Асилбек 14 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=11167&preview=true Кызыктуу окуялар.

… Асилбек… 14-бөлүм.

—Караңгы жашоомо капыстан кирип келген нурум, жүрөгүмө өз атын өчпөс кылып баскан алгачкы махабатым. Мен сени сүйүп калдым. Менин сага болгон сүйүүм, жер менен суудай. Анткени жер суусуз чөлгө айланат. Чөлдө болсо жашоо жок, суусуз бак-дарак, жан-жаныбар алар турсун адам дагы жашай албайт. Самарам сен мага суудай керексиң. Суусаган жер чөлгө айланса дагы жер бойдон кала берет, ошол сыяктуу мен сенсиз өлүп калбайм, жашай берем бирок, чөлдөгү жашоо сыяктуу тирүүнүн өлүгүнө айланам. Сенсиз эми мага жашоо жок. Түбөлүк бирге бололучу, мага аз болсо да сезимиң болсо маакул болчу, жалгызым болчу.

 

Жашыл чөп үстүндө асман карап жаткан Асилбек Самарага сүйүүсүн арнап жатты. Баштарын бириктирип жаткан эле, Самарага бул түш сыяктуу сезилип жатты. Дайыма өзүнө ылайыктуу жигитти элестеткенде, айылдагы бир дагы баланы элесине киргизе албайт эле. Кыялындагы бала бул сырдуу, келбеттүү, бүт нерсе колунан келген, ар дайым махабатын даңазалап ыр кылып төгүп турган жигит болоор. Асилбекти көргөндө эле жүрөгү өзүнө баш бербей, төшүнөн чыгып кетчүдөй катуу соккон. Оюнда, түшүндө да Асилбек жашап калган. Асилбек да кайдыгер эмес экенин билгенде, баш-оту менен сүйүп калган эле. Ошентип алакандай айылда, ааламга баткыс махабат башталды.

 

—Асилбегим, сени менен аалам кезип кетүүгө даярмын. Мен дагы сени сүйөм. Дайыма сендик болом, кадырлап, сыйлап өтсөң мен сага жанымды берүүгө даярмын.

 

Асилбек чын дилинен кубанып, үйлөнүүгө камынып жүрдү. Жуманга дагы жакында үйлөнөөрүн айткан. Азыр дагы илгери болуп өткөн окуя кайталанып жаткандай. Самара мектепти бүткөндө үйлөнөбүз дешкени менен, Азамат үйлөнө элек болчу. Ошону ойлонуп, Асилбек Азаматка жолугуп сүйлөшүүнү чечти.

—Азамат ага, мына жашыңыз отуздан өттү үйлөнүп, мени жеңелүү кылуу оюңузда барбы?

