Асилбек 4 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=11167&preview=true Кызыктуу окуялар.

♡♡♡♡♡АСИЛБЕК♡♡♡♡♡♡♡

《《《《4-БӨЛҮМ》》》》

—Мындан эки ай мурун Өмүр менен Уларбек Айжамалды дүкөнгө баражаткан жеринен машинага салып кетишиптир. Уларбек коркуп, түшүп калыптыр жарым жолдон, Өмүр болсо тоого алыпбарып зордуктап, уруп көлчүкө малып кетип калыптыр. Айжамал тирүү калган экен, айылга бир жума дегенде келиптир. Больницада көп жатып чыкты, анан айылдагылар Өмүрдү ташбаранга алабыз деп чогулуп барышса, аксакалдар жол бербептир. Экөөнү үйлөнсүн!-деп чечишти. Айжамал биринчи тийбейм!-деп жаткан кийин боюнда болуп калган экен, кайра турмушка чыгууга маакул болуптур. Биз дагы эмне кылышты билбей калдык, башка бирөө болгондо түнү менен жер жүзүнөн жок кылып кетмекпиз. Аяш акебиз экен, колубуздан эч нерсе келген жок.

—Ислам мага айтуу оюңа келген жокпу эмне? Же дарегимди билбейт белең? Андан бери деле канча жолу сүйлөштүк, ошондо айтсаң мен айласын тапмакмын да. Өмүргө тийдирбей өзүм алып кетип калмакмын да. Эл эмне дейт экени башымды оорутпайт эле. Байкушумду чыркыратып эле кор кылган турбайбы. Менин андай бир-тууганым жок. Бар машинаңды жүргүзүп чык, Өмүрдү издейбиз.

—Издегенде эмне, наркы айылдагы Жамийланы тааныйсыңбы?

—Тааныбайм, ал ким эле?

—Мурун айылдын сулуусу эле, азыр күйөөдөн чыгып келгенден кийин айылдын атактуусу болуп калган. Өмүр акыркы убакта ошонукунан чыкпай калды, ошол жактан табасың.

—Табасың эмес, табабыз. Чык дедим тез, мага жардам керек. Беш мүнөттүн ичинде экөө үйдөн чыгып кетишти. Биринчи Уларбектин үйүнө барып, дарбазадан секирип түшүп Уларбектин уктап жаткан жеринен басып калышты. Сүйрөп чыгып, багажнике салып, Өмүргө жөнөп кетишти. Өмүрдүн иниси Жуманды Москвадан келерин уккан, бирок мынтип үйдөн сүйрөп чыгып кетерин ойлогон да эмес. Машинанын артында дем жакшы жетпей, өңгүл-дөңгүл жолдордон башы чайкалып калды. Бул Айжамалдын көргөн кордугунун бир бөлүгү экенин билбейт да байкуш. Ислам айткандай эле жанагы кыздын үйүнөн таап чыкты Өмүрдү.

—Оо кандайсың Жуман иним, кандай келип алдың? Мени издеп чыктыңбы дароо, жеңеңди көрдүңбү?

—Адамдан туулган ит, бир-туугандыктан кечтим. Мал десе, аял кишиге күчүң жетет экен. Эми бас өзүңдөй эркеке алың жетеби ошону текшеребиз.

—Жуман эмне болду? Жин тийдиби сага? Түшүндүрчү эмнени айтып жатасың, эмне кылыптырмын.?

—Айжамалды мен сүйөөрүмдү, келип үйлөнөм!-деп кеткенимди жакшы билет элең. Эмне кылганың? Жөн дагы албай байкушту намысынан айрып, суукта көлчүктө калтырып анан тирүү калса айласыздан алыптырсың да э акмак. Өмүрдү жакасынан сүйрөп, машинага Уларбектин жанына салып, баягы Айжамалды калтырган жерге барышты. Ислам менен Жуман Өмүр менен Уларбекти өлгүдөй сабап, таштап кетип калышты. Бир-тууганын урганы үчүн өкүнгөн да жок, кайра жазасын толук алган жок деп кетти. Бир күн өтсө да Өмүр үйгө келген жок, экинчи күнү Жеңиш Жуманды такалап баштады. Кээ бирөөлөр машинага салып жатканын көрүп калышкан экен, сураштырып билип алып эми мынтип Жумандын жанын койбой тытмалап жатышты. Уларбектин да ата-энеси ыйлап келип алган. Жуман сүйлөбөй жата берди, мага демек өлтүрүп салгыла дедиби айтпай койду. Айжамал канчалык Өмүрдү жаман көргөнү менен, баарыбир баламдын атасы!-деп Жумандан сураганы өзү кирди.

