АКТАЛБАГАН ҮМҮТ 

https://kyrgyzcha.site/?p=47833&preview=true Кызыктуу окуялар.

АКТАЛБАГАН ҮМҮТ

 

Жайдын аптабында кан жолдогу унаалардын тыгыны баарынын чыдамын түгөтө баштаганда,өзү менен өзү болуп бараткан кемпирдин ордунан шарт тура калып,эшикти көздөй жөнөгөнү көңүлдү өзүнө бурдуртуп, унаа ичиндегилерди таң калтырды.Анын кыймылынан сырттан бирөөнү көрүп калгандагы ишаарат байкалып турду. Жанында отурган орто жаштагы аял гана эмнеге тура калганын байкады өңдөнөт, ордуна отургузуу менен алек болуп жатты.

—Ой,апа,көзүңүз мынча көрөгөч ,үйдө чалыштап кетсеңиз,көзү жакшы көрбөй калды да дечү элем.Шуулдап бараткан балаңызды дароо көрө койгонуңузду карасаңыз,мага жөн эле эркелейт экенсиз да,а көрсө,сонун эле көрөт турбайсызбы,

отуруңуз эми,түшкөн менен деле таппай калабыз,үйгө баратабыз го,кеч барат эми, ошондо көрөсүз.

—Аа ,баласын көрүп калыптырбы?- артта бараткан жүргүнчү кызыгып сурап койду.

—Ооба,уктап эле бараткан болчу,кандай көрө калды,өзүм да таң калдым,эне да, жүрөгү сезип,уйкудан ойгонуп кеткенин карасаңыз…

Унаа жылып кеткен менен ,эне курган баягы уулу бир көрүнүп,көптүн ичине кирип кеткен тарапты тиктеп ,көзүн албай баратып,айнекти улам сүргүлөй берди.

Сумкасынан термоско куюп алган суусунан куюп,дарысын апасынын оозуна салып,ичирип жиберип,башын ийинине жөлөп,сылап койду.

—Апа,кыжалат болбоңуз,азыр артыбыздан барып калат,көчөдө жатып алмак беле?

Кемпир кызына жөлөгөн абалда

уйкуга кетти..

—Баласы башка жакта жашайт беле,ага жолукканы баратабы ?- деп жанындагы бирөө сурай кетти.

—Ии,аны айтсам,узун сөз…Апамды эки жылдан бери өзүм карайм,бир айда бир үйүнө алып келип, кайра алып кетем.Айла жоктун иши,биз деле апамды жайлуу ордунан козгоюн дебедик, кароосуз калганда ,алып кетүүгө мажбур болдум.

Үйдө жолдошум да каршы болбогон үчүн,

мени түшүнгөн үчүн жоопкерчиликти мен алдым.Ошо,жол алыс дебей,үйгө алып келем,кадимкидей сүйүнүп калат,апам

сүйүнсө, биз кошо кубанып алабыз.

—Азыркы жолдон көрүп калган баласы

алыс жашайбы?

— Бир эле эркек баласы бар,ошол үйдө турат,эми …бир башын багып жүрөт да…

Көзү жашка толуп кеткенин көрүп,эч ким батынып сурай албады.Ар кимдин өз арманы бар дегендей кыязда аяп карап ,

жөн болушту.Буулукканы жазылды окшойт,жашын аарчып,чечилип сүйлөй баштады….

…Бала кезде апамды кыздар карап,бир көзгө басаар уулу тентип,ичип кетет деп ким ойлоптур.Беш кызды катар төрөгөн апабыз ушул эркек бала төрөлгөндө какшык сөздөн,куру жемеден кутулуп,көз жашы тыйылган болчу.Үйгө кут киргендей боло түшкөн,атам баарыбызга жакшы сүйлөп , кабагы ачылып, достору менен сүйүнүчүн бөлүшүп, үйдө бир айдай той болгон эле. Ошондо бир туруп ичим ачышып кетчү,беш кыз биригип,атама бир да кубаныч тартуулай албадык,минтип бир эркек балача жок экенбиз деп калчу элем.

Апам да: «Эми санаам тынч,силер үйгө

келсеңер,үйдү ачып,силерди тосуп алчу, ордубузду баса турган,атыбызды өчүрбөй турган уулум бар,өмүрүн берсе болгону » деп калчу.

