Асилбек 10 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=11167&preview=true Кызыктуу окуялар.

《《《《《Асилбек》》》》》》

《《《《《10-бөлүм》》》》》》

-Шүмүрөйгөн шуу жетим, кайакта жүрдүң? Малдар ачкалыктан өлгөн калган го, сулайып жатканча карасаң башка жайлоого жоголбойт эле го. Он-жыйырма, токсон, жүз жыйырма.. Эй эшек кана кара козу? Могу койдун эрчиткен кара козусу бар эмес беле, өлүп калдыбы эмне?

 

—Өлгөн жок тайке..

 

—Анан кана? Тез тап азыр.

 

—Бир жуманын ичинде издеп жүрүп ачкадан өлөйүн дедим, союп жедим.

 

—Козу жебей балээ же. Жоготконуң аз болгонсуп, союп жедиңби?

 

-Өлүп калмакмын ачкалыктан тайке.

 

—Бээ пайда жетим десе, өлүп кетсең жакшы эле кайра. Бир козучалык да пайдасы жок. Жок дегенде жегениңди акта да.

 

-Мени койчу аке камчы менен сабап салды, үч күн ачка жаттым. Ошол маалда малдар төштөн ашып, башка жайлоого өтүп кетишиптир. Эмне кыл дейсиз, өлтүрүп салыңызчы.

 

—Эй Эсенкул эмнеге урдуң баланы?

 

—Үйдөн көп нерсе урдады, колунун туткактыгы үчүн урдум.

 

—Али сенин колуң туткакпы? Иттин баласы ит болот да.

Асилбектин куру дооматка калганы көнүмүш эле адат. Тайкеси камчыны алып, токмоктогону камданды эле Асилбек туруп, качып жөнөдү. Токтокогон жок, күчүнүн барынча чуркап кете берди. Тайкеси бир топ жерге чейин ат менен кууп, анан жарым жолдон кайтып келе берди.

—Эсенкул тиги качып кетти, таап келгичем өзүң эки-үч күн карай тур.

—Биз деген жетимиңдин кошулуп карашканы үчүн гана акчасын төмөн келишкенбиз. Кошуп бересиң.

—Эсенкул уялсаң боло, Асилбекти чала өлүк кылып урбасаң малдар жоголуп, бала бир жума издемек эмес. Сенин да күнөөң бар, эки-үч күн жалгыз караганың үчүн жанакы Асилбек союп жеген козуну эсептейбиз. Болбосо айылга айтып, элдерге малдарын бердиртпей койом.

—Энеңдурайын десе, аныңдын жеген козусун мен төлөймүнбү? Мындай болбойт, малдарыңды алып кет болбосо төлөп бер азыр. Айылга айтсаң да алып кетишпейт, менден башка кышында баккан малчы жок.

—Эй акмак, аша чаппа дейм.

—Азыр эсиңди оодара чабам, жинимди кайнатпа көп.

—Азыр жанымда акча жок, каалаган коюңду тандап бирди ал.

—Ушундай дебейсиңби жана эле.

