АЛТЫН АЯК.

https://kyrgyzcha.site/?p=47605&preview=true Кызыктуу окуялар.

АЛТЫН АЯК.

-Айланайын кызым, балам менен байланыштырып койчу.

Улам келип, ден соолугун сурап, төшөк-жуурканын кымтылай жапкан медайым келинге,карыя суроолуу карады. Көздөрү жашылдана,муңайым тиктеп, дем алуусу оорлоп, сүйлөгөн сөздөрү да даана угулбай, үнү каргылданып калган.

-Ии ата, азыр, телефонумду алып келе калайын.

Медайым шыпылдай басып, сыртка чыгып кетти.

-Менде уулумдун номуру да жок эле…. Силерде болсо керек, ээ?

Карыя, чыгып кеткен медайымдын артынан кыйкырымыш этти. Оор дем ала күрсүнүп алды. “Кудурети күчтүү Кудай! Жанымды кыйнабай, алчу болсоң эртерээк алып кетчи,”- деди ичинен: “Мени сагынып, эстей турган деле эч ким жок. Өлсөм, ыйлаганга деле жан чыкпайт го! Сөөгүм айылыма жетээр бекен?!” Тиштери түшүп, кемшейип калган ээгин бүлкүлдөтүп, ый аралаш үшкүрүп алды.

-Ии ата, азыр, телефонумду алып келе калайын.

Медайым шыпылдай басып, сыртка чыгып кетти.

-Менде уулумдун номуру да жок эле…. Силерде болсо керек, ээ?

Карыя, чыгып кеткен медайымдын артынан кыйкырымыш этти. Оор дем ала күрсүнүп алды. “Кудурети күчтүү Кудай! Жанымды кыйнабай, алчу болсоң эртерээк алып кетчи,”- деди ичинен: “Мени сагынып, эстей турган деле эч ким жок. Өлсөм, ыйлаганга деле жан чыкпайт го! Сөөгүм айылыма жетээр бекен?!” Тиштери түшүп, кемшейип калган ээгин бүлкүлдөтүп, ый аралаш үшкүрүп алды.

-Ата, телефонду алып келдим, чала берейинби?

Медайымдын кирип келип, жанында турганын байкабаган карыя, нымдалышкан көзүн калчылдаган колдору менен аарчый, “мейли”-дегендей карады.

-Номурун билесиң да,ээ?-деди,күнөөлүү кишидей.

-Ооба,ата. Мына номерин терип койдум, гудок кетип жатат,- деп, телефонду карыянын кулагына жакындатты.

Телефонду үмүттүү тыңшаган карыя:

-Кызым, эч ким жооп бербейт го… Убара кылып койдум окшойт… Рахмат, айланайын… — деп, көкүрөгүндөгү ыйын жашыра, акырын гана кобурады.

-Анда, ананыраак дагы чалып көрөйүн. Мүмкүн өзү деле чалып калгысы бардыр. Телефонумдун номери түштү да,- деди, медайым.

-Мейли, кызым… Ал кургур дагы…

Сөзүнүн аягына чыкпай, дубал тиктеди. Эмне себеп менен, кандайча бул абышканын карылар үйүнө түшүп калганынан кабардар медайым, боор ооруй улуттунуп, сыртка чыгып кетти.

ХХХХХХХХХХХХХХ

Кемпиринин сөөгүн жаңы эле ээсине тапшырып, кайгынын чеңгелинен чыга албай турган кезинде, уулу атасына мындай сунуш менен кайрылган.

-Ата,- деген ал: — Бул үйдө жалгыз калмак белең?! Биз менен шаарга бар, чогуу-чаран жашай беребиз. Бул үйдү болсо, саталы. Эми бул айылда кала турган ким бар эле? Акчасын мен бир керекке жаратам…

-Эмнени дөөрүп турасың?- деген карыя: — Сен менен кошулуп батирлеп жүрөйүнбү?! Өз үйүң болсо да… А бул үйдү сатпайм-этпейм. Канча жылдап ушул үйдө жашадык. Апаң экөөбүздүн өмүрүбүз айылда эле өтпөдүбү. Өсөөрүм калган жок, өлөөрүм калды… Ушул жерде эле жашайм. Азыр болбосо, кийин карыганыңда айылга кайтаарсың?

-Эми ата, үйдү сатпасаң мейли. Бирок, жалгыз кантип оокат кыласың? Ана, кызың да кетет күйөөсүн ээрчип… Жакын жерде болсо бир жөн. Ата-бабаң тааныбаган жерде жүрөт, эптеп оокатын кылып… Же эмне, алар менен кеткиң барбы?!

-Эч кимиң менен кетпейм-этпейм, — деди корсулдап, сүрдүү сүйлөп: — Апаңдын тирүүсүндө кызыңды бизге бер десек, караманча көнбөй койдуң эле. Эми, ойлонуп көрөөрсүң… Мага анчалык эле жаның ооруп турса, неберемди калтырып кет. Экөөбүз сонун эле оокат кылабыз…

-Ата, кызык экенсиң! Шаардагы мектебин таштап, ушул караңгы айылыңарга келсинби?!

