АРМАН+КУБАНЫЧ 5-бөлүм (АЯГЫ)

https://kyrgyzcha.site/?p=65125&preview=true Кызыктуу окуялар.

АРМАН+КУБАНЫЧ

5-бөлүм

 

Айжамал жарым жан агасынын үстүнө үйрүлүп түшүп, жалынып — жалбарды.

-Кагылайын момунум, акылдуум, эстүүм, күч-кубатым. Амандыгыңа шүгүр, эмне болду деп ич этибизди жедик эле. Сени аман-эсен көргөзгөн жаратканга миң ырахмат.

-Ааайй-дд-ааааммм.. ыы—ллаа — ббба, мммеен жжаак-ччыы..»во» -деп бармагын көргөзүп койду Арман.

Пример HTML-страницы

Айша апа да, булардын кубанычын коштой, —

-Кызым бир тууганың аман-эсен, биз менен бирге. Кыжаалат болбогула.

Айжамал шаша баштыгын чукулап калды эле Айша апа-

-Кызым, Армандын өзүнө бер, өзүнчө жесин.. Ата-энесинин бергендерин — деп ачтырбай койду.

-Кап, атайы алып кетейин деп келбедим беле?

-Мм-мее-нн баалл—ббаайм-деп баш чайкады Арман.

-Неге? Кыйналасың го аке?

-Ики, ики-Арман кетенчиктеп кетпейм деди.

-Кап, эмчектеги баламды таштап келбедим беле? Бат эле алып келем, жолдо кыйналат деп. Эми канттим? Ата-апам да жол карап атат.

-Сен Армандан кыжаалат болбо. Жолдон калбай кете бер кызым.

-Бир күн калып кир, когун жууп берсем эмне жок дегенде?

-Ой жок, Арман тың жашайт. Кичине кир жууган машина алып беришкен өткөндө базардагы кыздар, майрамга деп. Үйрөтүп койгонбуз. Тыпылдап, күнүгө киймин өзү жууп-жайып алат-деди Айша апа.

-Иий, байкушум.. аны да үйрөнүп алдыбы?

-Үйрөнбөй анан.. Телевизору бар, өзүнө ылайык, дубалга кадаган. Аны да балдар алып беришти.. Эми телефонго кызыгып жүрөт.. Зарлыктан үйрөнүп тамга таанып, жазып атат..

Айжамал буркурап ыйлап жиберди-

-Кагылайын зирегим, акем. Баары жакшы болсо экен. Эмне болсо да аман бол, эми бир айдан кийин келем, уулумду эмчектен чыгарайын десем жайкы саратанда коё тур дешти эле. Күндүн табы кайтсын, ошондо бир жума жаныңда туруп кетем.. -деп Айжамал Арман менен коштошту. Турдубек да Арманды кучактап-

-Азаматым, аман бол деди.

Арман чөнтөгүн чукулап акчасын алып чыкты эле Айжамал-

-Жөн, бербе аке, өткөндө берген акчаңды апамдар эт, набат, чай алып ичип оңуп калышты. Эми өзүңө керекте-деп кайра салдырды.

Ошентип Айжамал айылга жол тартты, Турдубектин машинасы менен.

 

***

Айша апанын айылдан сиңдиси келген ооруп. Күнүгө таң эртеңден докдурга жөнөйт, ошол мезгилде аксаңдап жумушка жөнөгөн Арманды көрүп калат. Бирөө менен иши жок, өзү менен өзү, бирөөгө зыяны жок баланы карап имериле тиктеп калат. Бир күнү кеч Айша ападан сурады-

-Бул ким?

-Э, бул да бир кудайдын сүйгөн пендеси да.

-Жакшы бала окшойт.. жарым жан экенине карабай, иштеп жанын багып жүргөнүн кара!

‌-Ооба. Мына эки жылга аяк басып калды.. Менин колума келгени.. Бир жамандыгы жок, Жоош момун, ким жумшаса баш көтөрбөй тил алат.

‌-Жакшы экен..

‌- Эмнеге сурадың?

‌-Аа, мен да бир нерсени ойлоп да..

‌-Сен жөн нерсени ойлобойт элең…?

‌-Ооба, жанагы Асылканга ылайыкпы дейм да..

