АРМАН + КУБАНЫЧ 2-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=65125&preview=true Кызыктуу окуялар.

АРМАН + КУБАНЫЧ. 2-бөлүм.

 

Айша апа Мараттын колуна чоң кап берди да ээрчитип базардан каропка топтой башташты. Кечке топтогон каропка, картондорун кеч картон алуучулар портер менен алып кетишет. Таразага тартып килосун 12 сомдон өткөрүшөт. Мараттын топтогонун Айша апа өзүнчө тарттырып акчасын алып берди. Кечке чогулткан картону 230 сомго жараптыр. Айша апа акчаны Маратка сунса, ал «жо-ок, жо-ок»- деп кетенчиктеп калды. Айша апа болбой эле колуна карматып,

 

-Марат, ал балам, бул сенин эмгегиң. Сенин акчаң, күнүгө эми ушинтип иштеп акча табасың, макулбу?-деп акчаны Мараттын көкүрөк чөнтөгүнө салып койду. Кубанган Марат аксаңдай басып Айша апага ыраазылык билдирип, бир нерселерди айтып жатты.

 

Пример HTML-страницы

-Ап-па, апа, ыыы-лллах-мммаааттт

 

-Макул балам, сен кубансаң эле болду.

 

Мараттын кубанганына Айша апа да кубанып толкунданып алган. Акча кармап көрсө дагы, өзүмдүкү деп ойлобогон Марат, улам акча салган көкүрөк чөнтөгүн сыйпалап, кудуңдап коёт. Мына ошентип Айша апанын жардамы менен базарда кечке картон чогултат. Айылдан алып келген кийимдери да бүт кир болуп, киерге таза кийими калбай калды эле, Айша апа жууп берди. Айша апанын жалгыз уулу Зарлык жанындагы мончого алып барат Маратты. Экөө ынак болуп кетти. Зарлык да анын сөзүн көп түшүнүбөй жүрчү, кийин түшүнүп калды. Айша апа Мараттын акчаларын эсептесе беш миңге жетейин деп калыптыр. Чөнтөгүнөн алдырып жибербесин деп калта тигип, акчасын салып мойнуна асып берди эле Марат аны тумардай кылып, кечке кармалап, кайра көйнөгүнүн ичине салып коёт.

 

Капчыгы калыңдап 5000ге чукул акча топтоп алды.

 

Адаттагыдай базар, ызы-чуу болуп картон тапшыргандарды карап турган Маратты Айша апа кеттик деп ээрчитип жөнөдү. Аңгыча арттан бирөө

 

-Айша эже, сизди контролёрлор чакырып атат-деди.

 

-А, эмнеге?

 

-Билбейм.

 

-Кечки иш башталгыча бир топ убакыт бар эле да. Мейли эми, азыр барам- деди да. Маратка кайрылып,

 

-Марат, мен контролёрго жолугуп келейин, сен ушул жерде күтө тур, чогуу кетебиз -деп чуркап кетти.

 

Базардын ичи киши азайып, бир топ ээн болуп калган. Аңгыча эки сомодой жапжаш жигиттер келип Маратты коркутуп, мойнундагы акчасын жулуп алды бирөө. Марат аянычтуу кыйкырып тигинин колуна жабышты эле, экинчиси ичке жана бетке сокту. Оор соккуну көтөрө албаган Марат учуп түштү. Мурдунан кан жая берди. Ал эми берки эки зөөкүр майып адамды тоноп качып кетишти. Айша эже бат эле келди. Ал жерде онтоп жаткан Маратты көрүп айгайлап жардам сурады.

 

Эч ким деле жок. Бир, эки охрана гана келип, Маратты жетелеп, бети-колун жуудурду. Солуктап ыйлап турган Маратты карап Айша апа

 

-Ай бечарам ай, же тилиң эле болсо эмне айтып бергенге.

 

Ким болсо да оңбосун, житпесин.

