АРМАН + КУБАНЫЧ. 4-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=65125&preview=true Кызыктуу окуялар.

АРМАН + КУБАНЫЧ. 4-бөлүм

 

Айылдын тиргилиги жерге жарык кире баштаганда эле башталат эмеспи. Айжамал да таң эрте туруп, эки уюн саап, бадага кошкону айдап чыкты. Үйүнөн бир аз басканда эле ылдый жактан келе жаткан машина жанына кетип токтоп, айдоочусу түштү.

Айжамал жолдон чыга жол бошотту.

Машинадан шаша түшкөн Турдубек айдоочу:-

-Айжамал, карындашым, токтосоң! -деди.

Пример HTML-страницы

Айжамал аны таң калуу менен тиктеп калганда.

-Айжамал, Маратты таптым.. кыжаалат болбогула, ошону айтайын деп сага токтой калбадымбы?

-Иий, каерде, каякта экен? Каяктан таптыңыз? Тирүүбү деги өзү?

-Албетте тирүү, жаман ойлобо карындашым. Марат Бишкекте экен жолугуп келатам, ал тургай саламы, ата-апасына бере турганы бар.

-Аии, аман эле болсо болду.

-Ооба, мен үйгө барып, жүгүмдү таштап, бир сааттан кийин барайын үйүңөргө. Ага чейин сүйүнчүлөп кой карындашым..

-Албетте, сүйүнчү айтам, үйгө келиңиз. Атамдар да кубанып калсын.

-Ооба келем, сөзсүз — деген Турдубек машинасын от алдыра жүрүп кетти. Айжамал уйларын бадага кошту да, үйүнө жүгүрдү. Келип эле үстүндөгү халатын чечип, жаңы сааган сүттөн чакан чакага куюп алды да,

ата-энесинин үйүнө жөнөдү.

Таңкы салкында сырттагы чарпаяда отурган карыялар, таң атпай келген кызына —

-Э, ботом, таң атпай келипсиң го?

-Кел кызым, тынччылыкпы?

-Келдим, ата-апа, сиздерге сүт алып келдим, анан сонун жаңылыгым бар?

-Ии болсун, болсун кызым.

-Эмне, Маратымдан дайын барбы? -кантсе да эне да, көзүн жүлжүйтө Айжамалды карады.

-Ооба апаке, Маратыңыз аман — эсен Бишкекте экен. Жогорку айылдагы Турдубек акеге жолугуптур. Турдубек аке азыр келет үйгө, өзү түшүндүрүп берет сиздерге.

-Ии, Кудай, кагылайын Кудай, акыры балам табылдыбы ошондо? — деп байбиче бышактап калды.

Айжамал ары-бери чарпаяга төшөк салып, жөлөнгүч жаздыктарды коюп, дасторкон жая баштады. Эми эле койгон сүтү бышып, ата-энесине сааркы чайды берди. Аңгыча Турдубек да келип калды. Ал адатынча карыялар менен барпалаңдап учурашып, көтөрө келген коонун дасторконго койду.

-Ии балам, кандай келдиң, бала-чакаң тынч бекен?

-Тынч, абаке, өзүңүздөр кандайсыздар!

-Бизди кудай ала беле? Энең экөөбүз отурабыз. Андан көрө айтчы Марат жөнүндө.

-Мен Бишкекке барып жолулуп калдым кокусунан. Араба түртүп иштеп жатыптыр. Жакшы адамдар колдоого алыптыр.

-Ии, байкушум ай, ошого алы жете бекен? Кийим кечеси, курсагы эмне болду экен жарыгым? — деп Мараттын апасы бышактады.

Абышкасы ага ормоё карап-

-Ой, ыйлактабай тура турчу, бала сүйлөсүн, угалы-деп

байбичесине кайрылып-

-Чоң эне, ыйлабаңыз, балаңыз эң сонун жүрөт. Иштеп жатат араба түртүп. Ал тургай сиздерге бир аз тыйын берип жиберди — деп — чөнтөгүнөн эки миң сом алып берди. Чындыгында Марат миң эле сом берген, жалаң майда акча акча берген. Колуна тийгенин чогултту да, аны кесектеп койгонго алы да жеткен эмес эле. Турдубек Мараттын миң сомуна өзү да миң сом кошуп, карыялардын көңүлүн алгысы келди.

