыктап.

-Ме сага, акчасы жок имиш.кийингенин кара.куроп куроп акча тапкан менин куйоом дагы мындай чилтен емес.

Еми баары жигитти биринчи жолу коруп жаткансып, баштан аяк сыдыра карап калышты.Малвина шым Малвина курмо шым узун боюна куп жарашып, кара туфлисине чан жукпай, кычырап турган екен куйоо балабыз.ону жок кыркылган кара чачы желкесин жаап турат.Бул туру менен али катын баланын кадырына жете елек, кыз жандап жургон боз уландай сулкулдойт. Куйоо кеби токтор емес.

-Ашын болсода кашын болсун дейт.Еч болбосо да катынынын курсагын кепке тойгозуп кетпейби.Э оло калын.еки минута аран отурат.Анан жоо куугансып артын карабай кетет,-деди сары келин кыргызча-озбекче чалып суйлоп.

-Аялы бул жерде датса, бойдок болуп кыздардан бошобой жургондур.

-Койгула биз абу дегенибиз менен ар ким озу билет,-деп кызып калган аялдарды зорго токтоттум.

-Андан коро студентканы чакырып коюш керек,-деп ордуман козголо бергенимде ешикке жакын олтурган келин колун жансап токтотту.

-Бая еле чакырганбыз, озу келбедиго.

Бир аздан сон озум издеп бардым келинди.Баласынын жанында екен.Эшик ачык, Студентка баласын ушунчалык назиктик менен абайлап которуп алып, терезени карап, кусалуу туруптур.Адам узун ойго тушкондо ичинен кайруучу баш аягы жок обон менен акырын алдейлеп жаткансыйт. Бут дили, саанасы, умуту тилеги ушул тапта баласына гана байланып аны туу тутуп, дуйно бир тен, ал бир тен болуп тургандай корунду тунжураган турпаты.Эненин ысык ыкласына кызы да тынч алып мемиреп уктап калгандай.Эне баланын бул ширелишкен ынактыгын бузгум келген жок.Ун катпай артыма кайтарымда студентка жалт бурулду.Жашка нымдалышкан мундуу коздорун коргонумдо оозума соз кирбей калтырай туштум.ептеп септеп куйоосунун кутуп жатканы жонундо кобурамыш болдум.Ал «билем» дегендей башын ийкеди да жузун буруп кетти.Куйоосун коргусу келбей жатканын атайын чыкпай жатканын тушундум.Ушул коктугунон анын жалгыздыгын сезгенсидим. Баланы екоолоп табышсада енечелик жандалбас кыла албаган куйуумсуз еркектен конул калып тен болунбогон санаасына майышып тутоп тургансыды.

Палатага келип шалдырап отуруп калдым.Келин дагы бир топтон кийин кирди.Куйоосуно жоолуктубу билбейм, коз жаашыда, мунканган туру да жок сумсайып еле калыптыр.Анан керебетинин устундо дайыма жайылып турчу кагаздарын очошконсуп ожорлонуп жазып кирди.Эртеси уулум екообуз ооруканадан чыктык.аялдар менен кубанычымды билдирбес учун чала була коштошумуш болдум.Биз кантер екенбиз?-деп жалдыраган коздорун корбойун дедим.Студентка менин туйунчогумду которуп босогого чейин узатып койду.Антип минтип арадан он кун отуп кеткен екен.Баламдын бутпой калган документтерин алганы ооруканага кайрылып бардым.Мен жаткан палатага баш баксам ескилерден еч ким калбаптыр.Далай унду оналактап уктабай откоргон керебеттимде чоочун аял санага батып олтурат.унутулуп бараткан нерселер еске тушуп журогум оруй тушту.Шашып сыртка чыктым.бет мандайымдан тааныш аял жоолукту.Саламдан мурун сен дагы келдинби?-деп чочуп кетти.

Жон жайымды тушундургондон кийин озунун коз жашы кылгырып; Менин балам кайра ооруп калбадыбы.уйдо бир жумача еле турдук, деп ыйламсырады. аны алаксытмакма бирге жаткандардын кабарын сурамжыладым.

-Баягы студентка келин качан чыкты? Дипломдук ишин жактап алдыбы?-деп сурадым.

-Жактадыго, жактаганы да курусун.Ошол куну кызы чарчап калбадыбы.

-Койчу,?-мен катуу чочудум.кызы жакшы еле емес беле.

-Баарыбыз еле ошентип журчубуз.озу билгизбесе еле, корсо мурда еле оло турган бала екен.акыркы кундору баласынын палатасынан чыкпай калган.тамакка да кем келчуу.келседа ундобой ичип туруп еетет.

