Пример HTML-страницы

Ат-Башынын Өзгөрүш айылындагы мектептин жаңы 225 орундуу имараты курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районундагы Өзгөрүш айылындагы Апыш Табылдиев атындагы орто мектебинин 225 орундуу жаңы имаратынын курулушу жүрүп жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, Апыш Табылдиев атындагы орто мектебинин 120 орундуу эски имараты 1981-жылы ишке берилген. Ошол мезгилден бери капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес. Мектепте 25 мугалим, 13 техникалык кызматкер эмгектенет.

Жаңы имарат курууга тендер жарыяланып, «Улан строй компани» курулуш компаниясы утуп алган. Курулуштун жалпы наркы 59 млн сомду түзөт. Каржылоо демөөрчүлөр тарабынан жүргүзүлдү. Учуда курулуштун 78 пайызы бүттү. Имаратты ушул жылы ноябрь айында колдонууга берүү пландалууда.

Мектептин мурунку директору Апал Өзгөрүшованын айтымында, келишим боюнча имарат 2021-жылы августта ишке берилмек. Бирок коронавируска байланыштуу карантин жана башка себептер менен курулуш иштери азыркы мезгилге чейин бүтпөй улантылууда. Эски мектептин жылуулук системасы талапка жооп бербейт.

  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Улан строй компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору — Ишенова Айжамал Меризбековна. Компания 2015-жылы 13-майда кайра каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: үйлөрдү жана имараттарды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE