…АСИЛБЕК…
—Сени сүйөм жаным, сенсиз жашай албай калдым. Уктасам-турсам элесиң көз алдымдан кетпей жатат.
—Койчу Жуман, мен сенден улуумун экөөбүздө болочок жок окшойт. Ушундайында ара жолго түшөлү.
—Айжамал бир эле жаш, бир жаш эмнени чечсин. Сен мени күтсөң, күтчү э жаным, күтөсүңбү?. Буйрук, сураныч, ошол эле убакта суроо бир болуп берилип жатканда, Айжамал чыдабай башын жерге салып ыйлап жиберди. Аста кучактаган Жуман Айжамалдын жытына жүрөгү жарылып кете жаздады. Айжамал унчуккан жок, көз жашы баардык суроолоруна жооп берип койгон болчу. Айжамал жыйырма бир жашта, Жуман жыйырма жашта. Бир жыл, ортодогу айрыма бир эле жыл. Ал кезде бир жыл эмес бир ай улуу болуп калса кандай кептерди айтышат эле. «Башын айлантып алган, же бузуп коюп алды окшойт, кара далы»-деген сөздөр өмүрү өткөнчө айтылып жүрмөк. Айжамалдын атасы айылдын кедей турган үй-бүлөсүнөн эле. Жумандын атасы колхоз башчысы, кадыр-баркы бийик киши. Аттуу-баштуу адамдар кедей-кембагал менен кудалашпайт!-деп ойлогон. Жуман атасынын тыюу салганын деле тоготмок эмес, анткени Жуман өзү Москвада медакадемияда окуйт. Жуманды жаркылдаган келечек күтүп турат, мунусун Жуман өзү мыкты билет. Өз алдынча деле оокат кылып кетишине көзү жетет.
—Айжамал, экөөбүз элдин астынан өтүп коюп эле кетебиз Москвага. Сени окутам, экөөбүз тең врач болобуз. Ишенчи, ишенсең байкем үйлөнсө эле эртеси сени жетелеп алып барам үйгө. Байкемдин башын аттап өтө албайм.
—Аракет кылам күтүүгө бирок, сөз бербейм. Атам уяттан башын көтөрө албай калды, «карадалы» атка конуп атамды уят кылып жатам. Колумду сурап, атамдын алдына келгендер канча. Бир күнү «кызым өзү билет»-деген атамдын да чыдамы бүтүшү мүмкүн. Баса калып берип жиберсе, атама каршы чыга албайм. Түшүнчү мени, түшүнүп койчу.
—Жарым жыл анда, кышкы он күндүк каникулда келип, алып кетем.
—Маакул, маакул.. Өмүр бою бактылуу болуу үчүн, жарым жыл эмне болуп калыптыр. Бирок, ата-энең эмне дешет болду экен.
-Эчнерсе дешпейт, бактылуу бол дешет жаным. Өмүр качан үйлөнөт экен? Жарым жылда үйлөнбөсө эмне болот? Анда чын эле жолубуз эки башка жолго айрылат.
—Сөз берем, эң акыркы мөөнөт кыш.
Ошентип Жуман Москвага, окуусун улантууга кетти. Айжамалдын атасы Кыдыке колхоздон нормасынан көп жер алып алган, эки кыз, эки баласы аялына кошулуп талаадан башы чыкпайт. Кыдыке колхоздун жерин суугарып, үй-бүлөсүн багат. Бул жылы да кызылчаны элден көп алышкан, Айжамалдын сүйүнгөнү талаа кылып жүрүп, колун сурагандарга атасы «жок»-деп айтканы. Ошол үчүн Айжамал унчукпай иштеп жүрдү, кеч күз келип, күзгү түшүмдү жыйнап алышты. Чыдамсыздык менен күтүп жүргөн кыш да жакындап жатты. Баягы күнү Жумандын атасы районго барып, телеграфтан Москвадагы баласы менен сүйлөшүп келген. Жуман ошондо атасына байкем январда үйлөнбөсө, окуум бүткөнчө барбайм!-деп былтыңдаган. Ошондон бери Өмүрдү олтурса-турса үйлөн!-деп какшый беришет. Өмүр үйлөнгүсү келбейт, атасынын жаңы волгасын минип, ар кандай кыздарды кызыктырып машинага салып, ойнотуп,күлдүрүп акырында өзүн сүйдүрүп, алдап кеткен жашоого тойо элек. Атасы Өмүр тургандан баштап бакырып баштады.