Атам экөө сүйгүнчүк инибизди өтө этият кылып,эмне кааласа баарын убагында орундатып,көңүлүн эч оорутпай,оор жумуш жасатпай ,эркелетип гана чоңойтушту.Аман жүрсө эле болду дешип.

Кээде ,бала экенбиз да,атаандашып калчу элек,талаа иштерине алып баралы десек,

» убагы келгенде өзү баарын аткарып алат, азыр силер барсыңар,атаандашпай, жөн жүргүлө» деп,атам бизди урушуп койсо,ал

тилин чыгарып,бизди мыскылдап коюп, үйгө кирип,чалкалап жатып алып гана

телевизор көрчү.Кошуналарыбыздын

эркек балдары өздөрү эле чөп ташып жатышса,алардай боло албай,тымызын

суктанчубуз, » жок дегенде ,үйгө келген

чөптү киргизип койсунчу, бийик болуп,жыя

албай жатабыз,тиги Какен деле ушул иним менен тең го,баарын өзү жасап жатат» деп арызданып жүргөн күнүбүз көп эле болду.

— Какен деген жалгыз эмес,анын үч иниси бар, андайларга баламды теңеп албагыла ,

ал иштей берсин ,баламды кыйнап койгуңар барбы ?- деп,апам да бизди урушуп калат.Чын эле, инимдин жашоосу жыргал болчу,кийем, ичем дегени бүт даяр болчу,эмне керек болсо,акчабыз жок дебей,тоок-өрдөк сатып,мал сатып ,бээ сатып,базарга жөнөшөт.А биз андай укуктан пайдалана албайбыз,» Муну кийип тура турчу,эптеп турганга болот экен, бир

аз чыдап тур,күзүндө алма бышса эле,

алма сатканда алып берем» деген сөздү укчубуз. Иним мектепти да эптеп эле бүттү окшойт,атамдын кадыры менен.Ошол бүтөөр жылы атам кокусунан эле бул ааламдан өтүп кетти,окуу жайдан окутам деген максаты бар болчу.Жан кыйнабай көнгөн Мурат ( иним) жигит болгондо да ошол бойдон эле калды.Үйлөп койсом оңолоор деген үмүт менен өзү жактырган кызга үйлөдү, анын үстүнө ,төрт кыз өз тууруна конуп,эң кичине сиңдим да чет жерден келбей иштеп калды.

Кээде таң калам ,жыйырма жыл бою калыптанып калган жаман адатты бир

аял келип эле оңдоп коет деген ой жашап жатканына…Апам деле кийинки күндөрү өз баласынын кылыктарына түтө албай калды.Аялын кызганып,төпөштөй берген үчүн келинин аяган апам бир күнү » сени кызымдай эле көрчүмүн ,айла жок,балам сени бир күн өлтүрүп койбосун, кетип эле калчы» дептир.Ушуну эле күтүп турган го,келинибиз дароо кетип калат.Мурат апамды жөнөтөт, «Алтынайды алып келиңиз» деп,апам барбай туруп эле «барып келдим, апасы такыр көнбөдү, келинимди бул жакка жөнөтө тургандай

эмес ,төрөсө алып келем го, сени ичкенди токтотсун,анан барам деди» деп коет.Иним өзү барыптыр, тиги көңүлү калган неме келбей койгон го,ичип алып,

кайра барып,чаң-тополоң салса,тигинин апасы да ойлонбой эле айтып салыптыр:

«Ии,ушундайыңдан апаң жадаган тура,

туура кылыптыр,келинин тирүүңдө кетип кал деген экен,мен апаңа ыраазы болдум» деп койгон экен,ошол жинденген абалы менен келип,апамды тээп таштаган тура…аны биз билбей жүрө бериптирбиз.

Токмогун жеп,эч кимге айтпай жүргөн апамды кокусунан барып көрүп калып жатпаймынбы, айтам да,турмушка өтө тың,чыйрак болчу,неге эле мүңкүрөп,анан, түшүнүксүз сөздөрдү сүйлөп калды деп таң калып да жүргөм.Тамагын даярдап,

кийимин жууп жүрө бериптир,элден уялып,

токмогуна чыдап…Күндө барып карай албайм, алып кетейин десем ,өзү көнбөйт,

бир күнү барсам,төшөктө жатат.Чай куюп ичкенге да чамасы жок,үй ичи чачылган ,

инимдин келишин күттүм.Мас болуп келди.

