Асилбек 3 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=11167&preview=true Кызыктуу окуялар.

☆☆☆☆☆АСИЛБЕК☆☆☆☆☆

~~~~~~~3-БӨЛҮМ~~~~~~~~

 

Айжамалдын ден-соолугу калыбына келип, ооруканадан чыгууга да убакыт келип жетти. Өмүр той жакындаган сайын, кыжыры кайнап эптеп кутулуунун айласын издеп баштады. Анара Өмүрдүн апасы Какенге Айжамал менен кичүү баласы Жуман сүйлөшүп жүрүшкөнүн жана кышында келгенде үйлөнөбүз!-деп жүрүшкөнүн ачык айтты. Башын мыжыгып, чачын тытып ыйлаган Какен эмне дешти билбей турду. Жумандын достору бул окуяны укканда катуу жинденишкен. Башка бирөө болгондо мындай кылганы үчүн чогулуп барышып жок кылып келишмек. Бирок бул аяш акелери болуп жатпайбы. Эмне туура болоорун өздөрү да билбей калды. Айжамалдын өчүн досу Жуман үчүн алышса, кийин Жуман бир-тууганым артык эле дейби же мен үчүн жооп берип, өчүн албай коюптурсуңар дейби!-деп айта алышпай ара жолдо калышты. Айжамал ак эткенден так этип, Өмүргө тийүүдөн баш тартты. Жуманды күтүп, баарын өз оозу менен айтып, коштошуп анан кетмей болду. Айжамал Жуманды күтүү менен гана жашап калды.

—Ата олтурсаңар, мени да бир жолу угуп койгулачы. Таарынганда пайда жок, тагдырым ушундай экен. Өмүргө тийбейм ата, эч ким түшүнбөсө да сиз түшүнүңүз керек ата. Мен ал айбан менен бир күн эмес бир мүнөт да бир жерде тура албайм. Өлтүрүп койом, өлтүрүп. Ал акмак үчүн силердин бир бутуңар түрмөдө калышын каалабайм. Мен кетем ата, борборго иштеп кетем. Силер барып турасыңар, мен келбейм бул айылга экинчи басып келбейм. Ошол жакта эптеп күнүмдү көрөм, ыраазы болсоңор мен кете берейин. Жуман келсе дарегимди берсеңер, өзүм сүйлөшүп алам. Кыдыке кызын биротоло жоготуп алууну каалабай турду, азыр каршы чыгып бир сөз айтса өзүнүн жанын өзү кыйчудай болуп турган кызын аяп кетти. Анара сөзүн таптап, эми ооз ачкан жатканда Кыдыке сүйлөтпөй койду.

—Кызым апаң ар кайсыны айта берет, жашоонун мындай соккусуна сынбай жашооңду көңүлүңдөгүндөй уланта бер. Кызым биз сени колдойбуз, шаарга барып оку, иште, ойно-күл кызым. Эл көрөсүң, жер көрөсүң иштейсиң. Биз көрбөгөндү сен көр кызым, каалаганда жөнөй бер. Атасынын колдоосуна сүйүнүп кетти. Бир жумадан кийин атасынын туулган күнүн өткөрүшмөк, ошондон кийин кетмей болду. Декабрь айы келип калган, саналуу күндүн ичинде Жуман дагы келмек. Жеңиш менен Какен Жуманга болгон окуяны айтышпай, жашырып жүрүштү. Жуман укса экинчи келбей койчудай сезилген. Айжамал ооруканада деле бир айдан ашык жаткан экен. Бир күнү Анара Айжамалдын таң атпай эшикте окшуп олтурганын көрүп калды. Айжамал жаш кыз болбосо деле мындай нерселерди билбейт эле. Жөн эле ашказаным ооруп калган го деп ойлоп койду. Бирок Анара баарын анык билип турду. Айжамал кош бойлуу болуп калган болчу. Эми бул нерсени Айжамалга түшүндүрүп айтуу керек эле. Кандай кабыл алат? Эмне дейт? Эмне кылабыз!-деп санаасы сансыз тарапка бөлүндү. Анан Кыдыке эшике жумуштары менен чыгып кеткенде аста сөз баштады. Айлантып эмнеден баштаарын да билбей турду. Психолог болбосо, болгон билими төрт жылдык мектеп. Эптеп окуйт, билбегенин балдарынан сурайт.

