Асилбек 18 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=11167&preview=true Кызыктуу окуялар.

Асилбек.. 18-бөлүм.

Баягы эле таанышы бардын күнү эмеспи, Жуман Асилбекти соттун жардымчысы кылып орноштуруп койду. Андан тышкары Самарага анча чоң эмес дүкөн ачып берди. Самара окуйм!-деп Арабаева окуу-жайына тапшырды. Жашоо өз нугу менен өтүп, Асилбек менен Самара кыздуу болушту. Туугандар менен тыгыз катышып, Асилбек өзүнө катташ жыйнады. Азамат болсо өзү айтып жүргөн шефинин кызына үйлөндү. Азамат Асилбектей чынчыл эмес, чоңдун күйөө баласы болгон үчүн жумуштан тез көтөрүлүп кеткен. Аялынын ит кыялана, кайн-журттун басынтуусуна дагы көз жумуп келет. Азамат илешкен соң болду булардан кутула алмак эмес. Эгер тажаганда тескери бурулуп басып кетсе, Жуманга дагы зыяна тийет. Өзүн бир нерсе чыгарып каматып салышы мүмкүн. Өз каалосу менен түшүп берген тузак түбөлүк болчу. Эки жылдан кийин Асилбек прокурор болду, дагы үч жылдан кийин соттун ордун басты. Бул Асилбек үчүн карьеранын алгачкы гана тепкичтери болчу. Самара окуусун бүткөнү менен иштеген жок, катар төрөлгөн балдарын карап үйдө олтуруп калды. Асилбеке операга кайтуу тууралу сунуштар келип жатты. Жан дүйнөсү музыка болгондуктан ал жакта дагы концерттерде ырдап жүрдү. Аны угуп, көрүп калгандар миш-мишин башташты.

—Биздин өкмөт ушундай. Кимдин таанышы бар болсо ошол адамга сахнага, чоң кызматка дагы жол ачылган. Жанагы сот Асилбектин экинчи аялы бар экен, ал жанагы атактуу ырчы жаш кыз экен деген сөздөр болуп жатты. Ушукты эрчитпей операны ташта дешсе дагы болбой койду. Баардык ушака көз жумуп коюшту. Азамат болсо аздан ичип баштады. Жашоосуна ушунчалык тоюп кеткен, ачуу менен басат. Кайнатасы эмне кылса дагы алы жетпей койду. Азаматтын аялы чет мамлекетте эс алуудан, сулуулук салонунан колу бошобойт. Чындыгында зыңкыйган жаш балдар менен жүрүп, Азаматтын кызыгы кетип калган. Бирок, баласынын атасы, анан атасы дагы ажыраштырбайт. Ажырашса уят болбойбу, акыркы кезде үнү жок болсо да ырдайм!-деп көйрөңдөп эки-үч клипке тартылып элге дагы көрүнүп калган болчу. Кызы тууралу ушак-кеп тараса элдин көзүнө кызын башкара албаган адамга айланбайбы. Эптеп күйөө баласын коркутуп-үркүтүп үй-бүлөсүн сактап келет. Бир күнү Азамат ушунчалык тажаганбы жол оңдоого бөлүнгөн ири суммадагы акчаны алып, буга чейин топтогон акчасын алып качып кетмей болду. Кайнатасы аны билип калып, өзүнө кызмат кылган жигиттерге алып келдирип катуу тилдеди. Жанагы уурдалган өкмөттүн акчасын өз чөнтөгүнөн билдирбей кайтарып койгон.

—Акча кана? Эй ит сени адам катарына кошуп койсом кылганың ушулбу? Өз элиңди тоноп, өзүңдү түрмөгө айдап жатасың.

—Мага эми баарыбир. Өлтүрүп кой мага демек. Алдыгындай шуркуя кызың менен жашаганча түрмөдө жатканым жакшы. Акча болсо жок, мен аны балдар үйүнө котордум. Оппа мына колуңдан келсе жетимдерден кайра тартып келип ал.

—Эй мен жетим тургай өлүп бараткан адамдын даарысын тартып алууга күчүм жетет. Балдар үйүнө анча көп акча которгон эмессиң.

—Ха мен он беш балдар үйүнө бөлдүм, болдубу..

—Болгон жок, азыр соолугуп өзүңө келип эртең жумушка эчнерсе болбогондой чыгасың уктуңбу. Үй-бүлөңдөн качып кеткиң бар экен да э. Ошол шуркуяга өзүң үйлөнгөнсүң, байлык, бийлике кызыккансың. Акчаны болсо атаңдан өндүрүп алам, көрөм анан ким кыйын экенин. —Алардын эмне күнөсү бар? Мына мени өлтүр. Сен өлтүрбөсөң өзүмдү өзүм өлтүрөм. Анан көрөм кимге кыйын болооруңду..