—Элдин балдары үйлөнүп, иштеп, балалуу болуп ата-энесин кубандырып жүрөт. А сенчи сен, менден акча алып жүрөсүң алиге чейин. Үйлөн десе ак дегенден так этесиң, «Кызтеке» эмессиңби сен ыя?
—Ата кайдагын айта бербечи, мен азыр үйлөнгүм келбейт. Неберелүү болгуң келип жатса, Жуманыңды үйлөй бер. Ошол шашып жаткан.
—Сага сүйлөгөндө пайда жок, бар айланайын кетчи нары. Кыдыке баласын көндүрүүнүн бардык айласын кылып көрдү. Өмүр эч көнбөй койду, Жумандын сөздөрүн эстеп алып ортодо сыгыла берди.
Үйдөн жинденип чыгып бараткан Өмүр досторуна барды. Кыдыке бүгүн районго барам!-деп волгасын бербей койгон. Бир досунун жигулиси менен чыгышты бүгүн, кайра эле оюн-күлкүгө баратышты. Жолдон дагы эки баланы алып кетишмек, Уларбек Айжамалдардын көчөсүндө жашачу. Өмүр дайыма келсе да, ушул убака келип Айжамалды анча байкабаптыр. Өтүп баратышып суу көтөрүп кележаткан Айжамалды көрүп, машинаны шарт токтото салды.
—Кандай Айжамал? Көрүнбөйсүң го..
—Жакшы, Уларбек сага көрүнүп турушум керек беле эмне?
—Жок, жөн эле айттым эле!-деп кекечтене түштү. Мунусун байкага Өмүрдүн кыжыры кайнап кетти.
—Эй кайдагы кыздын алдында ылдый кетесиңби ушунчалык? Сөк, сөкпөйсүңбү энеңди десе. Уларбек ичинен тымызын Айжамалды жактырып жүрчү. Бир жыл мурун эле ата-энесин жиберсе, «жок»-деген жооп менен аста эле узатып коюшкан. Үйүнө томсоруп келишкенде, түйүп кеткен түйүндөрүнүн чечилбегенин көрүп жаман болуп кеткен. Дагы жакшы досторуна айтпаптыр, алар угуп калышкан болсо шылдыңдай берип ит кылышмак.
—Досум жөн, бул жакшы кыз. Өзүм сүйлөшүп алам, бас кеттик..
—Бул кимдин кызы?
—Кыдыкенин, суугатчычы..
—Эй тайтак, кыйшаңдабай жөн жүргүн. Жанагы эл айткан «карадалы» сенсиңби? Ушундай мүнөзүң менен өмүр бою эрсиз өтпө.
Айжамал Өмүрдү Жумандын бир-тууганы экенин билчү. Нукуп, жүрөкө сайчу жообун даярдап бирок, айта албай койду. Кайнагам болуп калса!-деп оозун жапты.
—Уларбек катынча ажылдабай жолуңа түшчү, сага теңелбейм.
—Эй сага ким теңелип жатат, үч жолу кайра туулсаң да мага теңеле албайсың тайтак десе. Азыр оозуңду ачсаң тепсеп кетем, шерменде кылам. Акырая караган Айжамал үйүнө тез кирип кетти. Бир ата-энеден туулган, бир тарбия алышкандар эки башкача болооруна таңыркап турду. Өмүрдүн алдында Жуман миң эсе артык экенин билди. —Же үйлөнгөндөн кийин Жумандын да кыялы өзгөрүп кетеби?-деп өзүнө өзү суроо берип жатты. Жинденген Уларбек айылдын өйдөсүндөгү дүкөндөн токтоп, эки бөтөлкө арак алып чыкты. Негизи бүгүн шаар жака барышып, шаардык кыздар менен эс алышмак. Бирок, Уларбек аракты машинасында эле ичип баштады, берки эки досу тууралу унутуп да коюшту. Бир сааттан кийин Айжамал дүкөнгө чыккан болчу. Жана Өмүр менен болгон окуяны унутуп деле койгон, дүкөнгө жакындаганда Уларбектин машинасын көрүп, дароо артка бурулуп кетенчиктеп калды. Ичип, сөгүнүп олтурушкан эки дос Айжамалды байкап калышып, машинасын жүргүзүп, артынан кууп жөнөштү. Айжамал качып барып, бир үйгө кирейин деди эле эшиги жабык экен. Өмүр машинага Айжамалды салып, тоону көздөй айдап кетип баратты.