Дагы бир койго чабылган бала жинденип айылга түштү. Асилбекти тапса союп жечүдөй кыжырданып алган. Айылды он көтөрүп издеп Асилбекти таппай койду. Асилбек болсо чогу ойногон балдары <бул сенин атаңдын үйү>-деп көрсөткөн үйгө барып жашынып жаткан. Бул чын эле Өмүрдүн каралбай жаткан үйү болчу. Жуман апасынын көз жумганынан кийин айылга келе элек. Аида менен дагы деле Москвада жүрөт. Азаматты тарбиялап келишет, Азамат дагы Жуман менен Аиданы өз ата-энесиндей көрөт. Азамат орусча сүйлөйт, англис тилин жакшы өздөштүрүп алган. Дипломат болууну кыялданат, чыныгы ак кол болуп калган. Жуман мекенде калбаганынын себеби бул эскерүү, орун толгус жоготуулар. Асилбек көптөн бери эч ким турбаган үйдө жалгыз туруп калды, эшике да чыкпайт. Кошуналар көрүп, тайкесине айтабы!-деп коркот. Тайкесинин колуна түшсө оңбой таяк жээрин жакшы билет. Үйдө свет жок, жарым кап ун бар экен. Ошону эптеп камыр кылып, сарайда тезек түтөтүп бышырып жейт. Эрнис Асилбекти издегенин токтоткон жок. Милицияга арыз жазып, катуу киришти. Асилбек бир күнү сарайда от жагып жатканда, эшиктен кирген шамал отту күчөтүп саманга өтүп, от жалындап кетти. Суу ташып, отту өчүрүп жатканда көчөдөгү элдер топтолуп калды. Көптөшүп отту өчүрүп калышты. Асилбекти издеп жүргөн Эрнисти да чакырып келишти. Элдин көзүнчө жакшы болуп калган Эрнис жетип келди. Эсенкул малды жалгыз карап жатканы үчүн жума сайын бирден кой берип жаткан. Эптеп Асилбекти алып кетиш керек болчу. Эрнистен амал качып кутулбайт эле, Асилбеке үйрүлө түштү.

—Айланайын жээним, кайда эле жүрөсүң? Сени издеп жинди болуп кала жаздадым. Сен мага аманатсың, жоголду деп аябай корктум. Эмнеге бул жерге келип алдың? Эмне болду сага. Акырын кучактамыш болуп, колунан чымчып алды. Бул деген оозуңду жаап, мени менен бас дегени болчу.

—Тийбе мага, урба мени. Барбайм сени менен, ушул жерде жашай берем. Тайке алып кетпе мени.

—Бул малдарды жоготуп алып, коркуп качып келе бериптир. Мен урушпайм жээним, коркпо качан эле сени урчу элем. Бас үйгө, мектепке да барбай койдуң. Урбай, көңүлүңдү карап жүрүп тарбияңды да бузуп алдым. Кичине катуу туруш керек экен балага өзү. Ашыкча жакшы көргөнүм себеп болду окшойт. Элдин көзүнчө жакшы боло түшкөн Эрнис чындап коркуп кетти.

—Эрнис мындай турчу, баланын сөзүн дагы угуп койолу. Балам айтчы, эмнеге качып жүрөсүң?

—Тайкем мени урат, малчы байке нан жегеним үчүн сабап, үч күндөй тура албай жатсам малдар төш ашып чачырап кетиптир. Малдарды топтоп, жегенге нерсем жок бир жума кыйналдым. Бир козуну союп, азык кылып араң жайлоого келсем тайкем келип калыптыр. Анан качып кеттим, азыр барсам мени өлтүрүп салат. Мени бербегилечи, ушул жерде жашай берем жалгыз.

—Алда байкушум ий, томолой жетим калбадыбы. Жетимди коргогон сага наалат Эрнис, бала эч жака барбайт. Эл бар экен ушул үйдө жашай берет, тамагын эптейбиз. Сен болсо балага жолобо, ушуга бир нерсе болсун таарынба.

—Мен эс нерсе кылган жокмун, бир боорумдун жүрөгүн кантип кордойун айткылачы. Бул жаш азыр, бир досу менен эле мушташып алып калп айтып жатат.

—Ай чын эле бала эмеспи, ойлоп таап жүрбөсүн баарын. Эгер кордогон болсо биз көрөт элек да.

—Чын айтам, мына ишенбесеңер карагыла. Асилбек гүрмөсүн чечти эле, камчынын ийздери көк кара болуп денесин каптаптыр. Соо жери жок. Бир колун камчы айрып кеткен экен, кичине ириңдей түшүптүр.