 

Охраналардын жардамы менен Айша апа Маратты батирине алып келди. Бети-колун жууп, кийимин которушуп, тамак беришти. Кошуналары да колдон келген жардамды берип, бири сүлгү көтөрө келип, бири байпак, бири шейшеп берип чакан бөлмөсү буюмга толо түштү. Үйдүн кожоюну да келип картондун үстүнө эле матраста жаткан Маратты көрүп уялып кеттиби, башын кашып чыгып кетти. Эртеси Мараттын бөлмөсүн акилетип, бир кроват, бир тамак ичкенге үстөл, жерге палас салдырып койду. Марат аксаңдап базардан келип бөлмөсүн тааныбай, кайра чыгып, адашып калдымбы деп эки жагын карады. Аны байкаган кожоюну басып келип-

 

-Оо, Марат мырза, мына бул сеники эми, жерге жатпай ушул кроватка жат. Тамакты үстөлгө коюп ич. Сен иштерман азамат жигит турбайсыңбы?

 

— Ыы, ыы, ыыы-ллаа-х-мат..

 

-Азамат жигит, тиргилигиңди кыла бер- деди да далысынан таптап койду.

 

Марат кудуңдап сүйүнүп кроватына отура-тура ар-жак бери жагын карайт.

 

Маратка короодогу кошуналар да көнүп калышты. Көрүнбөй калса издешип, кечки тамакты ар кимиси бирден кесе көтөрүп келишет. Бирөөсү терезесине парда тартып берди. Дагы бири үстөлүнө дасторкон берди. Айтор Мараттын бөлмөсү өзүнчө эле кооз. Акчасын алдырып ызаланып, бир топ туталанып, ошондон кийин жанына акча албай калды. Айша апанын эшигин тыкылдатып-

 

-Ап-па, ап-п-па? -деп чакырды.

 

Ичкериден Айша апа-

 

-Оов, Марат, кир, кире бер.

 

Акырын дарбазаны ачып аксаңдай кирип, колундагы акчасын сунду.

 

Айша апа таң кала-

 

-Мен эмне кылам муну?

 

-Бб-бе-бе-кит.. уу-ууруу-ллл-аар..

 

-Аа, балам ая, бекитейинби?

 

Марат кубана баш ийкеди..

 

-Макул, сенин бир сомуң болсо да сактап коёюн -деп чакан сандыгын ачып, ак жоолугуна ороп салды. Аны көргөн Марат аксаңдай чыгып кетти. Бир мезгилде баякыл ак баштыкты көтөрүп келди.

 

-Бул эмне?

 

Марат ичинен апасынын жоолугун, атасынын көйнөгүн алып чыкты, да акчаны ушуга оро деп ишаарат кылды.

 

-Ушуга оройунбу?

 

Марат баш ийкеди.

 

-Жоок балам, муну сен жыттап жүр, акчаңды мен жапжаңы жоолукка ороп койдум.

 

Марат дагы башын ийкеп чыгып кетти.

 

 

 

 

***

 

Чоң базар, ал жердегилер да Маратка көнүп калышты. Марат араба түрткөндөргө кызыгып, арабаларын тартып, түртүп көрүп, кармалап өз күчүн сынап жүрдү. Арабачы балдар да аны аяй карап, чаңда картон чогултканына, акча таап иштегенине ыраазы боло карашчу.

 

-Балдар, Марат ава алты саны амандарга караганда төөчөлүк өйдө экен.

 

-Анан эмне, ак мээнети менен иштеп атат.

 

-Ошону да тоноп кетишпедиби байкушту.

 

-Койчу?

 

-Ооба, охраналар айтышты. Ал тургай базардын камерасына түшүп калган экен, милицияларга бериптир.

 

-Ии, табылып калса экен..

 

-Араба түрткөнгө кызыгып атат, араба алып бербейлиби.

 

-Ошентсек болот, бирок арабанын арендасын төлөй алабы?

 

-Жоок, акча топтоп, арзан араба издеп сатып эле берели.

 

-Чын, радио узелден айтып атат го күнүгө.

 

-Ошентели анда! Канчообуз биз, араба канча турат өзү.

 

-Жакшысы, жеңили 4000 ары турат.Дөңгөлөгү да жакшы

 

Мындай эле араба 2500-3000 сом.

