Асилбек 19 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=11167&preview=true Кызыктуу окуялар.

АСИЛБЕК . 19-БӨЛҮМ.

—Жуманов Азаматты зонага алып кетпей тургула, мен айтканымча.

 

—Ага, жалгыз бир-тууганым, бир боорум менде айла жок болчу. Ата-мекенге ант бергем, мага ишенип берген ишти өз пайдама колдоно албайм. Бирок, мен сага сөзсүз жардам берем, бардык чыгымды төлөп бир жылга жеткирбей чыгарып алам. Болгону мага таарынбай тур.

—Асилбек эмнеге кечирим сурап жатасың? Мен сага үйдө гана агамын, сот залында мен айыпталуучу сен сотсуң. Агаңа окшобо, ишиңе эчкачан кыянаттык кылба. Бүгүн мен корктум. Мага азаттык берип койобу!-деп. Өз пайдаңа чечип, мени камабай койгонуңда тигиге кудай бермек. Сага асылып алмак. Сен мыкты, калыс сот экенсиң рахмат сага. Келчи бир кучактап алайын, апам менен сүйлөшүп алайынчы.

—Ага ыйлабачы, биз сени чыгарып алабыз. Бар күчүмдү жумшайм, ишенчи мага ага, жакында чыгасыз.

—Жок мен эс алайынчы Асилбек, чарчап кеттим. Ушул жерде олтуруп башымды сергитип алайынчы. Кайнатамдын кылыктарынан, Айзаттын ала жипти аттаганынан, сүйүүсүз үй-бүлө, тартипсиз балдардан тажадым. Мени жайыма койгулачы, ушул жерден чыкпайм. Качып кете албай койдум, качып жеткен жерим ушул жер экен.

—Ага, курган үйүңдү, алган аялыңды, балдарыңды эч качан жамандаба. Анткени үйдү өзүң кургансың, аялды өзүң тандагансың, балдарды өзүң жараткансың. Маакул азыр эс алып ал, мен сага коопсуздукту камсыз кылам ага. Жуман авам дагы аябай кайгырып жатат,.

—Атамды бул ишке аралаштырба Асилбек, өзүнө зыяны тийип калбасын.

—Ооба кайнатаңдын жакын достору Жуман авамдын жакшы катыштары экен. Убагында өмүрүн дагы сактап калыптыр, ошолордун бирин кайнатаңа салса болот дечи, бирок анда кичинекей уруш чоң мушташка айланып, мамлекетке зыяны тийиши мүмкүн. Андан көрө баарын өзүм мыйзам чегинде бүтүрөм.

—Колдон келсе сен дагы аралашпа.

—Маакул ага, кудай сактасын сени.

Ага-ини кучакташа коштошуп, ажырашты. Үйгө келсе Аида менен Жуман келип калыптыр. Аида Азаматты көп карап калганынабы өз баласындай көрөт болчу. Аиданын көзүнө жаш толуп, бир сөз ашыкча чыкса ыйлаган калыптыр.

—Азамат кана? Гезиттен окуганыбыз чынбы?

—Качан окудуңар? Сот үч саат мурун эле болбодубу.

—Телевизордо сайрап эле жатышат Асилбек, бир-тууганыңа мындай мамиле кылганың туура эмес. Баардыгы сенин колуңда эле го, эмне колдонгон жоксуң? Эмнеге эркиндике чыгарган жоксуң? Мен өзүм чечем бул масалени.

—Жуман ава биринчиден соттун тууганы болсо эле жазадан качып кутулуш керек дегендик эмес. Мен калыс болушум керек, мен өкмөттүн, мыйзамдын адамымын. Мыйзам жагына келсек мен өз энемди да соттоого күчүм жетет. Анын үстүнө өзү мойнуна алып турса мен эмне кыла алам. Кылмышы өтө оор эмес, эки жыл. Бирок, эки жыл олтурбайт, бир жылга жетпей алып чыгам.

—Өзүм бүтүрөм ишти, баламды эртең чыгарып келем.

—Ансыз дагы ызы-чуу болуп жатканда аралашпай эле коюңуз. Сиздин тааныштарыңыз Нурбектин достору, каршы чыкпаса керек досуна. Каршы чыкса да бул иш ырбап кетет, мамлекеттик чоң кызматта олтурушкандар урушса ооуу анда аябай жаман болот. Биздин ызы-чуу чёрныйларга жетиши мүмкүн. Чоң балээге калгандан көрө бир жыл көзүбүздү жумуп жашап туралы.

—Туура айтасың Асилбек, бирок чыккандан соң кантер экен э. Кайнатасы күн көрсөтпөйт эми, жумушка дагы кире албайт.

—Жуман ава клиникаңызга пол жуудуруп болсо дагы киргизип аласыз да.

—Жок эсепчи кылып киргизип алсам да болот, бирок өз кесиби боюнча дегеним. Эми ичип кетпесе болду. Өмүр агамдын жолун ушул жолдойт!-деп эч ойлогон эмес элем.

-Жуман ава анан мени ойлодуңуз беле? Азамат агам атамдын кылмышындай оор кылмыш кылган жок. Агамды аргасыздык ушул ишке түрттү. Чыдабай калды түшүнсөңүз.

—Өзү башында байлыка кызыгып жанагысын албаш керек эле да.

—Эми болгон нерсе болуп өттү, кайгырып эчнерсени өзгөртө албайбыз. Көп кайгырбагыла эми.

Жүрүңүздөр бүгүн конок болуңуздар.

