Ак көгүчкөн 4 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=12041&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак көгүчкөн.

    4- бөлүм.

Дүйшөн дагы заматта көздөн кайып болду, бул убакта жанагы Канат Алибеков жаныма куу чычканча жетип келип белимден өзүнө тарта имерип алды.

— Сенин белиң бир карыш, мойнуң аккуунун мойну сымал, тим эле башты айлантып жибердиң. Көптөн бери мындай болгон эмесмин, жашың чын эле он бештеби?

Эмне десе баш ийкеп макул бол деген эле Дүйшөн, жашымды он беште деп өзү калп айтса керек. Канат дегени жаш балдарды кордогон акмактардын катарын толуктайт окшойт.

— Ооба, он бештемин. Дүйшөн агам кайда басты көргөн жоксузбу?

Коркуп жатсам дагы билдирбей, колумду калтырак басып турганын араң токтоттум. Бир эле ката кетирсем, соо калбайт экенимди билем. Ушунчалык үмүт менен чоңойткон апамдын мээнетин актоо үчүн тирүү калышым керек. Жашоо үчүн күрөшүүгө милдеттүүмүн.

— Айжамал сулуу, агаң сени мага табыштап кетти. Жүрү, бир бөлмөдө олтуруп тур. Жумуштары бүтсө алып кетет, коркпо капа кылбайм.

Ийнимди куушуруп айласыз жандап басып бараттым. Азыр мага өмүрүмдүн алдында намыс деген түккө турбайт. Жашоо, өмүр, жан таттуу турбайбы. Алтынчы кабатка көтөрүлүп, эң четки бөлмөгө бара жаттык. Ичи эми шумдук, Дүйшөндүн үйүнөн дагы кооз тура. Ошол жерден ойлонуп көрсөм жанагы чал алаксыганын кайдан билишет дейм да, телефонун алмаштырган менен убактысын сүйлөшкөн эмеспиз. Ашыкча ичип алса керек, жуунуучу бөлмөгө шашып кирип кетти. Чөнтөгүн тинтип жетиштим, телефон эч жерде жок. Уктап калган окшойт кирген жеринде эч чыкпайт, ал тургай бөлмөнү аңтарып кароого үлгүрдүм. Таппай эмне кылууну билбей олтуруп калдым, эми бул иш колумдан келген жок Дүйшөн анык өлтүрсө керек. Ыйлагым келип, көзүм жашылданып калды эле Канат чыгып келиптир.

— Коркуп жатасыңбы?

— Жок, корккон жокмун. Сиз атамдан улуу болуп турсаңыз, анын үстүнө жакшы, тарбиялуу адам көрүнөсүз.

— Мага айтчы, Дүйшөн сени бул жерге кандай максатта алып келди?

— Апам жакында эле каза болгон, анан үйдө ыйлап олтура берсем өзү менен кошо ээрчитип алды.

— Баласың да бала, сени Дүйшөн мага салып берүү үчүн алып келген. Агаң экенине көзүң жетеби?

— Ооба, агам эле. Мен кичинекеймин азыр, ал андай кылбайт.

— Дүйшөн тараптан чабуул же достук күтүүнү билбей жатам. Сага мен тууралуу унчуккан эмеспи?

— Жок, мен кетейин.

Коркуудан дене боюм кадимкидей калтырап кетти, көзүм караңгылап азыр араң эле турганым көрүнүп турат. Дагы бир эки сөз айтса анык өзүмдү жоготуп койсом керек. Дагы жакшы эшикти бирөө кагып калды. Мен Канатты жаш алган көздөрүм менен жалооруй карадым, ал көз карашта мени аяп койчу, мага өмүр белек кылчы деген маани бар эле. Эшик бир кагылып тынчып калды, акырын эшикти Канат ачты эле эч ким көрүнбөйт. Дүйшөн болсо керек деп башымды чыгарып карай койсом, тепкич тарапта бирөөнү сүйрөп баражатканы көрүндү. Мен өтө коопту ишке байланышып калганымды эми сездим. Канат менин мойнумдан кыкынтып, бурчка сүйрөп барды. Бетиме уруп жатат, эч аяган жок, карыган карышкырдын бир койго алы бар демекчи менин Канатка күчүм жеткен жок.