—Жамал, сен өзүңдү жаман сезип жатасыңбы? Эртең менен окшуп жаттыңбы э, же сыркоолоп калгансыңбы кызым?

—Ооба апа ашказаным ооруп калган окшойт, ачышып эле жегенимди аш кылбай жатат. Даары барбы?

—Бар кызым, ашказан ооруган жаман. Мен дагы сен боюмда барда ашказаным катуу ооруган, түнү менен кусуп чыгат элем. Апеей мен жинди эмне деп жатам жиндиге окшоп, даары көп ичтиң ошондон го.

Ушинтип актанып алып, өзү да ишенип кетти. Чын эле жөн эле суук өткөн болсо экен!-деп жиберди. Айжамал дагы апасынын бул сөзүнөн сестене түштү. Кечке ойлонуп жатып, кеч киргенде элге көрүнбөй айылдын табып аялына жөнөдү. Жанагы окуядан бери Айжамал көчөгө такыр чыкпай койгон. Чыкса эле баары колу менен гезеп көрсөтүп жаткандай сезиле берет. Ошол үчүн элге байкалбай жүрүүгө аракет кылат. Табып аял Айжамалдын ичин басып көрүп эле эки кат экенин дароо айтты. Айжамал сүйүнөөрүн же күйүнөөрүн билбей катып калды. Мына сага баардык жоктон качып кеткен жатканда, ичиндеги түйүлчөк «эч жака барбайсың»-деп койду. Ыйлап-ыйлап Өмүргө тийүүгө маакул болду. Айжамалдын токтоо мүнөзү, жети өлчөп бир кескени бар болчу. Азыр дагы жеңил ойлуулук кылып, шаардан алдыртып анан иштейм дебей, баланын атасына өзүн аттап өтүп аял болуп тийгени жатат. Жеңиш тойду Жумандын келишине кылам деди эле, Какен болбой койду. Айжамал менен Жуман бири-бирин сүйөөрүн, үйлөнөбүз деп жүргөнүн баарын билет. Тойду Жумандын келип бузушун каалабай, эртелетип эле тойду кылып салышты. Жаңы келген келиндин көзүндө нур, жүзүндө жылмайуу, турпатында ыйман жана уялчаактык болот эмеспи. Айжамалдын жүзүндө болсо кайдыгерлик жана жек көрүү, аргасыздык гана бар болчу.

—Апааа, апааа жеңем кана? Мен атайын көрүндүкө кымбат атыр алыр келдим Москвадан. Жалгыз кайнисин тосуп албайбы салам салып. Апа келиниңе айт мени тергесин, болбосо таарынам. Москвадан келген Жуман үйгө ушундай жакшы маанайда кирип келди. Какен баласын эмне кылып жиберет дедиби артынан калбай, жарышып кирди. Жеңиш уруш болоорун билип, үйгө кирбей кайра кетип калды. Терезеден Айжамалга өзүнө тааныш элес, жүрөгүнүн ээси Жуман кирип келе жатканы көрүндү.

—Азыр кездешүүдө кантип көзүн карап туруп берем? Өзүмдү-өзүм кармай аламбы? Оо кудай эмне жазык кылдым, ошондон көрө тоодо калып өлсөм оңой эмес беле.

Жуман болсо бөлмөлөрдү кыдырып, жеңесин издеди. Аябай сүйүнгөнүнүн себеби байкеси үйлөндү эми кенен барып, Айжамалды эрчитип келем деген болчу. Айжамалы болсо, эчак эле бул үйдүн босогосун келин болуп аттап кирген. Жуман Айжамал олтурган үйгө кирип барды, ак жолукту ылдый түшүрүп турган жеңеси көзүнө аябай жагымдуу көрүндү. Айжамал тура калып кайнисине жүгүнүп кирди.

—Жеңе болду, мен кайнага эмесмин. Жүгүнбөсөңөр деле болот, сизге белек алып келдим алыңыз..

