Асилбек 17 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=11167&preview=true Кызыктуу окуялар.

АСИЛБЕК… 17-БӨЛҮМ.

—Жеңе даярсыңарбы, кеттик тез.

—Тура тур Асилбек. Сени издеп келишиптир, жолукпасаң болбойт.

—Ким экен издегендер?

—Райондон дешти го.

—Жеңе анда силер кете бергиле артыңардан барам.

—Асилбек сени таштап кетпейм, эми эч нерседен коркпойм, жаныңда болом.

—Самара, мен иштерди бүтүрүп, өз каалом менен иштен кетүү тууралу арыз жазып артыңардан барып калам. Мага эчнерсе болбойт..

—Жок, мен кетпейм..

—Ий жүрөгүм түшкөндөн баарын унутуптурмун го, ай Самара кир үйгө.

—Жеңе көшөгөнү шаарга эле тартасыңар эми.

—Кой, сен иштериңди бүтүр чогу кетебиз эми ушунча болду.

—Асилбек жанагы адамдар тигилерден болуп жүрбөсүн абайлачы. Кантсе да наркоборон экен, аны менен мен тааныштарымды салып сүйлөшөт окшоймун. Кете берели..

—Жок Жуман ава, азыр келем. Аида Самарага ак жоолук салып, бир бөлмөгө олтургузуп койду. Асилбек кабинетине жетип барса жанагы келгендер райондон экен. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калды.

—Майор Сабыржанов, Райондон келдик. Жумуш ордуңузда жок экенсиз Асилбек Жуманович..

—Жумуш ордумда олтурбайм дайым эле, мен айыл кыдырып көзөмөлдөп турам. Кандай иш менен келип калдыңар.

—Таак.. Уланбек уулу жана Эрнисович ушул айылдын тургундарыбы?

—Ушул айылдан издесеңер демек менин участогумдан, эмне эле?

—Сиз отставкага кетишиңиз керек, участогуңузда болуп жаткан нерседен кабарыңыз жок. Сиздин үчүнчү участогуңуздан бир үйүр мал жоголгон. Мал жоготкондор сизди таппай, Районго барып арыз жазышкан. Биз ууруларды касаптар аркылуу таап келдик. Биз эмнеге сиздин жумушуңузду аткарышыбыз керек? Жумушуңузду аткара албай жатсаңыз өз каалоңуз менен арыз жазып коюңуз.

—Өз жумушумду мыкты билем, мал жоготкондор мени таппай калганынын себеби кече түндө мага кол салуу болуп, ошондуктан жок болдум. Бүгүн болсо кыз алакачкан экен ошол менен жүрдүм.

—Түшүнүк кат жазыңыз мага айтпай.

Түшүнүк кат менен жумуштан кетүү тууралу «Арызды» чогу жазды. Чыгып кеткен жатканда Нагима кабинетке жулунуп кирип келди. Асилбек Самараны алып кетип калганын айтканы келдиби!-деп турду эле ал үчүн келбептир.

—Асилбек суранам, кайненең катары суранайын. Апам менен келинимдин кан басымы көтөрүлүп жатат. Уланбеке арыз жазба суранам, чыгар. Баласын сактап калсын.

Ошондо барып Асилбек өзүнө келди. Уланбек уулу болсо демек ушул Уланбектин тентек баласы экен да. Дайыма айылда тоок, дагы ушуга окшогон майда-чүйдөнү уурдап жүрчү. Жанында тайкесинин баласы дагы кошо жүрүп калчу. Тайкесинен, Уланбектен өч алууга мыкты мүмкүнчүлүк болуп турса да Асилбек андай кыла алган жок. Жазган арызын айрып салды.

—Ушул иш бүтсүн өзүм кетем жумуштан.

—Бул ишти сизге эч ким бербейт.

Асилбек кайненесин кыя албай Уланбек олтурган камерага барды.

—Эй Уланбек тирүүсүңбү?

—Эмне өлтүргөнү келдиңби?

—Жок, өлтүрө турган болгонумда азыр мени менен сүйлөшүп олтурбайт элең. Мен сага бир сунуш жана бир жаңылык менен келдим.