-Аай бала! Караңгы деп… Сен кайдан чыктың эле?! Ушул жерде төрөлүп-өсүп, ушул жерден билим алып… Туулган жерден айлангыр десе! Уу, атаңдын оозун урайындын баласы! Эми эле кыйын болуп кеттиңби? Же, эмне, шаарда жашасаң эле билимдүү, илимдүү болуп калдыңбы?! Ана, уулуң деле ушул жерде өсүп-чоңоюп, билим алып, чет өлкөңдө жүрөт го! Алыска жибербей эле кой дегенге көнбөй коюп… Чоң энесине да топурак салганга жарабай калды…

-Кандай, жарабай калды? Укпаса… Айтпасак, кантип билмек эле?!

-Укпаса деп… Кабар айттырбасаң билбейт да!

-Ал келгенде эле эмне, апам тириле калмак беле. Ишине тоскоол болмоюн дебедикпи…

-Ишине деп… Бул жерде эле иштесе болбойт беле?! Же ал жакта бирөө колуна акча салып берип жатыптырбы? ! Акчанын аркасынан томолонуп жүрсөңөр да жарыбай койдуңар! Жашың кыркка келсе да, бир чычкак улагың жок, атаңдын оозун урайын… Мен өлсөм, союш алганга жарыбай куурайсың го?!

-Э-эй, болдучу ата, каяктагынын баарын козгойсуң да турасың! Айылыңан кеткиң келбейби, кала бер! Өзүңө өзүң союш даярдай берээрсиң! Неберемди калтырат экен деп үмүт кылбай эле кой. Эч кандай калтырбайм. Же биз менен кетесиң… Же жалгыз сокуюп отура бер…

Ошону менен сөз бүткөн. Айласы жоктон уулун ээрчип шаарга келе берген. Ошондон кийин айылына бир да каттай алган жок. Чогуу жашагандан кийин билген уулунун кандай адам болгонун. Келининин ким экенин… “Суроо-сопкуту жок, айылдагы үйдү сатып жибериптир, куураган бала… Анын акчасын керекке жаратса да мейли эле…Ээгине ата сакалы өссө да, мээсине акыл кирген эмес экен да?! Кумар деген балекет, акыл-эсин, тулку боюн, жүрөгүнөн бери ээлеп алган турбайбы! ”

Карыя уулун ойлой сай-сөөгү сыздады. Кемпирин эстей: “Мени таштап кетип калбадыңбы. .. Ала кетсең эмне… Өмүр бою бирге болдук эле…Өлсөк да чогуу болобуз дечү элем… Түбү түшкөн дүнүйө ай!”- деп, буулуккан тамагын оңдой, кызыл өңгөчүн тарта оор дем алып койду.

Жашап өткөн өмүрүн көз алдына элестете, дубал тиктеген боюнча ойлуу жатты…

ХХХХХХХХХХХХХХХХ

-Колхозбек! Кайдасың? Жүрү талаага… Биз барганча эч нерсе калбай калат.

Курсагына кичине эле ысык тамак кирсе, бүт дүйнөнү унута, көңүлү көтөрүлүп ойноп кетет Колхозбек. Апасынын үнүн угаар замат тызылдап жүгүрүп келип, апасынын бутунан кучактай калды. -Апа, бүгүн дагы машак теребизби?- деди тултуңдай.

-Тербегендечи. .. Антпесек, ачка калбайбызбы. Бас, эркелей бербей. Сен эми, чоң жигит болбодуңбу.

Ичинен согушка наалат айта, жүрөгү ооруп турганын билгизбей, уулун эркелете сүйлөп, чачынан сылап койду.

-Апа, мен чоңойгондо сизди талаага жибербейм. Өзүм эле, машак көөп терип келем… Үйдө наныбыз көөп болот ээ? — деп, жолдо катар апасынын колунан коё бербей, божурап бара жатты: — Атам да келет… Апа, атам кандай?.. Мен аны тааныбайм да ээ?.. Мен аны ата дейм да ээ? Эркелеп,ата мээримин көрбөсө да, көөдөнү көксөп, балалык кыялында атасынын бар экенине сыймыктанат.

Атасын Колхозбек элестете албай калган. Жаңы эле там-туң басып, кызыгы чыгып турган маалда, согуш башталып, атасы биринчи чакырык менен согушка аттанган. Жапжаш, күлгүндөй жигиттер биринен сала бири жоого каршы аттанып, күн алыс айыл элдерине “кара кагаз” келип турган кез. “Баланча курман болуптур,”- деген сөз чагылгандай тез тарайт. Майданда жүргөндөрдөн кат-кабар күтүп, почточуну үмүттүү карашат. Майып болуп келгендерди бардыгы кубана тосуп алышат.

