………..АСИЛБЕК……..
………11-БӨЛҮМ……..
—Кирбейм ал жака, мен үйгө кете берейинчи. Сиздин үйүңүздө жашап турайынчы, айылда эле калам.
—Асилбек, чындыкты айтууга убакыт келген окшойт. Мейли азыр кирбейбиз, сени үйгө жеткирем. Бул катты окуп, олтуруп тур. Менин жумуштарым бар. Асилбекти үйгө алып барып, Айжамалдан калган акыркы катты сунду. Өзү болсо Эрнис менен сүйлөшүп алууга кетти.
«»»»»»»»АКЫРКЫ КАТ»»»»»»»
Балам, сен бул катты окуп жатканыңда мен эбак көз жумган болом. Бирок, жүрөгүм жашап жаткан болот. Жүрөгүм дайым сени менен чогу болмокчу. Мен сени жакшы көрөөрүмдү ардайым билип жүргүн. Алтыным менин, сен бул катты окуганда, жалган жашоонун кээ бир чындыктарын түшүнө алат экенсиңби билбей турам. Кечирип кой мени балам, жашоонун болгон оор ташын желкеңе үйүп кетип жатканыма. Азыр дароо туруп, өзүңдү күзгүдөн карасаң. Карадыңбы? Өзүңдү көрүп турасың, өзүңө өзүң кандай көрүнүп жатасың балам? Жашооң канчалык татаал болбосун, азыркы суроого чын жооп бер. Жек көрүп турам дебегин балам. Анткени күзгүдөн сени мен карап турам, жүрөгүм ушундай мээрим менен карап турат. Сенде согуп жаткан менин жүрөгүмө күзгүдөгү жаш улан ыраңы суук же жаман көрүнүшү мүмкүн эмес. Себеби мен сени кандай убак болсо дагы жанымдан артык көрөм. Жүрөгүңдү ук балам, ал сени эч качан алдабайт. Эне жүрөгү сага туура тандоо кылууга жардам берет. Эне жүрөгү сени баарынан артык көрөт. Жашооң канчалык жаман болсо дагы өзүңдү кыйнаба, менин жүрөгүмдү кыйноого акың жок балам.
Асилбегим сен төрөлгөндө чоң-апаң жаның асыл болсун!-деп атыңды Асылбек койгон. Чын эле жаның асылдан экен, жүрөгүң дарт менен туулду. Сага жүрөк издедим, ишенесиңби аалам кездим. Таппадым..
Мен сени Жуман аваңа аманат кылып таштап жатам. Сенин бир-тууган агаң бар. Аты Азамат.. Азамат экөөң ажырашпас бир тоого айлангыла. Жоо келсе кулабай, бири-бириңди коргогула. Жуман аваңды атаңардай көрүп, тарбияны жакшы алгыла. Окугун, сен жөнүндө каткан кыялымдын баары орундалсын. Бул катты түбөлүк сакта, оор күндөрүңдө ачып оку. Төшүңө тумар кыл, бул сага дем-күч берип турсун. Кыйналган кезиңде тумарды ач, мени оку, мени эсте. Өзүңдү кыйнаардан мурун эсиңде болсун, сен өзүңдү эмес менин жүрөгүмдү кыйнап жатасың. Жакшы жолдо жүр, эч качан уктуңбу эч качан тагдырдын сыноосуна сынба. Айла кетип, азап күн каптап оюңа арам ой келсе тумарды ач. Сен арам иш кылсаң, алдасаң, жаман жолго түшсөң мени улам-улам кайталап өлтүрүп жаткандай болосуң, дайым эсиңде болуп жүрсүн. Азаматты, Жуманды жакшы көрүп кетесиң. Мага бул адамдар эң жакын адамдар эле, эми сенин жакындарың болмокчу. Силерге жашоонун ачуу-таттуусун көрсөтүп, тарбияны өзүм берүүгө эки көзүм төрт болуп жатканын билсең кана. Өкүнбөйм… Асилбегим билип жүр балам, мен сага жүрөгүмдү бергениме эч качан өкүнбөйм. Менин энелик парзымды жүрөгүм аткарсын, жол бер. Өзүңө, агаңа гана күйүмдөр болбостон, бүткүл элиңди ойлогон бала бол. Жуман аваңды үлгү кыл өзүңө, аваң элин сактоо үчүн эмнелерди гана кылбай жатат. Сен аваңдан ашып түш, сени мекен үчүн сактап калдым. Эненин жүрөгүн алган, аты өчкүс баатыр бол. Мен дайым силер мененмин»…….. Апаң Айжамал..
Тогуз-он жаштагы бала көп нерсени түшүнбөсө да, апасынын жүрөгү өзүнүн төшүндө согуп жатканын билип, жерди ургулап ыйлап олтурду. Азамат, Аида тоскоол болбойлу!-деп киришкен жок. Ушундай эле катты Азаматка дагы калтырган экен. Азамат дагы окуп бүтүп, Асилбекти күтүп турган эле. Башын көтөрсө Азамат маңдайында турган экен, тура калып кучактап калды. Эки бир-тууган табышты, эми таанышып жатса дагы боору тарттыбы жарым сааттай кучакташып турушту. Жуман барып Эрнистен Асилбектин документтерин сурады эле Эрнис жинденип кетти.