Кече аялдар дүрбөлөң түшүп жатышыптыр. «Студентканын кызы учуп кетиптир» дешет. Артынан чуркап бардым. Кире бериште ыйлап туруптур. Кудая тообо, ишенесиңби? Дубалга жөлөнүп алып, секин гана ыйлап жатат. Сабыры укмуш экен. Анын ордуна башка болгондо дарт-байрат салып, оорукананы башына көтөрмөк. Ага кайрат айтам деп өзүм кошулуп ыйладым: «Эмне балээ болуп кетти? Балаң түзүк эле го?» – деп кайта-кайта сурадым ишенбегенсип. Студентка мууну бошоп буркурап туруп, муну айтып берди.– Кызым ара төрөлгөн эле. Адегенде эмчекти да оозуна ала алчу эмес. Көз жаргандан тартып ооруканадан башыбыз чыкпады. Бул жерге келгенге чейин реанимацияда жаттык.Күйөөм сураса «жакшы» деп коем. Кызым экөөбүздүн тарткан азабыбызды андан көрөм. Нашаа чекчү экен. Кийин билип жүрбөймүнбү. Эмгегим кайтып, кызым айыгып кетсе болду деп ага бир ооз да жаман кеп айтпадым. Ич дартым ичимде болуп жүрдүм. Реанимациядан бул жакка которушканда кыйла сүйүнүп калгам. Жакшы дарылашпай коюштубу, кайра тез эле пастай баштады. Кызымдын өлөөрүн үч күн мурда билдим. Көздөрү башкача болуп калат экен. Күнү-түнү жанында болдум. Үмүтүм дагы эле үзүлбөй жатты. Бечара кызымдын ыйлаганга да чамасы жетчү эмес.Диплом жактаар күнү шорум катып кетип калыпмын. Беш жылдык мээнетим текке кетпесин деген ойго жеңдирген окшойм. Барарын-барып алып эси-дартым кызымда болду, санаам санга бөлүнүп жатты. Менин кезегим жеткенде дипломдук иштерди кабыл алып жаткан комиссиянын төрагасы: «Өңүң кубарып турат, кызым. Көп толкунданба. Отуруп демиңди бас», – деди. Мен баш чайкадым да, ортого чыктым. Көңүлүм караңгылап, дарманым кетип турганын ошондо туйдум. Жүрөгүм оозума кептелип, тынымсыз туйлап жатты. Айтайын деген сөздөрүм чочуп учкан таранчылардай туш-тарапка чачырап, карматпай койду. Баары эле көз алдымда тургансыйт, бирок, бири да тилиме илинбейт. Ушинтип канчага туттугуп турганымды билбейм, кимдир бирөө жөлөмөлөп, суроо бергендей болду. Ошондо карышып калган жаагым ачыла түштү. Өзүм да күтпөгөн жерден: «балам… балам!» – деп өксүп ыйлап жибердим. Ыйлаган бойдон эшикке чуркап чыктым да, ооруканага учуп-күйүп келаттым.Келсем аялдар балдарын эмизгени кирип кетишиптир. Жүрөгүм муздап, бир жамандыкты сезгендей болот. Дене-боюм өлүп, палатанын эшигин кантип ачканымды да билбейм. Баламды керебетинен таппай муунум калчылдайт. Жатыптыр. Жаныбыздагы эки аял балдарын беймарал эмизишип отурушат. Кызымды колума алаарым менен билдим. Узап бараткан экен. Ушуга чейин мени жубатып келген көздөрү аңтарыла жумулуп, мемиреген жүзүнө ажалдын көк темгил көлөкөсү түшүптүр. Берки аялдарга билгизбей, көкүрөгүмө бекем кысып эмизип жаткандай болуп олтура кеттим. Аялдар узакка эмизишти. Алар энелик мээримдерин жүрөктөрүнө батыра алышпай наристелерине тынымсыз жалынып-жалбырышып, эркелетишип жатышты. А менин колумда болсо эми эненин сүйүүсүн эч качан сезип-туйбай турган кызымдын ымыркай денеси жаны кетип, катып баратты. Эч нерседен шек санашпаган аялдар эмизип бүтүшүп, чыгып кетишти. Жалгыз калганыбызда гана бир боздоп алып, кайра тып басылдым. Кызымдын жаны бул дүйнөдөн чочубай кетсин дедим. Акыркы ирет боорума бекем басып отурдум. Эмчегимди салсам сүт эриндери бир дирт этип алды да, ачылбады. Денемдеги бардык жылуулугумду топтоп, ага өтсө деп жан талашсам да, демим мененн жылытсам да муздагандан муздап баратты.Кызым укчудан бетер тынымсыз шыбырай бердим: «Ак сүтүмдөн кечтим, көпөлөгүм. Тогуз ай толгонуп көтөрүп, толгоо тартып кыйналганымдан, эки айлык мээнетимден кечтим. Сен да мени кечир, наристем. Өзүңдү төрөгөнүм менен өмүрүңдү кошо төрөбөпмүн. Көзү ачык бойдон кетип баратасың. Жашоонун азабын гана тартып өттүң. Кечир мени, бейкүнөө көпөлөгүм? Сен бир да жолу көрбөгөн, сенин өлүмүңө себепкер болгон атаңды кечир?..» – деп дагы бир нерселерди айта берипмин.Ушул учурда кызымдын жаны кыйналбай чыгып, наркы дүйнөнүн бейишине чымчык болуп тезирээк учуп барса экен деп тиледим. Бир сааттан кийин кызым бул дүйнөгө таандык болбой калды. Көгөрүп муздап бүткөн жүзүн көз-жашыма жууп, акыркы жолу өпкүлөдүм да, дарылаган доктурдун кабинетине көтөрүп барып, колуна карматтым. Анан үйдөгүлөргө телефон чалып, кабарлаганы чыгып кеттим. Азыр аларды күтүп турам», – деди. Мен анын ата-энеси келгенче эш болуп жанында турдум.Эже ушуларды ыйга какалып жатып араң айтып бүттү. Менин көз-жашымды аарчыганга бурчамымды келтирбей агып жатты. Ар кимибиз өз перзентибиз жөнүндө ойлондук. Баласын түбөлүккө жоготуу бир дагы эненин башына салбасын. Ыйлап кичине бугубуз чыккандан кийин студентканын үй дарегин билбегенибизге өкүндүк. Барып куран окуп, көңүл айтып коймок экенбиз.Ошол бойдон студентка келинди көрбөдүм. Негедир оюма көп түшөт. Канча балалуу болду экен деп калам. Ал мага көп бала төрөгөндөй сезиле берет. Бир күнү өзүнө окшогон уул-кыздарын жетелеп, жолумдан чыгаарына ишенип жүрөм…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️