“Майып болсо да, багы бар экен, эл-жерине аман келди,”- дешет сүйүнүшүп. Андай үй-бүлөлөр аз гана санда…

Терген машактарын үйгө алып келишет да, тазалап, сапырып, кол тегирменге салышат. Кичинекей кол баштыкка салып илип коёт. Андан нан жасайт, апасы. Баштыктагы талкандан апасына көрсөтпөй, сугуна жечү Колхозбек. Тегерегин жал-жал карап, батыраак жутуп жиберүүгө ашыкчу. Апасы көрүп калса уруш угаарын билет. Кээде апасы ыйлайт. “Талкан жеп койсом эле ыйлай берет,”- деп ойлойт, Колхозбек. Апасынын талканга эмес, бул жашоого таарынып, согушка наалат айтып, күйөөсүн сагынып ыйлап турганын кайдан билет.

-Ыйлабаңызчы, апа. Экинчи талкан уурдабайм, — дейт апасынын бетинен сылай, күнөөлүү башын жерге салып…

ХХХХХХХХХХ

Күрс-күрс жөтөлүп, төркү бөлмөдө жаткан энесине чай жуткузуп, Жийде оозгу бөлмөгө жаңы эле чыккан.Көздөрү жайнап, беттери тамылжый кошуна келин кирип келди.

-Жийде, — деди шыбырай: — Сен уктуңбу?.. Гитлер жеңилиптир. .. Элдер бири-бирине сүйүнчүлөп жүрүшөт…Жийде уккан кулагына ишенбегендей, нес боло түштү. Тамга жөлөнгөн боюнча, үн-сөзсүз телмирип турду да, шалдырай жерге отура кетти. Эки бетин алаканы менен жаба калып, ыйлап жиберди.

-Эмне ыйлайсың? Кубанбайсыңбы? .. Кызык го…

Кошуна келин Жийдени колтуктан ала өйдө тургузду да:

-Буюрса, күйөөң келет… Сага “кара кагаз” келген жок да.- деди жооткото.

-Ооба… Ооба… Келет… Колхозбегим кайда жүрөт? Ананайыным. .. Ошонун бактысына атабыз келет. Сөзсүз келет. Мен апама айтайын. Ал да сүйүнүп калсын, бечара. Уулун күтүп жүрүп, байкуш, карып да кетти…

Экөөнүн сөздөрүнө түшүнө албай, жалдырап, улам бирин карап турган Колхозбек апасынын этегинен тарткылап: “Апа, ыйлабаңызчы, ” — дегенинде гана Жийде уулун байкап: “Секетим, атаң буюрса, жакында келип калат,”- деди чачынан эркелете сылап.

Атасы азыр эле күлүп-жайнап кирип келчүдөй кубанган Колхозбек, так секире сыртка жүгүрдү:

-Ура-а! Атам келет! Ура-а!

Ошол сүйүнүчтүү кабардан кийин канча күндөр, айлар, жылдар өтпөдү дейсиң! Жийде үмүтүн үзбөй күтө берди. “Баланча келиптир,”- дегенди угаар менен Колхозбегин ээрчитип алып, жүгүрүп жөнөйт. “Сапарды көрдүңбү?” Биринчи эле суроосу Сапар болот. “Жок… Көргөн жокмун,”-дейт кай бири. Кээси суроосун жоопсуз калтырышат.

Бул кандуу согушта жабыр тартпаган үй-бүлө деле калган жок. Атасыз өскөн жетимдер, күйөөсүз калган жесирлер, эмчеги сыздап, зар какшаган канчалаган энелер калды. Согуштан кийинки жылдары элдин жашоосу оор болду. Бир канча айылда бир гана мектеп боло турган. Колхозбек да өзү теңдүү балдар менен кошуна айылга барып окуду. Жаздын күнү ылайга батып, кыштын кыраан чилдесинде кар жиреп эмне деген азаптарды көрүп окуду. Бирок ошол кездеги адамдардын пейили азыркы жыргал жашоонун шорпосун таткандардан бир кыйла айырмаланып турчу. Келечекке болгон үмүт, бири-бирине бир туугандай мамиле, карыларды сыйлоо…

Колхозбек мектепте да жакшы окуп, үйдүн жалгыз эркеги катары көп түйшүктү мойнуна алды. Ал кездин идеологиясынын күчтүүлүгү!

! Жалпы эл келечекке болгон үмүтү менен жашады. “Эл үчүн, Ата-Мекен үчүн”- деген ураан ар бир инсандын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алган эле. “Биз келечекте Коммунизм курабыз!”- дегенге чын ниеттери менен ишенишчү. А, азырчы?!