— Айт, менден эмне керек? Же сени мени өлтүрүү үчүн жибердиби?

— Билбейм, эч нерсени билбейм. Бул жака алып келген өзүң го, урба мени.

— Кара, могуну кара. Дубалда жабышып турган чоң экрандан менин үй тинтип жатканымды көрсөттү. Кускусу келбей эле мени эмне кылат деп кирип кеткен экен да, Дүйшөн дагы кызык бул оңой адам эмес экенин билсе дагы мага окшогон кызды жибергенин карап кой. Азыр айтсам дагы, айтпасам дагы өлөт экенимди билдим. Баарыбир өлөт экенмин, Дүйшөндүн жашоосун дагы курутпай жөн кете берейин деп ойлодум. Апам айткандай биздин уруктан дагы тукум калыш керек да. Канат мени тээп баштады, жөн жерден прокурор болбосо керек да, буту аябай оор экен. Калганы эсимде жок, караңгылык. Эч нерсе сезбей калдым, караңгы жерде учуп жүргөн сыяктуу боло бердим. Анан муздак болуп кеттим, үшүп денем сезип баштады. Көзүмдү ачууга туура келди, бир көзүм ачылбайт. Денем сексен жаштагы кемпирдикиндей болуп кетиптир. Кадимки муз салынган сууда жатам бирок, үйдө экен. Ойлодум Канат салып койду деп, нары жакта айнек чыны туруптур, дагы ушунун кордугун көргөнчө өлүп алайын деп чечтим. Көтөрүлуп чыныны алайын десем тура албай койдум, денем шишип, эзилип калыптыр. Башымды көтөргөндө эле ооруга чыдабай бакырып алдым. Ыйлап жатсам Дүйшөн кирип келди, энеден туума жылаңач экенмин. Эки колум менен араң уяттуу жерлеримди жабууга аракет кылдым. Дүйшөн мени эки колу менен көтөрүп суудан алып чыгып, өзүмдүн бөлмөмө алып барып жаткырды. Үстүмдү жука нерсе менен эле жаап жаныма акырын олтурду. Мен туруп Дүйшөндү уруп салгым келди, бакырып урушкум келди алым жок. Тура албайм, сүйлөй албайм. Көзүмдөн жаш чыкса бир көзүм ушундай туз сепкендей ачышты, жарылып кетсе керек.

— Дүйшөн мага күзгү берчи.

— Эмне кыласың? Жөн жат, уктаба.

Башка сөз болгон жок, жанагы үстүмө жапкан жука нерседен таң атканча үшүп уйку дагы болгон жок. Эртеси барып үстүмдү калыңдап жапты, ошо менен канча күн жатканымды билбейм. Суюк гана нерселерди жута алам, чайнамак түгүл сүйлөөгө оозум ачылбайт. Акырындан кыймылдап, айыга баштадым. Басып калганда биринчи болуп күзгүгө жүгүрдүм. Көзүмдүн үстү жагы тигилген, оозум тигилген, шишиктер, көк ала дагы деле ошол боюнча турат. Дагы тирүү калганыма шүгүр, мени ойлондурганы намысым болуп жатты. Канат дегенден бүт нерсени күтсө болот экен.

— Дүйшөн, мен кантип тирүү калдым?

— Канаттын балдары токойго ыргытып кеткен жеринен алып келдим.

— Сен баарын билип туруп мени тикелей өлүмгө жөнөттүн. Сенде инимдин жалгыз кызы, карындашым деген сезим жокпу? Туугандан жалгыз мен калдым го, өлүп жатсам дагы сени саткан жокмун. Айыксам эле сенден кетем, кааласаң өлтүр, өлтүрө албасаң кой бер.

— Эми сенин мага керегиң жок ансыз деле, баары сени таанып бүттү. Канаттын балдары тирүү калганыңды билсе ансыз дагы өлтүрүп кетишет.

