АРМАН + КУБАНЫЧ   3-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=65125&preview=true Кызыктуу окуялар.

АРМАН + КУБАНЫЧ   3-бөлүм

 

Базардын шаңы караңгыда эле башталат. Арабалуу болгон Арман көпчүлүк арабакечтер менен таң атпай келип дүңүнөн товар алгандардын жүгүн ташыйт. Акчаны да өздөштүрүп калды. Канча акча алат, канча кайтарат, аны да үйрөндү. Кээ бир клиенттер анын түрүнө карап жүгүн салбай да коёт.

-Тачка, араба, бошсуңбу?

-Оов эже, эмне жүк бар?

Чогулган балдар жүгүн көрүшөт. Оор болсо өздөрү алат, жеңилирээк болсо Арманга берет.

Пример HTML-страницы

-Арман байке, 150 сом берет тиги маршрут токтогон жерге чыгарып бер.

Аксаңдап, кубанып кудуңдап бараткан Арманга кээ бири ашыгы менен берип да кетишет. Мындайда Арман кудуңдап сүйүнөт. Кээ бири аз гана тыйын берип-

-Ме, болот ошол сага.

Жалдырап туруп калган Арманга-

-Эй дабдыр, болот ошол, бар кет.

Кабагы бүркөлгөн Арман шылкыя басып кетип баратып, арабасы менен байкабай бирөөнүн аягын басып кетти.

-Ааай, -деп кыйкырган килейген киши коркуп кеткен Арманды көчүккө эки тепти. Ызаланган Арман «уу, уу» деп жаңдап бир нерселерди түшүндүрүшкө аракет кылды.

Тиги сары киши

-Энеңдурайын, чолок, бас ары жогол, өлтүрөм азыр-деп тап берди.

Тыгында аялдар Арманга болуша кетишти-

-Опей, кантет? Килейген неме экенсиң, араң жүргөн немени өлтүрөсүң эми.

-Кантет! Урба байкушту! Өзү араң жүргөн немени.

-Көзүңө карабайсыңбы?

Өзүн күнөөкөр сезген Арман аксаңдай арабасын түртө шылкыя басып кетет.

 

***

Адаттагыдай жумуштан чыгып, курсагы ачканынан жол боюндагы ашканга тамак ичүүгө кирди. Столго эми отуруп жайгашканда ашкана иштеткен кыз келип чыгарып жиберди.

-Ай байке, сизге мүмкүн эмес бул жерге.

-Тт-тта-ммак ииччеемм

-Жок деп атпаймынбы? Силерге окшогондор тажатты, чыгыңыз..

-Аааккк-чччаам бббааалл, мм-мы-нна.

Калтырап титиреп, чөнтөгүндөгү акчасын алып чыккыча, тиги кыз түрткүлөп чыгарып салды..

Көзү жашылданган Арман жол боюндагы арыктын кырына акчасын уучтаган бойдон отуруп калды. Жанынан ары бери өткөндөр улам бири карап, бирөөсү 20, бирөөсү 50, дагы бирөө тыйын таштап кетип жатышты. Эмилеки ызасын бул окуя чачып жиберди. Ал акча таштаган адамдардын артынан кыйкыра жөрмөлөп, тура, жердеги акча-тыйындарды чогулта-

-Мм-мен кк-ка-йылллчыы эээ-ммессммин! Мме ааккччаңдды- деп тигилердин артынан чуркады. Бирок көпчүлүктө кимиси бергенин билбей калды. Анан шашпай аксаңдап тээ бурчта баласын бооруна баласын кысып отурган кайырчы келинге берип салды. Андан арыраак арабада отурган сөөк-саактуу, бутун таңып алган жигитти көрдү да, чөнтөгүн аңтарып, жанагы тамак иче турган акчасынын жарымын берип кетти.

Колундагы акчага бир нерсе алып жеп шам-шум этем го деп, жолдон бир магазинге келсе, эшикти тоскон кароол киргизбей койду.

Кекечтенип бир топ нерсе сүйлөдү, бирок тиги түшүнбөй койду.

-Бар эй, сендейдердин баары ууру болот. Бас кет, милицияга каматып салам азыр — деди.