—Ооба Асилбек, мен дагы быйыл үйлөнөйүн деп жүргөм. Анан шефти билесиң да, ошол адам койо тур деди. Кийин үйүнө коноко чакырып, үй-бүлөсү менен тааныштырды. Биринчи түшүнбөгөнүм менен кийин ойлосом, кызы менен табыштыргысы бар экен. Кызы сөз жок сулуу бирок, аябай жеңил ойлуу экен. Баардык кыздар ушундай деген ой менен жолугушуп баштадым эле, азыр жакпай калды. Билбей турам кыздан баш тартсам ушунча кылган эмгегим жокко чыгат, көз жумуп үйлөнүп алсам өмүр бою бактысыз өтөмбү дейм. Быйыл болбой калды окшойт. Асилбек Азаматтын сөзүнөн кийин катуу ойлонуп калды. Азаматтан биринчи үйлөнгүсү келбей турду. Бирок Асилбектин жашы да жыйырма бештен быйыл өтүп калды. Үйлөнүп, бала-чакалуу болууга кез келген. Көз жумуп үйлөнүп алса, Азаматты таарынабы дейт. Түндөсү жүрөгү ооруй берчү болду, Самараны эңсеп. Самарага дароо жетип, үйгө алып келгиси келет. Бир топ күн түшүнбөй анан байкагансыды. Жүрөк өзүнүкү эмеско, Самараны болсо чын жүрөк менен сүйүп калды. Демек Самараны апасы тандап бергендей. Өмүр атасы менен Жуман авасынын окуясын уккан мурун эле. Азыр дагы апасы белги берип жаткандай. Күтпө, үйлөн дегендей. Эми дал ошондой окуя болуп кетпесе да, баарыбир Самарасыз калбасын деп жатат окшойт. Кийин окуу жылы аяктап жатканда Азамат менен сүйлөшүп, чечишип келди. Азамат орус сыяктуу болуп калгандыктанбы анча көңүл деле бурган жок. Кайра уруксаат сурап жатканына таң калды. Жуман менен Аида туугандарды топтоп алып, Самарага сөйкө салып келүүгө даярданып жөнөп калышты. Асилбектин сүйүнүчүнө чек жок. Эки айдан соң, Самараны колуктусу кылып алып чыгып кетмек. Алып барчусун алып алышып кошуна айылга жөнөп кетишти. Асилбектин айтканы боюнча оңой эле таап барышты. Бул убакта Самара менен Асилбек жолугушуп, келе жаткан бактысына жетине албай кубанып турушкан.

—Ассолому алейкум туугандар.

—Ооо, келиңиздер коноктор. Кош келипсиңер кана төргө өткүлө.

—Биз ушул Артык аксакалдын үйүн издеп кирип калдык, ушул эмеспи?

—Ийи ушул, отургула кана дасторконго караңыз. Байбичеси арыдан бери жайа койгон дасторкондогу нанды сындырып жатты. Угуп жатам, менден кандай кызмат тууганым.

—Кана сөздү баштайын, сиздерде кубулжуган гүл бар экен, бизде куш бар. Ушул гүлүңүздөрдү сурап келдик. Артыктын аялы да орус чалыш неме эле түшүнбөй Артыкты карады.

—Кайсы гүл Артык?

—Ай атаңоузурайын десе, кызыңды сурап келиптир кызыңды.

—Апеей кой ай, ал жаш да. Быйыл мектепти араң бүтүп жатат. Ал окуйт, кой ай бербейбиз.

—Шашпаңыз кудагый, эки жаш сүйлөшөт экен. Эки жаш табышып турса бириктирип койолу.

—Сиздер кайсы жактан келдиңиздер?

—Биз тиги Нагима карындашымдын айылынан келдик. Жээним тагасына кыз аябайт деген үмүт эле. Жуман тамашага салып балп этти.. Асилбек Самаранын апасы өздөрүнүн айылынан экенин бирок, анык кимдин кызы экенин сурабай калганын айткан.

—Аа кайын-журтум экенсиңер да, Нагима агаң болот экен.

—Аа жакшы, мен шаарда окуп эч кимди тааныбай калбадымбы. Азыр олтуруп туруңуздар э.

Нагима эшике чыгып, казан чочутканы камынып калды. Көзүнө жаш келип, кызын аяп кызганып кетти. Он сегиз жыл аздектеп чоңойткон кызын, бөлөк бүлөгө бергиси келбейт да анан. Орус тарбия болгон үчүн, эгер кызым сүйсө бирге болсун!-деп койду.

—Ай кемпир, бери келчи. Жакшы адамдар көрүнөт. Жакшылап сураштыралы, тиги Уланбек байкелерди чакырчы.

—Аай Кутмаан, бар ылдыйкы айылга барып келегой. Уланбек тайкеңдерди, тайнеңди алып кел. Анан жолдон чоң-апаңдарга да кайрыл, келишсин тез.Самарага куда түшүп келишиптир, батырак баскыла десең, маакулбу.

