Асилбек 6 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=11167&preview=true Кызыктуу окуялар.

…..АСИЛБЕК…..

…………..6-БӨЛҮМ……………

Өмүрдү жерге берип жатканда мурун өздөрүнө окшоп, Уларбектин ата-энеси жылкы берип койду. Ошентип Өмүр Уларбек досунун жанына кете берди. Күндөр өтүп Айжамал жарык дүйнөгө дагы бир уул алып келди. Какен болсо баласынан дагы бир туяк калганына бактылуу.

—Айжамал барго, ошол катын эс албай койду э. Күйөөсү түрмөдөн чыкканына жети айдан эми өттү, Айжамал болсо төрөптүр. Кимден төрөдү болду экен э?

—Ал күйөөсү түрмөдө жатканда, айылдын бүт эркектери менен жатып чыккан. Менин күйөөм дагы ошол шайтанды көргөндө башын кайрып, көрүнбөй калганча карайт. Ойнош да ошол үчүн сагалайт.

—Эй койчу, ичи тизесине жеткен эриңди кызганбай. Ал биздин эрлерди карабайт, байларды илет.

—Кимди илиптир? Кимди? Көрдүңбү?

—Жок ай, айтып койдум да. Тигил Уланбеке деле күйөөмдү өлтүр!-деп буйрук берсе керек. Эгер мынтип төрөгөндө Өмүр тирүү болсө, муздап салмак Айжамалды.

—Чын, чын.. Кудай сактаа, мындан көптү күтсө болот, абайлагыла..

—Жөн турчу, Уланбек Уларбектин өчүн алды, Айжамал айтпай эле. Төрт аял олтуруп алып, Айжамалды ушактап жатышты. Ушакчылардын иши ошол да, билип-билбей ар кайсыны сүйлөй беришет. Өмүр мас болуп Айжамалга тийишкенде боюнда болуп калган болчу. Жашырып догдурга барбай жүрүп, мынтип айына жетпей төрөп койду. Жети айлык бала жүрөгү оорулу болуп төрөлдү. Төрөт дагы оор болду, бала дагы жарым жан. Үйдө баарынын маанайы жок, бир гана баланын жашап кетүүсүн тилеп калышты. Элдин эмне деп жатканын угушкан да жок. Какен баланы Асыл болсун!-деп атын Асылбек койду. Ооруканадан Айжамалдын өзүн чыгарып, баланы алып калышты. Асылбекти салмагына жеткирип, анан апасына беришмек. Баласы ооруканада жатканда, Айжамал Асылбекти даарыло үчүн өйдө жактарга чуркап жүрдү. Төрөтканадан берилген кагаз менен туулгандыгы тууралу күбөлүк алууга барды эле, ошол жерде олтурган кыз адашып күбөлүкө Асилбек!-деп жазып алды. Айжамал бул катаны байкаган дагы жок, азыр эң башкысы баласынын ден-соолугу болчу. Асилбектин оорулу төрөлгөнүн уккан Какендин акыбалы мурункудан дагы оорлошуп кетти. Үйдө кайненесин, көчөдө баласын карап жүрүп Айжамал өзү тууралу такыр унутуп койду.

—Айжамал айым, биз сизге жаман кабар угузушубуз керек. Бирок, биринчи суроо берсем болобу?

-Болот. Балама эмне болду, тирүүбү?

—Тирүү, сиздин жолдошуңуз кайакта?

—Жолдошум каза болуп калган.

—Башка жакындарыңыз жокпу?

—Бар кайненем, бирок апам ансыз деле араң жатат. Жаман кабарды көтөрө албаса керек, өзүмө айта бериңиз. Баарына даярмын..

—Асилбектин жүрөгү тубаса оорулу экен. Биз аны даарылай албайбыз. Асилбеке башка жүрөк салуу керек. А буга болсо өтө көп акча керек, андай акча табылган күндө дагы балага салууга жүрөк табылбай калышы мүмкүн. Асилбек азыр алсыз, операцияны көтөрө албайт. Ооруканадан чыгарбай, бир жыл өзүбүз карап, операцияга даярдайбыз. А сиз болсо акча табууңуз кажет, анан жүрөк дагы.

—Мен жүрөктү кайдан табам? Менин дагы бир балам бар, өзүмдүн жүрөгүмдү берсем экөө тең жетим калат. Мага жүрөк керек, мен сатып алам миллион болсо дагы алам. Мынча акчасы жок эле сүйлөп алды.

 

-Айжамал операция чет өлкөдө болот, колубуздан келгенин кылабыз. Азыр барып каражат издеңиз, айтаарым ошол.

__________________________________

—Жок, акча бербейбиз. Ал бала сенин тууганың дагы эмес, Өмүр акем түрмөдө жатканда бирөөдөн тууган оорукчан бала үчүн эмнеге акча беришибиз керек а?

—Менин иним болбосо да, күнөөсүз ымыркай өлгөн жатат Аида. Эсиңе кел, баланы сактап калыш керек.

—Жок, жок.. Өзүңдүн балаң болсо башка кеп эле.

—Аида кел анда өзүбүз айыктырып бала кылып алабыз.

—Оорукчан баланы албайм. Мага дени сак анан Айжамалдын балдарынан башкасы керек.

—Анда сен дагы мага керек эмессиң, мени менен жашоо оор болсо сага кете берсең болот.

—Жуман мен жиним келип айтып алдым, кечирип койчу мен жиндини. Ойлонбой айтып алып анан өкүнүп жүрөм дайым, сеники туура. Баланы сактап калабыз, бул жака чакыр операцияны өзүң кыл жаным. Акысына болсо Азаматты бизге берсин. Чоңоюп калган, ден-соолугу жакшы, сенин каның ошону алалы.