Арман дагы өксүй аксаңдап көзүнүн жашын шыпыра, чылк эте шилекейин жутуп батирине жөнөдү. Батирине жакын көчөдө топ тээп ойноп жаткан өспүрүм балдар ызы-чуу түшүп жол бербейт. Араң келе жаткан Армандын артынан бирөөсү топ менен тепти эле, Арман учуп түштү. Жерде боз ала топурак болуп жатып калды. Өспүрүм балдар каткыра күлүп, топ артынан кууп кетишти. Арман жерден тура албай ызаланып, ыйлап жиберди. Айша апанын уулу

Зарлык тээ алыстан келе жатып, аны таанып чуркап келди. Тура албай жаткан Арманды колдон тартып тургузганда Арман Зарлыкты кучактай уңулдап ыйлады..

-Жж-жар—ррлык, Жар-ллыык..

Зарлык да көзүнө жаш ала колунан жетелеп, экөө жай үйгө баратышат.

Айша апа кечки тамагын жасап коюп, жумушуна кеткен экен. Армандын кийимин күбүп, тазалап үйүнө киргизип жиберген Зарлык, үйүнөн тамак-ашын көтөрүп келип экөө тамактанды. Анан Арман Зарлыкка акча берип- -Ннан, ччай, шек-ккер -деди

-Магазинден алып келейинби? Өзүңүз неге албадыңыз?

-Мм-меенни ккиилггииз-ббеет

-Неге киргизбейт?

Арман ийинин куушура жер карады.

Курсагы тойгон Арман кроватына жата кетти. Колуна баштыгын көтөрүп келген Зарлык үйгө кирсе уктап жатыптыр. Ойготпой алып келгендерин үстөлгө койду да, апасына жардам берүүгө кетти.

 

***

 

Күндөгүдөй эле базар, Арман арабасын кылдыратып, сигналын улам басып коюп иштеп жүрөт. Бүгүн да жүк таштап, кайра баратканда дагы бирөөнү арабасы менен коюп алды. Ал ачуулана-

-Эй, көзүң барбы, я? -деп бурулуп эле Арманды карап туруп калды.

-Ой, Марат, ой, сенсиңби? Ой, таптымбы сени?

Арман да башын ийкей кубанып, тиктеп туруп калды.

Бул баякыл Бишкекке алып келген айылдаш агасы эле. Маратты жоготуп жиберип, тымызын издеп жүргөн. Эми таап алып сүйүнүп турат.

-Сен каяктарда жүрөсүң я?

Арман тиги кишинин суроосуна жооп ордуна колунан жетелеп Айша апага алып келди.

Айша апаны көрсөтө «ушул айтат» дегендей ымдап көрсөттү.

Айша апа да Арманды тааныган бир адамдын чыкканына сүйүнүп-

-Жакшы болбодубу? Мунун издеп сурап алаары

жокпу деп, кыжаалат элем. Кел отур-деп барын айтып берди.

-Мына ушул эми, бир жылга жакын убактан бери колумда, иштеп жүрөт.Барсаң ата-энесине айтып кой, баласы жакшы жүрөт деп.

-Макул айтайын. Ал тургай келишет алар..

-Марат, кетесиңби? Ала кетем.

Арман баш чайкады.

Айша апа —

-Мунун аты Арман. Арман деп өзүнө өзү ат койду. Арабалуу болду, эми үйлүү болот, анан колуктулуу болот. Сулуу, сулуу балдардын атасы болот — деп Айша апа Армандын көңүлүн көтөрө сүйлөдү.

 

Арман чөнтөгүн чукулап-

-Аапппаага, аттт-таага бббер.. — деп акча берди.

-Иий, байкушум ай.. апасы-атасына берип атат..

Ал, алагой, алып барып бер ата-энесине.

Тиги агасы да Арманга жүрөгү жылып,

-Макул Арман, мени күт. Мен жакшы кабар менен келем деп коштошуп кетти.

Ошентип бүгүнкү жакшы жаңылык менен башталган күн Арманга дем берип, шайдоот иштеп жүрөт.

Жумуштан чыгып да үйүнө шаңдуу басып, таттуу кыял менен аксаңдай басып барат.

 

{Уландысы бар}

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️