Аябай жинине тийди эле балдарга катуу сабатып салды. Өзүнө келген соң алдына салып алып жумушка алып барды эле баарыбир болбоду. Эки-үч күн өтпөй кайнатасынын үйүн өрттөп, акчасын уурдап кетти. Акчаны катып, өзү милицияга барып олтуруп алды. Көп жерге мага бир нерсе болсо, кайнатам кылган болот!-деп арыз таштап салды.

—Энеңдурайын десе жашынган жери ошончолукпу э? Азыр болбосо беш жылдан кийин болсо да түрмөдө жок кылам ошол балапанды.

—Паап койчу эмне кыласың ошол алкашты. Мен аны менен жашагым келбей калган, баарыбир ажырашмакмын.

—Сага ажырашуу оңой, элдин сөзүнө чыдаш кыйын. Үй өлүп кетсин андай үйдүн оноону он күндө тургузуп алам. Менин намысым менен ойношуп жатканын карасаң.

—Өзүң билчи, эмне кылсаң да мага кызык эмес.

—Ошонучу э үйдө колу -бутун байлап, жинди кылуучу даары сайып болсо да эр кылып олтурасың уктуңбу.

—Анда түрмөдө олтурганда мен өлтүртөм, ошондо анык чый-пыйың чыгат. Билесиз э мен айтканымды кылат экенимди.

—Ээк ушул силерди.. Колун шилтеген боюнча кетип калды. Ушунча ызы-чуу болсо да баардык ишти жым кылып жатты. Бир дагы журналист, бир дагы депутатка жеткен жок. Ал тургай Жуман менен Асилбек дагы уккан жок. Азаматтын жылдап кабар албай койгонуна көнүп калышкан, ошого жаманды ойлошкон эмес. Иши иликтелип бүтүп, сотко берилген жатканда атайын Асилбеке бердирди. Анткени бир-тууганын актаса, ишин өз кызыкчылык үчүн колдонду кылып инисин да жумуштан алмак. Асилбек күндөгүдөй эле келип, жумушка киришти. Сот башталаарына эки саат калганда гана Азаматтын иши колуна тийди. Дайыма айыпталуучунун ишин сот баштала электе иликтеп чыкчу. Азыр дагы ошентейин деп делону ачты эле бир тууганы Азаматтыкы экен. Көзүнө ишенбей улам ачып-жаап карады. Дароо айыпталуучуну алып келүүсүн айтты эле, баары закон чегинде!-деп болбой коюшту. Качан сот башталганда гана көрө алмак. Агасынан иштин чоо-жайын дагы суроого мүмкүнчүлүк болгон жок.

—Сот кележатат, сураныч тургула.

—Сот келди, олтургула..

Азыр Кыргыз Республикасынын КЖКнин жыйырма сегизинчи берененин, жүз алтымыш төртүнчү статьясынын үчүнчү бөлүгү жана эки жүз отуз төртүнчү статья менен соттолуп жаткан Жуманов Азаматтын иши каралат. Тагыраак айтканда; бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдап кетүү, турак жайга мыйзамсыз кирүү жана бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү; Бейбаштык, башкача айтканда зомбулук же коркутуу, ошого тете мүлктү жок кылам деп коркутуу менен коштолгон. Коомдук тартипти же жалпыга бирдей жүрүш-туруш ченемдерин одоно бузган аракеттер, атайылап жасалган . Бул ишти алып баргандар судья Жуманов Асилбек. Прокурор Табалдиев Камчы, айыпталуучунун жактоочусу Турсунова Бегимай. Жабырлануучу Кайыпов Нурбек.

Айыпталуучу, сизге койгон бул күнөөнү мойнуңузга аласызбы?

—Ооба алам..

—Урматтуу прокурор ишти кененирек айта кетиңиз.

—Урматтуу сот айыпталуучу Жуманов Азамат сизге ким болот?

—Ишке байланыштуу гана суроолорду бериңиз.

—Эгер тууганыңыз болсо, иш өз кызыкчылык үчүн чечилип калышы мүмкүн. Мен ишти кийинкиге калтырууну өтүнөм.

—Жок, мен каршы эмесмин. Доом жок, ушул сот ишти алып бара берсин. Нурбек Азаматты карап эми эмне кылаар экенсиң!-деп какшык жылмайып койду. Сот уланып кетти.

—Жуманов Азамат, 1978-жылы туулган. 2006-жылдары Англияда Кыргызстан элчиси болуп кызмат кылып келген. Тагыраак айтканда ал жактан мекенди уят кылып, ушундай уурулук иштен тутулуп калган. Бирок, эл Азаматты мекенге кайтарып алышкан. Мекенде күнөөсүз деп табышып, жогорку орунга ишке коюшкан. 2014-жылдын Октябрь айында Кайыпов Нурбектин үйүнө уруксаатсыз кирип, чоң суммадагы акчаны уурдап, андан соң үйдү өрттөп кеткен.