—Энесинен баланы кантип айрыйбыз? Анан аларды бул жака чакырганча мен өзүм барганым жакшы. Операцияны өзүм кылам, апарат алып барам. Элестет мекендеги ооругандар эч жака барбай өзүбүздө эле айыга алат.

—Туура, өзүң клиника ач. Бул жактагыдан көп акча таба аласың.

—Азыр операцияга акча берсек, клиникага акча кайдан.

—Фрунзедеги үйлөрүңдүн бир-экөөсүн сат да. Анан Өмүр акем жок, айылдагы үй дагы сеники.

—Жок, ал үйдү тартып алалбайм.

—Тартып алба, болгону Азаматты бизге бермейинче үйдү талашымыш бол. Ошондо айласыз берет..

 

—Эмне деп жатасың Жуман? Мен сени тааныбай турам, мен тааныган, мен сүйгөн Жуман кайда. Кантип ушул нерсени сунуштоого дитиң барды. Бир балам үчүн экинчимден кантип кечем?

—Айжамал сен Азаматты өлтүрүп жатканың жок, мага берип жатасың. А мен болсо анын агасымын, каныбыз бир. Мен Азаматты жакшы багып алам, антпей турган болсоң Асилбегиңди куткара албайсың. Жүрөк табууга акча бербейм анан операция дагы кылбайм. Анан үйдү бошотуп кой, ал менин үйүм.

—Анте албайсың.. Асилбек дагы сенин каның, иниң болот. Кантип кош көңүл карап тура аласың? Сенин жүрөгүң ал нерсеге жол бербейт, жүрөгүң таза экенин билем. Жуман мен сени, сен мени сүйөт элек го, эсиңдеби? Ошол сүйүүнүн урматына жок дегенде баламды сактап калчы, Азаматтан дагы айрыбачы. Ушул жолу жардам берсең, үйдү дагы бошотом, суранам…

Айжамал Жумандын бутун өпкүлөп жалдырап ыйлады, Жуман болсо Азаматка ата болоорун эстегенде боорукерлик эмне экенин унутту.

—Бул жерге кол койосуң же Асилбекти кара жерге койосуң, тандоо өзүңдө. Кийин өкүнбөгөндөй бол да.

—Суранам, суранам кудай үчүн мындай кылбачы. Асилбек тирүү калыш үчүн Азаматтан баш тарттырбачы. Тандоо койбочу, өтүнүп суранам. Каалаганыңды кылайын, кулуң болоюн. Каалайсыңбы бут кийимиңди тазалаган малайың болоюн.

—Мен Азаматты каалайм, сөз бүттү. Тандоо сенде, ойлонуп көр дагы убакыт бар. Асилбекти тандасаң тирүү калат, Азаматты тандап, мага бербесең Асилбек өлөт. Бир балаң алыста болсо дагы, экинчи балаң тирүү калса жакшы эмеспи э?

—Сен айбан экенсиң, кудай ушундайлыгыңды билип бала бербептир да. Ырас кылыптыр, сооп болот. Каргыш урсун сени, кудай урсун. Мерез десе мерез..

Айжамал Азаматтан өз каалосу менен баш тарткан кагазга кол койду. Анан барып Жуман Айжамалга кичинекей кейсте толтура акча берди.

—Азаматты дайардап кой, эки сааттан кийин алып кетем. Асилбеке жүрөктү издеп баштадык дей бер. Колдору титиреп, араң баскан Айжамал үйгө араң жетип келди. Үйгө кирип эле алты жашка жакындап калган баласын кучактап калды.

—Балам, жаным Жуман байкең эсиңдеби? Сага машина алып келип берген, эсиңдеби балам?

—Эсимде апа, эмнеге апа?

—Балам сен мени кечирип койчу, чоңойгондо баарын түшүнүп аласың. Сен күчтүүсүң да э балам?

—Күчтүүмүн апа, чоңойсом апамды, инимди өзүм даарылатам. Сиз ошондо ыйлабайсыз, эч качан.

—Ий балам, апаң сенден айлансын, апаң сенден үргүлсүн. Сени Аида жеңең коркок, ыйлак деди. Анан мен андай эмес дедим, ыйлак эмессиң туурабы балам?

—Туура мен ыйлак эмесмин, мен эркекмин апа. Күчтүүмүн.

—Билем балам билем. Ошол үчүн сени бир кыйын оюнга катышат, утат дедим. Сен утасың э балам, мени уят кылбайсың да э?

—Эмне оюн апа? Мен баарын утам.

—Ал оюнда сен Жуман акең менен Аида жеңеңдин үйүндө жашашың керек оюн бүткөнчө. Ыйлап жиберген болсоң сен утуласың, анан сени баары ыйлак дешет. Иниң дагы таарынып айыкпай ыйлап калат. Ошол үчүн, жакшы бала болуп оюнду ут э балам, сен кыйынсың да.

—Ал оюн көп болобу апа?

—Билбейм, сен канчалык жакшы болсоң, ошончолук тез бүтөт.

—Маакул апа, мен ыйлабайм чыдайм. Баласынын башынан кучактап алып токтоно албай ыйлап жатты.

Асилбек тыршчаак бала болду. Бир жашка толбой туруп, ажалдын өзү менен алышып, жашоо үчүн күрөшүп жатты. Тогуз айлык болгондо Асилбек операцияга даяр болду. Жуман Москвадан керектүү апараттын баардыгын алып келип, клиника ачты. Болгону азыр жүрөк гана керек болуп жатты.

 

Уландысы бар.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️