Асилбек 8 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=11167&preview=true Кызыктуу окуялар.

~~~~~~~АСИЛБЕК~~~~~~~~~~

♡♡♡♡♡8-БӨЛҮМ♡♡♡♡♡♡♡♡

Аэропорттон чыгып, Жумандын үйүнө түптүз өтүп барды. Жуман үйдө Азамат менен олтурган экен. Айжамал кирип келгенде Аида тамак жасап жаткан экен, Айжамалды байкабай калды. Жуман болсо ордунан тура калып, Айжамалдын колунан Асилбекти алды.

—Айжамал, эмне болду? Көзүң алайып калыптыр, Асилбек жакшы элеби олтурчу кел!

—Жуман мага жообун дароо айт, суранычымды аткарасыңбы? Үмүт кыла берейинби, ушул баламды сактай албасам жашай албайм мындан ары. Асилбеке кошулуп өзүм да ошол күнү кайгыдан өлөм. Жуман көзүнө жаш алып калган болчу, Айжамалдын кичине саксайып калган чачын аста сылай тумагына киргизди.

—Ооба жаным, баардыгын сен айткандай кылам. Сен жашабасаң жүрөгүң жашайт, а мен сени эмес, сенин жүрөгүңдү сүйөм. Сен менин кайталангыс махабатымсың, сен менин түбөлүк жашоомсуң. Жүрөгүңдү сактап калуу мага жетиштүү болот. Айжамал дагы тээ илгери күндөрдөгү махабаттын таасирине сүңгүп кеттиби, Жумандын төшүнө башын жөлөп шолоктоп ыйлап алды. Кыбыр-шыбырдан чыгып келген Аида бул көрүнүштү көрүп, жаны чыгып кете жаздады. Колундагы чыныны Айжамалды көздөй ыргытты эле, Жуманга барып тийип, сынып кетти.

—Эмнеге келдиң? Кыйын болуп кетпедиң беле? Ошондон нары жок болуп кетсең болбойбу? Бок барбы сага менин үйүмдө?

—Аида сага келип турган түрүм жок, башымды оорутпагын көп. Азыр бетиңди тытып, колуңа карматып койом. Оозуңду жап..

Мындайды күтпөгөн Аида чын эле коркуп кетти. Бул экөө табышып, өзүн чанып таштачудай бызылдап жиберди. Азаматты толугу менен өзүнө буруп алган болчу Айжамалды жамандап жүрүп. Азамат «апам мени сатты»-деп ишенип, жек көрүүгө жетишкен эле. Ушул жерде башы иштеп кеттиби тез басып Азаматка жетип барды. Кучактап, калп өптү.

—Балам мына көрдүңбү апаңды, сени карап да койгон жок. Жуман атаңды алдап, алып кеткен жатат. Биз экөөбүз жалгыз, ачка калабыз кетип калса.

Апасын таарыныч менен караган Азамат Айжамалды чуркап барып бир түрттү.

—Сиз калпычысыз апа, сиз мени сатып кеттиңиз. Жек көрөм, кет бар. Бизди тынч кой, экинчи келбе.

—Ооба балам кетем, экинчи келбейм. Азыр апаңды бир жолу кучактап, өөп жиберип койчу. Коштошуп койчу… Колун белине тиреп, артты карап жатып алды.

—Экинчи келбе, келбегин..

—Азамат апаңа антип сүйлөбө, ал сени жакшы көрөт. Сен эч нерсени түшүнбөйсүң азыр, кийин түшүндүрөм баарын. Азыр болсо кечирим сура апаңдан.

—Кечирип коюңуз, чыгып кетесизби. Айжамал ыйлап чыгып кетти, артынан Жуман чыкты. Машинасына салып бир жака кетишти.

—Эмнеге Азаматты урушкан жоксуң?

—Ал мени жек көргөн бойдон кала берсин, куса болбойт кыйналбайт.

—Туура эмес кылып жатасың..

—Эмне туура анан? Эмне кылсам туура дейм? Аны дагы, муну дагы кылып жатам болбой жатат. Айлам жок болуп жатат, мына жанымды берсем кутулам.

—Сен жиндисиң, акмаксың Айжамал. Башынан эле туура эмес тандоо кылып алгансың.

—Менде тандоо болгон эмес, аны жакшы билесиң. Азыр ал нерсени козгоп эмне пайда, андан көрө баарын унутуп кечиришеличи.

—Сенде тандоо болгон, ал мына мен. Мени күтсөң, баардыгын ачык айтсаң мен сени алып кетмекмин. Мага баарыбир, Өмүр бир-тууганым экени дагы мага тоскоол боло албайт болчу. Мен сени сүйөт элем.