ХХХХХХХХХХХХХХХХХ

Сексенинчи жылдардын аягында:”Коммунизм курабыз!”- деген ураандын чындыгына эл ишенбей калды. Көпчүлүк коммунисттер партбилеттерин ыргытып

, Коммунисттик идеология ичтен жеген диндин бир түрү деп чыгышты. Бир кезде карапайым элди дин менен башкарып келген болсо, ошол кез Коммунисттик идеология менен баш ийдирип турган. Колхозбек да, өмүр бою ишенип, туу тутуп келген нерселердин баары жөн гана утопия экенине көзү жеткенде, упчусун тарттырып жиберген жаш баладай томсоро түштү. Совет мезгили ыдырап, эл алапайын таппай карайлап калды.

Канча жылдап Москванын буйругу менен жашап келген он беш республиканын арасында Кыргызстан да бар эмес беле… Ансыз кандай болоор экен дегендей, жаңы гана өз алдынчалыкка жеткен жаш мамлекеттин келечегине ишенип-ишенбей, карапайым калк мүңкүрөй түштү. Бир заматта колхоз-совхоздор жоюлуп, завод-фабрикалар жабыла баштады. Элдин көбү жумушсуз калышты. Базар экономикасы күч алды… Эптеп жан багыштын айласы менен көпчүлүк шаарга агыла баштаган кез.

Совет кездеги көзгө көрүнбөгөн, болсо да жаап-жашырылып, “биз — совет эли, капиталист эмеспиз”-деп көмүскөдө болгон,байлык, мансап талашуу ачыкка чыкты. Көпчүлүк эл мал-жанын сатып, кедейленип бара жатса, базар экономикасын туура түшүнгөн кээ бири мал көбөйтүп, жеке чарбачылыкка өтүштү. Мамлекеттик мүлк деген түшүнүк жоголуп, жеке менчикке, башкача айтканда колдорунда барлардын, же көзү жеттиктердин карамагына өтүп кетти. Бай, кедей деген ачык эле билине баштады. Бир кезде жашыруун, элге жок нерселер катары көрүнгөн сойкулук, паракорлук, көчө таптамай, алып-жутмай деген терс көрүнүштөр жаандан кийинки козу карындай жайнап чыкты. Демократия десе эле, ажылдап сүйлөгөндөрдүн заманы болуп, чыгармачыл чөйрөдө да цензуранын күнү бүтүп, кыскача айтканда өз билемчелик катуу күчкө кирди…

Колхозбек калың катмардын ортосу болду. Бай болуп кетпесе да, мал-жанын сактап кала алды. Жер иштетип, мал багып, үй-бүлөөсүн жер караткан жок. Колхозбек жалгыз уулун бөтөнчө эркелетип өстүрдү. “Мен атасыз өсүп, кандай гана кыйынчылыктарды башыман өткөрбөдүм. Эми уулум эч нерседен кем болбосо экен,”- деп жатса-турса уулунун келечегин ойлоор эле.Билинбей жылдар учуп, уулу эрезеге жеткен кезде гана туура эмес тарбия бергенин, эми кеч болуп калганын түшүндү да: “Аттиң!”- деп ээрдин тиштеп отуруп калды. Колунан эч нерсе келбесе да, корсулдап катуу сүйлөп, көкүрөк көтөрүп мактанган уулу Колхозбектин сөзүн сөз дебей калган… Уулунун мерез мүнөзү кемпиринин көзү барында көп билинбеген. .. Баарын шаарга алар менен чогуу келгенден кийин билди…

Өмүр бою айылда жашаган Колхозбекке шаарда оор болду. Кылаарга иш таппай кайсалап, кайда басып, кандай кылыштын амалын билбей,күндөр кылымдардай созулду. Айылда жүргөндөгүдөй, таң кылайып атканда көзү умачтай ачылат да, дубал тиктеп жата берет. Кемпирин бөтөнчө сагынчу болду… Таң атпай уйларын сааган кеусу

-Абышка,-деп эркелете кайрылчу:

-Тур, уйлар бададан кеч калат. Койлордун да жаактары талымай болду, маарай беришип… Күн ушундай башталаар эле. Өмүр бою бири-биринин көңүлдөрүн калтырбай, сыйлашып өтүштү. Андан калса кемпири бөтөнчө адам эле го… Карыганча Колхозбекке өйдө караган эмес. Колунан көөрү төгүлгөн уз да эле… Колхозбек өмүрүнүндө бир гана нерсеге ичи ачышчу. Жашынан көп балалуу болом деген кыялы орундалбай калды. “Кудай берген ушул эки балам аман болсун,”-деп өзүн жооткотуп коёр эле. “Бак артса ушул эки баламдан сый көрөм,”-деген ою да жомоктогудай болуп кала берди…

-Ай, балам, карандай чайыңа ашказан карыгып кете турган болду… Эт-май алсаңар болбойбу?! Этсиз кантип тамак жейсиңер билбейм…

Колхозбек айылдан келээринде ала келген бир койдун эти түгөнгөнүнө он күндөн ашты. Эптеп-септеп сууга бышкан, тамак аттуларды жей берип көөнү калган.