—Жуман, бул эмне кылганың? Ал менин кудайдын алдында нике кыйылып, тийген күйөөм. Ичимдегинин атасы, мен аны жакшы көрөм.

—Көзүмө карап айтчы ушул сөзүңдү! Дагы бир жолу кайталачы, эмне деп жатасың? Жакшы көрөсүңбү э?

—Ооба жакшы көрөм, Өмүрдү таап кел. Азыркы убакта мен сени чексиз сыйлап, жакшы ой-пикирдемин. Бирок, сен аны сүйүү менен алмаштырба, күйөөмдү таап кел..

—Айжамал бул сенсиңби? Сени тааный албай турам, сен мени сүйөсүң. Экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз, Өмүрдү болсо сага кордук көрсөтүп, менден тартып алганына жазаладым. Убагында сени коргой албай калганыма кечирип койчу. Мен сени сүйөм, кетеликчи. Элдин оюна түкүрүп туруп басып кетеличи. Баланы да өзүм багам, өз баламдай көрүп алам. Сенсиз жашай албайм Айжамал, өлүп калам жаным. Айжамалдын бутуна тизелеп туруп, жалдырап ыйлап кирди. Айжамал көз жашын көрсөтпөй, Жуманды тургузда да жаагына чаап калды.

—Эсиңе кел Жуман, мен сага жеңемин. Эч качан экөөбүз бир болбойбуз, бул мүмкүн эмес. Азыр баргын да Өмүрдү таап кел, өлүгүнбү, тирүүсүнбү ишим жок таап келгин. Эгер таап келбесең экинчи жүзүңө бурулуп карабайм, мен үчүн өлгөн болуп каласың. Тандоо өзүңдө, жолго түш. Жуман жинденип эшикти ачып жиберди эле, Какен тыңшап туруптур. Жаш толуп, кызарып кеткен көзү менен апасын жалооруй карады. «Мени сатып кетишти апа»-дегенсип жардам сурап турду. Какен дагы баласын жалооруп карады, бир баласы үчүн экинчи баласынан кече албайт болчу. «Суранам, баламды таап келчи»-деген сөздү окуду. Машинаны от алдырып жөнөгөн жатканда Айжамал чуркап чыгып олтуруп алды. Үнсүз тоого жетип барды, Кыштын күнүндө өлүп калышы толук мүмкүн болчу. Бирок, от жагып бир үңкүрдө бир караан олтуруптур. Экинчиси көрүнбөйт, Айжамал жетип барды. Өмүр экен, караап турду да «бас»-деди..

—Иий шуркуя келип калдыңбы? Тим эле периште болдуң эле, мага чейин Жуман менен жыргап эле жүргөн экенсиң го. Иниси болбосо агасы!-деп азгырдыңбы мени. Ичиңдеги арам меники эмес, алдагы ойношуңдуку, жоголуп кеткин …

—Өмүр жинди болбочу, бала сеники экенин жакшы билесиң өзүң. Сени азгыргандай окуя болгон жок, уктуңбу оозуңду жап.

—Сен мага буйрук бересиңби э? Азыр жетейин ажалың менин колумдан. Айжамалга жетип барып урганы калды эле, Жуман кармап калды. Инисин жакшы көрөт болчу, унчукпай барып машинага олтуруп алды. Жуман Уларбекти издеп баштады. Эч жерде жок экен, айылга тоо аралап кетти го деп жолдон издеп баратты. Чын эле жолдон табышты, тоңуп катып калыптыр. Мойнун карышкырбы же чөөбү жулмалап салыптыр. Бирок, жерде тамчы кан жок экен. Кече эле жан берген окшойт, өлгөндөн кийин анан жырткыч кол салган окшойт. Айжамал чаңырып, Жуманды ургулап жиберди.