— Өлгүм келбейт Дүйшөн, мага жардам бер. Качууга жардам бер. Сенин колуңдан келет билем, суранам.

— Бир гана жолу бар, ал жерге эч ким кире албайт. Ал жерде сенин тирүү калууга жүз пайыз кепилдигин бар. Кааласаң бүгүндөн калбай жеткирейин.

Дароо макул болдум, башка арга барбы. Кийим жыйнайын десем кажети жок деп көнгөн жок. Болгону кийим которуп, чачымды жыйнап жөнөп кеттик. Калп айтпасам төрт саат жол жүрдүк окшойт, анан токой аралап барып бир чооң дарбазага кирип кеттик. Асман тиреген имарат экен. Чачы желкеге чейин өскөн орто жаштагы киши тосуп чыкты. Эски тааныштардай кучактап учурашып Дүйшөн менен, анан кайда басчу жолду колу менен сылык көрсөттү. Мени унутуп, экөө өздөрүнчө сүйлөшүп кете беришти. Мен артынан араң жетишип баратам анткени, катуу кадам кылсам денем дагы деле ооруп жаткан. Көздөгөн жерге жеттик окшойт, мени семиздигине чек жок чооң кишиге тапшырып андан ары кетип калышты. Жанагы семиз киши да мага сүйлөгөн жок, ак халатчан сулуу кызга тапшырып кетип калды. Жанагы кыз мени баштан аяк текшерип чыкты.

— Айжамал чындыгында сага кудай экинчи жашоо бериптир. Сен алган жаракат менен тирүү калуу өтө кыйын.

— Мен кыз экенминби?

Күлүп.— Чынында сага ушул кызыкпы? Тирүү калганыңа сүйүн, ооба кыз экенсиң!-деп башын чайкап койду. Кемпирдин колунда өскөн үчүнбү, мага намыс деген өтө маанилүү болчу. Атам тирилип келгендей катуу сүйүнүп алдым. Ошол бойдон Дүйшөндү көргөн жокмун, бир жерден чыкпай бир жыл жүрдүм. Мага окшогон кыздар, балдар ал жерде көп экен. Бизди мушташты, психологиялык алдаганды баарын үйрөтүп жатты. Кадимки шпион даярдап жаткан сымал. Бул жерде машыккан кыздарды көгүчкөн дешет экен. Мага «Ак көгүчкөн»-деп ат ыйгарып коюшту. Ошондон кийин мени атымдан айтпай калышкан.

Көзүмдүн үстүндөгү жаракаттан бир аз тырык калып, калган жерим толугу менен калыбына келип, мурунку сулуулугум өзүмө кайтты. Семиз киши дегеним бизди машыктыруучу экен, аябай мыкты адам. Бир күнү корс, бир күнү аяр мамиле алабыз. Максат, бизди болоор болбос нерсени көңүлгө алып жүрөктү оорутуп албоо экен. Мындай айтканда турмуштун соккуларына туруштук берүү. Бул жер мага жагат, күндөн күнгө өзүңдү жакшы сезесиң. Күндөн күнгө өзүнө болгон ишеним артат, бул дарбазанын артындагы жашоого чыкканда жолдо калбайт экенимди билем. Эң негизгиси бул жерден өзүңдү даяр сезгенде кете берсең болот. Мен өзүмдү толугу менен даяр сездим, кетүүгө бел байлап машыктыруучуга айттым. Ал деле унчуккан жок, бул жерде бирөөнүн тандоосун сыйлоо менен кабыл алуу эң негизги шарттардын бири. Апамдан калган акча бар, ошол акчаны алып бир жерден балдарды, кыздарды машыктыруучу жай ачкым келди. Өзүмдүн билгенимди, башкаларга үйрөтөйүн дедим. Башка алсыздар өзүн коргогонду үйрөнүп, кор болбоосун кааладым. Бирок, эртең кетем деп жатканда Дүйшөн келиптир. Мени кетесиңби деп сурабай алып кетип калды. Көрсө бул мени Канаттан катпай эле өзүнүн арам иштерине даярдаган экен. Канатты ошондо эле өлтүрүп кетиптир.

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️