—Кокууй, жетимди урган колго шал тийсин. Азиз бар жакшылыкча кетип кал, баланы бербейбиз. Баарыныкында бир айдан жашаса да күн көрө берет. Элден коркуп, кетип калды. Эрнис Асилбеке чындап жинденип калды. Тоодон малдарын айдап түшүп, өзү жайып жүрдү. Айылдан бой жеткен бала Москвага иштегени кетип жатканда, элдер Жуманды таап Асилбек тууралу айтышын дайындашты. Эл деген эл экен да. Асилбекти ачка койбой, кезектешип багып жатышты. Азыр эле айыл дебей шаар дебей элдин баарынын жүрөгү таш болуп кетпедиби. Бирөө ачкадан өлүп жатса да кош көңүл болуп калышты. Илгеричи тааныш эмес жолоочу дагы барган жерине, каалаган эшикти кагып кирип, конок болуп, конуп кете алчу. Элдин пейли кенен эле, эх ошол заман кайда кетти. Бирок, азыр деле пейли кенен адамдар жок эмес. Мен көп эле кездештиргем жакшы адамдарды. Асилбек мектепке кайра бара баштады, Эрнистин үйүн айланып өтөт коркот, ошентип жүрүп бир жыл өтүп кетти. Москвага кеткен баладан кабар жок, Жуманга Асилбек тууралу жете элек окшойт, дайынын билдире элек. Жуман Асилбек тууралу эч нерсе уккан жок, өздөрү эле Кыргызстанга көчүп келишти. Айылга келип, апасынын ашын өткөрмөй болду. Аида бир топ оңолуп калган. Же адам жашы өскөн сайын акылы дагы өсөбү, Аида дагы мурунку ит кыйалынан кайткан. Айылды дуу-дуу кеп басты. «Жуман келиптир, Асилбеке келген окшойт. Эми Эрнисти сабап салбагай эле»-деп жоктон жок кепти айтып жатышты. Жуман келген күнү эле Эрнистин үйүнө бет алды. Махабатынын жүрөгүн, инисин көргүсү келди. Эрнистин үйүнө жеткирбей эле дос балдары жолдон кармап алышты. Бир досу кой союп, даярдап койгон экен ошол досунукуна чогулуп кетишти. Ошол жерден Асилбек тууралу айтышты. Асилбекти да мектептен алып келип коюшкан экен. Жуман укканына ишенбей турду. Эрнис мурун Айжамалга Жумандын катын ташып жүргөн жаш эле бала болчу. Жуманга жакшы эле баладай көрүнгөн, мындай жорук кылганына эмне себеп болду экен деп ойлонуп калды. Аңгыча Асилбек эшиктен кирип келди. Жуман байкесин тааныбайт эле, кирип эле баары менен учурашты. Жумандын бейтааныш экенин көрүп жөн эле башын ийкеп койду. Үстүндөгү гүрмөсү киндигине жетейин деп калыптыр. Чачы дагы өскөн, байпагы жамак экен. Инисин көрүп көзүнө жаш алып жиберди. Досторунун көзүнчө уялып кетти. Өз инисин карабай, кабар албай жүргөнүнө өкүндү. Алып эле кетмек, Анара бербей койгон да мурун. Анаранын көз жумганын дагы укпаптыр. Дасторконго бата кылып, Асилбекти алып Азиздин үйүнө жөнөдү.

—Асилбек кандайсың иним? Мен сенин атаңдын иниси болом, мени ава десең болот. Мени менен кетесиңби? Сенин бир тууганың бар, сени тайенең мага бербей койгон, ошого Азаматты эле алып кеткенмин. Биз менен бирге турасың, сени окутам иним. Эми сени эч ким капа кыла албайт!-деп Асилбекти кучактап ыйлап алды. Бир боор экенин сездиби же мындай жылуу сөздү эч кимден укпаганынабы Асилбек дагы маакул болду. Эрнистин үйүнө жакындашып калганда Асилбек тыбырчылап барбайм!-деп ыйлап кирди.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️