-Кайдагы эт?! Бул жер айыл эмес… Каалаган күнү кой союп, этти тойгончо жегендей… Баары сатык…

-Сатык экенин сен айтпасаң да билем. Чычкак улагың жок экененин көрүп туруп, эмнеңди сой дейин?! Сатып келбейсиңби. ..

-Э-эй, ата! Этке эмес… Батирге төлөгөнгө акча таппай отурам. Пенсияңды качан аласың?

-Пенсиямды?. . Менин пенсиямды аңдый баштадыңбы? .. Жок, пенсиям! Шаарга биз менен барсаң жыргатам деп кыйратып жатпадың беле, атаңдын оозун урайындын баласы десе! Кана, карандай чайдан башка…

-Ишимен акчамды төлөбөй кармап жатса,өзүмдү сатайынбы?! Пенсияңды берип тур, берем да кайра эле…

-Сенин иштеп жүргөнүңө деле ишенбей калдым. Кечке уктайт экенсиң… Ырыскыңдан кур калып… Кечинде кетет экенсиң. Түнүндө, деги, эмне иш кыласың?!

-Ошондой жумуш… Жаш баладай такый бербей… Бересиңби, пенсияңды?

-Жок! Менин пенсиямды сурагандан уялбайсыңбы? ! Апаң, эмнеге эле, ай өткөрбөй шаарга жөнөп калчу десем?.. Сенин курсагыңды ойлоп жүгүрчү турбайбы, кургур… Карыганча бактым, жетет… Мени бага албасаң, айылга жеткирип кой! Ушинтип көрүнгөндүн көзүн карап батирлеп жүргүчөктү. .. Сен деле айылга барып, оокат кыл! Уулуң эрезеге жетип турат… Чет жагыңан келип, үйлөнөм деп калса, эмне кылаар экенсиң?!

-Э-эк! Ушу сенин акыл үйрөткөнүң өтүп кетет! Уулумдун маселесин өзүм чечип алам…

Эшикти тарс жаап чыгып кеткен уулун карап, Колхозбек оор күрсүнүп алды…

ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ

Колхозбек кир болуп өңдөн кеткен көйнөгүн чечип, алмаштыраарга кийим таппай карайлап калды. “Келгени келиндин кир жууп жүргөнүн деле көзүм чалган жок. Мурунку чечкен кийимимди кайда койду экен?” Эскилиги жетип, араң турган кийим койчу текчени бир сыйра аңтарып чыкты. Өзүнүнө тийешелүү эч нерсе колуна илинбей, шаабайы сууй түштү

. “Келин келгенде сурайын… Жуунбай, биттеп кете турган болдум го… Буларың кайда жуунушат болду экен? Жуунгандарын деле көрбөй койдум. Бири таңында кетсе, бири кечинде кетип… Деги ушулар, бир үй-бүлөдөй эмес…” Өзүнчө кобурап, шыпшынып койду.

Чечкен көйнөгүн кайра кийип, сыртка чыкты. Короонун сыртына чыгып, ары-бери өткөндөрдү узата карап, ойлуу отурду. “Шаар деген эле аты болбосо… Акыр-чикирге толуп, курт-кумурсканын эле ордосу окшойт…” Тегерегиндеги жер жайнап чачылган калдыктарды карап желкесин кашып койду. “Ушуну да тазалап койгонго жарашпайт, атасынын оозун урайындар десе… Эптеп эле курсак тойсо болду деп калышканбы, бул шаарыңдын эли.” Короого кирип, эзели иштетилбегендей куурап турган огородду айлана басты. Короонун четинде өсүп турган бадалды карап: “Шыпыргыга жарачудай экен,”-деп кобурап, андан тутамдап сындырды да шашпай отуруп шыпыргы жасады. Короонун ичин мизилдетип тазалап койду да, сыртка жөнөдү.. Көчөдө чачылып жаткан акыр-чикирди да тазалап шыпыра баштады. Өткөн-кеткендер бейтааныш абышканын көчө тазалап жүргөнүн, күнүмдүк болуп жүргөн нерседей кабыл алышканы, Колхозбекке жакпай турду. “Буларың… Учурашканга деле жарашпай окшойт… Айылым болсо… “Иш илгери болсун, ата,”-дешип, көргөн жаштар колуман талаша жардам беришмек. Шаарың аман болсун… Бири-бирине баары чоочун…” Бир аз жерди тазалап койгон маалда келини келип калды.

-Ата! Сиз эмне кылып жүрөсүз? Бул көчөгө жер шыпыргыч болуп алдыңызбы? Көргөндөр эмне дейт?!

-Эмне дешмек эле… Бир абышка көчө тазалап жүрөт дешет да…

Колхозбек келининин жанына келип калганын байкабаганына кабатыр боло түштү.