Кайсынысынан баштайын?

—Жаңылыктан башта, сунушуңду билем жана дароо жок!-деп жооп берем.

—Сен биринчи жаңылыкты угуп көрчү, анан жообун айтасың.

—Айтпайсыңбы нервке ойнобой.

—Мына күн мен тараптан дагы чыгат, Самараны болсо баарыбир алып келип алдым.

—Жаңылыгың ушулбу? Сага Бахтыяр баарыбир жакшы жашоо бербейт. Ушул жооп канаттандырарлыкпы?

—Жоок. Жаңылыгым башка, бул жөн гана сөзгө учкашып чыкты. Балаң Сарыкелердин үйүр малын уурдап, тиги Райондогулардын колуна түшүп калыптыр. Эми эмне кылабыз?

—Сен алдап жатасың, мени колдонгуң келип турат. Ал антпейт..

—Байке өзүм көрүп келдим, балаң түрмөдө жатат. Эрнистин баласы экөөлөп уурдашып, касаптарга сатканы жатканда кармалыптыр.

—Нагима сен да келдиңби?

—Ооба байке, балаңды сактап кал. Жаңы жашап баштаган балаң түрмөдө калбасын. Азыр түрмөгө олтуруп калса ал жактан сууруп чыга албай каласың. Башыңа балээ болот да калат.

—Тууй ата, энеңдурайындын баласы десе. Эми эмне кылам? Эй Асилбек мени чыгар, баламдын камын көрөйүн. Сунушуңду айт..

—Сен Бахтыярыңды тыясың.

—Эми аны тыйыш кыйынга турат.

—Сен тыйбасаң өзүмдүн да күчүм жетет болгону наркопритонун бассак өмүр боюга кетип калышы мүмкүн. Ошого жакшылыкча ары ойносун.

Анан өзүң дагы Самара экөөбүздүн алдыбыздан чыкпайсың.

—Келиштик Асилбек..

—Азыр арызымды албасам кызмттагы адамга кол көтөргөнүң үчүн, формага асылганың үчүн жок дегенде сегиз жылга кетмексиң. Менин колумдан дагы өпсөң болот.

—Аша чаппа Асилбек, баарыбир менттигиңди кыласыңда ит.

—Эми тагдырың менин колумда дегендей, үйдү жеңеме өткөрөсүң бүгүндөн калбай.

—Кайсы жеңеңе?

—Аялыңа акмак…

—Аа ансыз дагы ошонун атында.

—Болуптур кана чык. Азыр барып балаңды сакта.

Уланбек камерадан чыгып, жанагы райондон келгендин жанына учуп кирди. «Карышкыр»- бул жаныбар аябай кекчил жана жырткыч келет эмечпи. Бирок, карышкыр дагы баласын мергенчи өлтүрүп салса ыйлайт. Баласы үчүн бардыгын кылат, өч алат. Ал айбандын алдында адам миң эсе акылдуу эмеспи. Эчнерседен коркпогон Уланбек дагы баласын айтканда бечара боло түштү.

—Саламатсызбы, мен жанагы кармалган баланын атасы болом. Айтыңызчы бир жолу барбы?

—Эмне паралап жатасыңбы?

—Жок жолдорун сурап жатам.

—Жолдору көп дечи бирок, баарыбир камалат балаң.

Башын мыжыгып олтурганда Эрнис дагы кирип келди.

—Кана менин балам? Бул деген куру доомат. Эй Уланбек сенин балээдей болгон балаң тартты да баламды.

—Балаңдын өзүндө баш жокпу эмне? Башымды оорутпай ары тур, азыр турган жериңе кагып койом.

Эрнис Уланбектен чындап коркот болчу, дым этпей калды дароо.

—Начальник балам эми камалып кетеби? Канча жылга? Бизде бардыгы жетиштүү, андай мал эки короо болуп жатат. Эмнеге урдады экен, түшүнбөй турам. Асилбек жээним кандайсың? Асилбек жардамыңды аябачы, тайкеңди түрмөдөн алып калчы жээним. Убагында менин колумда чоңойдуң эле го жээним, рахматың болсун.

