Асилбек көп эл, көп жер көрдү. Кайсыл жерде ырдабасын Кыргыздын атын чыгарып, желегин желбиретип жүрдү. Жуман болсо Асилбеке ичинен бир аз таарынган боюнча жүрөт. Асилбек жаштайынан азапты көп көрүп калгандыктанбы, ичиндеги бир кичинекей «мен»-деген нерсе жашачу. Жашоонун жеңилдигине, дүйнөнүн кооздугуна сиңип баратты. Барган сайын ушул даражага ким аркылуу жетишкенин да унутуп бараткандай. Ошол убакта Саммитке карата, Австралияга гастролдоп барыш керек болуп калды. Франциянын опера тобуна кошула албай калып, Великобританиянын тобуна кошулуп кетти. Девид Миллер-бул вокалдан эч кандай сабак албай туруп, опера тобуна кошулуп калган жалгыз ырчы болчу. Аз убакыттын ичинде Девид элдин сүймөнчүлүгөнө татып, топту жетектөөгө да жетишкен. Залкар инсандар тарабынан сунушталган Асилбекти бир аткаруусун көрүп, ойлонбой туруп топко кошуп алган. Ошондо Асилбектин атынан айта албай, Девид Себастьян!-деп ысым ыйгарып койду. Ошондон кийин Асилбектин Кыргыз аты дагы өчтү. Арменияга беш адамдан куралган топ президенттин самалёту менен жеткирилди. Асилбек жаранын дагы алмаштырууга жетишкен эле. Арменияга келип, концертке катуу даярдык көрүп жатышты. Асилбектин жалгыз өзү аткара турган эки номери бар болчу. Ал элде операны сыйлагандар аябай көп болгондуктан, залга адам батпай кетти. Саммитке келген көп элдин башчылары жардамчылары менен концертте олтурушту. Бул концертти ар өлкөнүн сыналгыларында жүргүзүп жатышты. Дүйнөлүк деңгээлде өткөн концертте, артисттерди тааныштырганга келгенде Асилбекти Себастьян, француз!-деп тааныштырышты. Ошондо биздин өлкө башчыбыз катуу нараазы болду. Анткени бул концертте Кыргыз жигити катышаарын мыкты билет болчу. Ошондо сахна артына жигиттеринин бирин чыгарып жиберди. Башчы жиберген бала Асилбеке эки ооз гана сөз айтып чыгып кетти. Ошондо Асилбек көзүнө жаш алып, уялганы бетине чыгып, башын жерге салды. Концерт аяктап, артисттер элге таазим кылууга чыкканда ар бирине микрафон берилди. Ошондо Асилбек англис, француз, Кыргыз тилинде эч ким күтпөгөн сөздөрдү айтты.
—Мен Кыргызмын. Улуу Манас урпагынанмын жана өз мекеним менен сыймыктанам. Мен эч кандай француз Себастьян эмесмин, мен жөнөкөй ак калпактуу Кыргызмын. Элдин баары дүркүрөтө кол чабышты, балким эч ким маани деле бербегендир бул сөзгө. Бирок, ошол жерде олтурган Кыргыз башчыбыз көзүнө жаш алды, Англия элчилиги болсо дипломатын көтөрүп чыгып кетти. Ошол эле күнү Асилбекти Франциядан, Англиядан департ кылып, дипломун жараксыз кылып салышты. Ал турсун Англияда иштеген агасы Азаматты соттоп жибере жаздашты. Ортого башка мамлекеттерди салып жатып, Англияда эмгек кылган Кыргыз дипломатын мекенге кайтарып алышты. Ак үйдө олтурган атка минерлер эки тарап болуп кырылып жатып калышты. Бири бир артист үчүн десе, экинчиси патриот болуш керек дейт. Ошентип Азамат менен Асилбектин ошончо жылдык эмгеги жок болду. Асилбек мурун бүтпөй кеткен окуусун улантты, Азамат болсо политикага аздан аралашып кетти. Ошентип Асилбек окуусун бүттү, Жуман болсо Асилбеке аралашпай койду. Баарыбир өз айтканын бербейт деди окшойт. Ошончо таанышы турса да, майлуу креслону басып жыгылбай эл катары эле стажировкага бармай болду. Кадимки эле участковый болуп өз айылына барууну суранды. Документтерди даярдап өз айылына жөнөп кетти. Аида болсо жашы кырктан өтүп калса дагы үмүтүн үзгөн жок. Күндө бала тилеп кудайдан суранат. Кудайга үнү жеттиби же жетимди башынан сылап бакканынабы эркек төрөп алды. Жуман элде боло элек той берди, тойго тээ өйдөдөгү катташтарынан баштап айылдагы жөнөкөй малчыдан бери келди. Ушунча жыл топтогон кадыр-баркы, таанышы шумдук эле экен эми. Кошумчанан арты он миң сом болсо, асты эки бөлмөлүү баатир болуп жатты. Элдин оозунда Жуман эле Жуман болуп калды. Асилбек болсо айылдагы өздөрүнүн үйүнө барып, жашап калды. Канча жылдан бери эч ким турбагандыктанбы үй аябай жаман болуп кетиптир. Убагында айылдын алдыңкы үйү болгон бул үй азыр болсо эң арты болуп калгандай. Элдин баары Асилбек келиптир!