Кун нурун чачып, коз уялтып, жай мезгили оз белгисин корсотуудо. Жалбырактар кундун нурунан тосуп, жер жузундогу тируу жандарга колоко беруудо. Анда санда ысык жел Курсанттын бетинен аяр ото, эркелетип жатты. Кайдыгер шамал кайдан билсин анын журогундогу ойлорун…аягында, арманын…
Канчалык баргысы келбесин, атанын созу ок эмеспи. Атасынын созунон чыга албай эле макул болууда. Болбосо озу ушул Бишкекте эле калып, озуно жаккан окуу жайына эле тапшырып алсачы. Негизи тушунбойт, элдер балдарын алыска жибергиси келбей, жанында эле окуса деп кыялданышса, мында тескерисинче. Балким акыркы жолу бул шаарда буту басып жургондур. А балким дагы келээр. Бирок, кеткиси жок. Озунун суйуктуу шаарынан ажырагысы жок. Конуп кетем го деген ой менен эле кайдыгер кетип жатат. Сейил бактагы дарактар жалбырактары менен кошо ага боор ооруткансып, женил термелишет. Бактагы кыз-жигиттер Курсантты карай, кош айтышып атышкансып, коздорунун кыйыктары менен боор оорутуша карайт…
…Ойго чомулуп канча отурганы белгисиз, кол телефону чынгыраганда ээсине келе баскычын басты. Арада ким болду экен деген ойго жетише аран гана ало дегенге жарады.
-Салам Алейкум досум!
-Алейкум Ассолом, Данчик сенсинби?
-Ооба да, кандай ден-соолуктар?
-Сонун, озунчу?
-Менде да сонун… Куттуктап кой, мен жакында уйлонгону атам.
-Качан? эрте элеби?
-Ооба, шарт ушундай болуп калды… Сени куйоо-жолдош болуп бер деп айтайын деп жаткам!
-Мен… мен эме… Бара албай калдым го…
-Опей, эмне дегенин? Канчалаган досторумдун арасынан сени тандап жатпаймынбы?
-Дос, экообуз жолугушубуз керек, сага тушундуруп беришим керек…
-Качан? Бугун кечки саат жетиге келе аласынбы?
-Ооба, дагы суйлошобуз.
-Макул.
Кечки саат жетиге чейин темселеп журду. Кечинде жолукканда озунун ынгайсыз абалын тушундуро албай, копко кыйналды. Аягында чечкиндуу карманып башынан аягына чейин айтып берди. Досуна кандай катуу тийсе да сыр билгизбегенге аракет кылды. Курсант аны тушунуп турду. Жан дуйносунон оор ушкурунуп, эмне кылаар айласын таппай жатты….
…Шар аккан дарыядан бешбетер кочо толо машинага толуп баратты. Бул убакта кеч кирип калган болчу.Жумушунан келе жаткандар, жумушуна жоноп жаткандар, дегеле койчу, кимдер гана жок бул кочодо. Орустар, англичандар, кыргыздар, тажиктер, озбектер… Жуздогон улуттардын башын кошкон бул шаарда тынчтык жок экен. Эмне келдинер деген скинхеттер, биздин нанды жегени атасынар деген жашоочулар, дем алып атасынар дегендей тур корсоткон укук коргоочулар жана урук коргоочулар. ..
Бир караган адамга шаар абдан кызыктуу, зор корунот. Бара-бара жек корунуп, туулуп оскон Ала-Тоосун сагынып баратты. Кез кезде «Кечир мени Ала-Тоо, менден кеткен, Эгиз жер болбойт тура, окшош келген» деп коюп, оор ушкурунуп атты.
Же окуусуна барганга алы жок, же кайтып келе бергенге алы жок… Эмне кылсам деп турганда атасы телефон чалып калды. Сагынычы койнуна батпай турган Курсант аябай эркелегиси келди. Бирок, сурдуу атасынан кантсе да чочулап турду. Муну сезген атасы мин уктаса тушуно кирбеген созун айтты:
-Билем балам, сен ал жерде кыйналып жатасын. Сезип турам. Туугандарга эч качан жардам сурап барба! Андан коро тынч эле отуп кете бергенин артык! Сени жонотуп жатканда мен ушунун болушун кутком. Бирок мени жаман корбо! Муну корбосон, сен адам болбойт болчусун, жашоону тушунбойт болчусун. Кыйналдын, жетишет балам. Чынын айтканда жашоону тушунсун деп гана жонотконмун, балам. Кудай билет, дагы канча омурум калды. Отуп кетсем, татыктуу жашай алчу болсун дедим. Мен сыймыктангым келет силер менен! Баягынын баласы атасынын козу тируусундо жакшы болчу, эми аракеч болуп алды деген создун астынан тостум. Эгер жашоону тушундум деп, озуно ишене алсан, келе бер. Ишене алчу болбосон, жашоонун сынагын андан ары улант… Бул, озуно гана керек болот балам…
Бул созун айтып жаткан учурда баласынын козунон жаштар мелтиреп агып жаткан болчу. Атасынын акылынан айлангысы келди. Чын эле, келгенине болгону эки ай болсо да, коп нерсеге козу жетчу болуп, жашоонун ачуу даамын сезип калган болчу. Келгенге чейин, атасы накыл соз айтса, ичинен ойлочу, атам оз заманындагысын айтып жатат го, азыр баарын моралдык сезим менен женип аламынго деп… Озунчо ойлоно тушту, кете берсемби деп. Канчалык окуусун уланткысы келип турса да, журогу Ала-Тоо деп тартып турду. Мен кыргызмын, кымыз ичип чонойгон, ата-салтын колдогон, эл тагдырын ойлогон деп озуно соз берди да, кыргыз жергесин тарта сапар алды…
Ала-тоосуна келип, жерге тушоору менен, уйлончу досу келинчеги менен кошо тосуп алды. Ал баарын билет окшойт, баягыдай тамашакой болбой, кайгы-кубанычта озун бир калыпта карманып, досун жылуу тосуп алды. Сурдуу болгону менен, эн назик учурдагыдай, атасы да нурдуу кучактады да, кулагына «эми уйлонсон болот» деп шыбырап койду.