—Ээ ,желмогуз, тамак жокпу, же өлүп калдыңбы,- деп,бош казанды көрүп, ыргытып,үйгө кирип келди, Мен уккан кулагыма ишене албай,нес басып,туруп

калдым.

—Сени төбөсүнө коюп чоңойтту эле,айтаар

сөзүң ушулбу?Орун басарым деп,атам экөө чаң жугузбай бөпөлөштү эле,кайтара

турган жообуң ушул экен да…Сенин ичкен арагыңа киришпедим эле,баары бир бизди укпайт деп, апамды тилдеп жатканыңа чыдай албайм,акмак экенсиң,адам болоор

деген үмүт бар эле,эми үмүт да кылбайм,

апаңды «желмогуз» деп отурсаң…

—Дагы келдиңби,баш оорутуп, өзүңөрдүн арабаңарды тарта бергиле,мага акыл айтпай,тез чыгып кет үйдөн,силер чийден сырткарысыңар,менден алыс болгула,- деп,өзү жөлөнүп турган эшикти сындыра

тээп жибергенде ,коркуп да,таң калып да турдум.Оозума сөз келбей калды,бирок,

акылым иштеп кетти,» апамды алып кетем» деген чечимди кабыл алдым. Кийимин салып,такси жөнөчү жерге үй жакын болчу,апамды жетелеп эптеп жеттим,дароо өз үйүмө жөнөдүм,кыздарга айтсамбы же жөн койсомбу,үйдө жолдошум кандай кабыл алат?» деген ой

басып баратсам,апам төгүлүп ыйлап алыптыр.Өзүмө келе түштүм.

—Эмне капасыз, апам ооой,кудайга шүгүр десеңиз,кыздарыңыз бар,карап алабыз.

Ооруп да жатасыз го,дарылатайын.

Чыйрак элеңиз го,мынча таштадыңыз өзүңүздү,сизди карай албасак, не жүрөбүз жашап,кайгырбаңыз,апооов- деп,көңүлүн көтөрөйүн деп жатканым менен ичим уйгу -туйгу…»Желмогуз » деген сөз кулагыма угулуп туруп алды,көзүмө жаш тегерене түшөт,пны көрсөтпөгөнгө аракет кылып,

сыртты караган адам болом…

Үйгө жетип,апамды жайгаштырып,өз бөлмөмө кирип алып, бугум чыкканча ыйладым.Балам,кызым ,жолдошум мени аяп ,жакшы сөз айтканына,сооротконуна шүгүр келтирип,өзүмө келип ,апамды жуунтуп ,оңдоп-түзөп алып,таң атса эле,

ооруканага алып барып,текшертип

коелу дегенбиз…анан эле ,шок абалга түштүм.Апамдын денеси көк-ала,сурасам

алгач жыгылдым деп койду,ынана албай турсам,ыйлап жиберди.

— Өз баламдан токмок жедим десем,элге уят,»Сен менин жашоомду буздуң «- деп,

мас болуп келгенде тээп салчу эле, башымдын ооруганы да ошондон,сага эле айттым,арызданып алып ,ар кимге күлкү болбоюн деп жүргөнмүн,— десе,ыйлап жибердим.

— Сага не болду,көзүң кызарып калыптыр,

бир жаманга ошончо кайгырасыңбы,өзүң

да жок болуп кетпе, иниңе илине берип,-

деп ,балдарымдын атасы ыйлаганымды башкага жооруп…

Мен да айтпадым, намыстанып турдум, апам токмок жептир дегенден…

Кечинде Россияда жүргөн сиңдим чалат,»апамды алып келдиңизби?» деп…

—Ооба, кимден уктуң, эч кимге айта элек элем…

—Апама акча салган элем,ошону алып,кийим алып берип кой деп,Муратка чалсам ,ошол айтты.Жакшы кылыптыр,

ошентип ,кыздарына да барып,конок болуп келсин десем,ал эмне дейт дебейсизби?

—Ии,эмне дейт?

—Эжем апамдын пенсиясына кызыгып эле алып кетип калды,апам каршы болсо да деп жатпайбы,акылың жок экенсиң дедим…Баса, акча апамдын атына салынган, ошону алып алыңыз…(мен сөз айта албай ыйлап жаттым)

Айии, ошонун дөөрүгөн ,мааниси жок

сөзүнө да ошончо ыйлайсызбы?Болду эми,шолоктоп алдыңыз го…

Апам менен сүйлөштүрүп койсоңуз,үйдө такыр эле телефон карматпайт да,апама.