—Ооба азыр барып келем. Самарадан бир эле жаш чоң баласын туугандарга чурката койду. Тамак асылып, дасторкон жайылып, жанагы жинди суудан ачып майрамдай башташканда Самаранын ата-журтунан эки-үч туугандары кирип калды. Учурашып, сурашып кайра сый уланып кетти. Кошуна айыл болсо да, Жуман атасын айтса тааныбай коюшту. Анын үстүнө Өмүрдү айткандан уялып, өзүмдүн балам!-дей салган. Өмүр менен Айжамал тууралу жети айылга тарап кеткен эле да убагында. Бир саат өтүп өтпөй эле Нагима ыссык тамагын конокторго тарта баштады. Маакул эле болушту!-деп кудуңдаган Жуман арактан уурттап маанайы жакшы болуп жатты. Тамак үстүнө Нагиманын туугандары кирип келди. Булар деген жанагы Өмүрдүн тоодо өлгөн шериги Уларбектин иниси Уланбек апасы менен болчу. Колдору калтырап араң баскан кемпир Жуманды тааныган жок. Уланбек дароо тааныды, жини мурдуна көтөрүлүп жаны чыгып кете жаздады.

—Сенби? Сенсиңби? Кайсы балаңа жээнимди сурап келдиң? Сен тукумсуз элең го..

Аида ордунан тура калды.

—Озуңа карап сүйлөңүз куда, Жумандын үч уулу бар.

—Сен жаагыңды жап, катындарга сөз бериле элек. Артык кайнагасынын мындай кополдугана кыжырданып кетти. Ананчы мен деген врач баласына кызын сурап келсе, кайнагасы мынтип жатса жинденет да. Кудасынын алдында уятка калбайын дегени да.

—Байке олтур, киргенде эле атырылбай. Шашпай сүйлөшкүлө, бири-бириңди тааныйсыңарбы?

—Тааныбай эмне? Бул баягы агамды өдтүргөн Өмүрдүн иниси.

—Агаңды өлтүрсө, сен дагы менин агамды өлтүрдүң. Мен сени өлтүргөнүм жок го.

—А мен намыстуумун, сен арсызсың ошого өчүңдү алганың жок.

—Мен ортодогу канды токтоттум болгону, коркконум жок.

—Эй сен эмне Өмүрдүн арамдарына Самараны сурап келдиңби? Эки дүйнөдө бербейбиз, чыгып кеткиле.

Чын эле катуу уруш болуп кете электе кетели дештиби же чын эле Өмүрдүн каны колунда бар адам менен кудалашкысы келбедиби кетүүгө камынышты.

—Эй байке, бул менин кызым. А мен болсо өзүм билем кимге берет экенимди. Сен кууп чыгууга кандай акың бар? Мен ал окуяны уккам, Уларбек кайнагам суука тоңуп өлгөн экен, сен болсо күнөөсүз адамды өлтүрүп, эки баланы жетим кылгансың. Сен эмес булар кайра бизден кечиш керек.

—Эй сүйлөбөй кал, көзүңдү оюп алам. Күйөө балам экениңе карап отурбайм керек болсо. Ошол агамды тоого алып барбаса өлбөйт беле?

—Анан жанагы кызды деле тоого алып барышкан да, анда экөө тең өлүптүр туура эле.

—Сен чечесиңби э? Кимдики туура кимдики туура эмес экенин? Бирөөнүн ишине мурдуңду тыкпа.

—Мен эмес сен тыгып жатасың байке. Сен менин көзүмдү ойо албайсың, сыйды жайына койсом ашынбагын.

Кайнага күйөө бала, элдин көзүнчө мушташып кете жаздашты.

Нагима буларды тааныбаганынын себеби, бул окуя болуп жаткан да Нагима шаарда болчу. Нагиманы шаардагы интернаттардын бирине биринчи классынан эле киргизишкен болчу. Шаарда окуп, айылды тааныбай калган эле.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️