-деп уу-дуу болуп жатышты. Чыкыйган форма менен келген Асилбеке ашык болгон кыздар дагы сансыз. Шаардан керектүү жабдыктарды алып келип, үйдү оңдоп түзөөгө киришти. Айылды ашарга чакырып эки күндө эле зымпыйтып коюшту. Азыр Асилбек ушул өзү туулуп-өскөн айылда эле калгысы келип турду. Жумушу бар, үйү бар эмне үйлөнсө эле болду да. Үйүн оңдоп алгандан кийин айыл тургундарынын үйүнө каттап, каары-картаңдар менен учурашып жүрдү. Баягы гүрмөсү киндике жеткен, байпагы жамак, дайым ар кимдин үйүндө тамактанып жүргөн кичинекей Асилбекти эч ким унута элек болчу. Баардыгы кучак жайып тосуп алып жатышты. Эки эле үйгө кирген жок, ал Уларбек менен Эрнистин үйү. Бир үйдө тайкеси жашаса бирисинде атасын өлтүргөн адам жашайт. Айылда жумуш деле жок, күндө айылды айланып эле күн өткөрөт. Мурун апасы Айжамал тууралу болгон окуяны уккан, ошондой нерсе кайталанып кетпесин!-деп коорунат. Бир күнү мектепте жаш окуучу балдар мушташып жатат деген кабар түштү. Тез жетип барса кошуна айылдын балдары менен бул айылдын балдары топ артынан урушуп, кээ бири мушташканы да жетишиптир. Мушташты токтотуп, кошуна айылдын балдарын алдына салып мектептин директоруна жеткирип берип келди. Ошондон кийин Асилбеке дагы эки айылды жүктөп коюшту. Эртеден кечке үч айылды кыдырып катуу чарчайт, кечинде келип эле шылк жыгылып уктап калат. Окшош күндөр өтө берди, Асилбек бул ишинен таакыр тажаган жок. Бир күнү айылдын башында, суу жээктеп жаткан. Абанын тазалыгына, жаратылыш кооздугуна суктанып ырдап кирди. Үнү ушундай жагымдуу.. Эки айылдын ортосу болгондуктан эки айыл тең бул жерде мал кайтара беришет болчу. Самара деген кыз кошуна айылдын кызы эле. Сыналгыдан опера ырын угуп калса, ордунан эчким жылдыра алчу эмес. Азыр дагы өзү уй суугарып жүргөн жайынан жагымдуу үн угуп, ошол үндү издеп улам жакындап келе берди. Ал кезде айылдарда интернет өрчүй элек кез. Асилбектин чоң сахнаны багындырып жүргөнүн көргөн эмес эле. Ананчы Асилбек Кыргыз сахнасында такыр болбоптур, демек сыналгыдан да чыккан эмес. Асилбек жаткан жайдан бир аз эле өйдөөрөктө, бактын артында Самара жашынып, Асилбектин ырын ушунчалык берилип угуп жатты. Кантип Асилбек жанына келгенин байкабай калыптыр.
—Ой байке сиз белеңиз? Мен тиги шаардан эс алып келгендер экен десем. Биздин айылда эч ким мынтип ырдай албайт да.
—Мен ырдай алам..
—А сиз биздин айылдан эмессиз да.
—Ооба могу ылдыйкы айылданмын.
-Кулагым чалды эле, сиз милициясыз жаңы келген, таптымбы?
—Сен аябай акылдуусуң го, кантип таптың?
—Формаңыздан да апеей..
—Вваааа-ха-хаа..
—Эмне күлөсүз? Эк кеттим мен. Кыз какшыкты түшүнбөй калып, уят болгонуна кызарып кетти.
—Тамаша чоң кыз, ушундай тамашалап турмай жайым бар.
—Таарынбай элемин, уйумду саачу убак келди. Кетишим керек.
—Атыңызды айтып кетиңизчи.
—Самара…
—Мен Асилбекмин..
—Менин тай журтум ушул айылда.
—Жакшы экен Самара, мен сени дайым ушул маалда, ушул жерде, ушул ыр менен күндө күтөм эми.
—Эмнеге кызык?
—Менин дагы угарманым бар экен, жок дегенде сен угуп турчу мени..
—Эмне тартынчааксызбы?
—Жок, таанышым жок.
—Коюңузчу, ырдаш үчүн да тааныш керекпи? Шаардан келдиңиз го.
—Ошо ырдай албай сага келдим.
Кыздын бети андан бетер албырып качып кетти. Асилбек болсо өзүнө ыраазы боло каткырып калып калды. Асилбектин оюнан Самара кетпей койду. Орто бой, арык чырай, кара-тору, кырдаач мурун, калем менен тарткандай ичке өзүнө жарашыктуу оозу, кериле басканы, көздөрүнүн тунуктугу, анан жоош келгени Асилбекти акылдан азгырды. Ушундай жакшы көрүп калды, бул нерсени билүүгө Асилбеке бир эле түн жетиштүү болду. Кыз дагы Асилбеке кош көңүл эместей. Айылына барып, атайын мектеп айланат. Самара быйыл бүтүрүүчү, кыз дагы Асилбекти көрүү үчүн эшике шашат. Эки жүрөк, көздөрү менен гана сүйлөшүп, бири-бирине болгон сүйүүнү билдирип коюшкандай. Асилбек Бишкекте, Францияда, Англияда жүрүп кыздын түрүн көрдү го. Биздин тезтийер шаардык секелектерден баштап, тээ Париждин оттой жанган Француженка сулууларына чейин. Алардын сулуулугуна сөз жок, бирок баарынын ичи бопбош куурчактай. Самара менен деле сүйлөшкөн жок бирок Самара ачылбаган дүнүйөдөй сезилип турду.
Уландысы бар.