Карыя акчаны кармап каңырыгы түтөй-

-Аа курган балам ая, майыптыгы болбосо акылы даана. Кагылайын өмүрүң узун болсун, кайсыл жерде жүрбөсүн аман болсун. Ме, балаңдын акчасын, анан Айжамалдан бир нерсе алдыраарсың — деп байбичесине сунду.

Турдубек чай ичкенче Марат тууралуу көп нерсе айтып берди.

-Бүгүн-эртең дем алып, бүрсүгүнү жолго чыгам. Барсам атайын жолугам эми.

-Турдубек аке, мени ала барсаңыз кантет, мен барат элем-деди Айжамал.

-Мейли, барсаң ала барам карындашым.

-Ии, жакшы болбодубу? Көзүм менен көрүп, санаам тынып, ата-апамдын дагы көңүлү биротоло тынсын.

-Макул анда, барсаң ала барам, бүрсүгүнү эрте салкында чыгып кетебиз, же кечки салкында. Мен айтам го ага чейин дагы. Мен чыгайын анда. Абаке, чоң эне тынч аман отуруңуздар эми.

-Айланайын чоң рахмат, өркүнүң өссүн, бөкчөйгөн карылардын сөөгүн агартып койдуң. Оомийин, келечегиң кең болсун, өмүрүң узун, бактылуу-таалайлуу бол кагылайын.

-Айтканыңыз келсин абаке.

-Маратыма күйүмдүү болгонуң үчүн көкөлөп кубанып калдым. Менин көзүм өтүп кетсе ал шордуу эмне болот деп ичкеним ириң, жегеним желим эле. Ошол шордууга ылайыктуу бирөө жолуга бекен, балалуу болуп калса да баласы карай беле? Ылайыктуу бирөө жолукса үйлөп коёт элем. Сени өкүл ата болуп көз салып жүр, мен өлүп калсам таянаары бол кагылайын -деп карыя таягына сүйөнө бүлкүлдөп алды.

Турдубек-

-Ой абаке, кайраттуу болуңуз. Сиз али Мараттын балдарын жетелеп багасыз. Мейли өкүл ата болом. Ошол жаешы күнгө жетели — деп коштошуп кетти.

 

***

 

Үч күн бат эле өтүп кетти. Турдубектин машинасында Айжамал кырка тоолордун сулуулугуна суктанып бара жатат. Турдубек күзгүдөн улам карап толкунданып бараткан кызга суроо узатты-

-Айжамал, толкунданып атасыңбы? Абамдар аябай жол карайт ээ эми.

-Ооба, аябай кубанып атам, бир тууганымды көрөм деп.

-Жол узак, жетебиз бирок. Уйкуң келсе уктап ал.

-Макул аке, бирок кайдагы уйку. Бир туугандын иши кыйын экен, алты саны аман болсо да бир жөн. Жашы да бир топко чыгып калды, коколой башы менен бөтөн жерде жүрсө, кыжаалат болот экен киши. Ата-апамдар бир жылдан бери кандай гана кыжаалат болушту.

-Издеген жоксуңарбы?

Издедик, бирок бул жакты эле карадык. Бишкекке кантип кетмек, акчасы болбосо, анын үстүнө аны эч ким алып кетмек эмес деп- ойлодук.

Турдубек ошогдо бар сырын айтты.

-Аны мен алып келгенмин Айжамал. Жаман оюмда жер көргөзүп алып кетем дегенмин. Анан мен бир клиенттин жүгүн машинадан алып, жолдун аркы бетине өткөрүп берип келгиче жок. Издеп таппай калдым. Бишкекке келген сайын издеймин. Кечээ капилеттен жолугуп калдым. Толук адресин алдым, кошо жашагандардан. Силерге айткандан корктум, чынында бир дарегин билбей туруп кантип айтмак элем.

Айжамал ойлуу-

-Ии, сиз алып кеттиңиз беле? Башкысы табылып калды, калганы жакшы болсун эми.

-Ооба, буюрса бары жакшы болот.

Узун жол, зымыраган машине, ичинде жүргүнчүлөр.

 

***

Айша апа эми эле жумушка келип, базардын шарына аралашканда охранада иштеген балдар чакырып калышты.

-Эже сизди чакырып атышат. Милицияга барсаңыз.