Уктап жатат деп коет,чалсам эле.

Ыйлап жатып,апама берсем,ал менден өтүп,сүйлөй албай койду.Сиңдиме болгон чындыкты айтууга мажбур болдум.

— Апам неге ооруйт десем,ойлонуп жүрүп эле эмес,токмок жеп жүрүп да чүнчүп кетиптир, апамды «желмогуз » деп атап алганын угуп, ызам тарай элек ,айтпайын

деген элем,жашыра албадым…

Телефондон экөөбүздүн ыйлаганыбыз гана угулуп жатты,эмнеге айтып салдым деп коем,сооротконго сөз таба албай…

—Жакшы алып келип алыпсыз, билип калганыңыз, угуп калганыңыз жакшы болгон тура,болбосо,апам курган айтпай жүрүп жок болуп кетмек экен,аз болсо да санаам тынч,жакшы туруңуздар- деп, телефонду өчүрүп койгону менен,ыйлап жатканын сездим,өзүмдү урушуп жаттым, «адамды аяганды билбейсиң,билбейсиң »

деп …

Апам бир аз жакшы болгон менен ар бир сөзүндө баласын кошуп сүйлөйт…

» Курсагы кантти экен,көчөдө калбады бекен,үйдө тамак жасап жебейт эле да,

акчасы жок куруду го» деп,кайталай берет.

Ойлонуп отуруп эле,кээде жолго чыгып үйгө барып келейин деп жөнөп алганын көрүп,аяп кетем,кантсе да баласын , үйүн

сагынат да деп…Улам жаш өткөн сайын унутчаак болуп калганы менен баласын эстей берет,жаш баладай сүйүнүп алат,

» эртең үйүңүзгө барабыз» десем…

Барган менен иним үйдө болбой калат,үй

тазалап,эшиктин алдын иретке келтирем,

кошуналар менен баарлашабыз,кайра кайтаарда апам үйдөн чыккысы келбей,

баласына илине берет.» Кечинде келип кетти го,сизге буларды бербедиби,апа,

унутуп калганыңыз жаман да» деп,өзүм көтөрүп барган шириндиктерди карматам.

Сүйүнүп алат,» иштеп жатыптыр да,аман жүрсүн» деп батасын берип калат…

Ал инимде сагыныч деле жок,жарык күйүп турганын көрүп,кайра чыгып кетет,алгач

артынан чыгып,үйгө алып кирип,апама жолуктурганга аракет кылдым. Адам кейпинен кетип калганын көрүп,жөн койчу болдум.Үйдө жүргөндө апамды кубантыш

үчүн » Муратыңыз буларды берип жиберди сизге» деп,таттууларды алдына койсом,

жетине албай, ким көзүнө көрүнсө эле

«Карачы,балам мени эстеп берип жиберген

тура,кел,жесең » деп,кудуңдап сүйүнүп

алганын көрүп, кээде ыйлап алам…

Эпке келбеген,алты саны аман туруп башы жетсе да,ойлонбогон, ашыкча түйшүккө салып койгон балдарынын айынан тарткан азаптары үчүн да ата-энелеринин күнөөсү жеңилдейт экен деген сөздү угуп,атамдын бейишин тилеп,апамдын да барчу жайы бейиш болсо экен деп тилеп жүрөм.

Кудайга күнөөкөр болбоюнчу деп,тообо

келтирем.Сиңдилерим аман,балдарым эстүү,ошого каниет кылайын деп.

Жүрөктү да бир аз жеңилдетип алдым окшойт,азыр түшүп калабыз—деп,апасын

ойготуп жатты.

—Апоов туруңуз эми,жеттик,же уктап кете бересизби? —десе, сергек кемпир экен,

дароо сыртты карап,кыймылы да элпек боло түштү,жетелетпей эле түшүп кетти.

—Туулган жердин, өз үйүнүн,жаман болсо да баласынын деми апама күч бергенин караңызчы,тынч болуңуздар,— деп,кызы да кошо түштү.

Сыртты карап,кызынан да өтүп шыпылдай баскан апаны көрүп,баланын демин дагы бир ирет сезип,ичим туз куйгандай ачышып турду.Курган апа,үмүт менен чоңойткон баласынын мээнетти актабаганын баштан өткөрсө да ,кайра эле үмүт өчүрбөй уулун сагынып ашыгып баратпайбы…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️