—Андай кыла албайт элем, чын…

Бир топ сүйлөшүп олтурушуп, анан Айжамалды клиникага алып барып, жаткырып анан кетти. Мүмкүн болушунча Айжамалды өлүмгө кыйбай, операцияны созуп жатты. Ал үчүн дагы Айжамал экөө катуу урушуп жүрүштү. Бир жумадан кийин операция кылууга даярданып жатышты. Бир жуманын ичинде Айжамал баардык жакындары менен коштошуп, анан Асилбеке акыркы катын жазып Жуманга тапшырды. Айжамалдын апасы канчалык ыйлап жалынса да Айжамалдын оюн өзгөртө алган жок.

Ошентип операция күнү да келди.

Туугандарынын баардыгы чогулуп, Айжамалды операционныйга узатышты. Кирип кайра чыкчудай эле биринчи сезбей, анан Айжамалга наркоз берип жатканда баары ыйлап жиберди. Анара болсо жинди болуп кала жаздады, Кыдыке бир точканы карап, көзүнө жаш алып туруп берди. Жуман кирип кеткен боюнча тогуз саатта чыкты. Тогуз сааттын ичинде Анаранын өзүнө көп ирет уйку даары берип, тынчтандырып жатышты. Тогуз саат дегенде Жуман чыгып сүйлөбөй басып кетти. Кыдыке Жумандын артынан бир нерседен үмүт эткендей, шалпыйып араңдан зорго басып барды. Кыдыкени байкабай калдыбы же чыдабай калганбы Жуман кабинетинде тамды ургулап ыйлап жатыптыр. Колдору канап кетиптир, Кыдыке кирип токтотуп медайымдарды чакырды. Жумандын колун таңып, уйку даары берип уктатып коюшту.

Ошентип Кыдыкеге Айжамалдын сөөгүн карматып, ооруканадан узатып коюшту.

—Оо кызым, алтыным, жалгызым десе. Бул күндөрдү кантип жашап өтүштү билбей жатам, кайгы жүрөгүмдү өрттөп жеп жатат. Кызым, кызым ушундай дагы өлүм болобу? Өз каалосу менен жан кыйгандай эле болуп жатат кызым, эң жаманы мен баардыгын көрүп туруп колумдан эч нерсе келбегени болуп жатпайбы. Сен менден баатырсың кызым, өз балаңды жүрөгүңдү берип куткардың, сактап калдың. А мен арсызмын арсыз, сен кылган эрдик колумдан келген жок. Жүрөгүмдү сага бере алганым жок, кызым, назигим!-деп жүрсөм сен баатыр экенсиң. Курманжан Датка, Каникейдей эр экенсиң.

—Кыдыке сабыр кыл, кудай ушул күндү буйруптур көнбөй кайда барабыз. Айла жок, айла жок.

Туугандары жабыла Кыдыке менен Анараны тынчтандырып сөөктү үйгө алып кеткени жатышты эле артынан ак халатчан бирөө чыкты.

—Кечиресиз, баланы ким карап калат? Алып кетесиңерби?

—Кызымдын жүрөгүн сууруп алган балага менин үйүмдө орун жок.

—Кыдыке Асилбекте эми кызымдын жүрөгү, мен таштабайм. Кызымды таштабайм.

Айжамал дагы үч өмүрдү сактап калыптыр. Бөйрөгүн, көзүн, боорун оз каалосу менен башка оорулуларга бериптир. Айжамалдын органдарын алып, жашап кеткен инсандар Асилбекти он сегизге чыкканча толук чыгымдарын мойнуна алышты. Айжамалды жерге узатышкан соң, Асилбекти ооруканадан алып кетишти. Анара небересинен айланып, тегеренип карайт. Эч ким көрбөгөндө, Асилбек уктап жатканда жүрөгүнүн сокконун тыңшап, ыйлап жата берет. Жүрөктүн ар бир соккону менен кадимкидей сүйлөшөт, байкуш шордуу эне. Жуман Асилбекти алып кетүүгө келди эле бербей коюшту.

Таятасы Асилбектин жүзүнө карап да койбойт, Анара эле Асилбекти бөпөлөйт. Асилбек чоңоюп там-туң басып калды. Асилбек аябай боорукер, сезимтал, тың, таза болуп чоңоюп баратты. Какен көп өтпөй эле каза болуп калган. Айжамалды жерге бергенден кийин күндө ыйлап жүргөн. Келинимден биринчи мен кетишим керек болчу!-деп.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️