-Бизди уят кылып жатпайсызбы!

-Кимге? Тааныбаган бирөөлөрдүн мени менен иштери канча?

-Тааныбаган. .. Кошуналардын баары эле таанышат да… Үйдө эле отура бербейсизби!

-Отурбайм-этпейм. .. Өзүңөр жашаган тегеректи тазалай албагандан кийин… Кандай жансыңар? Тамагыңардан эптеп ысык суу кирсе ыраазы болуп калган окшойсуңар. ..

-Уулуңуздун жиниме тийгени аз келгенсип… Сиз калдыңыз эле… Эмне кылсаңыз өзүңүз билиңиз… Бирок бул жерде эмес…

Келини зиркилдей, Колхозбектин шагын сындыра сүйлөп, үйгө кирип кетти.

Колхозбек ээгин бүлкүлдөтүп, жаш баладай көзүнө жаш алды. “Ушинтип, карыганда балдарыман кагуу жеп каламбы?.. Түбү түшкөн дүнүйө ай! Жөн отурбай, бир керектерине жарайын десем да… Куураган гана кемпирим ай, менден биринчи кетип… Мени азапка салып койбодуңбу. ..” “Кудайга жакпасаң, кемпириңдин артында каласың,”- деген бир кездеги теңтушунун сөзү эсине түшүп: “Сага кай жеримен жаздым экен?!”- деп Кудайга нааразы боло күбүрөндү.Сыртта күнөстөп көпкө чейин отуруп, Колхозбектин курсагы курулдап, ачка болуп чыкты. Бала кездеги,апасынан катып, талканды сугуна жеген мезгилин эстеп, жылмайып алды. Айылдын сыдырым соккон желине, шаркырап аккан, туптунук суусуна болгон сагынычы артып, алыста көрүнгөн тоону кусалуу карады. Кеч киргени мал тосууга барып, өзүндөй болгон карылар менен маектешип отурган мезгилдин кайрадан келбесине ичи ачышып, оор күрсүнүп алды.

Келинин качан тамакка чакырат деп, үмүттүү үй жакты карады. Уулу бүгүн кечке үйдөн чыкпай, жууркан оронуп, уктаган-уктабаганы белгисиз жатат. Анын мындай жоругуна Колхозбек карыя да кайдыгер карап, эмне болгонун сурабай түнөрдү. “Чакырганын күтө берсем, ооз карыга турган болду… Атаңдын көрү дүнүйө, карыганда бирөөнүн көзүн каратып койгону азап турбайбы?! ” Колхозбек карыя үйгө бет алды. Сырткы бөлмөнү ачаар менен келининин чаңкылдаган үнү угулду.

-Сени бакканым аз келгенсип, атаң калды эле?! Кетир айылына…

Уулу күңкүлдөп араң жооп айтты:

-Кайдагы айыл?.. Үйдү саттырттып коюп, билбеген кишидей сүйлөйсүң да…

Колхозбек карыя бул сөздү укканда, жүрөгү жарылчудай түрсүлдөп, денеси калчылдап, тердеп чыкты. Башы зыңылдап,көздөрү караңгылап, буттары шилтөөгө жарабай, дубалга араң жөлөндү…

ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ

Колхозбек карыя керебетке таянып, калчылдап жатып, араң, ордунан турду. Терезеден сыртты ойлуу тиктеп турду да, оор күрсүнүп алды. Бул жерде канча күндөн бери жатат белгисиз. Сыртта өзүнө курбалаш карылар ары-бери басышып, кээ бирлери кобурашып сүйлөшүп скамейкаларда отурушат. Ооруканадан түз эле, уулу ушул жерге алып келип баса берген. Анда-санда кабатырланымыш этип, келгени болбосо, чоочун адамдай мамиле кылды.Келгенде да карыянын жарыбаган пенсиясын сурайт. Кээде Колхозбек карыя уулу экенине ишене албай кетчү болду. “Атаң көрү, дүнүйө! Өз каныман жаралган бир ит экен го… Ушундай тагдырга туш келем деп, миң уктасам түшүмө кирди беле?!. Бир кезде жамандыктын баары менден айланып каччудай ойлочу эмес белем…