Айыпталуучу бул ишти эмне максатта кылдыңыз?

—Мас болчумун, атайын эмес.

—Алган акчаңызды кайда койдуңуз?

—Акча чоң суммада эмес болчу, ичип койдум.

—Урматтуу сот айыпталуучу алдап жатат, үйдөгү акча чоң суммада болчу, тактап айтканда он миллион.

—Жабырлануучу жоголгон акча он миллион экенин тастыктайсызбы?

—Ооба тастыктайм..

—Анда сизге суроо. Сиз олтурган кызматтагы адамдын айлыгы элүү миң, туурабы?

—Туура.

—Анда он миллионду кайдан алдыңыз?

—Урматтуу сот, бул азыркы ишке тиешеси жок.

—Урматтуу прокурор тиешеси бар, балким жоголгон акча мынчалык көп эмес болчу.

Асилбек Нурбеке кысым көрсөтүп баштады. Нурбек тердеп кетти. Сотко түзүлгөн комиссия дагы Нурбеке баш ийбегендер эле.

—Кызымдын бизнесинен, концертинен түшкөн акча.

—Текшеребиз, олтуруңуз..

Ушул ишке байланыштуу эки күбө сурака алынды. Асилбек эптеп бир-тууганын куткаруунун айласын издеп жатты.

—Айыпталуучуга акыркы сөз берилет.

—Урматтуу сот, мен күнөөмдү толугу менен мойнума алам, жана жаза өтөөгө даярмын. Бирок, баардыгынын алдында арыз таштагым келет. Эгер түрмөдө жатып, бир нерсе болсом Кайыпов Нурбек күнөөлү болот. Бул менин кайнатам, аябай коркунучтуу адам. Колун сунса бардык кычыка жетет. Какап, чалынып же ооруп өлсөм дагы ушунун кылганы болот.

—Эй арызың болсо жазма түрүндө кайрыл далилдеп бер. Кызым менен неберемди таштап алып айтып жатканын кара.

—Жабырлануучу тынчтаныңыз, сизге сөз бериле элек. Дагы бир жолу уруксаатсыз сүйлөсөңүз бул жерден эшике чыгарыласыз.

—Кечиресиз..

—Жабырлануучу сиз акыркы сөзүңүздү айтыңыз.

—Мен Кайыпов Нурбек дайыма элине ак кызмат кылган адаммын. Бул Жуманов Азамат күйөө балам, кызым жашабай койгонуна өчөшүп мени тоноп, үйүмдү өрттөп, бизди коркутуп кетти. Мындай адамдар коомго зыян, булардын жайы темир тор артында. Жана бул мага жалаа жаап жатат. Эгер ушунчалык жаман болгон болсом Азамат сотко жетпейт эле. Мен жөнөкөй адам болгонум үчүн сотко жардам сурап кайрылып жатам. Сөзүм бүттү.

—Сураныч туруңуздар, сот чечим чыгарууга кетип жатат.

Асилбек кабинетине кантип жеткенин билбей калды. Жардамчысы комиссиянын көз карандысыз оюн алып кирип берди. Баардыгы камалсын дептир. Асилбек ыйлап жиберди. Өз колу менен жалгыз бир-тууганын кантип түрмөгө тыкмак.

—Ээ кудай мага жардам берчи. Кызматтан пайдаланбай, калыс чечим менен бир тууганымды куткарып калууга жардам берчи. Бир топтон кийин кагазга бир нерсени чыйгылап чыкты.

 

Кыргыз Республикасынын КЖНнин 28-берененин, 164 жана 234статья боюнча Жуманов Азамат тараптан кылынган кылмыш боюнча күнөөлү деп табылсын. 164-статья боюнча үч жылга, 234-статья боюнча төрт жылга эркинен ажыратылсын. Эки кылмыштын жылдарын жарым жартылай кошкондо 5жылга кыскартылсын. Мурун кылмыш кылбагандыгын жана мойнуна алгандыгын эске алып беш жыл мөөнөт төрт жылга кыскартылсын. Иш козголгондон сот болгончо олтурган эки жүз кырк үч күнүнүн ар бир күнү үч күнгө эсептелинсин. 59-статьянын негизинде калган жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү башталсын. Жана зыян тарткан тарапка үйдүн чыгымын төлөп берүүгө милдеттелинсин. Ошондой эле Кайыпов Нурбектин мүлкүн, киреше кирген агымы катуу көзлмөлгө алынсын. Чечим кимди канааттандырбаса доо менен он беш күн ичинде кайрылса болот. Сот бүттү!!!

Асилбек ордунан туруп, залдан чыкканча жыгылып кала жаздады. Буттары титиреп, чыгаар замат эшике жөлөнүп олтуруп калды.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️