—Туулгандан ушул жашка сылап-сыйпап жеткирип койсом, эми алып кеткиң барбы? Бала керек болуп калдыбы сага? Кетпейт, ал менин балам. Канча жыл жоголуп келдиң дагы ошончо жыл жоголуп кет.
— Эй мен сенден баланы сурап келгеним жок, документине келдим. Асилбекти мугалимдеринин баары мактады, мен аны окутам. Билимдүү болот, жакшы жумушка орноштурам. Айылда эмне кылат айтчы мага? Уктум эмне кылганыңды, ушул кылыгыңды өйдө жака жеткире арыз жазсам оңбойсуң байкуш. Билесиң менин колумдан келет. Он сегиз жашка чыкканча ала турган акчаны дагы өзүң алып жейт экенсиң. Эгер ошондон бери чукуй турган болушса, малдарыңдан кур каласың. Жакшылыкча алып чыгып бер документин.
—Жуман мен дагы жөн калбайм, убагында таштап кетип эми талашып жатат дейм.
Желкесинен алып Эрнисти машинага ыргытып, чын эле милицияга жөнөдү. Эрнис жетерде тыбырчылап кетти, анан Асилбектин документин берүүгө маакул болду.
Үйгө келип, төрөлгөнү тууралу күбөлүктү, ооруканадан алган кагаздарынын баардыгын берди. Жуман Какендин ашын берип, дагы бир жума жүрүп анан шаарга кетишти. Жуман Асилбекти жакшы лицейге орноштурду. Сабактан тышкары бокс менен алектенип, үйдөн болсо опера ырларын аткарат. Асилбектин операга кызыкканын Жуман жактыра бербейт. Ошол үчүн опера боюнча сабака дагы каршы чыккан. Аида өзү менен өзү, балдары эртеден кечке сабакта. Турмушу бузулбай, Жуман менен жакшы жашап жатканына ыраазы. Азамат өзү кыялдангандай эле мектепти бүтүп, Англияга окуп кетти. Асилбекти дагы мектепти аяктаган соң Азаматтын жанына жиберишмек. Бирок, Асилбек чет өлкөгө кеткиси жок. Бокс менен машыгып жүрүп мыкты боксчу болгон. Кыргызстандын атынан көп өлкөгө барып мушташып, биринчи орунду ээлеп келген. Көп өлкөнү көрсө дагы мекенине болгон сүйүүнү алмаштырбады. Жумандан жашынып вокалдан сабака барат. Асилбектин бокска кызыкканы жашоодо көп токмок жегени. Күчтүү болсом эч ким мага күчү жетпейт!-деп ойлойт. Опера болсо Асилбектин жан дүйнөсү. Ичиндеги толгон букту мушташ менен эмес ыр менен чыгарат. Ошентип Асилбек дагы мектепти аяктады. Жуман Кыргызстанда аты чыккан, мыкты хирург. Жумандын кызматтагы адамдарга көп жардамы тийген. Жеке клиникасында чөнтөгү калыңдар гана даарыланат. Жөнөкөй элге болсо филиалын ачып койгон. Азыркы клиникасында деле даарылай бермек, болгону ал жерди атка минерлер ээлеп алган үчүн жөнөкөй калкка кезек жетпейт. Өзү менен Москвада чогу окуган орус баланы дагы алып келип алган. Александр балдар үйүнөн чоңойгон, Россияда өзү билген тууганы жок. Мекенине байлап калчу нерсе болбогон соң, Жумандын сунушуна ойлонбой туруп маакул болуп бул жака келе берген. Александр жөнөкөй бизге окшогон элге кызмат кылат. Жуман дагы кээде Александрга жардам берет бирок, жанагы курсактуунун бирөөсү дайым ушул жерде болуусуна мажбур кылган. Антпесе эки клиникасы тең жабылып калуусу толук мүмкүн болчу. Ошол жерде иштеп жүрүп өзүнө кадыр-барк, тааныш топтогон. Асилбектин Англияга барып окуусун жөн эле чечип коймок. Бирок, Асилбек чет өлкөгө барып окууга макул болбой койду. Андай айтса дагы, мындай айтса дагы өзүнүкүн берген жок. Өз жайына койду эле өз күчү менен Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясына тапшырды. Сот болом!-деп чечти. Чын менен калпты туура ажыратып, калыстык кылууну көздөдү. Жуман Асилбеке тоскоол болгон жок, ал турсун жинденип окуусуна басып барып койгон жок. Эки жыл эч кыйынчылык көрбөй, мыкты окуду. Үчүнчү курска келгенде окуусун сырттан кылып, К. Молдобасанова аттуу консерваторияга тапшырды. Опера дегенде жанын берген Асилбек ал жактан дагы ийгиликтерге жетишти. Дагы эки жыл өткөн соң Асилбекти консерваториянын директору Италияга барып окуп келишин сунуштады. Опера ырын мынчалык мыкты деңгээлде аткарга адам мындан ары дагы өрчүшү керек экенин түшүндүрдү. Бирок, Асилбек ойлонуп көрөйүн гана деп койду.
Уландысы бар.