… Өлүп калуудан да, тирүүлөй эч кимге керегиң жок болуп, башка жанга эле эмес, өз балаңа да батпай калат деген тозоктон өткөн нерсе жок сыяктуу… Дегеле, ата-энени балдары керексиз буюмдай таштап коёт деген, эмне деген шумдук! Ушундайларды, өкмөт дегениң бир жазалап койсо, коркуп калышаар беле дейм… А-а! Жашоо! Сыртынан коркумуш этип… Жүрөгүнөн жек көрүп… Колунан келээр болсо, өлтүрүп коюштан деле тартынбагандар бар экен да… Өз кан-жүрөгүнөн бузулуп турганды, өкмөтүң деле, тазалап коёруна көзү жетпей турса керек да!.. Жалган дүйнө десең!.. Мага окшогон шордуулар көп экен го… Башыңа түшкөнчө, билбейт экенбиз да… Биз жашаган дүйнөдөн башка да, өзүнчө бир дүйнө бар экенин… Карыганда тагдырдын ушундай жазмышын душманыма да каалабас элем…” Уулунун үйдү суроо-сопкуту жок сатып жибергенине ичи бир ачышса, андан түшкөн акчанын дайыны жок, кумарга алдырып жибергенине эки күйчү болду. “Бул барбаса да, неберем барып жашаар деген үмүтүмдүн таш-талканы чыкты го… “Ичтен чыккан ийри жылан…” Кандай болбосун, эмне гана кылбасын, балам экен да… Сагынып, куса болуп турганымды карабайсыңбы. ..” Ар ойду ойлоп, уулуна туура эмес тарбия бергенине кабыргасы кайышып турду.

. “Дөлдүр күйөөгө-сөлдүр катын… Келинчеги да бир байкуш экен да… Менин оокатыма тирүүмдө көз артышканын карабайсыңбы. Баштары иштесе, небереме калтырышат эле го. Ал да… Неге чет жакта иштеп жүрөт десе? Ата-энесинин сырын жакшы билсе керек да… Жок дегенде ошонум акыл-эстүү чыкса экен…” Бактардын саргайып турган жалбырактарын карап: “ Күз да өтүп баратат… Эрте жазда келдим эле… Өз баламдын үйүнө бир ай да батбапмын… Бул жерде жашаганыма. ..” Айларынды санап: “Аа, жашоо!.. Ушундай экенсиң го…”-деп кобурап койду. “Жаш кезде карыбачудай болот экенбиз да… Кемпиримдин кадырын билбей… Байкушум… Канча кылганыңды жактырбай кагынып койгонумду кантейин… А-а! Куураган гана жашоо ай! Кайра баштан жаралсаң не?!” Улам бир ойду ойлоп, кемшеңдеп, көзүнө жаш алды. Калчылдап жатып, керебетке араң көчүк басты.

ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ

Таң куланөөк атып, жерге жаңы гана жарык түшө баштаган кез. Көнгөн адатынча, Колхозбек карыянын көзү умачтай ачылды. Денеси оорлошуп, жаны жер тартса да, таң кандай атты, ойгонуп алмайы бар.. Түнү деле жарытылып уктабай калганына көп болду. Караган кишиге көөшүлүп таттуу уйкуда жаткандай көрүнгөнү менен, жан-дүйнөсү уйкудан безип, мээсине ар кандай ойлор уюп алгандай тынчтык бербейт. Өз ою менен өзү алпурушуп, кыйналгандан башка пайдасы жок. “Карыганда, башыма жазган тагдырдан кайда качып кутулам дейсиң?.. Мага окшогондор көп экен го бул жерде. Жазмыштарына баш ийип калышкан көрүнөт… Бири-бирин өмүр бою тааныган курбулардай сырдашып, бул жерди өз үйлөрүндөй көрүп калышкан турбайбы, жарыктыктар. ..” Колхозбек карыя гана тагдырына баш ийгиси келбегендей. .. Ким билет? Көптүн арасында да Колхозбек карыядай ичтен сызып жүргөндөрү канча дейсиң? Ар адамдын жан-дүйнөсү ичте эмеспи… Бири-бирине билгизбей, армандарын ичте катып, жан адамга айтпай, жашыруун жол карап, төрүнөн көрү жакын калган аз өмүрлөрүндө балдарынын төрүндө ысык чай ичип отуурууну Кудайдан күнү-түнү тилебеген кары жок болсо керек бул жерде… “Карысы бардын ырысы бар”- деген, эзелтеден эл оозунда айтылып келе жаткан улуу сөздүн чындыгы, таптакыр эле жүйөөлүү эместей бул жерде… Төрөлгөнү ырыскысыз өмүр сүрүп келишкендей, бул жерде… Алар да бир кезде жаш болушканы төгүн эместир… Карылыкты ушундайынан бер деп тилеп алышпагандыр да…. Өмүрүндө бала жытына зар болуп, карыганда багаар-көрөөрү жогунан айласыз ушул жерге келип калгандардан да, өз балдарына батпай куугунтукталып калгандардын саны арбыныраактай. ..

“Күткөндөрү жоктордон да,мендей болуп уул-кызын зарыга күтүп, үмүттөнүп жүргөндөргө оорураакпы дейм…” Колхозбек карыянын үшкүрүгү басылбачудай. “Ушул жерде өлүп калсам… Арманда гана кетем го, чиркин! Кандай да болбосун балдарым экен да! Бир көрүп, керээзимди айтып… Кыз деген ата-энеге боорукер болот дешчү эле? Кызым укпай жүргөн чыгаар… Укса кантип бир басып келбесин… Неберелеримдин саамайларынан жыттап, эркелетип отураар мезгилимде. .. А-а! Кайран гана өмүрүм! Балдарга жакшы тарбия бере албагандан кийин… Кайсы гана арманымды айтайын… Өмүрүм текке гана кетиптир да!”