—Эми бизди айыл жөн койбойт, эми ташбаранга алаары анык. Кетиш керек бул жерден, силерди качырып анан өзүм милицияга өзүм барып баарын айтып берем. Ага чейин унчукпагыла.

—Жуман токтот, эмне кылаарыбызды ойлонуп алалы.

—Эмне кылмак элең, кач. Сени кечирген жокмун, Айжамал болбогондо сени дагы ушул күн күтүп турмак. Жек көрөм сени.

—Ошол күнү мас элем, эмне кылып жатканымды билбей калдым. Ооба мен күнөөлү, ишенип кой мен силер тууралу эч нерсе билбейт элем иним. Жуман мени кечиришиң үчүн баарын мойнума алайын. Милицияга мен барам, силер качпай айылда эле калгыла.

—Алдаба Өмүр, Уларбек билет болчу биз тууралу. Мага ата-энесин жөнөткөндө айтканмын.

—Мага айткан эмес, билген эмесмин.

—Демек сен жок дегениңе өч алган окшойт бул акмак. Өз жазасын алыптыр, ушундай достон кудай сактасын акмак десе.

—Ушундай дегилечи, досуң экөөң бири-бириңе арзыйт экенсиңер. Мойнуңа алсаң жакшы болот, түрмөдөн чирийсиң!-деп үмүттөнөм.

—Жуман кантип ушунтип жатасың? Ал бир-тууганың болот, сенин күнөөңдү мойнуна алып жатат. Ал мени зордуктаган эмес керек болсо, машинага өзүм түшкөм. Тоого эс алууга өз каалом менен баргам. Мас болуп калып калыптырмын, Өмүр күнөөлү эмес. Жазаны өзүң тарт, Өмүргө доом жок. Бизге аралашпа..

—Айжамал болду, болдучу..

Чын эле Өмүр барып, Уларбектин өлүмүн мойнуна алды. Биринчи өлтүрүп, анан сөөгүн жашырууга тоого баргам!-деп жазып, кол коюп берди. Өмүр он эки жылга эркинен ажырады. Жеңиш бул иштен кийин башчылык ишинен өз каалосу менен бошонуп алды. Какен болсо бир күн ооруп, бир күн соо. Чындыкты эч ким билбей калды. Айжамалды болсо Өмүр тыйды. Жуман окуусун Кыргызстанга которуп, Айжамалдын жанынан чыкпай калды. Айжамал үйгө от менен кирип, күл менен чыгып кызмат кылып жатты. Баары кетип калса керек дешти эле Айжамал кеткен жок. Үйү эки көчө өйдө турса да бир дагы барган жок. Качан Өмүр чыгып келсе, отко чакырганда чогу барабыз!-деп койду. Бул сөзүнө баары таң калышты. Чын эле Өмүрдү катуу сүйгөндөй түр көрсөтүп, Жуманды жанына жолотпой койду.

—Айжамал, биз эми бошпуз. Кел биз эңсеген максатка жетебиз, качып кетели. Мен сени бактылуу кылам, бизди эч ким таба алышпайт.

Жумандын бетине дагы шапалак тийди.

—Мен тирүү эримдин башын аттап кете албайм. А сен болсо адам өлтүргүчсүң, Уларбектин каны сенин колуңда. Өмүрдөн жакшымын деп жатасыңбы э өзүңдү? Айрымаң жок андан, андан да жамансың керек болсо уктуңбу. Акеңдин ак никедеги аялына көңүлдөш болгуң бар. Уятсыз, бетпак.. Бар кетчи, жашоомдон чыгып кетчи. Мен сени сүйбөйм, сүйгөн дагы эмесмин.

Айжамалдын каршылыгына карабай мойнунан аймалап кирди. Ургулап-чапкылап алы жетпей баратканда Какен бир жактан келип калды. Жуманды ургулап кууп чыкты. Жуман көчөгө чыгып ар кайсы жерде ичип жүрө берди. Үч күн дегенде Айжамалды кызгантам!-деп бир кызды алакачып барып койду. Келген келин да жөнөкөй жерден эмес экен, бир байдын куйчуке кызы экен. Жашы өтүп бараткангабы же Жуман сулуу болгондуктанбы унчукпай олтуруп калды.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️