—Тайке дагы дегим келбейт сени, апам менен тайенемдин урматына эле айтып койоюн. Тайке, мен жардам бере албайм. Кылмыш кылдыбы жазаланышы керек.

—Жок, суранбай эле койгула колумдан эчнерсе келбейт. Асилбек басып кеткенде Эрнисти шапалак менен бир койгондой эле селдейе түштү. Нагима болсо Асилбектин артынан чуркады. Эрнистин аялы дагы сыртта турган экен Асилбекти кучактап алып, жалынып жиберди.

—Айланайын жээн, тайкеңди сактап алчы. Сенин колуңдан келет, суранам. Эмне десең кылайын, эмне десең берейин куткарчы баламды.

—Жеңе таарынбагыла колумдан эчнерсе келбейт. Бул райондон экен, өйдө жака сөзүм өтпөйт.

—Асилбек балам, жаман болсо да Уланбек байкем, баласы иним болот. Уланбекти койбергениңе рахмат, эми баласын дагы бир нерсе кылчы. Сүйлөшсөң канча десе берели.

—Мен пара кантип сунуштамак элем. Жок анте албайм, таарынбаңыз кызыңыз үчүн колумдан келишин кылдым. Эми колу менен кылганды мойну менен тартсын!-деп кетип калды. Үйгө барып баарын айтып берди эле Самара ойлонуп калды. Көп өтпөй эле Нагима кайра келди. Шарт менен келиптир, жардам бербесе Самараны алып кетмей болуптур. Самара дагы тайкесине болбосо да өзү теңдүү баласына жан тартып, апасынын сөзүнө кошулду.

—Самара сен мага шарт койосуңбу э?

Сүйүүң шарттар менен эле чектелеби? Сенден күткөн эмесмин, эгер пайда үчүн гана мени менен бирге болгону жатсаң кете бер..

—Асилбек суранам жардам берип койчу. Мен шарты жок эле калам бирок, апамдын бул акыбалына карап тура албайм. Суранам жардам берчи, башка эчнерсе суранбайм экинчи. Ишенип кой..

—Сен мени таң калтырдың. Күнөө кылгандар жооп бериш керек. Иш менде болсо, менин малым жоголгон болгондо башка кеп эле. Самара мен сен үчүн ажалдын көзүн көрүп келдим, эмнелерди гана кылбадым. Сен мен үчүн бир кадам аттап койгон жоксуң. Эми болсо бул шартыңды айттың, чын айтам баарын нараазы кылып сени алып кетпей эле койдум.

—Антпечи Асилбек, сени сүйөм.. Сенсиз жашоо жок мага. Бул акмактыгымды кечирип койчу. Апа бар кетчи, бактыма бут тоспочу. Уурулук кылдыбы жазалансын.

—Кызым мейли бактылуу бол. Нагима кызын таштап, ыйлап кетти. Жуман баарын угуп турган болчу. Асилбеке айтпай эле өйдө жактан ишти жаптырып койду, эртеси Асилбекти урушуп жүрүп жанагы малы жоголгондорго барышты. Малы жоголгондун баласынын мушташуу боюнча кылмышы бар экен. Ошол ишти козгомуш этип, коркутуп жазган арыздарын кайтарып алдыртышты. Уланбек менен Эрнистин балдарын үч күндө эле боштондука чыгарышты. Баарыбир салтты бузбай, Эрнис менен Уларбек элүү миңден топтоп беришти тиги райондон келгендин оозун майлап. Самара калды, Эрнис менен Уланбек биригип алып кой союп, кийит кылып Асилбектен кечирим сурап келишти. Айылдан качпай баарына той кылып берип, анан шаарга көчүп кетишти.

Жаңы үй-бүлө курулду, шаардын ортосундагы Жуман белек кылган эки бөлмөлүү батирде бактылуу жашоо өтүп жатты.. Баардыгы оңолгондой болгону менен дагы көп сыноолор турган эле.

 

Уланлысы бар..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️