 

Бир досуна айтып, кой алдырды. Кой союп куран окутту. Асилбек билдирбегени менен жүрөгү ооруп жатты. Самара дагы күлүп-жайнап көңүлдөрүн ачууга аракет кылып жатты. Самаранын балдары майда, кичине иш кылып балдарына чуркайт. Эмчектеги баласын жөөнуна көтөрүп алып жумуш кылды эле баардыгы күлүп жиберишти. Бир кызы анан эки уулу бар. Ошентип өздөрүн басышып, кичине тынчыгансышты. Быйыл шайлоо болмок, Нурбек менен тең келиш үчүн Асилбек дагы өзүнүн кондидатурасын коймой болду. Шайлоо бүтүп, Асилбек кошулган партия көп добуш алып өтүп кетишти. Асилбектин бул кызматка келгенин Нурбек көтөрө албай аябай ызаланды. Туугандарын, өзүн коркутуп көрдү. Асилбек баш берген жок, балдарын, аялын башка жайга катып өзү жаңы барган кызматын жакшылап үйрөнүп жүрө берди. Коркутуп качыра албай эми жалпынын астына салып баштады.

—Урматтуу кесиптештер, эсиңерге сала кетсем. Жуманов Асилбек ээлеген кызматына дал келбейт. Бул кызматты эптей албайт. Анткени көчөдөгү бир артистке элдин тагдырын ишене албайбыз. Анан дагы бул Кыргыз жарандыгын кечип кеткен бир убакта.

—Нурбек Кайыпов, сизге жооп берсем. Туура мен убагында дүйнөгө атактуу группада опера ырын аткарып жүрчүмүн. Мурунку өлкө башчы тастыктайт, Кыргызстандын атын чыгарам!-деп группа бул жакта турсун өлкөдөн айдалып кеттим. Жана менин сот болуп иштегенимди мыкты билесиз. Көп жылдык тажрыйбасы бар сот бул ишке татыктуурак, базарда соода кылган адамга караганда. Чын эле Нурбек базарда иштечү бала чактан баштап. Кийин чоң базардын баарын сатып алган, андан кийин дүкөндөрдү салып байыганда элге иштөө үчүн эмес, өзүнүн атын чыгаруу үчүн депутаттыка койгон. Дүкөндөрүн, базарын аялына өткөрүп өзү ушул кызматын бекем кучактап калган.

—Асилбек мырза сиз мага теңелбеңиз, керек болсо атаңыз да менден жашы кичинекей. Сиз мурдуңузду тарта албай жүргөгдө келгем бул кызматка. Менде он жылдык тажрыйбам бар. Сиз болсо цирктен чыккан маскарапозсуз.

—Бул сөзүңүз үчүн жооп берүүңүзгө туура келет Нурбек мырза.

—Сен мага агаң үчүн сайылып жатасыңбы? Сенин ордуң дагы ошол жакта.

—Жумуш боюнча гана сүйлөңүз.

Экөө бир топ айтышкан соң, башкалар аралашып токтотуп коюшту. Нурбек чуркап жүрүп Асилбекти кайрадан экзамен тапшырууга мажбур кылды. Асилбек ырга кызыкпаганда, сот боло албай кабганында жазуучу же окумуштуу болсо керек эле. Анткени Асилбектин башы жакшы иштейт, зирек жана акылдуу бала. Кайра тапшырган сынактан дагы өтүп кетти. Нурбек канча аракет кылса дагы Асилбекти сүрүп чыгууга күчү жеткен жок. Асилбек тараптагылар Жумандын катыштары эле да. Нурбектин күйүп кеткен үйүн сегиз миллионго баалашып, төлөп беришти. Өкмөткө дагы көп акча төгүп Азаматты сегиз айда чыгарып алышты. Асилбек түрмөдө эле эмес чыккандан кийин дагы Азаматты коргоого алды. Азамат айылга кеткен, айылдан эле күйөөсү өлүп калган бир кыздуу жесир келинге үйлөнүп алды. Асилбек жанагы кичинкей дүкөнүн Азаматка берди. Азаматка коркуп бай жашаганча, жетип-жетпей бактылуу жашаган жакты.

—Асилбек өз жумушун жакшы аткарып жатты. Жегичтердин артынан түшүп, көбүнө каршы чыгып өзүнө көп душман жыйнап алды. Үй-бүлөсү менен да көп чогу боло албай калды. Анткени үй-бүлөсүнө зыян келтиргиси келгендер көп болчу.

—Асилбек, сага сөз бар эле.

-Кириңиз, угуп жатам сизди.

—Асилбек биз бул иште олтуруп эмнелерди гана көрбөдүм. Сен ашыкча эле чынчылсың. Чоңдор сенин бул чынчылдыгыңды көтөрө алышпайт. Кээ бир жерде көз жумуп кой балам, мен сенин атаңды сыйлайм ошол үчүн айтып жатам.

—Мен үчүн кабатырланбаңыз, баары жакшы. Болгону баардык ишти орду менен болсо дейм. Көбүнүн ачык эле урдаганын көрүп жатам, ошолорду токтотом.

—Сени тирүү коюшпайт анда.

—Ажалым келсе өлөм, болбосо жашай берем. Мен алар менен акыркы күнүмө чейин күрөшөм.

—Бирөө шыбырады балам, сени заказ кылыптыр бирөө.

—Арабыздан эле бирөө го.

‘-Мен дагы ошентип жатам, абайлап тур азырынча.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️