Колхозбек карыя ойлонуп ойдон чыга албай турган кезде, эшик акырын ачылды да, медайымдын мээримдүү жүзү көрүндү.

-Ата,- деди акырын: — Сизге бир жигит келиптир… Мурда көрбөгөм… Небересимин дейт… Киргизе берейинби?.Колхозбектин мууну калчылдап, көзүнө жаш тегерене түштү:

-Каралдым, эмне дейсиң?..

Медайымдын айтып турганына ишене албай, ордунан тура жүткүндү.

-Ата! Абайлаңыз! Жаңы эле жакшы болдуңуз го! Отура бериңизчи!

Колхозбек карыяны колтуктан ала, сүйөп керебетке оңдоп отургузду.

-Азыр киргизем… Өзүңүздү этияттаңыз!

Шыпылдай басып сыртка чыгып кетти.

“Мунун баары түшүм болбосун…” Өз оюнан өзү чоочуп кетти. “Каралдым,карааныңдан кагылайын берекем… Менин бул жерде экенимди угаар менен жөнөдүң бекен? Же… Эптеп бир учурашып коёюн деп, араң гана келдиң бекен?” Медайым чыгып кеткенден кийин убакыт токтоп калгандай..

… Небереси кирбей кетип калчудай, коркуп турду. Эшик тарапты жал-жал карап, жаш баладай мурдун “шуу” тартып, жеңинин учу менен куюлуп турган көз-жашын аарчып жатты…

ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ

Жайдын толуп турган убагы. Колхозбек карыя жан-жагын карап коюп, бир жаккадыр шашып баратат. “Басыгым курусун… Канчалык аракет кылбайын, жаш кездегидей шайдоот боло албайт турбайсыңбы! .. Ушуга да шүгүр!” Кичине дем алып турду да, кайрадан жолун улады. “Балекетиңди алайын, каралдым, менин кетип бара жатканымды көрүп калса, дагы урушумуш этет… Курдаштар менен кичине болсо да маектешип отурсам, көңүлүм көтөрүлүп калаарын билбейт да…” Алыстан, өзүнө тааныш дөңсөөдө кобурашып отурушкан абышкаларды көрүп жылмайып койду. “Карыганда, небереңдин колунан чай ичип, анда-санда ушинтип, мал тосууга шылтоолоп,курдаштар менен жолугуп турууга эмне жетсин… Небере баладан да ысык тура…Сенин барың, мен үчүн бакыт экен го! Сен болбосоң, баягы жерде, какчыйып жатып, көзүм өтүп кетет беле, ким билет?..”

Небересине жалынып-жалбарып, өзүнчө тагдырына ыраазы боло кубанып турду. Дөңсөөгө жакындай берип, абышкаларга кол булгалады. Колхозбек карыяны көргөндөр, күлө тосуп алышты.

-Дегеле, кол булгалап… Күндөн-күнгө жашарып баратасың го… Жигиттерден ашып кетчүдөй… Басыгың эле бир шумдук!

Арасынан бирөөсү тамашалай сүйлөп, карс-карс күлүп калды.

-Жашарбаганда. .. Неберемен өтүп, келиним, көзүмдүн агы менен айланып турса, секеттерим. .. Мен жашарбаганда, ким?.. Ушул үйүмдөн кол жууп калып, кайгынын кучагынан канткенде кутулам деп зарлап турганымда, каралдым, баарын кайрып берди го! Эми ушуларыма нысап берсин. “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерлейт” болуп, баламдын кылыгын калың журт билип калбадыбы… Уулдун үч түрү болот дечү беле? Ошо жарыбаган уулумдан неберем өтүп, адам экенин далилдеп койбодубу… Ушуга да шүгүр!

-Ооба десең!.. Дагы да болсо, үйүңдү сатып алгандардын жүрөктөрү бар экен го! Акчасын бергениңерде, макул болушуп, чыгып кетишкенине тобо дедик да!! Кара мүртөз бирөө болгондо, эки эселесеңер да көнбөй коёт беле?

-Ооба, ооба… Анын да чындыгы бар… Айланайындар, алар мага өз балам кылбаган ишти жасагандарын кантип унутайын… Кудайдан аларга өмүр сурап отурбаймынбы. ..

Колхозбек карыя курдаштары менен узак сөзгө кирип, чечиле сырдашып отурганына кубанып турду. Туулган жеринин топурагы буйруп, кайрадан айылына келгенине Кудайга миң мертебе рахматын айтып, небересине ыраазы болуп, өмүр тилеп турган убагы…

аягы.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️