—Өмүр, сен жиндисиңби? Эмне кыласың бул кызды, убалына каласың. Жаш неме тамашалап койду, өчөшкөндө эмне кеч боло электе түшүрүп салалычы.
—Мени эч ким жер менен бир кылып, басынткан эмес ушул убака чейин. Жөн койо албайм, мен эркекмин. Эгер коркуп жатсаң, түшүп калсаң болот!-деп токтоп, эшикти ачып койду. Уларбек коркконунан эмес, кызды эптеп куткарайын айылдыктарды чакырып!-деп түшүп калды. Айжамалдын багажникте ыйлап жатканы даана угулуп турду. Айылдан бир топ алыстап калган экен, айылды көздөй болгон күчүн салып чуркады. Өзүнүн өзүндөй эле балага алы жетпей, түшүп калганына уялып турду. Азыр айылга барса, болгон окуяны айтса, эл туура эмес түшүнүп, кайра өзүн жемеге алышпайбы. Достору «саткын» дешсе, элдер «коркок» дебейби. Айылга жеткенче ою өзгөрүп, унчукпай шаарга кетип калды. Бир күн жоголду, Айжамалды айыл биригип издеп жүрүштү. Кээ бири башка айылга алакачып кеткен го!-деп ойлоп коюшту. Экинчи күн дегенде айылда Өмүр пайда болуп калды. Дайыма эле шаан-шөөкөткө кеткенде, жумалап жоголуп жүргөн Өмүрдөн эчким эчнерсе көрүшкөн жок. Уларбектин унчукпаганын достука бекем деп койду. Бир жума өтүп кетти билинбей. Өмүр камырабай бемарал ойноп-күлүп жүрөт дайымкыдай эле. Уларбектин машинасын алып барып аяш атасына тапшырып койгон. Уларбек дагы бир жумада келди айылга. Өмүр менен тааныш эместей учурашпай да койду. Өтүп кетет дегенсип, Өмүр тоготуп да койбоду. Баягы эле дүкөндүн алдында төрт-беш киши топтолуп ичип олтурушкан. Айылдарда ушундай эмеспи, малды жайгаштырып коюп, карта ойношот же ушинтип арак ичишет. Мунун баардыгына жумушсуздук себеп болуп жатпайбы. Түшүм жыйналган соң жумуш деле болбойт. Айылдын башынан тоону көздөй кеткен узун жолдон араң жылган сөлөкөттү байкап калышты. Баардыгы алыстан жакшы көрө албай, сөлөкөттү көздөй басышты. Жакындаган сайын бул сөлөкөт аял экенин аныктап турду. Үйүлө түшүп жакшылап карашты эле бул Кыдыкенин жоголгон кызы Айжамал экенин таанышты. Айылда үч эле машина бар болчу. Бирөөсү колхоз башчысында, экинчиси Уларбектин атасында, үчүнчүсү ата-бабаларынан бери тың турган айылдын бир тургунунда. Эң жакын деген үйгө чуркашты, Уларбек үйдө жок экен, Уларбектин атасы машинаны айдап Айжамал жыгылып калган жерге дароо жетти. Эптеп анча-мынчада көзүн араң ачкан Айжамал Уларбектин машинасын көрүп, жан киргендей тура калып бакырып ыйлап кирди.
—Түшпөйм, барбайм тийбе мага, айбан десе.. Титиреп кайра жыгылып калды, кызды көтөрүп машинага салып районго ооруканага алып жөнөштү. Кызынын акыбалынан кабар уккан Ашырбек атын чаптырып, районго жетип барды. Кызынын соо жери калбай көк-ала болгонун жана бир жак бетинин тантыгы чыгып кеткенин көрдү. Өмүр Айжамалды көлчүкө салып кетип калган болчу. Бир жак жээги менен жаткандыктан, сол жаагы карарып, кулагын үшүк алып кетиптир. Бир жумада, айылга ушул акыбалда тирүү, келгени бул кудайдын укмушу экенин далилдеп турду. Тирүү калганы менен кыздын намысы, сулуулугу анан бир кулагы жок калды. Мындан көрө Айжамалга өлүм артык болчу.
Уландысы бар.