‌-Ал ким эле?

‌-Кайын эжемдин кызычы, кичине кызы?

‌-Ал эмне болду эле?

‌-Аа, аны силер укпай калгансыңар го.. Кайнежем жайлоодо кызын кайнап жаткан курутка күйгүзүп алган да..

‌-Иий кудай, анан…

‌-Кыз жети-сегиз жашта болчу. Жайлоодо ошол күнү экөө эле калган. Эжем малын саап, сүтүн тартып, курутка сүзмө кайнатат чоң казанга.. узун чөмүч менен өзү аралаштырып аткан болот. Курут бор кайнап калган мезгилде.. күн айланып шамал башталат. Эжем боз үйдүн түндүгүн тартып келейин деп, кызына аралаштырып тур дейт. Катуу шамалга туруштук тералбаган кыз чалынып казанга чалкасынан башын менен түшүп калат. Айтор күн төгүп, кыз чучуктай чыңырып, эжем кызын казандан ала коюп, алысыраак эмес жердеги булакка басат кызды. Ысык уруп кыздын чачын, терисин шылып түшүп, араң дегенде айыктырышкан.

-Иий байкуш, анан..?

Ошол кыз аябай жабыркады, чач чыкпады, беттин жарымы тыртык болуп калды. Чочуп калганбы, талма оорулуу болуп жүрдү.. бирок анысы чоңойгондо калды. Бир жакшына кыз эле. Ысык таптап койгонбу, бою да өспөй калды..

-Эжең барбы өзү?!

-Жок, былтыр каза болгон..

Ушы кызды тындырсам экен, өзүнө ылайык бирөө бар бекен деп жүрүп, ушул кыздын алдында өзүн өзү кечирбей жүрүп өттү..

-Каап.. жаман иш болгон тура.

-Ошого Арманды карап атпаймынбы? Балким жакшы бүлө болот деп.

-Ошентсе канаке.. атаганат.. Бактылары тоодой болуп балалуу чакалуу болуп калышат эле.

Арманды го мен көндүрөм, кызыңчы…?

-Аны мен көндүрөм…

-Байкуштардын бактысына себеп болуп коёлу.. мейли-деди Айша апа..

 

***

Арман жумушун бүтүрүп, баштыгын улам, улам кармалап сүйүнүп коёт. Үйгө шашылып баратат. Үйүндө Асылы күтүп атат. Үйлөнгөнүнө алты ай болду. Көптүн жардамы менен Асылкан экөөнү баш коштурушту. Кечээ экөө докдурга барышкан эле. Асылкан узиге түшсө боюнда бар экен. Болгондо да уул… Экөөнүн кучакташып ыйлаганын көргөн адамдар көздөрүн жашташты. Асылкан да акыл эси данектей кыз. Кырсыктын айынан ушул дартка чалдыгып турмуштан кеч калган. Мына азыр курсагын сылап баласы менен сүйлөшүп жатат. Сыртты калдыратып Арман кирди-

-Аасс-ссыылл.. ммеен ббааламмма ааа-ллддым.

-Эмне алдың Арман?

-Мммааачччии-нне

-Машинеби?

-Ыыы-деп Арман баш ийкеди

-Атын-ким коёбуз Арман?

-Ккууббб-ааанннн-ыыы-ч

-Кубанычпы? Сонун ат экен..

Экөө күлүп, кубанып калышты..

 

***

Таң эрте адаттагыдай жумушка шашкан Арманды ээрчип ыйлаган Кубаныч жылдырбай отурат..

Бир жарым жашар Кубаныч Арман менен Асылканга кубаныч, өмүр, бакыт тартуулап ар күн сайын түрдүү кылыгы чыгып баратат. Баса Асылкандын дагы боюнда бар. Экөөнө ата-эне туугандары биригип шаардан үй алып беришкен. Айша апа бат-баттан келип Кубаныч небересин каралашып кетет.

Арман менен Асылкандын Кубаныч менен бактылуу күн кечирип, тагдырларына ыраазы..

Бактылуулуктун эң жогорку тепкичи бул ишеним, сабырдуулук. Бакыт ар бир адамга эртеби — кечпи, кандай кырдаал болсо да сөзсүз келет.

 

АЯГЫ

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️