-Эмнеге ботом?

-Билбеймин, сизди келсин дейт. Арманды ээрчитип алыңыз. Балким баякы уурулар тууралуу сурайттыр.

Айша апа Арманды издеп тапты да-

-Жүрү, милицияга, экөөбүздү чакырып атат.

Арман чочуй-

-Мм-мее-ен ббаа-л-ббаа-м.-деди.

-Коркпо, баякы ууруларды кармаган окшойт. Сени бербейм милицияга балам.

Башын ийкеген Арман Айша апанын артынан аксаңдап ээрчип жөнөдү. Муруңкудай шилекейи да акпай калган. Базарда соода кылып иштеген бир аял врач экен, түрдүү витаминдерди, маздарды алып келип берген. Аны Айша апа кантип колдонуу керектигин көргөзүп берген. Андан сыткары эки жеңине билекке чейин көйнөктүн сыртынан кол кап тиктиртип берген. Беш-алтоо бар андан, күнүгө тазасын колуна кийип, кастюм, көйнөктөрүнүн жеңи кургак таза болуп калды.

Экөө ээрчишип милицияга келгенде шылкыйган жети -сегиз шектүү адамдарды камап койгон эле. Арманды тоногондор камерага түшүп калган экен, ошондуктан аларды табуу оңой эле болду. Анткени алар дайым тоноо менен алек болгон балдар экен.

Милициянын капитаны-

-Эй, экөөң бери карагыла. Мобу араң жүргөн кишиден эмнени күттүңөр? Экөөңдүн кебетеңди көр, муну көр. Иштесе ишке тойбой турган курагыңарда, жашоо үчүн күрөшкөн бир инвалиддин токочун тартып алууну эмне десе болот?

Экөөнөн үн сөз жок.

Капитан компютерден ошол окуяны көргөзүп берди, бүрүшүп жерде жаткан, аянычтуу кыйкырган ыйлаган Арманды эч ким карап тура албайт эле. Айша апанын мууну бошоп, Арманды кучактап далысынан таптап койду. А Арман болсо ошол окуя эсине түштүбү бир ордунда туралбай калды.

-Мына көрдүңөрбү? Бирөөнүн көз жашы узатпайт, эми колуңар менен кылганды башыңар менен жооп беришиңер керек. Силер Армандын бүт акчасын кайтарасыңар. Моралдык да, материалдык чыгымын төлөйсүңөр. Ден соолугуна зыян кылганыңар үчүн ага да төлөйсүңөр, административдик штраф менен сот жообуна тартыласыңар. Анткени силер катышкан жагымсыз окуя бул эле эмес. Ушул адамга кантип кол салдыңар!

Эки бала шылкыйып туруп берди..

Капитан Армандын беш миң сомуна дагы беш миң коштуруп андан сырткары жыйырма миң өндүрүп Армандын колуна берди. Мынча акчаны көргөндө Арман коркуп артка кетенчиктеди.. —

-Жж-оо-кк, ммен—ииккии эээм-мм-еесс

-Арман, коркпо, булардын жазасы ушул. Эми сага тийишпейт. Калган күнөөсү толтура жооп бере турган.

Айша апа да тиги балдарга карап-

-Бул кылганыңар уят балдарым. Карагыла мобу баланы.

Кылмышкер балдар тик карай албады. Айша апа Арманды ээрчитип картон топтоп, жыйган жерине келишти. Армандын арабасы ошол жерде эле. Бардык арабакечтер ошол жерде чогулуп отурушат иш жокто.

Айжамал менен Турдубек да, дал ошол жерде күтүп турушкан. Аксаңдап келаткан Арман алыстан Турдубекти таанып жылмайып келе жаткан. Айжамалды анан шашпай көрүп, кучагын жая-

-Жжа-жа-мм-аал, Жж-аа, -ммаал.. -деп кучактап алып шолоктоп ыйлап атат. Айжамал бир боорун бооруна кысып-

-Акем, кагылып кетейин акем, момунум — деп карап тургандарды ыйлатты.

Бүгүнкү күндүн ийгилик, кубанычына балкыган Арман көзүнүн жашын шыпыра, жаш аралаш күлкүсү чыгып башкача кубанды.

Эх чиркин, бир туугандын деми кандай гана дарман ээ.

 

{Уландысы бар}

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️