Айжамалдын болсо кулагы укпай тунжурап калган. Токтобой жүгүнө берди, кайненеси келип, токтоткондо араң барып токтоду. Бети жабык турган жеңесин көргүсү келип кетти, колундагы белегин берип жатканда Жумандын колуна ыссык көз жаш жамгырдай тамчылап кетти.

—Жеңе эмне болду? Таарынттымбы сизди, эмнеге ыйлап жатасыз?

—Жөн эле бала, жөн эле. Кырылдап чыккан үндөн да Айжамалды тааныбай турду.

—Жеңе тамашалап койгом, мени тергебей эле кой. Айжамал акырын бетин ачты эле Жуман көргөн көзүнө ишенбей кетти.

—Айжамал, бул эмне? Түш көрүп жатамбы? Түшүндүрчү жаным..

—Жаман түштөй өтүп кетсе кана, ушул азап түш эле болуп, ойгонсом кана. Тагдыр экен!-деп Жуманды кучактап токтоно албай шолоктоп ыйлап кирди. Чын эле эмне дешин билбей калган Жуман чыгып кетти. Атасы жана эле качып кеткен, апасы эшикте бак кучактап өзү ыйлап жаткан. Өмүрдү издеди, ал дайымкыдай эле сайрандап кеткен. Бирөө зордуктап анан Өмүргө алып берип койгондой, үйлөнгөндөн бери Айжамалга жийиркенип жолой элек болчу. Айжамалдан көрө көчө кыздарын бийигирек көрүп алган. Айжамал кайра сүйүнөт, Өмүр түндөсү келбей койсо сүйүнүп уктайт. Он эле күндүн ичинде Айжамалды эки жолу шапалактаганы жетишкен. Айжамал эмне болсо да, чыдайм деп чечкен. Айласы барбы анан, атасынын төрүндө олтуруп төрөсө таппай турган эл дагы бир нерсени айтып чыкмак. Анан дагы баласынын атасыз өсүүсүн каалаган жок эле. Чоңойгондо да тең туштары «арам»-деп алышмак, бул турган кеп. Жуман дароо көчөгө чуркап чыкты, беш чакырым алыста жашаган досунун үйүнө чуркап жетти. Ислам Жуман досун көрүп, дароо алдынан тосуп чыкты.

—Оо, досум кел. Жакшысыңбы, кыйналбай келдиңби. Окуулар болуп жатабы? Сага ишенип жүрөм Жуман, жакшы окуп, мыкты адис бол. Кийин бир нерсе болсо дароо сага барабыз.

Сөздү башка жака кыйытууга аракет кылган досун көз караш менен токтотуп койду. Ислам көзүн жалтаңдатып, Жуманды тик карай албай жаткан. Керек болсо бирин-бири үчүн жанын берүүгө даяр достору, мындай болууга жол беришкенине жооп бере алышмак эмес. Жуман жооптун ордуна ыйлап жиберди.

—Досум, эркек ыйлабайт дейт туурабы? Өзгөчө кыздар үчүн. А мен ыйлап жатам, кыз үчүн эмес, Айжамал үчүн эмес досум. Досторумдун кош көңүлдүгүнөн, бир тууганымдын иттигине, сүйгөнүмдүн саткындыгына, мени сатып кетишкенине ыйлап жатам.

—Жуман түшүнүп турам досум, мен сенден эмне ыйлап жатасың!-деп сурабайм. Себебин өзүм жакшы билем, бизди кечирип койчу. Мындайга жол бербешибиз керек болчу, каалайсыңбы досум күнөөмдү жууш үчүн өл десең өлүп берем досум.

—Тирүүлүгүңдө пайда болбогондон кийин, өлүгүңдү башыма тартамбы.

Эмне Айжамал өзү көнүп тийдиби же алакачып бардыбы байкем.

—Жуман бул нерселерди жакындарыңдын өз оозунан укканың жакшы. Өмүрдүн өзү менен сүйлөшпөйсүңбү.

—Мен сенин оозуңдан уккум келет, чындыкты айтууга да акыбалың калбадыбы эмне?

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️