 

-Анда жакшысын эле алып берели. Арабекечтер деле отуздан ашыкпыз. 100 сомдон топтосок деле алабыз.

 

Ошентип акча топтой башташты. Көздөгөн арабасын да сатып алышып, ага сигнал орнотушту. Арабаны кооздоп сырдап, бышыктап жип байлашып, төрт бурчуна шар байлашып, эрте менен Маратты базардан күтүштү.

 

 

 

 

Күндөгүдөн эрте келген Марат колундагы капты сүдүрөй, бут кийим базардан чыккан картондорду чогултуп жүргөн. Соода кылгандар да Маратка жан тартып өздөрүнөн чыккан картондорун эч кимге бербей Маратты күтүшчү.

 

-Ай бала тийбе, аны алып койгон, Марат байкеники ал.

 

-Оо Марат бай, келдиңби, азамат, Тигине сага топтоп койдук, Тартып кете аласыңбы?

 

-Аксаңдаган бечарам, ак эмгек менен нан табат.

 

-Ооба десең, эч кимге жамандыгы жок.

 

Марат кабын сүйрөп кардан топтогон ордуна келди. Ал жерде жапжаңы жасалгаланган арабаны көрүп, суктанып карап койду. Анан картондорун жыйып топтоп атканда арабекечтер топтолуп келип,

 

-Марат байке, кандай деп учурашышты

 

Улуусу да, кичуусу да Марат байке, ава дешчү.

 

Марат калдаңдан сүйүнүп баары менен кол алышып учурашат. Айылда саналуу эле адам аны менен кол алышып учурашышпаса, калганы Мараттан айланып өтүшчү көбү. Бул балдардын өзүн өздөрүнө тең санап, учурашканына төбөсү көккө жетти.

 

Балдар Маратты жетелеп жасалгаланган арабага келишти.

 

-Марат аба, мобу көк жорго сиздики! Кош келдиңиз биздин катарга. Мына арабаңдын номери да бар «555», жашооңдун баары 5 болсун деп ушундай номер алдык.. Куттуктайбыз дешип кол чаап жиберишти.

 

Марат таңыркай-

 

-Мм-ма-ма — га- бб-ьы?

 

-Ооба, сизге?

 

-Кел отур үстүнө.

 

Балдар арабага Маратты отургузуп ары-бери айдап, каткыра күлүп, Мараттын кубанганы көрүп кээ биринин көзүнөн жаш чыкты.

 

Жерге түшкөн Марат арабасын сыйпалап, тегеренип кармап, эмне дээрин билбей, аксаңдай тегеренип, улам балдарга ырахматын айтып колун көкүрөгүнө коёт. Көзүнөн жашы тыйылбай агып.. бир мезгилде арабанын кармагычын кармап, бүктөлбөгөн бутун сунуп, чөк түшө эчкирип ыйлап алды.

 

Ооба, бул араба алуу анын арзуусу эмес беле. Өмүрүндө биринчи жолу бир буюмга ээ болуп атат.

 

-Марат ава, Марат ава, ыйлабаңыз. Эми көк жорго менен иштейсиз. Биз жардам беребиз

 

-Марат ава,!

 

-Марат байке!

 

Марат акырын турду да, көз жашын сүртө күлүп турду.

 

-Мм-ме-мен Аар-мм-ан…

 

а-а-ттым. А-рр-мм-ан

 

-Арман? Атыңды Арман деп өзгөртөлүбү?

 

-Марат кубана баш ийкеди.

 

-Неге Арман? Кубаныч деп атайлы.

 

Марат баш чайкады-

 

-Ар-мм-ан жааккччыы!

 

Арман жакшы дегени го.

 

-Макул ага Арман болсо Арман да. Балдар арабага жазгыла АРМАН деп. Клиенттер да билгидей болсун.

 

Арман, мына карасаң бул жерде сигналы бар. Бассаң баары сага жол берет-деп сигналды басып койду эле базарды жаңырта үн чыкты.

 

Арман кызыгып улам-улам аны басып көрөт.

 

Мына ушинтип Мараттын аты Арман атка конуп, жаңы жашоо, жаңы тирикчилиги башталды.

 

{Уландысы бар}

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️